presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Т а р ы х

Изат БЕЛЕКОВА
Кыргыз элинин
Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшү жана
өз алдынча мамлекет түзүү аракеттери

(башы өткөн санда)

1759-жылы күзүндө кытай жазалоочулары Кашкардагы көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктап, Фергананын чыгыш тоо этектерине чейин кирип келишкенде, кыргыздардын жана кокондуктардын биргелешкен күчү 9000 жазалоочунун 7000ин кырып таштагандыгы жана ошону менен Цин империясынын Орто Азияга карата согуштук экспедициясын биротоло токтоткондугу белгилүү.
Кокон хандыгы чыгыштагы монархия формасындагы феодалдык залимдиктин мүнөздүү үлгүсү эле. Мамлекет бүт бойдон областтарга-вилаеттерге, алар салык райондоруна-саркерчиликке бөлүнүп, саркерлер салык чогултушкан. Чакан шаарларды бектер башкарган. Айылдын чарбалык турмушун аксакалдар тейлеген.
Түндүк-Батыш жана Борбордук Теңиртоодогу кыргыздарды Ташкендик төрөлөр башкарышкан. Чүй өрөөнүнүн кыргыздары Бишкектеги хан төрөсүнө баш ийишкен. Аерге Кокондун негизги баскынчы күчтөрү топтолуп, алар кезеги менен кыргыз конуштарын салык чогултуу үчүн кыдырып турушкан. Бишкек беги кыргыздарды көбүнчө аскерлер конушуна таянып башкарган.
Кокон бийлигинин маалында кыргыз элинин уруу-уруу болуп бөлүнүп турушу элдин тарыхый тагдырына тескери роль ойногон. Алар өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө тоскоол кылып, кыргыздын азаттык үчүн күрөшкө биригүүсүнө кедерги болгон. Бай-манаптардын өз ара жаатташуусуна өбөлгө түзгөн. Муну кокондук хандар өзүлөрүнүн тоң моюн көчмөндөрдү башкарууларын жеңилдетүүдө, бири-бирине тукуруп коюп, басып алган жерлериндеги абалды жөнгө салып турууда пайдаланышкан. Алар башкага энчисин тарттырууну каалабаган бай-манаптардын дымагын колдоп келген.
Кокондук башкаруучулардын экономикалык саясаты кыргыз элинин өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөстөн, тескерисинче кедерги болгон. Жайыт, айдоо жерлерин тартып алуу, сатып жиберүү, болуп көрбөгөндөй көп салык салуу, көчмөндөрдү талап-тоноо менен Кокон бийлиги чынында кыргыз чарбачылыгын бүлүндүрүп келген. Бирок, ошол кезде кыргыздардын экономикалык турмушундагы жакшы жышаандарды айтпай кетүүгө болбойт. Бир мамлекеттин турмушунда кыргыздар отурукташкан өзбек, тажиктер менен дайыма карым-катышта болуп, дыйканчылыктагы пайдалуу жөрөлгөлөрдү үйрөнүп, соода байланыштарын өркүндөткөн.
Кыргыздар үчүн Кокон хандыгынын мамлекеттик тартибинин эң эле жек көрүндүсү - салык саясаты болгон. Ал турмушта буюмдата, эмгек менен жана акчалай түрдө салынган. Кыргыздар төлөгөн салыктын негизгиси - малдан алынган зекет. Аны хан акимдери дайындаган салыкчылар чогултушкан. Алар көбүнчө кедейлерден чогултуу менен кыргыз көчмөндөрүн тоноп келишкен. Жини келген көчмөн эл салык зомбулугуна каршы көтөрүлүш чыгарып турушкан. Ошондуктан хандар салык чогултууну кыргыздын бай-манаптарына, уруу башчыларына дайындап, казынага төгүлүүчү салык өлчөмүн белгилеп беришкен. Албетте, салыкчы бай-манаптар өздөрү да байыш үчүн укуктарын пайдаланып, туугандарын да тоноодон кайра тартышкан эмес. Ушунун өзү да карапайым элдин кыжырын кайнаткан. Кокон хандыгына салык чогултуунун мындай жолу, албетте, пайдалуу эле. Анткени, ал көчмөн эл менен куру бекер кагышуудан сактаган.
Натуралай салык көчмөндөрдү кыйла жабыркаткан. Көпчүлүк үй-бүлөлөр биротоло жакырланып кетишкен. Кыргыздын моюнуна жүктөлгөн милдеттүү эмгек да абалды ого бетер оордоткон. Алар мамлекеттик маанидеги суу чарба иштерин (канал казуу, арык тартуу) аткарып, чептерди тургузушкан, ар кандай имараттарды, жолдорду курушкан. Андай иштен баш тарткандар аёосуз жазаланган. Хандын эркине баш ийбегендер тирүүлөй жерге көмүлгөнүн ошол кездин замандаштары айтышкан.
Кокон хандыгынын салык системасында акча кирешеси анча маанилүү болгон эмес, бирок, кыргыздардын арасында акчанын тарашы коомдогу социалдык-экономикалык жылышты айгинелеп турат.
Кыргыздын бир бөлүгүнүн отурукташып дыйканчылык менен тиричилик кылышынан улам бай-манаптардын эзүүсүнүн "шериктештик" деген түрү пайда болгон. Өз жерине таандык болгон уруулардын башчылары кедейлер жыйнаган түшүмдүн бир бөлүгүн алып турушкан.
Кыргыздар арасында мамлекеттик салыктан тышкары да бай уруу башчылары дайындаган ар кандай салыктардын түрлөрү болгон. Алар сыртынан караганда ыктыярдуудай сезилгени менен, чынында милдеттүү эле. Алар союш, чыгым, салык журтчулук, кошумча, туяк ат, жол чыгым ж.б. деп аталган.
Кокон хандыгындагы салыктар жөнүндө кабарлаган архивдик документ:
Хераж - эгиндин түшүмүнүн 1/5 бөлүгү;
Танап - 5-10 теңге (бакча жана жашылча өсүмдүктөрү үчүн);
Соода зекети - соодадан түшкөн кирешенин 1/40 бөлүгү;
Мал үчүн да ушул эле 1/40 өлчөмдө.
Кудаяр хандын өкмөтү бул салыктарга төмөндөгүлөрдү кошумчалаган:
Хераж-апж - көчмөндөрдөн алынуучу хераж;
Карагай пулу - тоодон ташып келип базарга сатылган карагий үчүн;
Отун пулу - отун (чырпык, караган-тикенек, камыш ж.б.у.с.) үчүн;
Педаль пулу - буюмдарды сатып алууга жана сатууга далдалчылык кылган үчүн;
Көк пулу - шалбаа чөбү үчүн;
Суу пулу - суу үчүн...
Дал ушундай кокондуктардын жылдан-жылга көбөйгөн өлчөөсүз салыгы, залимдиги элет элинин жанына батып, кыжырын кайнатты да Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы кыргыз элинин боштондук күрөшү күч алды.
Кокон хандыгындагы жалпы абалды мүнөздөп келип, замандаштары кокондуктардын тарыхы кыргыздар менен кыпчактардын бир нече тынымсыз көтөрүлүшүнөн түзүлөөрүн белгилешкен. Кыргыз элинин азаттык күрөшүндө бул көтөрүлүштөр маанилүү роль ойногон.

(Уландысы кийинки санда)




Ой, булбул!
Шералив Жумамүдүн
(1915-1994)
Залкар обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Атбашынын Туюкбогошту айылында жарыкка келген. 1936-жылы эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасында жактырылып филармонияга солистикке алынган. Ошентип ак таңдай акындар жана залкар обончу, ырчыларга аралашканы анын обончулук болочогуна чоң жол ачкан. Обондорунун саны жана сапаты жагынан эч кимди алдына салдырбай өттү. Өмүрүнүн көпчүлүгүн Нарын музыкалуу драмалык театрында музыка бөлүмүн жетектеп, көптөгөн драмаларга музыка жазып, аларды не бир сонун обондор менен шөкөттөдү. Нукура элдик колориттеги обондору элдик, эстрада жана опера ырчыларынын да репертуарынын ажарын ачып келатат. Анын ырларына кайрылбаган ырчы жокко эселиги эле обончунун чыгармачылыгынын деңгээлин айтып турат. Биз сиздерге тартуулай турган элдик сөзгө жазылган "Түшүмдө" аттуу обону айрым булактарга таянсак, 1934-жылы жаралыптыр. Ошентип, 75 жылдан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатат. Кымыздан тоё жутуп алып, "ак калпак кийген" керемет жайлоо түндөрүн бир элестетип, кырыңан жатып алып бир созчу, кыргызым. Ырдын ар бир кайрыгынан кайталангыс ырахат аларың бышык. Учурда ушундай ырлар жаралбай, кыргыз баласы керемет обонго суусап турган кези.

Түндөгү менин түшүмдө,
Түйүнүн чечип түшүнсө.
Түңүлбө менден жаш көңүл,
Түбөлүк үчүн түзүлсө.

Абалы менин түшүмдө,
Абайлап эркем түшүнсө.
Алдагы көргөн ал түшүм,
Айныбас үчүн түзүлсө.

Түшүмдө көрүп сени мен,
Түн уйкумдан тим кайтам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Өзүңдөн башка кимге айтам.

Санаама түшсөң ар дайым,
Сабылып жүрөк оорутам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Сырдашып кимге жорутам.










??.??