Эч ким, эч нерсе унутулбайт

"Афган согушунда эч ким жеңген жок"
Тогуз жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. СССР кезинде бийликтин жогорку эшелону тарабынан кабыл алынган, ойлонулбаган чечимден Кыргызстандын да миңдеген жоокерлери азап чегишти. Каза болгондордун жакындарынын күйүтү али күнчө басыла элек.
XX кылымдагы эки дүйнөлүк держава - СССР менен АКШнын ортосундагы "Кансыз согуштун" эң эле кандуу согуштарынын бири болгон Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген Советтик Армиянын бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын 15-февралында туура 20 жыл толот.
Ошол алаамат согушка катышкан жоокерлерибиздин жүрөгүндө кара так калтырып, ал эми окко учуп, мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан эр-азаматтарбыздын энелеринин жүрөгүндө айыккыс дартка айланган Афган согушунан Советтик Армиянын чыгарылган күнүнө карата ошол согуштун катышуучусу, Улуттук Гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев менен маек курган элек.

- Алгач Афганистандагы ошол кан күйгөн согуштун келип чыгыш себептери тууралуу жана бул согушта СССРдин кызыкчылыгы кандай болгондугу жөнүндө кыскача токтоло кетсеңиз?
- Эми бул согуштун саясий себептери баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Ошол убакта Советтер Союзу менен АКШнын ортосунда "Кансыз согуш" жүрүп турган мезгил эмес беле. Дал ошол 1978-жылдын апрель айында Афганистанда революция болуп өтүп, социализмди жактаган алардын жетекчиси Хафизулла Амин Советтер Союзунан аскердик жардам сураган. Ал эми апрель революциясына каршы чыгышкан можахеддерге АКШ бийлиги баш болгон батыштын бир катар өлөкөлөрү активдүү түрдө жардам берип келишкен. Ошентип, 1979-жылдын 25-декабрында СССРдин 40-армиясы Афганистанга киргизилип, тогуз жылга созулган согуш оту ошентип тутанган.
- Афганистандагы согушка кандайча болуп чакырылып калдыңыз?
- 1979-жылы Алматыдагы аскердик окуу жайды бүтүп, Термез шаарындагы 80-полкто кызмат өтөп жаткам. Ошол жерден 1979-жылдын декабрь айында согушка чакырылып, 1981-жылдын апрель айына чейин Афганистандагы согушта болдум.
- Кыргыз жергесинен Афган согушуна канча жоокер аттанышкан?
- Кыргызстандан военкомат аркылуу жөнөтүлгөндөрдүн саны 7141 жоокерди түзгөн. Алардын ичинен 252 си бул согушта көз жумушту. 585 жоокер ар кандай деңгээлдеги оор жаракаттарды алышып, майып болуп кайтышкан. Төрт жоокер дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин өлүү же тирүүсү белгисиз.
Бирок, жогоруда мен айткан 7141 жоокер Кыргызстандан согушка аттанышкандар. Ал эми мага окшоп башка өлкөлөрдө аскердик окуу жайларда окуп жүргөндө, аскердик кызмат өтөп жүргөндө же жумуш иштеп жүрүп Афганистанга согушка жөнөгөн кыргызстандык жигиттердин так эсеби бүгүнкү күнгө чейин тактала элек. Өкүнүчтүүсү Афган согушуна катышкандардын ичинен бул дүйнө менен кош айтышкандардын саны жыл санап өсүүдө.
Социалдык коргоо кызматынын маалыматтары боюнча Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 800дөн ашык афганчылар бар.
- Мамлекет тарабынан аларга кандай камкордуктар көрүлүп жатат?
- Эми кээ бир союздук мамлекеттерге караганда афганчыларга көрүлүп жаткан камкордук жаман эмес. Атайын мыйзам кабыл алынып, Афган согушунун катышуучуларына ар кандай деңгээлдеги жеңилдиктер каралган. Мисалы, бир жылда бир жолу санаторий-курортторго бекер барып, эс алып келүүүлөрүнө шарт түзүлгөн. КМШ аймагындагы эс алуучу жайларга бир жылда бир жолу барып келүүгө укуктуу. Баргысы келбегендерге акчасы төлөнүп берилет. Мындан тышкары, Афган согушуна катышкандардын бардыгы шаардык транспортто бекер жүрө алышат жана коммуналдык кызмат алар үчүн 50 пайызга арзандатылган. Ал эми согуштун майыптарына да өзүнчө жеңилдиктер каралган. Бир кварталда бир жолу бекер дары-дармектерге деп акча бөлүнүп турат.
Негизинен башка коңшулаш мамлекеттерге караганда, биздин "афганчыларга" жакшы эле камкордуктар көрүлүүдө.
- Эски СССРдин мураскери катары Россия тараптан да "афганчыларга" кандайдыр бир жардамдар көрүлөбү?
- Албетте, Россия тараптан да камкордуктар көрүлүүдө. КМШ аймагы боюнча "афганчылардын" атайын уюмдары, кеңештери бар. Ошолор аркылуу алар менен тыгыз байланышта болуп турабыз.
Мисалы, жакында эле 3-февралдан 6-февралга чейин Алматы шаарында Руслан Аушев демилге көтөрүп, казак президенти Нурсултан Назарбаев колдоого алып, мурунку союздук 15 мамлекеттин афганчылары чогулган "Биз-интернационалисттербиз" деген аталыштагы ири Эл аралык форум болуп өттү.
Демейде, мындай иш-чаралардан дайыма баш тартып келген Түркмөнстандан да өкүлдөр келип катышышты. Ошондой эле Франциядан, Болгариядан да афганчы-ветерандар келишти.
Бул форумга Армиянын 2 генералы, 7 генерал-полковник, 6 генерал-лейтенант, генерал-майордон 21 адам, Советтер Союзунун 22 Баатыры, Россиянын 3 Баатыры, Казакстандын 2 Баатыры катышты. Кыргызстандан төрт генерал, эки полковник, эки катардагы жоокер барып катышып келдик.
Афган согушунда ким жеңди?
Афган согушунда биз уткан да жокпуз, утулган да жокпуз. Биздин кан кечип согушкан ошондогу жеңишибизди саясатчы сөрөйлөр уурдап алышты. Эми бул согушта "ким жеңди?" деген суроо дагы көпкө уланат. Саясатчылар, тарыхчылар ж.б изилдөөчүлөр үчүн бул тема али жабыла элек.
Бирок, Афганистандын талаа командири Ахмад Шах: "Советтер Союзу Афганистанга кирип бир чоң ката кетирсе, Афганистандан чыгып экинчи чоң ката кетирген. Биз советтик аскерлер менен согушсак да, аларды сыйлайбыз. Себеби, биз алар менен жоокерге жоокер салып, автоматка автомат менен калыс согуш жүргүзгөнбүз"-деп айтканы бар. Чынында эле бүгүн Америка эмне кылып жатат? Боевикпи же карапайым күнөөсүз калкпы, териштирбей туруп эле асмандан бомбаларды таштап, канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйып жатат.
- Кыргызстанда бүгүнкү күндө Афган согушуна катышкан канча генерал бар?
-Мен, генерал Бекбоев, генерал Молдошев, генерал Бошкоев, азыркы Коргоо министри Бакыт Калыев, Рашид Орозматов, Субанов, Югай, Мамыркулов ж.б. Болжолу ондон ашык генерал бар го.
- Ингушетиянын мурунку президенти Руслан Аушев менен сизди жакын дос дешет. Аны менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
- Руслан Аушев 1980-жылы "Восток" дивизиялык мед-санитардык батальондун штаб - начальниги болчу. Анан ошол жылы жалпы аскердик бөлүккө рапорт жазып которулуп, биздин батальонго келген.
Ал экөөбүздүн таанышканыбыз да кызык болгон. Афганистан менен Пакистандын чек арасында афган батальонунда толкундоолор чыгып, советтик кеңешчилерди, өздөрүнүн командирлерин өлтүрүп, душмандарга өтүп кетишкен экен. Ошолорду басуу үчүн бизди жөнөтүшөт. Ал кезде аскердик погондорубузду тагынчу эмеспиз. Анан карасам мурутчан бирөө мага карап "Сержант, ко мне"-деп жатпайбы. Мен түшүнбөй эле жанымдагыны жөнөтсөм, "Нет ты",-деп кайра колун мага жаңсайт. Дагы эле түшүнбөй экинчисин жөнөтсөм "Нет, не ты, не русский, усатый, ко мне", -десе жиним келип, "Өзүңдү күзгүдөн көрдүң беле?"-деп, жакалаша кеттик. Экөөбүз тең офицербиз да.
Ал - старший лейтенант, мен лейтенант болчумун. Руслан Аушев менен алгачкы жолу ошентип таанышкам. Андан кийин экөөбүз далай жолу рейддерге чогуу чыгып, согуш отун далай жолу чогуу кечип калдык.
Бир жолу душмандар менен болгон кагылышта Руслан менин өмүрүмдү сактап калган. Анда мен үйлөнө элек болчумун. Ошондо "Руслан, мен кийин эркек балалуу болсом, сөзсүз уулумдун атын сенин атыңдан Руслан деп коем",-деп убада берген элем.
- "Ганси" авиабазасынын Кыргызстандан чыгарылышына көз карашыңыз кандай?
- Мен бул чечимди туура деп ойлойм. Чыгарыш керек. Мен аскер адамы катары айтаарым - Америка болгон жерде эч качан тартип болгон эмес жана болбойт дагы. Ошондуктан, "Ганси" авиабазасынын Кыргызстандын чыгарылышына көз карашым түз.
- Сиз Улуттук Гвардияны алгачкылардан болуп түптөгөндөрдүн бирисиз. Кээ бир маалыматтар боюнча Улуттук Гвардия бүгүнкү күндө Мамлекеттик кароол кызматына (Служба Государственной охраны) баш ийип калды деген кептер жүрөт. Дегеле сиз башкарган Улуттук Гвардия менен азыркы Улуттук Гвардияда кандай айырмачылыктар бар?
- Эми ал жерин билбейт экенмин. Мындай кептер тээ илгери мен Улуттук Гвардияны башкарып жүргөн кезде деле болуп келген. Эсептеп көрсөм, мен Улуттук Гвардияны 13 жыл 6 ай башкарыптырмын. Ошол жылдары деле "Коргоо министрлигине кошобуз, ошол эле СГОго кошобуз" - деген сыяктуу сөздөр жүргөн. Бирок, мен күчкө салып эле Улуттук Гвардияны эч бир структурага коштурткан эмесмин. Азыр кандай болуп калды, чынында маалыматым жок.
- Абдыгул байке, генерал катары айтсаңыз, жакында эле парламентибиз тарабынан Кыргызстандын аскер күчтөрүн өлкөнүн ички саясий иштерине тартууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору кабыл алынбадыбы. Буга сиздин пикириңиз кандай?
-Аскар Акаевдин учурунда деле Гвардиянын аскердик жол-жоболору жазылып жатканда, Улуттук Гвардия эч качан полициялык милдетти аткарбайт деп бул функцияны алган эмеспиз. Мен мындай чечимди туура эмес деп эсептейм. Армия армия бойдон калыш керек. Армиянын полициялык кызматты аркалашы кыргыз армиясына эч качан кадыр-барк алып келбейт. Армия өлкөнү сырткы душмандардан коргош керек. Ал эми өлкөнүн ички саясий иштерине ИИМ, ж.б ар кандай кызматтар бар. Анын үстүнө мындай чечим Эл аралык нормативдик актыларга да, Кыргызстандын Конституциясына да туура келбейт.
- Маегиңизге чоң рахмат, келе жаткан майрамыңыз менен!
- Мен дагы учурдан пайдаланып, бардык афганчыларга ысык салам айтам. Кайтпай калгандардын эне-аталарына салам. Алар өз милдеттерин аткарып, бөтөн жер, бөтөн элде көз жумушту. Бирок, алардын ордунда биз барбыз, биз аларды эч качан унутпайбыз!

МААЛЫМАТ:

Жоготуулар

Афган согушун изилдөөгө алган Гарвард университетинин окумуштуусу М.Крамердин изилдөөлөрүнө таянсак, 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган афган согушунда 2,5 миллион афган эли каза тапкан. Алардын басымдуу көпчүлүгү жарандык калк болгон.

Советтик Армиянын жоготуулары:
1979-ж - 86 адам
1980-ж - 1 484 адам
1981-ж - 1 298 адам
1982-ж - 1 948 адам
1983-ж - 1 446 адам
1984-ж - 2 343 адам
1985-ж - 1 868 адам
1986-ж - 1 333 адам
1987-ж - 1 215 адам
1988-ж - 759 адам
1989-ж - 53 адам

Анын ичинен:
* Советтик Армия - 14 427 адам
* КГБ - 576 адам
* ИИМ - 28 адам

Экономикалык жоготуулар
Кабулдук режимди колдоо үчүн СССРдин бюджетинен жыл сайын 800 миллион доллар коротулса, Афганистанда согушка катышып жүргөн 40-армияны камсыздоо үчүн жыл сайын 3 миллиард доллар бөлүнүп турган.

Маектешкен,
Эрнис Балбаков,
"Ачык саясат"