presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  М е н ч и к

Кыргыз Республикасынын Президенти
К.С. Бакиевге,

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Э. Сатыбалдиевге

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
Турсунбек Акунга
Кайрылуу
Биз, Бишкек шаарындагы менчик күркөлөрдүн ээлери, "Басмасөз" АКнын жетекчилеринин бизге көргөзгөн жосунсуз жоруктарынан улам, Сиздерге кайрылууга аргасызбыз.

Окуя мындайча башталган.
1998-жылы ошол кездеги "Союзпечать" азыркы "Кыргызбасмасөз" АКсы, өзүнүн карамагындагы күркөлөрдү 2500-3000 доллардан менчикке саткан. Саткандан кийин бир ай өтпөй, 100 метр аралыкка кайра эле өз күркөлөрүн орноштуруп, биздин ишибизге тоскоолдуктарды кыла башташкан. Мындан сырткары, "Силер бизге караштуу күркөлөрдү иштетип жатасыңар, биз силерге "крышовать" этип беребиз"-деп жумасына 600-650 сомдук коомчулук талап кылбаган гезиттерди, ошондой эле, шереңкеден баштап, канча жылдан бери кампаларда жаткан эски калем сап, карандаштарга чейинки өтпөгөн товарларын мажбурлоо жолу менен саттырып, өтсө да, өтпөсө да акчаларын толук жыйнап алышат. Ошолордун бардыгына макул болуп келгенбиз.
ШОСтун саммити учурунда "шаардын көчөлөрүн иретке келтиребиз"-деген шылтоо менен күркөлөрүбүздү алдыртып таштаганда да, бизге "Басмасөз" тарабынан эч кандай жардам болгон эмес. Биз өзүбүз чуркап, "Көрктөндүрүү комбинатына" 5-6 миң сомдон төлөп, күркөлөрүбүздү кайрадан өз ордуларына койдурганбыз.
Ошондой эле "күркөлөрдү сырдаганга"-деп, 300-500 сомдон чогултуп, эски сырларды алып беришкен. Бирок, бул сырлар мөөнөтүнөн өтүп кеткен, эски сырлар болгондуктан, күркөлөр өңүнө кирмек турсун, өңүн жоготуп койгон. Кайра өзүбүз өз каражаттарыбызга жаңы сыр алууга туура келген.
Бул гана эмес, "карызыбыз көбөйүп кетти"-деген жок шылтоолорун айтышып, 500-1000 сомдон жыйнап алышчу. Ушулардын баарына чыдап келгенбиз.
"Басмасөз" АКсынын жаңы кожоюндары Гасанов Кер Оглы, Нурлан уулу Рахматулла жана бухгалтерия кызматкерлери жогорудагыдай жосунсуз жоруктары аз келгенсип, эми бизди "айына 2000 сомдон 8000 сомго чейин ижара акы төлөйсүңөр"-деп талап кылып жатышат. "Эгер төлбөсөңөр күркөлөрдү алдырып таштайбыз"-деп, бизди, менчик күркө ээлерин "пара" берүүгө түздөн-түз мажбурлап жатышат. Күн сайын ар кандай чогулуштарына чакырышып, бардык мыйзамсыз талаптарын ачык эле айтышып, тынч иштеттирбей келишет. Бүгүнкү күндө "Басмасөз" акционердик коому болбой эле, уятсыз коррупционерлердин, ыймансыз паракорлордун тобу чогулган "Баскынчылардын коому" болуп калгандыгына көзүбүз жетип отурат. Ушинтип биздин адамдык ар-намысыбызга шек келтирип, укугубузду тебелеп-тепсешүүдө. Жумушубуз өтө оор. Ар бир гезитке 1-1,50 тыйындан гана кошуп сатабыз. Күнү-түнү күркөдөн жылбай, ошол жерде жатып иштеген кесиптештерибиз четтен чыгат. Көпчүлүгүбүз батирде жашайбыз. Таңкы саат төрттөн баштап гезит базарга , андан кийин "Жунхайга", андан "Кыялга" товарга чуркап, кечке чейин ошол товарларыбыз өтүп кетсе экен деп, Кудайдан тилеп отурабыз. Ал эми өтпөй калган гезиттерди жегенге болбойт, же кийим кылып кие албайбыз. Айла жок арзыбаган тыйынга макалатурага өткөрүүгө туура келет. Гезит саткандар эл катары той-аштарга өз учурунда бара албай жипсиз байланып отурабыз. Себеби, күркөлөрүбүздү таштап кетүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок.
Биздин арабызда пенсияга чыккан кары-картаңдар, майыптар, 5-6 дан балдары бар, үй-жайы жок, батирде күн кечирип жаткан адамдар иштейт.
Биз "Басмасөз" АКсынан күркөлөрдү менчикке сатып алсак дагы, булардын капканынан кутула албай келебиз. Мыйзамдуу түрдө "Басмасөзгө" эч кандай тиешебиз жок. Эмне үчүн биз аларга салык төлөшүбүз керек? "Басмасөз" АКсынын мындай зордукчул, мыйзамсыз аракеттерин биз рекетчилик, рейдерчилик деп эсептейбиз. Биз берип жүргөн акчалардын бир да тыйыны "Басмасөз" акционердик коомунун бухгалтериясына же мамлекеттин эсебине түшөөрүнө көзүбүз жетпейт. Эмне үчүн биз башка бирөөлөрдүн капчыгын толтурушубуз керек? Биз жарыбаган акчабызга балдарыбызды багабызбы, же "Басмасөздүн" тойбогон жетекчилерин багабызбы?
Биз төлөп жаткан акчаларыбыз каякка, кандай максатта жумшалып жаткандыгын ачык айтышпайт.
"Биздин "крышабыз" Ак үйдө, колуңардан эч нерсе келбейт. Сураган акчаны бербешке силердин айлаңар жок. Бары бир бересиңер"-деп, бизди кайра коркутууга алып жатышыт.
Свердлов райондук ИИБнин ППСинде иштеген бир жигитти ээрчитип келишип, кээ бир күркөлөрүбүздү кран менен жүктөп, күчкө салып алып кетип жатышат. Кайра кайтарып алалы десек, декабрь, январь, февраль айлары үчүн мыйзамсыз ижара акыларын талап кылууда.
Ушул арызыбызды карап, көйгөйүбүздү мыйзам чегинде чечип берсеңиздер. "Басмасөз" акционердик коомунун жетекчилерин туура эмес иштери үчүн мыйзам чегинде жоопко тартууңуздарды суранабыз. Коюлган маселелер туура чечилет деген ойдобуз.

P.S Гезитибиздин 2008-жылдын, 30-декабрындагы №36 санында "Менчикке кол салуу качан токтойт?" деген макалада Бишкек шаарында жайгашкан гезит-журнал сатуучу менчик күркөлөрдүн ээлерине "Басмасөз" акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүлүп, ачыктан-ачык эле акча талап кылып жатышкандыктары тууралуу жазган элек.
Мындан он жыл илгери ошол кездеги "Басмасөз" АКсынын жетекчилери тарабынан бул ишканага тийиштүү бир канча күркөлөр сатыкка коюлганда, эл катары оокатын тыңдап алууну көздөгөн ондогон адамдар ичпей-жебей чогулткан кызылдай акчаларын ошол күркөлөрдү сатып алууга жумшашкан. Эми минтип, "адам укугун сыйлаган, демократиялык принциптерди туу тутунган" өлкөбүздө жөнөкөй элдердин нан таап берип жаткан менчигин каратып туруп тартып алып жатканы- бүгүнкү кыргыз бийлигине ансыз деле кыжырданып жаткан карапайым калктын кыжырын андан ары күчөтүүдө.
Какпаган эшиги, өтпөгөн тешиги калбаган бул адамдар акыйкаттыкка жетүү максатында "өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген" "Басмасөздүн" "басып алуучуларын" сотко беришкен. 19-январда Бишкек райондор аралык экономикалык сотунда каралган бул процесс "Басмасөз" АКсынын тийиштүү документтери болбогондугуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Азыркы "алдым-жуттум" заманда жогорудагыдай көрүнүштөр адаттагы эле окуяга айланып калгандыгын билсек дагы, кыргызстандык ар бир жарандын Конституциялык укугун коргоп берүүгө милдеттүү болгон өлкөбүздүн Фемида кызматкерлери бул ишти акыйкат, адилет чечип берерине ишенип туралы.
Эрнис БАЛБАКОВ




  Чыңгыздын чыпалагына тең келмек белем?...

"ШЕСТЕРО И СЕДЬМОЙ"
(Кыргызско-грузинская баллада)
"… почему так устроено, что люди воюют и борятся между собой, что льется кровь, льются слезы, и каждый считает себя правым, а другого неправым, и где же истина, и кто ее вправе изречь? Где тот пророк, который бы их рассудил по справедливости?..
…Настал неотвратимый час расплаты, час возмездия. Вскинул многозарядный скорострельный маузер, опустил на руку для опоры и первым выстрелом, прогрохотавшим во тьме подобно грому, свалил главаря Гурама Джохадзе и тут же, умерли еще слова песни, слетавшие с уст, уложил подряд всех остальных, и они даже не успели понять, что произошло…"

"Пахталуу талаада окуучулар менен Өмүрбек пахта терип жүрөт. Ары жактан ат минген Данияр чыга калып кыйкырды: "Бол, Өмүрбек,бол. Бүгүңкү нормаңарды толтурбасаңар обед жок, уктуңбу?" Өмүрбек тарс жарылып, окуучуларга колун көтөрүп койду эле, алар белине байланып пахта терип жүргөн чүпүрөк-этектерин ыргытып жиберишти. Терилген пахталар асманда чымчык болуп учуп жүрөт…
…Асфальтталган чоң жолдон кара ""Джип" шуулдап келип, ичинен кара көз айнек тагынган, джинсы кийген Курманбек чыкты. Чачы тасырайта кырылган. "Сенби секирип жаткан? Эмне, пахта тергиңер келбейби? Атка мингиң келеби? Же президент болгуң келеби?". "Өзүм билем." "Ме, өзүң билсең" деп колтугунан узун тапанчасын алып чыгып, "тырс" эткизип атып салды. Өмүрбек кулап баратат эле талаадагы аппак пахта кылкылдаган элге айланды да Өмүрбекти колтуктан алып, баары асманга учуп кетишти.
Пахта тоо болуп үйүлүп жаткан шыйпаңдан "Артезиан" деген сууларды көтөрүп Темир чыгып келатат. "Кел бери, балакай,- деди Курманбек. -Досуңа суу ташып жатасыңбы?" "Досум эмес, акам. Эмне, суу да ичирбейсиңби?" "Иче бер каалашыңча, бирок …арты зыян." "Өмүрбек кана?" "Ал асманга учуп кетти. Сен да учкуң келеби?" "Мен обед ичким келет" "Обедди Данияр берет." "Мен анын колунан тамак ичпейм." "Анда сен да асманга учуп кет" деп Темирди да атып салды.
…Манастын күмбөзүнүн артындагы ат майдан. Эл быкпырдай кайнайт. Элдин ортосунда жигиттер көкбөрү тартып жатышат. Кара таандай эл бир эле мезгилде тура калышат, кайра отурушат, кайра турушат. Ошол маалда Эчкилүү Тоо тараптагы ашуудан артынан түмөн кол ээрчитип келаткан туулгачан Равшан көрүндү. Жанында Алымкул, Эстебес, Замирбек, Абдылда, Аалы комузчулар комузун найза кылып сунуп алышыптыр. Асанкан күпүлдөтүп "Манас" айтып, күмбөздөгү эл менен мамыр-жумур аралашып кетишти. Мунун баарына Кароол Чокуда, Телтору минген Курманбек көз салып туру. Бир убакта жонундагы саадагын алды да жебесинин учуна бир нерседен сүртүп-сүртүп туруп мээлеп атып калды. Аалы ырдап жаткан, Равшан жарк-журк эткен камчысын көтөрө берерде жебе колтук астына зып этти. Нааразы болгон эл ордунан "дуу" этип тура калып Кароол Чокуну карашса Бишкектеги темир жол вокзалындагы Фрунзенин эстелигинен башка эч ким көрүнбөйт.
…Арсланбап токою. Ортодо балбылдап от күйүп жатат. Азимбек, Аликбек. Бакыт, Курманбек-төртөө отту айланып бийлеп жатышат. Төртөөнүн тең бетинде маскарапоздор кийүүчү маска. -Жүр, Азимбек. Жаңгак теребиз,-деп бир маскачаны экинчисин колтуктап токойдун ичине кирип кетишти. Бир аз ары баскандан кийин эле Түлкү маскачан тигини тырс этип атып таштады.
Отту калган үчөө айланып бийлеп жатат. -Аликбек, жаңгактын гүлдөгөнүн көрдүң беле? -Жок. -Ал сага окшогон жакшы жигиттерге гана көрүнөт, таң атаарда. Көрөсүңбү? -Ооба, көрө элекмин.
Аликбекти башка тарапка колтуктап кетти. - Мына бул жаңгакка чык. Гүлү үстүнөн төмөн көздөй ачылат, чыга бер өйдөлөп, коркпой эле кой. Еще, еще выше… Тапанча тырс этти. Ал бутакка илинген бойдон калды.
Оттун жанына келсе Бакыт китеп окуп отурат. -Кайсы жомокту окуп жатасың, Бакыт? -"Абышка-кемпирдин көмөчүн". -Көмөчтү эң аягында ким жеп коет экен? -Түлкү. -Берки далбастап чуркагандар эмне болду? -Баары жетпей коюшту. -Сен да жетпейсиң, убара болбой эле кой. Ме көмөч,- деп аны да атып салды.
От өчөйүн деп, таң супа салды. Туш тараптан эл жаңгак тергени токойго каптап келатышат. Баарынын колдорунда узун-узун таяк, шыргыйлар, айры, кетмен, күрөктөр. Курманбек балбырап-далбыраган маскарапоз кийимдерин чечип ыргытып,бадалдын түбүнө бекитип койгон кызыл аскер кийимдерин кийинип, белине офицер курун бекем тартты. Тапанчасынын дүкөнүн ачса бир ок калыптыр. "Эсептен жаңылбаптырмын" деди.
Алгач чокунду, анан эки алаканын беттештирип чекесине тийгизди, анан барып бата кылды да кончундагы тапанчасын чекесине такады.
Тарс…"
Ойгонуп кетсем түшүм экен. Студент балам колундагы кашыгын жерде турган казанга түшүрүп алыптыр.
Түндө жатаарда Чыңгыздын "Шестеро и седьмой" деген балладасын окуп жатып уктап кетиптирмин.
"…Все было сделано. Сандро еще раз молча обошел шестерых, сраженных наповал, и, отойдя чуть в сторону, приставил дуло маузера к виску. Еще раз выстрел прозвучал в горах коротким эхом. Теперь он был седьмым, отпевшим свои песни…"
Машакбай РАХМАНКУЛОВ










??.??