С т у д е н т т и к т у р м у ш

Жашооң кандай
студент
Бүгүнкү студент эртең эл жүгүн моюнуна аркалачу кадр. Студент канчалык терең билим алса, ал ошончолук калкка кадырлуу, айылга алымдуу болуп, эл-журттун эртеңкисин жеңилдетет. Албетте, бул "эки жерде эки төрт" - дегендей турмуш чындыгы, бирок ушул чындык кандайча турмушка ашып жатат? Кандай көйгөйлүү маселелер бар? Аз да болсо бул маселелер жөнүндө студенттердин өздөрүнө сөз кезегин бердик. Камтылбай, айтылбай калган маселелер боюнча да кезектүү кеп бергенге даярбыз.

Жатакана көйгөйлөрү
Диана Осмоналиева,
3-курстун студенти
Мен студенттик шаарчанын №2-жатаканасында жашайм. Негизги көйгөйлүү маселелерден жылуулук, лифт, ички жана сырткы тазалык маселеси биринчи орунда турат. Эки кишилик бөлмөдө төрт киши жашайбыз. Лифт эски болгондуктан бат-бат бузулат. Бирок, биз, ага нааразы деле эмеспиз,бүгүнкү күндө Кыргызстанда энергетика маселеси бардыгыбызды тынчсыздандырып келет. Жатакананын жетекчилери менен студенттер келишим түзүп, маал-маалы менен чектөө киргизген.Эгерде чектөө киргизбегенде,электр жарыгын көпкө өчүрүп коет беле?...Натыйжада жыйынтык жакшы.
Ал эми эсте калган окуя? Эмнегедир биздин бөлмөгө балдар,кыздар көп келет.Ар бир студенттик күнүбүз кызыктуу десек болот.Бир күнү бөлмөдөгү Асыл деген кыз сабактан ачка болуп келип, ысык нандын жытын сезип, ашкана жакка барса, нан туруптур экен.Аны уурдамакка үч кызды кайтартып коюп, ашканага барып нандын жарымын көтөрүп, жарымын таштап келет. Ачка болгон кыздар ысык экенине карабай жанталашып жеп алышып, ичтери күйүп калат.
Чогуу жашаган бир кызым, терезени жылуулаш үчүн скотч алып келди. Терезеден ашкан скотчту катып койгон элек. Бөлмөгө тааныш бала кирип, аны менен сүйлөшүп отуруп, эмне кыларыбызды билбей, бир маалда тиги баланы көтөрүп чаап колун кыздарга карматып, оозун чаптап кытыгыладык.Залга далдаңдатып жетелеп жөнөдүк.Алдыбыздан чыккан кишилерге: "Айтпайсыңбы, канча акча уурдадың, кайдан алдың",-деп коебуз.Бир маалда алдыбыздан агай чыгып,студентин көрүп, "тынччылыкпы" - деген боюнча кала берди.Бөлмөсүнө түртүп киргизип ийдик. "Ушул кыздарга алың келбейби?"- деп күлүп, шылдыңдап башташты балдары. "Башкасына алым келсе да, Диана эжеге алым келбейт экен"- деп койду.Себеби ошол жердеги кыздардын эң чоңу мен элем.Менин студенттик күндөрүмдөн эсимде калган күнүм ушул.

Анара Жумалиева,
2-курстун студенти
Жатаканада жашаганыма быйыл эки жыл болот.Мен жатакананын көйгөйлүү маселелери деп жылуулук,свет,лифтти эсептейм. Сабактан ачка болуп келсең светиң жок, бөлмөң суук. Кыргызстанда жашап жатып, өзүбүздө свет жок болгону мени өкүндүрүүдө.Башка өлкөгө сатпай эле өзүбүз колдонсок болбойт беле,светтин жоктугунан жылуулук да жок болуп жатат. Эми мен жатакананын ичиндеги шарты боюнча айтсам, жыл сайын ремонт болот дешет, бирок андай деле көрүнбөйт. Студенттер акчасы кымбат экенине карабай эптеп жатаканага киришет,анысы аз келгенсип майда-чүйдө бирдемелерин кымбат ала беришет.

Ибод Бекмуратов,
5-курстун студенти
Жатаканада жашаган мага абдан жагат,себеби студенттик күндөр жатаканада өтөт.Жатаканада көйгөйлүү маселе - жылуулук,жылуу суу маселеси.Мен жашап жаткан жатакана башка жатаканаларга салыштырмалуу таза,тыкан,вахтерша,комендант күнү-түнү дебей иштешет.Чоочун кишилерди киргизишпейт.Мен үчүн жатакана жакшы.

Пара берүүдө ким күнөөлүү?
Мугалимби же студентпи?
"Өйдө чыксаң өгүзүң өлүп,ылдый түшсөң арабаң сынган заманда" өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларындагы коррупция күчөгөндөн күчөп эле баратат. "Коррупцияны жоюп атабыз" - деген ооздон чыккан жел иш жүзүнө ашпагандай сезилет. "Оозу кыйшык болсо да,байдын уулу сүйлөсүн"-деген сөз бекеринен чыкпаса керек. Анткени, чөнтөгүнүн калыңдыгына таянып,сабагына акча берген жаштарыбыздын арабызда бар экени ачык айкын байкалып турат.Ал эми акча каражаты жок, ата-энесинин окутканга шарты келбеген айрым жаштарыбыздын окуй албай жүргөнү зээнди кейитет.Замандын талабына ылайык азыркы мезгилде айрым мугалимдердин сабак өткүлөрү келбей, студенттердин колун карап, сессия учурунда акча талап кылгандары да жок эмес. Коом өзгөрүлгөн сайын жаштарыбыз өсүп, жашоо оңолот деген сайын артка кетип, тескери жолго түшүп, батыштын тарбиясын алуудабыз.Бул теманын тегерегинде шаарыбыздагы айрым жогорку окуу жайларынын студенттеринен төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

Самара Адырбекова,
КМУ, 4-курстун студенти.
Ар кайсы учурда ар кандай болот эмеспи, бирок, менин оюмча, студент өзү күнөөлүү болуш керек.Себеби, окууга калбай барып,сабактардан жооп берип жүрсө, кайсыл эле мугалим койбой койсун? "Баскандан эринсең, чуркайсың"- дегендей, бардыгын убагында аткарып жүрсөң, ошого жараша татыктуу билим, баа аласың.

Рахат Ралиева,
БГУ, 2-курстун студенти
Бир четинен студенттер деле күнөөлүү,студент сабакка келбейт, сабак окубайт, мугалим айла жок пара алат. Сессия маалында акча бербей эле бүтүргөнгө аракет жасайм. Ал эми бизде сынак учурунда 400-500чейин, өтүм учурунда 200-300сомго чейин берилет. Кээде студент пара бербестен өзү чуркап бүткөргөндөрү да бар. Албетте ал тырышып, окуса мугалим кантип коюп бербей койсун? Паракорчулук жоюлат деп ишенбейм, анткени бул нерсе каныбызга сиңип калгандай.

Максат Акматов,
КУУ, 2-курстун студенти
Буга ким күнөөлүү:мугалимби же студентпи? Пара алуу - биринчиден, студенттердин билимсиздиги, экинчиден - мугалимдердин нысапсыздыгы. Студенттер акча бербеш керек. Студенттер билимди кабыл алып,мугалимдер билимди талап кылса дейт элем. Ошондо гана биз коррупцияны жое алабыз.

Даулет Ганиев,
КМУ, 2-курстун студенти
Албетте бул нерсеге мен студент күнөөлүү деп ойлойм,себеби, окуган студент оной эле баа алып кетет.Ал эми окубаган студент ортого киши салып, өзү мугалимге акча берет. Өзүм болсо айрым учурда, кээ бир сабактарымдан акча берген убагым болгон. Паракорчулук оңой менен жоюлат деп айта албайм.Сынак учурунда 400-500чейин, ал эми өтүм учурунда 250-300чейин берилет.Мен өзүм бюджет бөлүмүндө окугандыктан, өз күчүм менен бүтүргөнгө аракет кылам.Паракорчулукка терс көз караштамын, ушул нерсе жоюлса жакшы болмок.Себеби, жумушка кирип алышып, сабак эмне экенин билбей, ортого тааныш туугандарын салып мугалимине сүйлөшүп акча берип бүтүргөндөр да бар.

Анара Таалайбек кызы,
КМУ, 1-курстун студенти
Пара берүү университеттерде эле эмес,бардык эле жерлерде бар. Пара менен сынак, өтүмдөрдү бүтүрүп жатабыз. Пара алууга, менин оюмча мугалимдер күнөөлүү деп ойлойм. Кышкы сессияда биз сынакка 250 сомго чейин, өтүмгө 200сомго чейин бердик.Пара бербесең сабактарың бүтпөйт,сабак бүтүш үчүн пара берип жатпайбызбы. Мен бир чети эки жак тең күнөөлүү деп ойлойм. Паракорчулук жоюлат деп мен эле эмес, бардык жаштарыбыз ишенбейт болуш керек.

Назира Мамбетова,
КМУ, 3-курстун студенти
Коррупция-бул эң татаал нерсе.Мындай учурлар бийлик башында да, ЖОЖдордо да, ири ишканаларда, жада калса жогорку окуу жайлардын жатаканаларында да болот. Өзүм студент болгондуктан, алыс барбай эле ЖОЖду алып көрөйүн. Мындайга ким күнөөлүү: мугалимби же студентпи? Албетте мен студент деп айтат элем. Эгер студенттин билим деңгээли жогору болсо,ал эч кыйналбастан окууну бүтүрүп кете алат. Ал эми билими тайкы студенттер өзүлөрүнүн сабактарын эрте бүтүрүш үчүн пара беришет. Пара алган мугалимдерди түшүнсө да болот, анткени, мугалимдердин айлыгы аз, жумушу оор.

Лайли Амирова
И.Арабаев атындагы КМУнун көркөм сүрөт, дизайн, кафедрасынын
ага окутуучусу
Пара берүүдө мен, негизи, студенттерди күнөөлөйм, анткени окуган студентке мугалим кантип койбой койсун? Окуусун акча менен бүткөрүп, жасалма диплом сатып алгандар да аз эмес. Азыр бардыгы оңой нерсеге көнүшкөн. Мен паракорчулукка терс көз караштамын. Эгер ушундай жол менен келе берсек, кантип өлкөбүз өсүп, күчтүү кадрлар чыгат? Биздин факультетте студенттер пара бере алышпайт. Себеби, бизде дизайнер,модельер,көркөм сүрөт,оймо-чийме, музыка бөлүмдөрү болгондуктан, биз алардын талантына шыгына карайбыз. Бизде өзүнүн фантазиясы менен жасаган кол өнөрчүлүгүнө баа алышат.Мен ушул убакка чейин пара алып көргөн эмесмин. Студенттерден мага "койдуруп бериңиз" - деп келишпейт. Мен чынчыл,катуу адаммын,алардын эмгегин баалагым келет.Кыйынчылык менен тапкан акчаларынын мага эмне кереги бар? Өзүм үйдөн деле заказ алып,чет өлкөлүктөр менен иштешип, жанымды багып кете алам. Мурдагы биз окугандай, азыркы студенттер китепканаларга көп кирбей калышты. Илгери биз Лениндин томун окуп чыкчубуз, азыркы жаштар андай көз карашта эмес. Беш жыл эмгек коротуп окуп, базарда соода кылып отургандар да бар. Аракети бар, тапшырманы өз убагында аткарган, чымыны бар студенттерге эмгегин баалап коюп беребиз.

Жаркынай Мавлянкулова,
МТМИ, 2-курстун студенти
Эгерде студенттердин абалын тереңдеп көрсөк, абдан оор. Коррупция-дээринде бар студенттердин окууга болгон шыгын сындырат.Менин оюмча, коррупциянын айынан мен деген студенттер келечегинен айрылып калышы айкын. Бүгүн студенттерге оор бирок, эгемен өлкөбүздүн өнүгүшү ошол интелектуалдуу жаштардын колунда.

Бактияр Күрөңкеев,
КМУ, 4-курстун студенти
Сыртынан караганда баары окууга дилгирленген,тырыша окуп жүргөндөй көрүнгөнү менен коррупциянын эң сонун кызгалдактары ушул окуу жайларында өсөт. Менин оюмча, пара бергендер - студенттер өзүбүз күнөөлүбүз. Себеби, сабактан калбай, модулдарды өз убагында тапшырсак, мугалим бизден кантип акча сураганга батынат? Сессия тапшырып жатканда чогуу окуган курсташтардын залакасы да тиет. Экзаменден өтпөй, группа менен кулаганда кээ бир студенттер кайталап экзамен бергенге чейин эле старостаны ортого салып, пара сунушташат.Мен дагы студенттик алгачкы мезгилимде акча берип,кээ бир мугалимдерден өлбөгөн төрт шыйрагым калган учурлар да болгон.Мен кийин түшүндүм, көрсө биз диплом үчүн эмес,адистик үчүн окуп жүргөндүгүбүзгө көзүм жетти. Эгер убакыттан утулсак,жылтыраган дипломубуз менен жер шыпырып каларыбыз ажеп эмес.
Даярдаган
Мээрим Иманкулова
студент