presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Спорт дүйнөсүндө
Чемпиондор Лигасы: 1/8 финал.
Кезектеги таймаштар

Жер жүзүндөгү миллиондогон футбол күйөрмандарынын зор кызыгуусун арттырган, чыдамсыздык менен күттүргөн дүйнөлүк футболдун чыныгы "дөө-шаа" командаларын беттештирген Европанын эң кадыр-барктуу футболдук мелдештеринин бири-Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалдык оюндары 24-25-февраль күндөрү ойнотулду.
Быйылкы Чемпиондор Лигасынын чемпиондук наамын ээлөөгө негизги талапкерлердин бири катары каралып жаткан лондондук "Арсенал" өз үйүндө римдик "Рома" командасын кабыл алып, голландиялык атактуу чабуулчусу Робин Ван Персинин жардамы менен 1:0 эсебинде утуп алууга жетишти.
Ал эми ошол эле шейшемби күнү ойнотулган беттештердин ичинен "машыктыруучулардын беттеши" аталган Чемпиондор Лигасынын учурдагы кожоюну Алекс Фергюссон жетектеп келген "Манчестер Юнайтедди" Жозе Моуриньонун алдында машыгып жүргөн италиялык "Интердин" жигиттери тосуп алышты.0:0 эсебинде аяктаган бул беттештин жыйынтыгы боюнча "манкунияндыктар" Чемпиондор Лигасындагы 20 оюнда өз дарбазасына бир дагы гол киргизбеген команда катары рекорд жаратууга жетишти.
Каталондуктардын сыймыгы болгон белгилүү "Барселона" командасы француздардын "Лионун" кабыл алып оюн эсеби 1:1 эсебинде аяктады.
Кийинки "Порту" менен "Атлетико" беттеши да 2:2 эсебинде аяктады.
Ал эми 25-февраль күндөрү болуп өткөн беттештерден кеп салсак, атактуу "королдук клуб" "Реал Мадрид" өз үйүндө англиялык "Ливерпульдан" жеңилүү ызасын тартууга аргасыз болду. "Ливерпулдун" израилдик чабуулчусу Йосси Бенаюндун кооз голу менен "Саньтяго Бернабеу" стадионундагы миңдеген мадриддиктердин оозун басууга жетишти. "Реал Мадриддин" машыктыруучулук кызматына жаңы киришкен Хуанде Рамостун башкаруусу астында "королдук клуб" Испания чемпионатында болуп көрбөгөндөй ийигиликтерди жаратып, акыркы тогуз оюнда катары менен жеңишке ээ болушкан. Ушундай мыкты ийгиликтердлен кийин өз үйүндө "англиялыктарды талкалайт"-деген испандык күйөрмандардын тилеги таш каап, "Реал" "Ливерпульга" 1:0 эсебинде багынып берүүгө аргасыз болду.
Бул таймаштардын ичинен эң эле натыйжалуу, кооз голдорго бай мыкты беттеш атактуу "немистик машина" "Бавария Мюнхен" менен португалиялык "Спортингдин" ортосунда болуп өттү.
"Мюнхендиктер" кубаттуу чабуулчулары Франк Рибери менен Лука Тонинин экиден жана Мирослав Клозенин башы менен кийриген кооз голу менен "Спортингдин" дарбазасына баш аягы беш гол киргизүүгө жетишип, "Жозе Алваладе" стадионуна чогулушкан португалиялык футбол күйөрмандарынын маанайын бир топ эле түшүрүп коюшту. 5:0 эсебинде аяктаган бул беттештен кийин "Спортингдин" кийинки 1/4 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе болуп калды.
Кийинки испандык "Вильяреал" менен гректердин "Панатинайкос" командалары дагы анчалык бүйүр кызыткан кооз футболдук беттешти тартуулай алышкан жок. Беттеш 1:1 эсебинде тең аяктаса да, бирок, "конокто" ойноп келишкен гректердин кийинки 1/4 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. 59-мүнөттө Георгиос Карагунистин айып аянтчасынан тепкен тобу "Панатинайкосту" алдыга сүйрөсө, "Вильяреалдын" чабуулчусу Жузеппе Росси да гректерге өз жообун берип, эсеп тактасын теңөөгө жетишти.

Эрнис Балбаков










??.??