presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бопоросуң барбы?

Кыргызстандын баңгизатка карата стратегиясы
2009-жылдын мартында Венада (Австрия) эл аралык баңгизат саясат чөйрөсүндөгү эң маанилүү эки окуя: Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясы өтүп, алар өткөн он жылдыктагы баңгизатка каршы туруунун жыйынтыктарын чыгарып, "озунуп кетүү" тактикасын иштеп чыгышмакчы.

Баңгизатка каршы ырааттуу күрөшүүнүн жана төмөндөтүүнүн үч бирдей стратегиясынын: а) баңгизаттарга сурамдын, б) аларды жеткирүүнүн, жана в) баңгизаттарды керектөөнүн жактоочусу катары татыктуу кадыр-баркка ээ болуу менен, Кыргызстан баңгизат саясатын аныктоодо белгилүү роль ойнойт. Бул үчүн биздин республикабызда бардык негиздер бар.
... Жыйырманчы кылымда өлкөнүн аймагында, негизинен Ысык-Көлдө, ошондой эле Нарын, Талас областтарында, медициналык жана илимий максаттар үчүн апийим өстүрүлүп келген. Ондогон апийим өстурүүчү чарбалар, илим-изилдөө станциялары, заводдор менен фабрикалар иштеп турган. 1970-жылдары республика бул заттын дүйнөлүк түшүмүнүн 16 пайызын өндүрүп берген.
Медицина өнөр жайында бийик суроо-талапка ээ болгон бул жогорку морфийлүү материал бюджетке жакшы киреше берген. Бирок, кыйла зат мафиозинин колуна түшүп келген.
Апийимди алып чыгыш үчүн контрабандисттер ар кандай амал-айлаларга барышкан. Мисалы, баңгизат ташуучу бир чабарман аялдын жети килограмм уу затты... жаңы төрөлгөн баланын ичеги - карыны алынып ташталган өлүгүнө салып, алып чыгууга аракет кылганы белгилүү. Ал өлүк денени улам терметип, ымыркайды эмизип жаткандай түр көрсөткөн...
БУУнун чечимдерин аткаруу менен Кыргызстан 1974-жылы жүздөгөн гектар апийим аянттарын жок кылган.
Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында өзүнүн эгемендүү жыргалчылыгынын негиздерин аныктап жатып, өлкө аз жерден кызыл апийимди кайрадан өстүрө жаздаганга чейин барган. Бул кадам саясий жана жекече жактан алып караганда өзүн өзү өлтүрүүгө жатмак. Ошол учурда республиканы "апийим согушуна" кабылтпоого өкмөттүн акыл-эси жеткен эле. Бул кадам эл аралык коомчулук тарабынан да байкалбай калган эмес.
Союздун ыдырашынын алдында республиканын Ички иштер министрлигинде (ИИМ) баңгишылуундарга каршы жүздөгөн эң мыкты операцияларды жүргүзө алган, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча өз алдынча кызмат түзүлгөн. Ошол жылдары, Москванын талабына баш ийбей жасалган бул иш - өтө чечкиндүү кадам болгон жана кийин, мезгилдин өзү көрсөткөндөй, абдан эле өз учурундагы кадам болуп саналган.
Анын алгачкы операцияларынын бири болуп, жапайы өсүүчү Чүй кара куурайынан иштелип чыккан эки тонна (!) нашаа менен марихуананы Кавказга алып кетүүгө аракет кылган кылмыштуу топту жок кылуу эсептелет. Ошол мезгилден бери бул кызмат тарабынан жүздөгөн тонна баңгизаттарды кармоо жана алып коюу иштери жүргүзүлгөн.
1993-жылы совет заманынан кийинки мейкиндикте биринчи болуп, Өкмөттүн алдында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал баңгизаттарга каршы жүргүзүлүүчү бардык иш-аракеттердин координатору жана демилгечиси болуп калган. Ошол кезде бул балееге каршы күрөшүү үчүн биринчи жолу күч органдары менен медицина, илим менен журналистика, көркөм өнөр менен спорт өз ара биригишкен эле.
Биздин бул тажрыйбабызды жалпылоо менен, БУУ аны башка өлкөлөргө, эң алды Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөргө сунуш кылды. Биздин жол менен аны бир аз оңдоп-түздөй коюп, Тажикстан жана Өзбекстан кеткен. Кийинчереек аталган Мамлекеттик комиссия-Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик болуп кайрадан түзүлүп, ал баңгизаттарга каршы аракет жасоо ишине баа жеткис салымын кошуп келатат.
Мунун натыйжасында, аймактык өзгөчөлүктөргө карабастан, бардык баңгизат тутумдары аныкталып, аны иштетип чыгаруучулардын да, сатып алуучулардын да, ташып жеткирүүчүлөрдүн да, таркатуучулардын да беттери ачылып келген.
Бул жерден дагы бир ирет "биринчилерден болуп", "биринчи жолу" деген сөздөр айтылат... Менден дайыма: "Эмне үчүн дал ушулар силерге гана?", -деп сурашат. Калыбы, дал ушул Кыргызстанда көйгөй менен бышып жетилген коркунучка олуттуу түрдө кабатыр болгондор - "зарыл болгон адамдар - зарыл болгон учурда чогулушса керек".
Ошондуктан, мен анын башатына турганыма жана бүгүн да алардын катарында экениме сыймыктанам...
Ошентип, кайра эле, мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп, биз Бириккен Улуттар уюмунун баңгизатка каршы белгилүү үч Конвенциясын ратификациядан өткөрдүк. Республикалык мыйзамдарды бирдей түргө келтирип, аны эл аралык ченемдерге ылайыкташтырдык. Бул иште бизге эл аралык эксперттер абдан чоң жардам беришти. Андан кийин мыйзамдар бир нече жолу өзгөрүүгө дуушар болду, бул жөнүндө - сөз төмөндө жүрөт.
Токсонунчу жылдардын экинчи жарымында Кыргызстан эл аралык баңгизатка каршы жараянга кошулду. Бизде БУУнун "Ош илмеги", апийим, эфедра жана кара куурай өсө турган жерлерди аныктоо; уюмдашкан кылмышкерлик менен күрөшүү сыяктуу БУУнун аймактык долбоорлору биринчи жолу жүзөгө ашырылды.
Мисалга алсак, "Ош илмеги" олуттуу түрдө афгандык баңгизат экспансиясы жонүндө кабар берип, кандайдыр бир өлчөмдө ал көрүнүштү изилдеп чыкты, ага каршы аракеттерди жүргүзүү ишин уюштурду. Укук коргоо органдарын окутуу, аларга автоунаа, жабдуу берүү жактары жүргүзүлдү. Ошол жылдардагы башкы баңгизат артериясы болуп саналган бийик тоолуу Ош-Хорог канжолунда, деңиз деңгээлинен 4280 метр бийиктикте акыркы жетишкендиктер менен жабдылган бажылык текшерип, кароо пункту пайда болду.
Кийинчерээк булл жараянга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму (ОБСЕ), Еврошаркет, Эл аралык валюталык фонд… кошулду. Баңгизат жолдорун кыскартууга багытталган долбоорлорду иш жүзүнө ийгиликтүү ашыруу - өлкөнүн эл аралык майдандагы аброюн кыйла деңгээлге көтөрүп салды.
Бир аздан кийин баңгиликти бир гана күч колдонуу ыкмалары менен чечүүгө болбой тургандыгы сезилди. Ошондо, өзүнчө таңгалаарлык бир кырдаал түзүлдү: түрмөлөр баңгизатка башы байлангандар, ооруу адамдарга толуп кетти, аларды бир нече грамм героин үчүн да камакка отургуза башташты.
Аялдар колониясында өзүм уккан бир окуя эмдигиче эсимден кетпейт: баңгизатка көз каранды болуп кеткендиги үчүн эки жолу соттолгон кош бойлуу аял өзүнүн акыркы күчүн жыйнап, кармалып турганына карабай салмагы... 0,28 граммады түзгөн сайынуучу героинди сатып алуу азгырыгына туруштук бере алган эмес Абийирсиздик мыйзамы боюнча, аны ошол эле жерден кармап алышат. Соттун жүрүшүндө, кала берсе, мамлекеттик айыптоочу прокурор да аялдын мына-мына төрөй тургандыгын эске алып, ага шарттуу түрдө жаза берүүнү суранат. Бирок сот "ал оңолбой турган кылмышкер!" деп,- түрмөгө өкүм чыгарган.
Толгоосу колонияга айдап баргандын эртеси эле башталып, аны конвойдун коштоосунда ооруканага жеткиришет. Баланы ичин жарып алгандан кийин, наркозу тарай электе, ал шордууну зонага кайрып беришет. Медициналык-санитардык бөлүктө оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыктан, бир бөлмөдө катуу ооруган бир нече адам жатып, эне ымыркайды өз денеси менен калкалоого мажбур болот. Балага камалгандар ат коюшкан экен, биз алар менен таанышкан учурда кыз бир жарым жашка чыгып калыптыр, бирок анын туулгандыгы жонүндө да күбөлүгү жок экен.
Кырдаал барган сайын курчуп, баңгизат жолдору өзгөчө жыш болгон Түштүктө АИВ (ВИЧ)ди жугузуп алган биринчи адамдар аныкталды. Мындай оору баңгизат ийнесинен жуктурулган . Жалпы шприцти колдонуу менен, кан тамырга сайынуучулар айыкпай турган бул дарттын биринчи курмандыктарынын арасында болуп чыгышты.
1998-жылы аларга жардам бериш үчүн эл аралык уюмдар менен бирге республикада алгачкы ирет түзүлүп жаткан ЖИКС (СПИД) борборлору, бейөкмөт тейлөөчүлөр келишти. Алар алдын алуу боюнча кубаттуу өнөктүктөрдү өткөрүшүп, баңгизатка көз каранды болгондорду таза шприцтер, ийнелер, жыныс каптар (презерватив) менен камсыз кыла башташты.
Өзүнүн күчүнө толук кирүү менен, бул иш бүгүн да жигердүүлүк менен жүргүзүлүп жатат.
Өзүнө шприцтерди алмаштырууну, алдын алуу ишин жана алмаштырылуучу дарылоону жүргүзүунү, АИВ-эпидемияны алдын алууну өзүнө камтыган зыянды төмөндөтүү (ЗТ) деп аталган жолдон таасирдүүрөк болгон бөлөк эч нерсе эмдигиче ойлонуп табыла электигин так билүү зарыл.
Муну менен бирге, зыянды төмөндөтүүнүн алгачкы кызматчылары кандай шарттарда иштегенин элестетүү керек. Аларды камап, шприцтерин тартып алып, милицияга жеткирип турушкан. Бүгүн болсо, үзгүлтүксүз окутууга таянып, тартип сакчылары сабырдуулукту көрсөтө баштап, ал тургай өздөрү да волонтерлорго жардам корсөтүп жатышат.
Мурда болсо, аларды ушуга тиешелүү бардык кесепеттер менен байланыштырып, душман катары эсептеп келишкен...
Шприцтерди алмаштыруу андан көп узабай эркинен ажыратылган жайларда да жүргүзүлө баштап, ал АИВ - эпидемияга жол бербөөгө көмөк көрсөттү. Бүгүн болсо, тергөө изоляторлору (СИЗО) менен кээ бир колонияларда азырынча сынактык долбоор түрүндө метадон менен алмаштырып дарылоо жүргүзүлө баштады.
Ушул эле жерде, алкоголдук ичимдиксиз жана баңгизатсыз жашоонун сергек мүнөзүнө алып келе турган психологиялык "Атлантис" схемасы, "12 кадам" долбоору ж.б. иштеп жатат. Социалдык коштоп жүрүү программалары, реабилитациялык долбоорлор да өздөрүн жакшы жагынан корсөтө алышты.
Кесилген адамды, өзгөчө, узак мөөнөттү өтөп жаткандарды, алар бошонуп чыкканга жарым жыл калганга чейин эле, таптакыр чоочун чөйрөдө эркиндикке, турмушка даярдай башташат. Муну эркиндикке чыккандан кийин деле улантышып, алгачкы учурларда турак жай, документтерди калыбына келтирүү жагынан жардамдашып, жол киресин төлөп беришет, бирок, эң негизгиси - моралдык колдоо көрсөтүшөт, мындай программалар барган сайын улам таасирдүү болууда.
Кечээки Союз учурунда абакта отурган бир киши менен жолугуп калдым. . "Эгерде жардам бергендер болбосо, мен колониянын дарбазасынан чыкканымда, өзүмдү айга барып конгондой сезмекмин. Чоочун планетада сыяктуу бардыгы бөлөк, тааныш эмес. Биринчи каалоом эле бир нерсе уурдай коюп, кайрадан зонага келүү болду. Бирок баш калкалаар жер, паспорт алууга жардам беришти.
Азыр болсо, жумуш таап алдым, - деди ал.
Мыйзам чыгаруу жагында да жылыштар бар. Текшерилген эл аралык практикаларга ылайык, адегенде баңгизатты керектөө жагы кылмыштуулуктан ажыратылган. Бирок, баңгизатка көз каранды болгон адамды ошол эле бир ирет колдонулуучу өлчөмдөгү баңгизатты сактагандыгы үчүн кайра эле жоопкерчиликке тартып коюу деген коркунуч дагы деле бар.
Мындай кырдаал АИВди алдын алууга тоскоолдук кылып келген. Баңгизатты керектөөчүлөр мурдагыдай эле социалдык кызматкерлерге, дарыгерлерге кайрылуудан чочулап жатышат, анткени алар милицияга "өткөрүп берүүдөн" же дарыгерге барганда кокусунан кармалып калуудан коркушат.
Баягы эле балакет баскан 0,28 грамм аларды мыйзамдан сырт калтырып турган!
Чындыгында, бул - мамлекет менен адистештирилген бейөкмөт уюмдардын биргелешип жемиштүү иштешинин биринчи далили эле. Узакка созулган тажрыйбаларды жүргүзүү жана талаш-тартыштардан кийин, бир ирет колдонулуучу өлчөмдөр аныкталып, мыйзамдаштырылган болчу. Ал эми алардын өлчөмүнөн ашып кеткен баңгизаттарды сактоо - мурдагыдай эле кылмыш жообуна тартууга жатат. Муну менен бирге, мындай затты тараткандыгы үчүн жоопкерчилик да күчөтүлгөн болчу.
Ушул сыяктуу бардык демилгелерде биздин Кыргызстан үлгү болуп келатканын эске салып кетким келет.
Бизге тажрыйба алуу максатында келип турушат, биздин эксперттерибиз бүткүл КМШ боюнча гана эмес, бөлөк өлкөлөрдөгү кесиптештерди да окутууга жардам беришет.
Бирок, бул макаланын баш жагында айтылып кеткен БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясынын отурумдарына биздин өлкөнүн чакырылбай калганы таарыныч туудурбай койбойт. Көз карандысыз баяндамачылардын катарына кирүү менен, мен отурум залындагы Кыргызстан үчүн бөлүнүп коюлган бош орундарды көңүл чөгүү менен байкап, андан көп узабай, "Кыргыз Республикасы" деген сыймыктуу таблицаны залдан биротоло алып чыгып баратканда, аябай эле кабатыр болдум...
Ушул жолу, дагы кайталап кетким келет, өткөн он жылдыктын жыйынтыктары чыгарылып, баңгизат жана АИВди алдын алуунун жаңы жолдору аныкталып жатканда, мындай окуя эми болбойт го деп үмүт байлайм.
Баңгизат саясий чөйрөсүндө Кыргызстандын сыймыктана турган, айтып да, корсөтүп да бере ала турган тажрыйбалары жетиштүү.
Биздин адистер ар кандай жардамдарды көрсөтүүгө дайым даяр.
Эмки сөз - Өкмөт тарабында.
Александр Зеличенко,
"Баңгизат саясатынын Борборазиялык борбору" коомдук
фондунун директору.










??.??