presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С а я с а т

Оппозициянын мөөнөтү же бийликтин "дөөлөтү"
Күндөр жалмашып, айлар алмашып отуруп, даталуу март айы дарбазабызга келип калды. Март айы жакындаган сайын редакциябызга телефон чалуулар оголе көп болду. Чалгандардын дээрлик көпчүлүгү, "Качан митингдер башталат?", "БЭК эмне кылып жатат?", "Оппозициянын акциялары качан, кайсы жерде башталт?", "Ушинтип отура беребизби, айтпайсыңарбы оппозициядагыларга?"-деген окшош суроолор менен кайрылышты. Туура, алардын мындай суроо бергендеринде негиз бар.

Анткени, акыркы Элдик Курултай кабыл алган чечим боюнча, президентибиз Курманбек Салиевич март айына чейин өз мөөнөтүнөн мурда кетиш керек болгон. Ажобуз кетпеген күндө, оппозиция өкүлдөрү нааразычылык акцияларын уюштурушмак. Оппозициянын ажого берген 90 күндүк мөөнөтү эртең соңуна чыгат. Бийлик оппозициянын биринчи талабын аткармак турсун, "оптом" кылмыш иштерин козгоп, узун тилдүүдөргө укурук салып таштады. Оппозициянын иштеп чыккан Концепциясы өз максатына жетеери, ажобуздун мөөнөтүнөн мурда кетеери, мурунтан эле белгилүү болчу. Чындыгында, "ажону кетсин" деген оппозициянын талабы, март айындагы нааразычылык акцияларына шылтоо болуп гана бермек. Эл деле ажонун кетеерине ишенген эмес. Алар оппозициянын биригишине, жазында жапырт чыгышына ишенген. Ошондуктан телефон чалып жатышат. Буга чейин оппозиция бийликтен талап кылып келсе, эми эл оппозициядан талап кылышат, "кана айткан акцияңар"-дешип.
Азыркы учурда оппозиция элди эмес, эл оппозицияны шаштырып калганы кызык болуп жатат. Демек, акыркы Элдик курултайдын демөөрчүлөрү оппозиция лидерлери болгону менен, демилгечилери эл болгону ачык эле көрүнүп калды. Элдин акцияларга ашыкканы, мындай жашоого макул эместигинен чыгып жатат. Кышы менен кыйналган элибиз, америкалыктардын аскердик базасынын Кыргызстандан чыгарылышын, Орусиянын олчойгон кредит беришин, ойлоп да койбойт. Азыркы бийликтин алсыз саясатынан, туруксуз багытынан жабыр тарткан элибизди, бийликтин бир дагы аракети кармап кала албайт. Бакиев бийлик башына келген төрт жылда эмне өзгөрүүлөр болгонун оппозиция айтпаса деле, элибиз өз көзү менен, ажобуздун "тезек тергиле" деген сөзү менен аныктап алышты. Энергетика мамлекети болуп энергетикасыз, суу мамлекети болуп суусуз отурганыбызды, кимден жашырабыз? Ананда, араң турган калкыбызга ажобуздун экинчи мөөнөт тууралуу жар салганы, күйбөгөн отко бензин чачкандай эле болду.
Өткөн жылдын этегинде биригип кеткен, жаңы жылдан баштап куугунтуктун кучагында калган кыргыз оппозиция лидерлери ушу тапта кандай аракеттерди көрүүдө? Айрым биздин кесиптештер жазып жатышпайбы, "Текебаев лидерликтен баш тартты", "Оппозиция бир лидерди таппай жатышат", "Бекназаров бекинүүгө мажбур болду", "Сариев өкмөт башчылыгына макулдугун берди" кыязында. Бул, күчтүү оппозицияны алсыратуу үчүн жасалып жаткан "кара пиардын" уландылары экениндигин эч ким тана албаса керек. Бизге деле толгон-токой маалыматтар келет. Болгону биз алар менен ар убакта байланышып тургандыктан, андай ушактарга ишене бербейбиз. Бир күн мурун редакциябызга БЭКтин мүчөлөрү Азимбек Анаркулович менен Исмаил Исакович келип кетишти. Аябай кызык аңгеме куруп берип кетишти. Мындан туп-туура төрт жыл мурун Бакиевди төргө өткөргөн эки генерал, ошол кездеги окуяларды төкпөй-чачпай айтып беришти. Аксы окуясы боюнча Азикеңдин айтып бергендеринин баарын жазсак, кагаз жетпей, калем түтпөй калышы мүмкүн. Кызыгы, ажобуз Азимбекке Аксы окуясы боюнча сурак бербей, ар кайсы шылтоолор менен качып жүргөндөгүсү болду. Эсиңиздерде болсо керек, президентикке талапкер Курманбек Салиевич Аксы жергесине барып, "мен аксы окуясы боюнча кылмыш ишин аягына чыгарам"-деп, убада берип келгени. Андан бери төрт жыл өтүп кетти. Айыптуу катары каралган Карыпкулов бул дүйнөдөн өтүп кетти. Балким, Бакиеге ишенбеген арбактар өздөрү соттоп жатпасын!? Азимбек Анаркулович ачыгын эле айтты, "Бакиевдин "Тайфун" операциясына кол койгон документин кийинчерек көрүп калдым"-деп. "Аксы окуясынын аягына чыгам" деген Азикең кызматынан кетирилди, парламенттик комиссияны жетектеген Дооронбек Садырбаев дүйнөдөн өтүп кетсе, алар чыгарган парламенттин токтому азыркыга чейин токтоп турат, ал парламент таркатылып кетти.
БЭКтин лидерлери ушу тапта Кыргызстандын кыйырын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт. Топчукең Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорун кыдырып жүрсө, Текебаев Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып келди. Атасы Аргымбайды акыркы сапарга узаткан Темир Сариев ата-салтына ылайык аза күтүү аземдерин аяктагандан кийин, Сары-Өзөн Чүйдү кыдырганы турат. Кыскасы, кыргыз оппозиция лидерлери кыйналып жатышат деген ушактарды укпай деле койгонуңуздар оң. Исмаил Исаковду тил кат аркылуу Бишкекке аркандап коюшканы менен, генералдын жан-жөкөрлөрү Алайды, Баткенди аралап жүрүшөт.
Эми эмне болоорун бир кудай өзү билет? Бакиев оппозиция лидерлери менен жолугушууга даярмын дегени менен, анын кол алдындагылар кырдаалды күчөтүп, кылмыш иштерин кыскартуунун ордуна, шашылыш сотко өткөрүп жиберишти. Кочкордо Аликбек Жекшенкуловду, Алайда Исмаил Исаковду коргоо комитеттери түптөлүп жатат. Элибиз дагы бир ыңкылапты көтөрө албасын, Мирослав Ниязов эскерткен эле. Айтор, Ала-Тоону дагы бир ыңкылаптын карааны аралап жүргөнү жалган эмес.




  Кыңыр иш кырк жылда билинет

"Ак көңүл" айымдын такалган тагдыры
Былтыркы жылдын күзүндө өткөрүлгөн Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоолордон чыккан чатактар ачыкка чыга баштады.
"Түндүк" шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катталган Турдубек Мамбетов ошол шайлоолордо орун алган мыйзам бузуу фактылары боюнча күрөшүп отуруп, акыры адилеттикке жеткени калыптыр. "Түндүк" шайлоо округундагы шайлоолордун жыйынтыгы боюнча Турдубек Мамбетов бешинчи орунга илинген Ушул округга кирген № 1136 "Калыс ордо" шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын төрайымы Колбаева Саламаттын шайлоолордун жыйынтыгын бурмалагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүптүр. Көрсө, шайлоо комиссиясынын төрайымы Колбаева Саламат(ошол жердеги мектеп директору) шайлоолордун жыйынтыгын ачыктан ачык бурмалаганга жол бериптир. Талапкер Турдубек Мамбетовдун алган 68 добушу түп орду менен уурдалып, "Ак жол" партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлерге ыйгарылыптыр. Талапкер Мамбетовго берилген шайлоо протоколунда "Акжолчу" талапкер Десятников 136 добуш алган болсо, округдук шайлоо комиссиясына берген протоколунда 436 добуш болуп көргөзүлүптүр. Мындайча айтканда, 300 добуш кошуп берген болуп калат. Жалаң кыргыздар жашаган "Калыс ордо" жаңы конушунан орус улутундагы талапкер ушунча добуш алганына ким ишенет? Бир эле "акжолчу" Десятниковго добуш кошулбаптыр, мындан башка дагы төрт талапкерге 200 дөн 400гө чейин добуштар кошулуп берилиптир. Эгерде, Саламаттын шайлоо документтерин бурмалагандыгы аныкталбаса, кылмыш иши козголмок эмес. Саламат айым бир эле талапкер Мамбетовдун добуштарын уурдабаптыр, биздин Башкы редактор Бабырбек Субановичтин 22 добушун "оптом" уурдап, ордуна "ноль" деп жазып коюптур. Жок дегенде Мамбетовдун 10, Жээнбековдун 2 добушун калтырып койсо болбойт беле? Азыркы шаардык кеңештин спикери Азиз Суракматов ошол участоктон эртең мененки 8 ден кечки 5ке чейин 156 добуш алган болсо, акыркы үч саатта 200 добуш алганга үлгүрүптүр. Бул иш боюнча шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү суралып, түшүнүк берип чыгышкан. Алар канчалык актанышпасын, Адилет министрлигин алдындагы соттук экспертиза алардын койгон колдорун аныктап койгон. "Ак жолдун" камчысын катыра чапкан эжекебизге КР КЖК 141 беренесинин 2 бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Ал берене боюнча "ак көңүл" эжекебиз 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылып кетиши мүмкүн. "Акжолчуларга" аябай чуркаган эжекебизге, ошол округдан "жеңип" чыгышкан депутаттар адвокат жалдап беришти болду бекен? Мамбетовдон алынган манилүү документтердин негизинде, биздин Башкы редактор сотко арыз даярдап жатат. Ушул округдун бир шайлоо участкасынан Бабырбек Субанович 300 гө жакын добуш алган болсо, ал жерге дагы "ноль" деп жазылып калыптыр. Эсептегенден "жаңылып" калган эжекебиз жалгыз болбойт окшоп калды. Андыктан, шайлоо комиссияларынын "ак көңүл" төрайымдары азыртан эле ачыкка чыгып алса, өздөрүнө жакшы болмок.
Турдубек мырзанын арызы боюнча айыпталган соттук отурум 10 мартта Биринчи май райондук сотунда каралат. Судья Жаналиев Бекболотко "акжолчулар" тарабынан кысым болбосо, Мамбетов мандатка ээ болушу толук мүмкүн. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген ушу, туугандар!

Рыскелди МОМБЕКОВ










??.??