"Демарал" кайда барат?

"Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем"
Бир айдын оро-парасында катары менен орчундуу эки саясий окуя болуп кетти.Бири- массалык түрдө кадрларды алмаштыруу кампаниясы, экинчиси -"Манастагы" антитеррористтик коалициянын аба базасын айдап чыгаруу чечими менен ага жумгакташтырылып россиялык кредит менен инвестициянын башы ачылышы. Бир боо буйрук менен алеки заматта 40тан ашык чиновниктин кызматтан айдалышы коомчулуктун бүйрүн кызытпай койгон жок. Кадрлар жапырагын ырасмый түрдө мезгилге шайкеш келген, учурдун талабына адекватту жооп бере ала турган кийинки муунду генерация менен жаңылоо деп түшүндүрүштү.

Асиресе, кызматтан бошотуу менен дайындоолордун карым катышына баам салып көргөндө баналдуу кадрлар ротациясы болуп өткөнүнө көзүң жетет. Кызматынан кетирилген бир көгөн чиновник ошо бир көгөнү боюнча кайра эле жаңы кызматка отурушканы жалган эместир. "Кызматынан кетип", жүрбөй калганы бар болсо, аларың деле шайбырлата бастырып барып, президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, чекчейип отуруп калышпадыбы. Эски кадрлар корпусунан бир гана иштен аксап, бизнеске кеткен айыл жана суу чарба министри А. Ногоевди эске албаганда, кадрлардын казаны кенедей да чайпалып төгүлбөй, чыпчыргасы менен сакталып калды десе болот. Кадрлардын жаңыртылышы дегениң, ошентип -бул иллюзия гана.
Иштегендерине бир жыл чамалап, аздыр көптүр калыптанып калган кадрлар корпусунун кыйрап түшүшү боюнча саясатчылар менен эксперттер ар кандай жоромол-дөдөмөлдөрүн жабыратып, жакшы эле айтышты окшойт. Бири өнүгүүнүн жаңы фазасында бийликке жаңы адамдардын келиши талап этилди десе, бири алдыдагы президентик шайлоого болгон даярдык катары чечмелешти, кээ бири "Акаевдик кадрлардан" арылуу үчүн жасалган кадам деп түшүндүрүштү. Бир даары финансылык агымды колдон чыгарбай кармап туруунун амалы дешсе, кай бирлери бул куру талаага кеткен убаракерчилик, себеби "орун алмаштыруудан сумма өзгөрүп көргөн эмес" - дешип этегинин чаңын чапкылашып, тура жөнөшкөндөр чыгышты. Иши кылып эксперттердин айткан жоромол-божомолдордун көптүгүнөн баш адашат. Арийне, кадрларды "кыйрата алмаштырууда" эмне максаттар көздөлгөнүнө караганда кантип жана кандай жол, ким тарабынан жүзөгө ашканынын мааниси чоң. Кадрлар эпкинине кабылгандардын ичинде министрлер кабинети, президенттин администрациясы, соттор,өкмөттүн аппаратында иштегендер, губернатор, акимдер -бир сөз менен айтканда жогорку жана орто башкаруу бийлик эшелондорундагы кыбырап-кыймылдагандардын бир далайы бар. Кызматынан алынгандары менен кызматка дайындалгандардын баки-жогу жалаң гана президенттин буйругу менен ишке ашканы көңүл бурат. (Премьер-министир И.Чудиновдун жарыясы менен министрлердин эки орун басары орду менен коштошконун эске албай деле койсо болор). Жада калса УТРК директорунун, Чүй областынын губернаторунун орун басарларынын эскилери иштен алынып, жаңыларынын дайындалышы президенттин эркине баш ийип калганы көрүнөт.
Кадрларды тоталдык түрдө алмаштыруунун өзү эмнеден шек-шоорат берет? Эмнени каңкуулайт? Кандай шойкому бар? Кадрлар жапырагы, ачык айтканда, башкаруу системасында бир жаңсыл авторитардык бийлик орногон синдромунан келип чыккан кубулуш .Бул мындан кийин бийлик бюрократиясындагылар бир гана адамдын -президенттин көзүнүн агы менен тең айланып, айтканын кылып, айдаганына басып, "ляппай" деп турушуң керек дегендикти билдирет. "Курманбек Салиевичтен башка бу дүйнөдө көсөм эч ким жок"- деп какылдап-какшап турушуң талап этилет. Агер плюрализм ыңтайында "Ак үйдөгүдөн" башкачараак пикир айттыңбы, балээге калдың дей бер, бери болгондо ишиңден шыпырыласың, ары болгондо саясый куугунтукка дуушар болосуң. Авторитардык башкаруу системасына ылайык ишке жаңы дайындалгандар же башка кызматка орун которуп "аман" калгандар же "чоңоюп кеткендер" президентке өмүр бою милдеттүү, өмүр бою карыз болушу кажет. Жакшылыкты унутуп кеткендер болсо, аларды туз урат, кыскасы.
Авторитардык диктатура орногон өлкөдө мамлекеттик чиновниктердин мезгил мезгили менен алмаштырылып, ротацияланып турушу кадыресе көрүнүш. Анын өзүнүн саясый-психологиялык жөн-жайы бар. Алмаштыруу чиновниктерди бир колдо мыкчып кармап турууга, биротоло күнкор кылып алууга өбөлгө түзгөн жагдай . Кызматынан качан ыргып кетээрин билбей, бычактын мизинде кылтылдап турган мамлекеттик чиновник коркок, күнкор, ийилчээк, кошоматчы, жогору жактын көрсөтмөсүн күтүп турганга көнгөн журт болору белгилүү. Кожоюндун көзүн карап, жорголоп күн өткөрүүгө милдеттүү. Өз алдынчалык деген түк болбош керек. Алардан жеңил башкарууга ылайыкташуусу талап этилет, бир гана. Баамыбызда, кадрлар миграциясына байланышкан "операцияга" карата "кызматкерлерди эмес системаны өзгөртүү керек"-деген пикирлерде, албетте, акыйкаттын үлүшү чоң.
Кадрларды алмаштыруу компаниясы 40 кишини кызматтан жапырт алган призденттин буйругуна чейин эле башталган. Анын алгачкы симптомдору президенттин адмнистрация башчысы М.Садыркуловдун куймулчагынан ылдыйкы жумшак жерине бир тебилгенде эле байкалган болчу. Авторитаризмде " незаменимых людей не бывает" деген принцип бар. Ал принцип күнү бүгүнкүгө чейин актуалдуу, механизми бир дагы жолу мүдүрүлгөн учуру болгон эмес. Шакылдап иштеп жатат. Ошондуктан кадрлар саясатында "ценный работник" деген түшүнүк болбошу керек. Өзүңүз калыс болуңуз, Кыргызстанда М.Садыркуловдо легитимдүүлүгү арсар деп эсептелген "мандалак революциясынын лидери" К.Бакиевдин жеке бийлигинин чыңалып жүрүп отуруп автократиялык деңгээлге чейин жетип бекемделиши үчүн эмгеги сиңген эч ким болбогондур. Башкасын айтпаганда да, фальсификацияланган "элдик референдум" өткөрүлүп, президентке чексиз бийликти ыйгарган "ханституциянын" кабыл алынышына, ошону менен "жаңы Кокон хандыгынын" (термин А.Атамбаевке тиешелүү) түзүлүшүнө, бир айдын аркы беркисинде курала калып, бурмаланган парламенттик шайлоодо "жеңип чыккан" "Ак жол" партиясынын ЖКда көпчүлүк болгон фракциялык-сельсоветтик тобунун түзүлүшүнө М.Садыркуловдун "уюштургуч" жөндөмү менен "балит" технологияга негизделген эптүү мененджерлик таланты өбөлгө болбодубу.Анын К.Бакиев үчүн сиңирген эмгеги эбегейсиз зор. Арийне, авторитардык башкаруу системасында "өтөгөн эмгегиң" ар дайым эске алына бербеген жагы бар экен. Кереги жок болуп калган күнү номенклатуранын алкагынан ыргытылып ташталышың оңой. Бул мааниде автократияны курган М.Садыркуловдун башын ошол авторитардык система өзү жутту деп айтса болор. Азыр М.Садыркулов башы маң болуп, ай талаада каңгып турган кези.
Экинчи чоң окуя - президент К.Бакиев Москвага иш сапары менен барып, кулуардык дипломатиянын "жемишин" Россиянын мамлекет башчысы Д.Медведев менен биргелешип өткөргөн пресс-конференцияда жарыялашы болду. Анда К. Бакиевдин оозу менен көптөн бери буйтакратып ачык айтылбай келген маселеге, "Манас" аэропортундагы каолициялык аба күчтөрүнүн чыгарылышы жана чыгарылбашы маселесине бир жаңсыл чекит коюлду. Коомчулукту эки анжы кылып, беймазага салып келген "Манастагы" Бириккен күчтөрдүн базасынын айдалып чыгарылышы боюнча билдирүү, ырасында, биринчи категориядагы сенсациялык кабарлардын катарынан орун алууга татыйт. Бул кабарды алгач укканда көп журналистердин оозу ачылып, дапдырап калышты, далайынын оозунан келмеси түштү. К.Бакиевдин күтүлүп күтүлбөгөн билдирүүсү бүт дүйнөгө тарап, чуу чыгарбадыбы. Анын эпкини эмдиге чейин байкалууда. Дагы эле болсо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Кыргызстан кабыл алган чечим эл аралык, регионалдык бүт политологдор, эксперттердин бүйрүн кызытып, өз пикирлерин айтып коюну милдетим деп эсептешкени анын канчалык дүрбөлөң салганынан кабар берер.
Мындай ургаалдуу чечимдин кабыл алынышы, чынында, "база чыгарылат-чыгарылбайт"- деген айрым аңкүдүк божомол-жоромолдорду эске албаганда, үч уктаса түшкө кирбеген окуя эле. Ошол пресс-конференция болоордон бир күн илгери эле К.Бакиевдин "телосуна" эң жакын жайгашкан кишилердин бири, президенттик адмнистрациянын башчысы Д.Үсөнов антитеррористик күчтөр коалициясынын базасы Кыргызстандан чыгарылмак болуптур деп шүйшүнгөндөрдүн оозун аппак кылып "бул жөнүндө эч ким эч кандай билдирүү жасаган эмес, жасайын деген ой да жок" деп кескин билдирген. Ошону менен "базаны Россиянын кредитине алмашмак болуптур"- деп "көкүтүп" жүргөн журналисттердин жаагын жап кылган. Ага кошул-ташыл президенттик "Ак Жол" партиясынын мыкчегери Улугбек Ормонов: "парламентте базаны чыгаруу боюнча эч ким эч кандай маселе көтөрө элек" деп Д.Үсөновдун сөзүн кошумча ырастаган болчу. Ал эми, эл аралык жана парламенттер аралык профилдик комитеттин төрагасы Эрик Арсалиев болсо : "ушул айдын ичинде Манас" авиабазасы боюнча маселе парламенттин күн тартибине киргизилбейт" деп ишенимдүү айткан эле. Ошентип, мамлекеттик жабык сырлар боюнча маалыматка канык дегендердин көбүнүн базанын минтип заматта чыгарылып жатып калаары капарына да келген эмес болчу. Чоң чиновниктердин базанын чыгарылышын билбей, укпай калышы чечим бир кишинин парманы менен кабыл алынганын б.а. жеке президент тарабынан аныкталганынын күбөсү. Экинчи жагынан, бийликтин башка бутактары мамлекеттик чечим кабыл алуу борборунан четтетилип калганын айкындайт.
Ырас, Москвадагы пресс-конференцияда К.Бакиев базаны чыгаруу өкмөттүн чечими аркылуу ишке ашкан деп билдирди. Арийне, президент оозун жыйып үлгүрө электе эл аралык либерал журналисттер дароо эле "эзели эч ким угуп көрбөгөн, эч ким билбеген "ал эмне болгон чечим" дешип чуулдап жатып калышты. Журналисттердин айткандарында кажетсиз жүйөө бар. Анткени, Кыргызстанда мамлекеттик маанилүү чечимдер элден жаап-жашырылып, "жапма челек" кабыл алынары адатка айланганы жашыруун эмес. Демократиянын жосуну болгон ачыктык-айкындыктын сакталбашы демейдеги көрүнүштөрдөн. Коомдук пикир, элдин үнү таптакыр эске алынбасы да чын. Мамлекеттик орчундуу маселелер боюнча кенири граждандык талкуу да өтпөйт.Чечимди чыгарууда адистердин консултациясына муктаждык болбосу белгилүү. Ошондуктан "чечимди өкмөт кабыл алды" - деген сөзгө ынануу өтө кыйын. Мамлекеттик деңгээлдеги кандай гана проект болбосун бир гана "Ак үйдө" туюк талкууланып, "Ак үйдө" кабыл алынаары мектептин балдарына чейин маалим. Өкмөт президенттин макулдугусуз, уруксаатысыз кыл баспастыгы айдан ачык. И.Чудинов техникалык премьер-министр, министрлер "Ак үйдүн" марионеткалары экендиги эч кимге жашыруун эмес. Андыктан, "Манастагы" антитеррористтик коалиция базасынын ишин токтотууну "өкмөт өз алдынча кабыл алып жибергенине" ишенүү кыйын. Ошентип, Кыргызстанды К. Бакиев башкарган үч жарым жылдын аралыгында авторитардык диктатура орногону талаш туудурбас. Кыргызстанда автократиянын бардык атрибуттарын оңой эле тапса болот. Президент тарабынан түзүлгөн азыркы диктатордук башкаруу системасы орногон учурда демократиялык, либералистик баалулуктар жөнүндө оозанып деле кажети жоктур. Артыкбаштык кылат.
Үсөн Касыбеков,
эркин журналист