Р е п р е с с и я

Саясый куугунтук репрессияга айланып баратат
Кыргызстанда үйбүлөлүк-мафиялык бийликтин зордук-зомбулук мүнөзү күндөн - күнгө күчөп, тоталитардык диктатуранын жолуна түшүп баратат. Анын белгиси-акыркы мезгилде саясый куугунтуктун бардык түрлөрүнүн кеңири колдонулушу, массалык репрессиянын башталышы.
Азыр жарандык коомдун төрт бөлүгү саясый куугунтуктун азап-тозогун көрүп жатат: президент К.Бакиевдин саясый, экономикалык, социалдык жана руханий саясатына нааразы болуп, ал түгүл жек көргөнүн жашырбай калган элдин басымдуу көпчүлүгү; эркин массалык маалымат каражаттары, алардын чыгармачылык жамааттары; адам эркиндиктерин жана укуктарын коргоочу уюмдар, алардын өкүлдөрү; саясый оппозициялык уюмдар, бирикмелер, алардын жамааттары жана башчылары.
Саясый куугунтукка каршы комитет, саясый себептер менен бакиевдик бийликтин куугунтук-репрессиясына туш болгондор жөнүндө маалымат жыйнап, изилдеп, аларды колдоо, коргоо иштерин жүргүзүп жатат.
К.Бакиев президенттик экинчи мөөнөткө калам деп жанталашып, өзүнүн саясый атаандаштарын, каршы чыккандарды, өзгөчө оппозициянын адамдарынын сары изине чөп салууга, ого бетер куугунтуктоого, мүмкүн, көзүн тазалоого өтүшү белгилүү болуп калды.
Бийлик "кылмыш иш", "административдик иш" деп жатканы менен чындыгында саясый себептер менен куугунтукталып жаткан бирикмелердин, жамааттардын жана жарандардын Комитетке белгилүү болгондорунун тизмесин жарыялайбыз:

Эркин массалык маалымат каражаттар чөйрөсүндө:
1.Радио "Азаттык" - бүткүл дүйнөлүк "Свобода" радиокорпорациянын кыргызчасы. Бийлик КТРаркылуу саясый себеп менен муунтту, көпчүлүк эл сүйүктүү радиосун угалбай калды.
2. "Де-факто" гезити. Бакиевдердин талабы боюнча соттолуп, 1 млн. сом айып салынган. Гезит жабылган, чыгармачылык жамааты жумушсуз калган, таркатылган.
3. "Алиби" гезити. Бакиевдердин талабы боюнча саясый себеп менен соттолуп, 1 млн. сом айып салынып, гезит жабылган.
4. Чолпон Орозобекова - саясый себеп менен "Де-факто" гезитинин баш редактору үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качууга, саясый баш калкалоого мажбур болгон.
5. Бабырбек Жээнбеков - "Алиби", "Ачык саясат" гезиттеринин башредактору, саясый себеп менен кылмыш иш козголуп 2 күн камалган.
6. Кайрат Биримкулов, НТРК, журналист. Темир жолдогу былыктар жөнүндө жазгандары үчүн бир нече жолу сабалып, анан, 2007-жылы саясый себеп менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.
7. Турат Бектенов , ТРК "Пирамида", журналист. "Мазактаган" - деп күнөөлөнгөн. Өлкөдөн саясый себеп менен кетүүгө мажбур болгон.

Укук коргоочулар:
8. Эдил Байсалов , саясый себеп менен кылмыш иш козголгон. Өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.
9. Улукбек Осмонов , Таласта өткөн "митингке катышкан"- деген саясый доомат менен кылмыш иш козголгон. Үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.
10. Арзыкан Момунтаева - Талас өрөөнүндө акыйкатчы. Саясый себеп менен кармалган, камалган - "митингке катышкан, баш министрге кол салууга катышкан"- деп күнөөлөнгөн.
11. Лира Тантабаева - "Аялзат" бирикмесинин башчысы, Таласта "Митингке катышкан, баш министрге кол салган" -деп саясый себеп менен күнөөлөнгөн. 2007-ж. өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.

Жарандык демилгечилер:
12. Арзымкан Жунушалиев, Талас. "Митингке катышкан, баш министрге кол салууга катышкан" - деп, саясый себеп менен күнөөлөнгөн. 2007-жылы өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.
13. Жумкарбек Жумакеев , Талас, экс-депутат, экс-айылөкмөт башчы. "Митингке катышкан, баш министрге кол салууга катышкан"- деген саясый себеп менен доомат коюлган. 2007-жылы өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.

Саясый оппозициянын башчылары:
14. Эмил Каптагаев, "Улуу биримдик" партиянын башчысы. Кылмыш иш саясый себеп менен козголуп, сот жүрүп жатат, Каракол шаары.
15. Исмаил Исаков, БЭКтин Саясый Бюро мүчөсү. Үч кылмыш иш саясый себеп менен козголгон.
16. Аликбек Жекшенкулов , БЭКтин Саясый Бюро мүчөсү. Саясый себеп менен иш козголгон.
17. Өмүрбек Текебаев, БЭКтин Саясый Бюро мүчөсү, "Ата-Мекен" партиясынын башчысы. Саясый себеп менен- "митинг өткөрдүң"- деген доомат коюлуп административдик сот менен соттолгон.
18. Равшан Жээнбеков. Саясый себеп менен - митинг уюштургандыгы үчүн иш козголгон. Өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.
19. Сапарбек Аргынбаев, БЭКтин Улуттук Кеңеш мүчөсү, депутат. Саясый себеп менен кылмыш иш козголгон.
20. Жалын Маматказиев, "Канжар" жаштар кыймылынын башчысы. Саясый себеп- "митинг уюштурган" - деп камалган, соттолгон.
21. Урмат Барктабасов, "Мамлекеттик төңкөрүш даярдаган" деген саясый себеп менен кылмыш иш козголгон.

Оппозиция башчыларынын балдары туугандары
22. Аликбек Жекшенкуловдун уулуна, бир тууган инисине саясый себеп менен кылмыш иш козголгон.
23. Азимбек Бекназаровдун балдарын, саясый себеп менен бир баласын, инисин кызматтан кетиришкен, экинчи баласына кылмыш иш козголгон.
24. Исмаил Исаковдун уулуна саясый себеп менен кылмыш иш козголгон.

Топчубек Тургуналиев, Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы:
Назира Абдылдаева
Катчысы