"Милициядан ары, догдурдан бери"

Участковыйдын "ставкасы" 500 долларбы?
Молдомуса Конгантиев мырза милиция кызматкерлеринин ичинде темирдей тартип киргизип, коррупция деген жаман илдеттен арылууну арбын айтып келгени менен иш жүзүндө анын канчалык деңгээлде ишке ашып жатканы күмөн. Минтип айтып жатканыбыздын да жөн- жайы бар. Редакциябыздын эшигин тытып, укук коргоо кызматкерлеринен укугу кордолуп, акыйкаттык издеген жарандарыбыз жаандан кийинки козукарындай көбөйүүдө. "Кулак укса, курсак кайнайт"- дегендей аларга аз да болсо колдон келген жардамыбызды берүүнү эп көрөбүз.
Бул саныбызда Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Бактыгүл эженин арыз-муңуна орун бердик. Гезитке жарыяланган макаланы окуган соң, тиешелүү орган тарабынан иштин ак-карасы аныкталып, эгер күнөөсү жок болсо он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жигиттерибизди темир тордун тозогунан сактап калаар деген ойдобуз. Болбосо, болбогон иш менен соттолуп кеткен канча деген жигиттердин тагдыры көз алдыбызда талкаланууда.

Бактыгүл Анарматова,
айыпталуучу Алтынбектин апасы:
- Кошунабыз Даул Нышанов 3-4 жыл мурда Ташкенттен көчүп келген. Ичип алса "каллаңарды жулуп алам"- деп эле жулунуп калчу. Биз анысын этибар албай эле, "кошуна мас экен"- деп койчубуз. Дагы бир Бурулкан деген кошуна эженин үйүндө сентябрь айында кореецтер жашап, пияздарын, машинелерин жылда ошолордукуна коюшат. Талаа жумушунан келаткан кореецтердин машинесинин күйүүчү майы түгөнүп калып жолго таштап кетишсе, көчөдө мас болуп жүргөн Даул токтоп турган машиненин алдыңкы жана арткы айнектерин талкалап салыптыр. Эртеси машиненин ээлери, "10 күндүн ичинде ордун тургузуп бербесең, милицияга арыз жазабыз"- дешкенинен, 10 күндүн ичинде машинени оңдотуп берип, "жарашканыбыз үчүн" -деп Даул дагы арак ичет. Ичип олтуруп чатакташып, мушташа кетишет. Ошондон эки -үч күн өткөндөн кийин Жарышбек деген кошуна бала жолдо баратса, Даул дагы мушташып жатыптыр. Аларды көргөн Жарышбек ажыратып коеюн десе Даул аны ашата сөгөт. Ал күнү маска теңелбейин деп кетип калат. Эртеси "Мас болсоң эле ашата сөгө бергениңди токтотпойсуңбу?"- деп түшүндүрүп коеюн десе Даул жулунуп чыгат. Ошентип экөө мушташа кетет. Бири-биринен кем калбай беттери көкала болгончо тең-тайлаша урушушуптур.
Даул участковый милицияга келип, "кошуна балдар уруп салды"- деп кайрылса, айылдын аймактык милициясы Урмат Салмоорбек уулу "арыз жазгыла"- деп арыз жаздырып алыптыр. Эгер Даулдун ошондой арам ою бар экенин билсе, Жарышбек деле милицияга арыз таштап, экспертизадан кагаз алып коймок да. Андай куулук-шумдук оюна да келген эмес, болбосо анын деле денеси көкала болуптур.
Арыз түшкөндөн кийин, Урмат менин жолдошумдун чоң машинасы менен эртеден кечке отун тарттырат да, кечинде акчасын төлөгөндүн ордуна "Сенин балаң Даулду сабап, милицияга келбей качып жүрөт. Эртең 500 доллар таап келбесең уулуңарды камап салам"- деп коркутат.
Кечинде баламдан "Даулду качан уруп жүрөсүң?"- деп сурасам. "Урган эмесмин"- деп таң калып калды."Даулга барып сурап келейинчи"- деп кетип, "Кошуналар жинди болуп калган го? Сентябрда Жарышбек экөө урушуп жаткан жеринен ажыратып койгом, ишенбесеңер мал кайтарып жүргөн кичинекей балдар көргөн"- деди. Анан кошуна Даулга барып, "Айланайын, бул эмне кылганыңар? Күзүндө үйгө далай ирет кирип чыктыңар, ушундай иш болду деп бир ооз айтып коюп, анан жазбайт белеңер арызды?"- деп таарынсам, ал аялы экөө "биз милицияга барсак, "Арыз жазып, бир аз убакытты создуктургула- деп Урмат айткан" дешти. "Встречный арыз жазып бергиле"- десек, "Эгер встречный арыз жазып берсеңер, өзүңөр оңбой каласыңар"- деп Урмат опузалап кеткенин айтып коркуп коюшкан. Ошентип ортодон 2-3 ай өтүп кетиптир. Бир күнү баарын беттештирем деп чакыртып алып, "качып жүрөт"- деген шылтоо менен Урмат Салмоорбек уулу балдарды бир күн ИВСке камап салды. Эртеси Даулдун аялы менен чогуу бардык. Ал "встречный арыз жазам" - десе, тергөөчү "кеч болуп калды"- деп жаздырбай да, карабай да койду. Балдарыбызды "тергөө иштери бүткөнчө аймактан алыс чыкпайт"- деген кепилдик менен чыгарып кеттик.
Андан бери күнүгө "эртең келгиле" - деп чакыра беришет. Эки ортодо жүрүп, балдар жумуштарынан чыгып калды. Айылдын коопсуздугун камсыз кылгандын ордуна Урмат деген участковыйдын кылганын карабайсыңарбы? 500 доллар талаада жатыптырбы? Эл оозунда айтылып жүргөн "Милиция менен догдурдан" кудай сактасын"- деген сөз туура экен. "Арачыга алты таяк" - дегендей, 500 доллар бербей койгонубуз үчүн, арачы болгон балам соттолуп кетеби?

Алтынбек Жайлообаев:
- "Тунгуч" кичи районунан жүк ташуучу машина менен келе жатсам, Жарышбек мага телефон чалып "Тезирээк келе кал"- дегенинен барсам, Жарышбек "Даул өзүнөн-өзү мага тийишип жатат, барып түшүндүрүп коелучу"- деди. Даулга барып саламдашып, сүйлөшөлү десек эле үстүндөгү курткасын чечип салып, Жарышка кол көтөрүп кирди. Сөгүнүп, айтпаган сөздү айтып, "Кыйынсыңарбы, мен силерден коркпойм"- деп атырылды. Жарыш экөөнүн ортосуна түшүп ажыратып алып кетип калгам. Окуя болгондон кийин бизге доосун деле айткан эмес болчу. Бир жолу Даулдун иниси ичип алып, көчөдөн тийишкенинен "мас кишиге теңелбейли"- деп кетип калганбыз. Болгон окуя унутулуп калган. Даулдун аялы биздин үйгө кирип чыгып эле, машинабыз менен жүк ташып жүргөн. Анан, Жаңы жылдын алдында, 28-декабрда, участкалык милиция кызматкери Салмоорбек уулу Урмат келип, "Сенин үстүңдөн арыз түшкөн"-деп жатпайбы. Мен бул жөнүндө таптакыр унутуп коюптурмун. "Кайсыл арыз?"- деп таң калдым. "Даулду аялы менен кошуп сабаган турбайсыңарбы? Алардын судмедэкспертизадан кагазы бар экен"- деди. Бизди Урмат Аламүдүн РОВДсына чакырды, анан ошол жерден ИВСке алып кетишти. Сентябрда Даул менен урушканда жанында аялы жок болчу. Көргөн дагы эмесмин. Кичинекей балдар тегеректеп карап турушкан. Участкалык милиция кызматкери Урмат "Бул ишти тезирээк бүткөрүш керек, болбосо сотко өтүп кетет, 500 доллар берсең, ишиңди жаап салабыз"- деген. Тергөөчү Абилдаев Качыбек тергөө жүргүзүп, күбөлөрдү таптакыр сураган жок. Тергөөчү күндө "эртең кел"- дегенден башканы айтпайт. Бизди "эки айдан бери качып жүрөт"- деген шылтоо менен дагы бир беренени кошкондору карандай жалаа.

Донбаева Айгүл,
айыпталуучу Жарышбектин келинчеги:
- Биз Даулдун кошунасы болобуз. Алар менен кошуна катары киришип - чыгышпайбыз деле. Кошунабыздын үйүндө жашаган кореецтердин машинасын Даул талкалап салганын билебиз. Ошондо менин жолдошум кореецтерге болушуп коюптур. Даул ызаланып "мага болушпай, кореецтердин сөзүн сүйлөйсүң"- деп кекенип калыптыр. Мына ушундан Даул менин жолдошума өчөшүп калды. Сентябрдагы болгон урушту мен уккан эмесмин. Декабрда милиция келгенде гана билдим. Ошондон бери чайналып бүтүштү, эки күндүн биринде РОВДга барышат. Алардын айтымында, тергөөчү акча сурап жатыптыр. Укук коргоо органдарына түшүнүп болбойт. Бул иш боюнча тиешелүү тергөө иштерин жүргүзбөстөн, жолдошумду көк ала кылып сабаптыр. Алар талап кылган акча бизде жок. Болбосо, булардан берип эле кутулат элек.
Калыя апа,
кошунасы :
- Айланайын, мындай шумдук биздин айылда болгон эмес. Бул балдарды мен кичинекейинен бери билем. Айылда болгон уруш-талашты өзүбүзчө эле чечишип алчубуз. Кайдагы бир өзбек көчүп келип, чуу чыгарып, балдарыбызга жок жерден аялы экөө жалаа жаап жатат. Эгер, бул иш курчуп кетсе, биз жөн койбойбуз. Керек болсо, чал-кемпирлер чогулуп, үйүн өрттөп салганга чейин барабыз. Азыр соттун гана чечимин күтүп жатабыз.

Бекиш Молдокасымов,
кошунасы:
- Даулду тааныйм. Биздин айылга көчүп келгенине төрт жыл болуп калды. Ичип жүргөнүн көрүп калам. Бир жолу Даулдун иниси Асылбек мас болуп менин үйүмө чейин кирип келип, уйумду жетелеп ит кылган. Биз милицияга деле арызданган эмеспиз.

Атыркүл Жамангараева,
кошунасы:
- Мен аймактык милиция кызматкерин көрө да элекмин. Мүмкүн, айыл тынч болгондуктан көрүнбөйттүр. Айылдагы болгон уруш - талашты милициясы жок эле балдар бизге да билгизбей өздөрүнчө чечип алчу. Даулду деле жакшы билбейт экенмин. Бирок, бул балдарды кичинесинен билем, ыймандуу, тартиптүү жигиттер. Экөө тең үй-бүлөлүү. Эми ушул жигиттер болбогон бир чыр-чатак үчүн соттолуп кетишеби? Милиция кызматкерлери деле кызык экен. Тоодой болгон депутат жоголуп жатса, жарым жылдан ашты, издеп таба албай жүрүшөт. Анан ушул айыл-ичиндеги чыр-чатакты "өзүбүзчө чечишип алабыз"- дегендерине болбой, ушул жерден да пайда көрүп калууну көздөп жатышат. Буларды көзөмөл кылчу бирөө барбы деги?

Редакциядан:
Бул ишке түздөн-түз Ички иштер министрлиги, прокуратура органдары тезирээк кийлигишпесе, өзбек туугандар менен жергиликтүү айыл тургундарынын ортосунда күтүүсүз окуя болуп кетиши мүмкүн. Биз тергөө органдарынын милдетин өзүбүзгө алып, "тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү эмес"- деп айта албайбыз. Биз болгону айыпталуучулардын арыз-муңун гезит бетине жарыялап, эки айдан бери бүтпөгөн бул иште участкалык милиционер, тергөөчүнүн ролун билгибиз келип отурат.
Эмне үчүн күбөлөр толук суралбайт? Эмне үчүн айыпталуучулардын аргументтери толук угулбайт да, көңүлгө алынбайт? Же тергөө органдарынын биринчи милдети эле жаш жигиттерди түрмөгө отургузуп, соттолгондордун санын көбөйтүүбү?
Бул тергөө ишин өз көзөмөлүбүзгө алып, жыйынтыгын окурмандарга билдиребиз.
Гүлниза Молдокулова,
Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"