presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С а я с а т

(башы 5 бетте)
Эл эмнени эңсейт?
Азыр Москванын каалоосу боюнча ОКДБнын куралдуу ыкчам күчтөрү түзүлмөй болду. Орусиядагы ашынган шовинисттердин айрымдары "Гансинин" ордуна Москва башкара турган ошол куралдуу ыкчам күчтөрдү жайгаштыруу керек деп айкырык салып атат. Андай болуп калса, анда Орусиянын кыргыз жеринде эки аскердик базасы болот. Ошондон Кудай сактасын.
Канттагы авиабаза кыргыздын эң асыл куттарын качырып, контрабандалык сооданын базасы болгонун билебиз. Баса, Канттагы авиабаза ээлеген жер үчүн Орусия бизге бир тыйын төлөбөйт. Тескерисинче, ал авиабазанын коммуналдык төлөмдөрүнүн баарын биз төлөп атабыз. Бул авиабаза 2007-жылы 3млн. 800 миң. Кв. саат электр энергия, 3 млн. газ сарыптаган, 10-12 млн. сом телефон байланышы үчүн кеткен. Баардык чыгым 20 млн. жакын болгон. 2008-жылы мындан да көп каражат пайдаланган. Ушунун баарын Кыргызстан төлөйт. Бул биздин аскерлерибиздин электроэнергия, байланыш чыгымдарынын 40% түзөт! Мына, "эшиктен келип төр меники" деген ушул. Жерибизди ээлеп, төлөбөй, бизге төлөтүп үстөмдүк кылып атпайбы!
Ооба, Орусия менен да алыш-бериш сөзсүз керек. Бирок, өтө этият болуу абзел. Өткөн тарыхтан сабак алуу керек. Ал эми "Ганси" үчүн биз чоң акча, доллар алып атабыз. Акыркы 18 жылда АКШ бизге 1 млд. долларга жакын жардам берди. Насыя эмес, нак жардам.
- "Гансини" кетир деген талап, Москва тараптан болуп атабы?
- Ооба "Гансини" чыгар!" деген тымызын өкүм талап К.Бакиевге Москвадан айтылып атканы жаш балага да түшүнүктүү. "Чыгарам!" деп К.Бакиев Бишкекте туруп айткан жок, Москвада айтты. Путин, Медведевге "ляппай" деп сөз берип келди. "Мына, 2 миллиард акча, ал да "Гансини" кетир!" деген таризде Келишимге кол койдурду. Бул пулдун көбү, мүмкүн, баары Кыргызстанга келбейт, "Камбарата-1" ГЭСин кура турган Орусиянын фирмаларына берилет. "Каржы, экономикалык кризис өтө тез ылдамдыкта, өтө терең катмарда Орусияны да ойрондотуп атат. "Камбарата-1" курулушуна деген акча бөлүнбөй да калышы ыктымал же "Гансини" кетирүү үчүн эле адегенде бир аз пул берип, анан биротоло токтотуп коюшу мүмкүн"- деген пикирди Орусияны абдан жакшы билген талдоочулар айтып атат.
"Камбарата-1"ден башка дагы бир нече ГЭСтерди курам деген ниети бар дейт Орусиянын, Нарын, Сары жаз дарыяларында.
Эгерде, бул долбоорлор ишке ашса, анда Орусия Кыргызстандын эң башкы байлыгын- суу, гидроэнергетика тармактарын колго алат. Кыргызстан өз байлыгына өзү ээ болбой, экономикалык гана эмес, саясый да эгемендүүлүктөн ажырашы жомок эмес.
Үчүнчү, К.Бакиев "Гансини" кетирди дейли. Анда Кыргызстан тиги авиабазада куралдуу күчтөрү турган он эки мамлекет, болгондо да дүйнөнү дүркүрөтүп аткан эң кубаттуу, алдыңкы мамлекеттер менен мамилени бузат. Ошондо биз ийинине киралбай жатып куйругуна калбыр байлаган чычканга окшоп калабыз. Өзүбүз өсүү жолубузга түшалбай жатып, бизди колдогон, опол тоодой жардам берип жүргөн, нукура демократиялык шерик, таяныч боло турган бай өлкөлөр менен чатакташуу жакшылыкка алып келбейт.
- Анда биз кимге таянышыбыз керек?
- Өлкөнүн экономикасын, өзгөчө анын локомативин- гидроэнергетиканы көтөрө турган ири долбоорлорду азыркы доордун эң алдыңкы техника, технологиясынын негизинде куралы десек, анда бир Орусияга байланбай, эларалык тендер өткөрүп, Батыштын бай, эң өнүккөн өлкөлөрүнө таянсак өзүбүзгө жакшы болор эле. Эсимде, 2007-жылдын сентябрында АКШнын мультимиллиардерлеринин бирикме башчысы бизге келген, К.Бакиев менен жолуктурганбыз. Ал Балыкчы- Каракече-Торугарт-Жалалабад 627 чакырым темир жол; Бишкекте "шаардын ичинде шаар" долбоору боюнча эл үчүн арзан 30 миң квартиралуу чоң оодан, Кыргызстан- Мекке таза суу түтүгүн, "Камбарата-1,2" ГЭСтерин жана башка ири мекемелерди куруу сунуш-долбоорлорун айткан. К.Бакиев макул болгон. Бирок сөз ишке айланган жок, биздин кычыраган кыйындарыбыз жол бербеди. Бир эле долбоорду айтсак, Кыргызстан- Мекке таза суу түтүгү курулуп калса, бул- кылымдын улуу курулушу болмок. Мекеге бир жылда 15 миллионго чейин зыйаратчылар барат экен. Таза суунун бир литри 3-5 доллар, 1 литрден 1 эле доллар таза киреше болсо жүздөгөн миллион, бир жылда, мүмкүн, миллиард доллар пайда тапса болот эле го.
Буга окшогон пайдалуу иш эмес, К.Бакиев моюнга сыйыртмак сала турган тарапка Кыргызстанды буруп атат.
- Бул авиабаза эларалык терроризм менен күрөшүү үчүн түзүлгөн эле да?
- Ооба. Төртүнчү, "Ганси" эларалык терроризмге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Аны кетирсе бул бийлик Кыргызстанды дүйнөдөгү, анын ичинде биз үчүн да эң коркунучтуу душман-террорчулар менен күрөшүүдөн оолак алып кетеби? Анда эларалык коомчулук бизге наалат айтат. А эгерде тэ-э мурдагыдай биздин өлкөнү сакалчан террористтер дагы басып кирсечи? "Ганси" тургандан бери сакалчандар бизге жолой албай калды го.
- "Гансини" кетирүүнүн ички себептери эмне?
- "Гансини" кетирүү себеби- "эл нааразы, акчаны толук төлөбөй" атат мааниде К.Бакиев баяндады. Ооба, нааразылар бар, өзгөчө Орусияны көздөп тургандар. Бирок элдин баары эмес. Эмне, Канттагы авиабазага, Орусияга нааразылар жок бекен? Бар, аз эмес. Анын кылмышы да бар. Ал эми акчаны ким берип, ким бир тыйын бербей, атүгүл "өлүмтүгүн" бизге жүктөп аткан Орусияны К.Бакиев неге айтпайт? Айтпайт. Себеби- ал тилкызык. Өзү аз келгенсип бүт Кыргызстанды тилкызык кылгысы бар.
Бешинчи, К.Бакиев "Камбарата-1" ГЭСти куруу маселесинде да мыйзам бузуп атат: Тендер өткөрбөй, башка өлкөлөрдүн ири фирмаларын жолотпой бул курулушту "Өзүм билем!" дегендик кылып Орусиянын колуна карматты.
Алтынчы, Орусиянын башчылары Кыргызстандын, Тажикстандын суу байлыктарын пайдалануу, ГЭСтерди куруу маселесинде Орто Азия мамлекеттеринин ортосунда саясый чагым салып атат.
Бу дүйнөдө дөө-шаалардын күрөшү, кандуу да, кансыз да согуш басылалек. Кыргызстан бир метрополиянын торуна өзү түшүп берип, башка улуу күчтөр менен араздашып абийир таппайт. Геосаясый стратегиялык мейкиндикте биз өзүбүздүн татыктуу ордубузду ээлеп, бардык өлкөлөр менен тең ата, эгемен мамиле курушубуз парз.
К.Бакиев Орусияга таянып президенттик экинчи мөөнөткө калуу үчүн кыргызстандын геосаясаттык, эларалык стратегиялык кызыкчылыгына каршы иш жасап, өз кызыкчылыгынын камын көрүүдө.
Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"

Урматтуу мекендештер!
К.Бакиевдин президенттик экинчи мөөнөткө калышын каалайсыңарбы? Суранам: "макул" же "жок" деп "Ачык саясатка" жазгыла. Кайдыгер калбагыла. Бул тагдыр чечүүчү маселе.
Менин телефонум (0772) 53-94-04 (Топчубек Тургуналиев)





Таластык туугандарга кайрылуу
Мен бүгүн Манас бабабыздын түздөн-түз урпактары деп касиеттүү Таласты жердеген жердештериме кайрылып отурам. Антүүгө менин толук адамдык да, инсандык да, жердештик да укугум бар деп эсептейм. Ушунча жашка келгени мен бир дагы адам менен жаман айтышпадым, бирөөлөрдү сатпадым, артынан ушак сүйлөбөдүм, байлык менен бийликтин да артынан түшкөнүм жок. "Чоңдорго" жагынып, бийликтин камчысын чаптың деп бир дагы адам мени күнөөлөй албайт. Кысталыш учурларда жолдош-жороңду, досторуңду, айылдаштарыңды сатып кеткенсиң деп бир дагы адам айта албайт.
Мен саясатка кеч аралаштым. Алгач "Алиби" гезитин чыгардым, президент Бакиевдин урук-туугандары асылып отуруп аны жаптырганда чакан жамаатыбыз менен толук бойдон "Ачык саясатка" өттүк. Бүгүн бул гезит Кыргызстандагы эң окумдуу гезиттердин бирине айланып отурат.
Мени саясатка уулум Равшан алып келди. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын активдүү уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандын Малайзиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп жүрүп, ал 2007-жылы эл менен бийликтин бирөөсүн тандап алуу учуру келгенде, кызматын таштап, Элдик фронтко кошулган. Мындай эрдикти Кыргызстанда эки гана адам - Чүй облусунун губернатору болуп туруп Тургунбек Кулмурзаев жана менин уулум гана жасаган.
Ошондон бери ал саясий куугунтукта. Үстү-үстүнө кылмыш ишин ачышып, Интерпол аркылуу издөө жарыялашып, "келсе эле камайбыз" деп Бакиев бийлиги колуна санкциясын кармап отурат. "Тайган күлүгүн сүйбөгөн түлкүлөрдүн" колунан башка эмне келмек эле?
Равшан бүгүн Америкада. Тууган жерге болгон сагынычын, кусалыгын мен силерге жеткире албайм, аны күн сайын ээ-жаа бербей төгүлгөн телефондун аппараты гана билет. Азырынча ал Кыргызстанга келе албайт, себеби Американын чегинен чыкты дегиче Европа өлкөлөрүнүн бири кармап, аны Бакиев бийлигине өткөрүп берет. Ал бийлик адамды кандай соттоорун биз бүгүн Ишенбай Кадырбековдун "сотунан" көрүп отурабыз.
Ата катары мен Равшандын биздин арабызда болушуна, менин катарымда жүрүшүнө "эки көзүм төрт" болгонуна карабастан уруксат берүүгө акым жок. Анткени мен өз убагында тергөө системасында иштеген адаммын, түрмө тартиптерин эң жакшы билем. Анан калса, мындан бир ай мурда Исмаил Кочкаров деген жигитти эмне кылгандарын "Ачык саясатты" окугандар жакшы билишет. Ата болуу, эне болуу ырахатын таткандарга менин бүгүнкү ахыбалымды айтпасам да түшүнүктүү деп ойлойм.
Бакиев бийлиги бүгүн бир туугандары, балдары болуп жалаң эле таластыктардын эмес, бүтүндөй кыргызстандыктардын ырыскысын чачып жатышат. Силердин төө буурчагыңардын баасы эмне үчүн 35 сомдон жогору көтөрүлбөй жаткандыгын силер менден жакшы билесиңер. "Жерүй" алтын кенин иштетүүчүлөр эмне үчүн жыл сайын оошуп турат, "Андаш" кенин иштетүүгө кимдер кызыкдар, силер аны да билүүгө тийишсиңер. Атактуу Кан жайлоо, Кайыңдыдагы гранит кени, Маймактагы карьер эмне үчүн бүгүн Таластын жери эмес? Эмне үчүн бүгүн биздин ыйык жерлерибиз четинен кетип жатат?
Таластын жашы менен карысы, аялы менен эркеги, жигити менен кызы ушул суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп көрсөк болобу? Жада калса саясатына деле аралашпай, Таластын жөнөкөй эле өз жери үчүн күйүп-бышкан, аны аздектеген адамы катары ой бөлүшө алабызбы?
Башы Талды-Булак, Каракол, этеги Көк-Сай, Кайнар, өңүрү Манас, Үч-Коргонду чапчыган Талас эли "бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгара алабызбы? Бирок, катарыбыз таза болсун, "дүжүр эместерди", койнунда жумурткасы жокторубузду бир максатка баш ийүүгө чакырам. Көчө-көчө, айыл-айыл, район-район болуп биригели.
Бүгүн менин жанымда уулум Равшан жок. Бирок, мен анын атынан дагы, өзүмдүн атымдан дагы кыргыз элинин, анын ичинде касиеттүү Талас элинин кызыкчылыгын баарынан бийик коюп, айтар сөзүбүздү айтууга тийишмин. Талас жергеси үчүн аракетти өзүбүз кылбасак, эч ким аны бизге жасап бербейт.
Сенин кубанычың менин кубанычым, сенин кайгың менин кайгым болсун. Сага келген кырсыкты тезинен жетип мен көтөрүшөйүн, кыйынчылыктар болсо чогуу көрөлү. Сен макулсуңбу ушул шартка. Макул болсоң кошунаң менен сүйлөш, бул макулдукту үйдөн-үйгө, айылдан айылга узаталы.
Мына ушул максатта таластык эр-азаматтардын башын бириктирген Талас кыймылы түзүлүүдө. Биз сени ошого чакырып жатабыз. Кылчактаба эртең кеч болуп калат.
Бабырбек Жээнбеков,
"Ачык саясат" гезитинин
башкы редактору
тел.: (0777) 10 14 41









??.??