Үн кошуу

ТАРЫХТЫ - КИМ БУРМАЛАП ЖАТАТ?
2008-жылдын ноябрь айында философия илимдеринин доктору, социолог, профессор Хусейин Исанын кыргыз интеллигенциясына багыттаган кайрылуусу жарык көрдү. Ал "Кыргыз туусу" баш болгон бир нече гезиттерге ар кандай аталыштар менен жарыяланды. Мисалы "Кутбилим" гезитине ал: "Кыргыз тарыхын бузуп-бурмалоодон тазалайлы. Ата мекендин руханий кайра жаңылануусуна кайдыгер эмес инсандарга Ачык кат" деген ат менен басылды.

"Эр адам асыл ойду ойлонот, ак сөздү сүйлөйт, туура ишти жасайт".
Саратуштура

"Сөз чындыгынан бузулбайт" дешкен ата-бабаларыбыз. Анан дагы: "Мин жыл көң төбөдө жатса да, таза алтынды дат баспайт" деп айтышкан байыркылар. Жөн адамдан окумуштуунун айырмасы ушунда: ал өзүнүн жүргөн-турганы боюнча да, жасаган иши боюнча да, ой жүгүртүүсү боюнча да башкалардан бийик турушу керек. Экинчиден, кудай алдында жана өз элинин алдында чындыкты гана айтууга милдеттүү. Ошондо гана анын кадыр-баркы, эл-журтунан көргөн урмат-сыйы ошого жараша бааланат.
Чынын айтыш керек: ушундай калыс сөздү эртеби-кечпи кимдир-бирөө айтмак. "Кыргыз тарыхын" жазып жаткан окумуштуулардын көбү улутчул эмес, уруучул жана ушул убакка чейин "орусчул" позицияны карманып келатканы тарых менен тааныштыгы бар адамга ачык эле көрүнүп турат. Аны далилдеш үчүн көп акылдын деле кереги жок. Ал тууралу төмөн жакта дагы сөз кылабыз.
"Биз улуттук аң-сезимди калыптандыргыбыз келсе, анда чын эле "Кыргыз тарыхы" уруулук же региондук деңгээлден жогору туруп, улуттук деңгээлде жазылууга тийиш. Бирок, тилекке каршы бул ой али ишке аша элек экенин танууга болбойт. Айрыкча аны жазып жаткан тарыхчылардын бийиктиги өзгөчө мааниге ээ. Эгер азыркы "Кыргыз тарыхындагы" жазылгандай "бир уруунун бийлери" жалпы кыргыз элинин көрүнүктүү адамдары сыяктуу карала берсе, анда эртеби-кечпи чыр чыгат. Анда чыр-чатактын башы - "Көкөтөйдүн ашы" болбостон, "Кыргыз тарыхы" болот.
Мен кесибим боюнча жазуучу, журналист болгонум менен билимим боюнча тарыхчымын. Анан, кийинки учурларда кыргыз тарыхына, өзгөчө анын байыркы тегине изилдөө жүргүзүп жүргөн адамдардын бири катары айтарым бул: азыркы "Кыргыз тарыхынын" орус заманынан бери оңдоло элек каталары абдан көп. Эгемен эл, эркин мамлекет болгонубузга карабай, али да көп нерселер эскиче жазылып жүрөт. Аны биз ачык айтканга чейин авторлордун өздөрү оңдошот го деген ойдомун. Эми сөздү жогоруда профессор Хусейин Иса кеп кылган тарихий инсандар тууралу кепке бурайын. Алар жөнүндө белгилүү окумуштуу Омор Соорон сопу да "Кыргыз туусу" гезитине далилдүү, мыкты жазды. Эми алар жөнүндө менин жеке пикирим мындай:

ЖАНТАЙ ТУУРАЛУУ

Жантай хандын Чүйдүн оң жээгин казактарга качан, эмне үчүн берип жибергени тууралуу "Кыргыздар" деген китепте минтип айтылат: "...Чапырашты казактарына бул жерди берүү менен жалпы Улуу жүз жана Орто жүз казактары менен тынчтыкта жашоого аракет кылган. Байтели, кооман жана дөөлөт уруулары Жантай ханга жер сурап келгенде, илгери салт боюнча куру келбей, "кырк байтал, бир айгыр" тартуу алып келишкен. Кийинчерек казактар Чүйдүн оң өйүзүнө келип отургандан кийин Жантайдын душмандары жана аны көрө албагандар "Жантай хан Кара-Булактан Мыкандын Кара-Суусуна чейинки Чүйдүн оң жээгин казактарга "кырк байталга сатып жиберген" деген жалаа-күнөө таратышкан"1.
Көзүбүз менен көрүп турган нерсени "жалаа-күнөө" десек, Жантайга чейин ушул жерди жер кылып, ал жер үчүн канын төгүп коргоп келишкен ата-бабалардын арбактары алдында, кудай алдында кечирилгис күнөө болот. Кандай болгон учурда да анын жер бергени чындык. Аны сарбагыштын тынайынан чыккан санжырачылар да танбайт.
Анткени, жогоруда айтылган жер азыр бизге тиешелүү эмес. Б. а. ал жер бүгүн Казак мамлекетинин жери. Сөздүн баары ошондон улам чубалып чыгууда. Жантайдын ушул "жер сатканын" уялып унчукпай калгандын ордуна, кайра аны коргоп жаткандар да болууда. Чынын айтсам, мына ушул позиция мени көп ойго салды жана ушул макаланы жазууга түрткү болду.
Эгерде кече кытайдан келген дунгандарга окшоп, казактар жашаса да жер биздики болгондо, мындай сөздөр сүйлөнмөк эмес. Маселенин баары жер башка элдин колуна өтүп кеткенинде болуп жатат.
Жогоруда биз шилтеме берген автор өзү ошол жердеги "соодалашууда" катышкансып, "Жантай жерди бекер берген" деген ойду айтат. Бул абдан кызык. А эмне үчүн бекер берет? Жок дегенде "кырк байталга" сатпайбы?
А ырасын айтсак, жер бүгүн пайда болуп, эртең жок болуп калчу бир буюм эмес. Ал эл жашап турганда, аны багып, чоңойтуп, өстүрүп, көтөрүп турчу түбөлүктүү Мекен! Ошондуктан аны "жер эне" дейбиз. Демек "жерди саткан - энесин сатат" деген сөз туура. Ата-бабалар ээлеген жерди "ата журт" деп айтабыз. Демек жерди саткан адам - ата журтун сатат. Жогоруда ата-бабалар: "Жер - мамлекеттин негизи" деп айтканын айттык. Демек жерди саткан - Мамлекеттин негизин сатат. Жерди берген - Мамлекеттин негизин берет. Ошондуктан Жерге кызмат кылган Элге да кызмат кылат.
Улуттун деңгээлинде ойлонгон адам үчүн Жер - ыйык, касиеттүү Мекен. Ал эми Сары Өзөн Чүй бир эле Жантайдын жери эмес болчу. Ал жер жалпы Кыргызга тиешелүү эле. Анткени, жер урууга эмес, Элге тиешелүү мурас. Тагырак айтканда, жерди уруу ээлей албайт, жерди Эл ээлейт. Эл ээлеген жерде гана мамлекет түзүлөт.
* * *
Жантай улуттун деңгээлинде эмес, уруунун деңгээлинен ашык ой жүгүртө албаган адам экени көрүнүп турат. Бирок аны "хан" деп атаган санжырачылар менен тарыхчыларга таң калам. Демек алар "хан" деп байыркы көчмөн элдер кимдерди айтканын билбегендер. Анткени, Россиянын кол алдына кызмат кылганы өткөн мезгилде ал алтурсун сарбагыштын бир бутагы болгон тынай уругунун эле бийи болгон. Мына "Кыргыздар" деген китептеги жазылган маалыматка көз жүгүртүп көрөлү: "Узун-Агачтан кийин 1862-жылы сарбагыштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Карабеков Верныйга барып, Чүй өрөөнүндөгү кеминдик кыргыздар Россиянын курамына өтөрүн билдирет. Ушундан кийин Жантай жана анын уулу Шабдан орус бийлигине кызмат кылууга өтүшөт. Ормон хан өлгөн соң Жантай сарбагыш манаптарынын кадырлуу башчысы болуп калган. Ага 1867-жылы полковник чини ыйгарылган жана алтын медаль менен сыйланган.2"
Жогорку маалыматты мен айтып аткан жерим жок, же Хусейин Исаевдин, же Омор Соорон сопунун жазганы эмес. Жантай менен Шабданды "мактап" жана "актап" жазып аткандар өздөрү айтып атышат. Ушул маалыматтын өзү Жантайдын "жер саткан" гана эмес, "эл саткан" дагы адам экенин көрсөтүп турат.
Демек, ал Россияга таянып күч-кубаты, кадыр-баркы артып, сарбагыштын кадырлуу манабына айланган. Ал эми Россия болсо баскынчы эл болчу. Демек, Жантай өз элине эмес, баскынчы элдин күчү менен саясий бийлигин бекемдеген. Ошондуктан аны кыргыздын "мыкты уулдарынын бири" катары карап, тарыхка киргизүү опурталдуу. Жеке менин көз карашымда анын өмүрү биздин жаштарды тарбиялоого үлгү боло албайт.
Ага караганда жер сурап келген казактын үч уругунун бийлери андан алда канча өйдө турган. Анткени, алар "бечара" болумуш болуп келип, Кыргыздын асыл жеринин бир бурчун ээлеп, аны өзүнүн Казак элине жер кылып кошуп беришти. Казактын учу-кыйрысыз кең талаасына батпаган казактын үч уруусу келип, тоолуу кыргыз жеринин бир колтугуна батып калганына ким ишенет?.. Ошондуктан аларды "бечара" деген санжырачылар - адашкандар. Ал эми аларга "жер берген" Жантайды "айкөл" деген кыргыз кыргыз эмес.
Ошол Жантай менен Шабданды мактап, даңктап, атагын ай-асманга чыгарган санжырачылардын айткандарын угуп чоңойгон Турдакун Усубалиев менен Аскар Акаев элин жасалма түрдө "экиге" бөлүп, жеринин ар кайсы бурчунан кертип сатты. Алардын жолун жолдогон чиновниктер жана аларды көрүп тарбияланган кыргыздын балдары ал ишти бүгүн да улантышууда. Ошондуктан бүгүн да Кыргыздын эли чачылып, жери кемип жатат...

* * *
Мамлекет өзүн жараткан элди сактап, коргоп, өстүрүп жашаш керек. Эгер бүгүн Кыргыз мамлекети өзүн түзгөн Кыргыз этносун сактай албай жатса, анын улуттук кызыкчылыгын коргой албай жатса, аны өстүрө албай жатса, кантип аны "Кыргыз мамлекети" деп атайбыз? Анда биздин улуттук духубузду басынткан, тилибизди кемсинткен, тарыхыбызды бурмалаган мындай мамлекеттин бизге-кыргыздарга эмне кереги бар?
Азыр Кыргыз, санжырачы Сыргак аба айткандай: "Кыргыз болуп төрөлөт, орус болуп жашайт, араб болуп өлөт".
Ушундай да эл болобу? Ушундай элди эл деп ким айтат? Эмне үчүн кече бизди "ата" деп келген элдер, бүгүн бизди "баласынтып" теңине алышпайт? Эмне үчүн кече бизге баш ийип келген элдер, бүгүн кыргыздардан "кул" жумшашууда? Кече атабыз Манастын, андан кийинки улуу баатырлар Эр Табылды, эр Солтоной, эр Эшимдин тушунда Кыргыз улуу улут катары уюп, айлана-тегергине көп элдерди бириктирип жашаган. Бүгүн өзү чачылып жатат. Кече мамлекети жок кезде жок болуу коркунучунакабылбаган Кыргыз бүгүн жок болуп бараткан элдердин катарына кирди. Кимдер Кыргызды ушундай абалга алып келди?
Менин жообум бирөо эле: Элин-жерин саткандар! Улуттук чыккынчылар! Болбосо, Жантай менен Шабданды мактаган жана актаган санжырачылар жан тарыхчылар кудайды караса боло: Кайсы эл, качан жер саткан уулун "мыкты" деп мактады эле? Эгер эч бир эл мактабаса, анда эмне үчүн "жер саткан" адамды биз макташыбыз керек? Бул эмне деген ой жүгүртүү? Эгер биз бүгүн "жер саткан", "эл саткан" адамдарды мактап, тарыхка киргизип отурсак, эртең алардан тарбия алган балдарыбыз эмне болот? Аны жогоруда айттым, дагы бир жолу айтам: өз кызыкчылыгы үчүн алар да элин, жерин сатат. Ал эми ага окшогондор биринин артынан бири бийликке келгенде, Эл жок болот...
* * *
Эгер Жантай Кыргыз урууларын бириктирүү ишин жүргүзсө, анда бир жөн. Же, жок дегенде Ормонго окшоп, Оң канаттын урууларынын башын кошуп, убактылуу болсо да, улут уютуу багытында бир иштерди жасаса, анда аны эч ким "жаман" деп айта алмак эмес. Ал алтурсун Орус империясына кызмат кылууга өтүп жатканда, сарбагыш урууусунун эмес, анын бир шагы болгон тынай уругунун гана бийи, манабы болгонун кеп кылдык. Анан, орустун ак падышасы ага "полковник" чини менен "алтын медалды" Кыргыздын мыктысы болгону үчүн берген эмес, ал биринчилерден болуп, өз элин сатып, Орус империясына кызмат кылууга өткөнү жана айлана-тегерегиндеги кыргыз урууларын үгүттөгөнү үчүн берген. Б.а. ал наамдарды жана сыйлыктарды орус империясынын колониялык саясатына кошкон салымы, өз элин ага баш ийдирүүдө көрсөткөн жардамы үчүн алган. Менимче, жогорку маалыматтар Жантай Кыргыз элине эмес, Орус элине кызмат кылган адам экенин айтып турат.
Ошондуктан менин мындай суроом бар: Эмне үчүн жана эмнеге негиздеп, Орус элине кызмат кылган Жантайды "Кыргыз элинин мыкты адамы" катары даңазалайбыз? Же Кыргыздын түпкү теги - "оруспу"?...

ШАБДАН ТУУРАЛУУ

Хусейин ага өзүнүн "Ачык катында": "Эми кыргыздын нагыз тарыхын ким, кантип, кандай жазат?" деп ачык маселе коюп отурганы жөн жеринен эмес. Мунун өзү "Кыргыз тарыхынын" кайра карай турган учурлары дагы көп экенининен кабар берип турат. Ошондуктан ал: "Аша чабуулар болууда. Айрымдар улуттук деңгээлдеги шер же баатыр, лидер болбосо да, алардын мекенчил чен-өлчөмү такталбай туруп эле, өтө асмандатып, улуттук деңгээлге көтөрүү да байкалууда... Бир мисал: кыргызды ар тараптан изилдеген тарыхчы жана археолог А.Н. Бернштам Х1Х кылымдагы кыргыз урууларынын лидерине мунөздөмө берип келип: "Когда колонизация стала фактом и киргизский народ ощутил тягости ее, политика Шабдана была несомненно предательская"3 деп жазганын мисал келтирет.
Сарбагыш, анын ичинде айрыкча тынай уругунун санжырачылары айткан маалыматтарга караганда, Оң Канат урууларынын ичинде Шабдандын кадыры бир топ жогору болгон сыяктанат? Ошого таянып, аны улуттук деңгээлдеги көрүнүктүү лидерлердин бири катары көтөрүп, "Кыргыз тарыхына" киргизсек болот. Бирок орус жазма булактары, ал кыргыз урууларын Россия империясынын бийлигине баш ийдирүүдө чон роль ойногонун кабарлайт. Ага таянсак, анда аны "чыккынчы" катары кабыл алыш керек.
1 Кызаев А., Жантай хан, "Кыргыздар" деген китептин 6 - т., Бишкек, "Учкун" ААК, 2004 ж., 119 - бет. Избранные труды по археологии и истории киргизов и Кыргызстана, т - 1., 1997 г., С - 445.
2 Ушул эле "Кыргыздар" деген китептин 121 - бети.
3 Избранные труды по археологии и истории киргизов и Кыргызстана, т - 1., 1997 г., с - 445.
(Уландысы бар)