"Аппетит приходит во время еды"

Атка минерлердин оборун оолжуткан россиялык ири кредит
Бирдиктүү күчтөрдүн "Манастагы" аба күчтөр базасын ары кетип, бери келип соодалашып жатып, акыры күшкүштөп айдап чыгаруу боюнча кыянат чечими менен эл аралык коомчулукка койкоңдогон мамлекет катары ишенимин биротоло жоготуп, НАТО блогу жана батыш өлкөлөрү менен болгон өз ара мамилелерге зак келтирип, жаманатты болуп, түндүк чек арасындагы экстремисттердин коркунучу боюнча коопсуздугунан кол жууп жатып, эптеп тапкан акчаны эми майнаптуу ишке жумшай алар бекенбиз деген суроо кырынан туруп калды.

РФ бөлө турган грант түрүндөгү 150 миллион менен жеңилдетилген 300 миллион доллар кредити ырасында эле азыркы финансылык-экономикалык кризистин бороону алдында ыргалып турган жакыр өлкө үчүн чоң тыгынчык. Финансы министри М.Султановдун кийинки кезде мындай акчаны "күр" дедиртип эч ким берген эмес, прецеденти жолукпаган сейрек окуя деп чечекейи чеч бир айтып бир койбогон мантрасын түшүнсө деле болот. Айтпаса жалганбы, бюджеттин жыртык-тешигин (2007-жылдын жыйынтыгы боюнча Республика бюджетинин дефицити 4,6 миллиард сомду түздү. 2008-жылдын бюджетинин тартыштыгы боюнча так маалымат азырынча бериле элек) жамачылап бүтөө үчүн берип жаткан Россиянын баш - аягы 450 миллион доллардык каражаты оңбогондой эле чоң акча. Кыргызстандын бир жылдык бюджетинин жарымысын түзөт. Эми ал акчаны чыпчыргасын коротпой натыйжалуу пайдалануу : республика кептелген оор экономикалык-финансылык кризиске такоол болуучу программаны иштеп чыгып, ишке ашыруу, социалдык-экономикалык келечектүү долбоорлорду түзүп, майнаптуу пайдалануу, айлык акыларды жогорулатуу, социалдык төлөмдөрдү көтөрүү, салыктын жүгүн жеңилдетүү, инфраструктураны модернизациялоо өңдөнгөн иштер үчүн, иши кылып жону жука жакыр калктын жүгүн жеңилдетүү үчүн жумшалабы же болбосо эбактан бери болуп келген ит адатка салынып, кара жемсөө чиновниктердин кулкуна куркурап кирип, ошолордун жемине айланып жок болобу? Кеп ушунда турат.
Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирээри белгилүү. Буга ишенүү үчүн эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнүн (мониторингдеринин) негизинде коррупция боюнча түзүп чыккан индексин барактай койсо жетиштүү болор. Коррупция азыр азайбай, кайра коолап-чайлап, күчөгөндөн күчөп баратканына караганда (ал кичинеден чоңго чейин алаканга жайгандай айкын. Себеби күн сайын жон терибиз менен өзүбүз анын коогалаңын өткөрүп жатпайбызбы) 450 миллионду кыйналып жаткан эл үчүн антикризистик максаттар үчүн сарамжалдуу пайдаланылат деп айтууга эч негиз жок. Айтмакчы, 450 млн. доллар менен бүтөйбүз деп жаткан бюджеттик "жыртыктын" пайда болушуна ошол кулкуну чоң, компотентсиз мамлекеттик чиновниктердин өздөрү айыптуу экени белгилүү эмеспи. Эми алар акылына келди, ишти ийгиликтүү алып кете алат, мындан кийин жалаң гана бюджеттин кем карчысын толтуруу менен алек болот, элдин камын чындап эле көрө баштайт деп ишенүү кыйын. Тескерисинче, чиновниктер россиялык 450 доллар "халяваны" капилеттен асмандан топ этип алаканга түшкөндөй сонун иш болбодубу дешип энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүшүп, канды булоон талап - тоногонго кирбейт деп эч ким кепилдик бере албас. "Уйга жүгөн салбайт, көнгөн адат калбайт" деп бекеринен айтылбастыр.
Биздин чиновниктер президент баш болуп, сөөлөттүү жашаганга, өздөрү үчүн "евростандарт" комфорт түзгөнгө келгенде дүйнөдөгү мамлекеттери бюрократиянын эч бирин алдыга салдырбайт эмеспи. Глобалдык кризис башталгандан бери бүт дүйнө мамлекеттик жөнсүз, ыксыз чыгымдарын кыскартып, каражаттарды үнөмдөө иши менен алек болууда. Аппаратты кескин кыскартуу компаниясы башталды. Бизде болсо, теңирден тескери чиновниктердин "Шодокондун бүркүтүндөй" жутунганы күчөгөндөн - күчөп барат. Алыска барбай, бир мисалга кайрылып көрөлү. Оппозициялык саясатчы Т.Сариевдин айтымында президенттин ишин камсыз кылган структурага: администрациясына, гвардиясына, сакчыларына, жаңы түзүлгөн - секретариат менен стратегиялык анализ институтуна ж.б. күн сайын 2,7 милллион сом коротулат экен. Экинчи бир "кызыктуу" мисал-депутат И.Өмүркуловдун билдиргенине караганда президенттин сакчылыгын финансылоо 33,7 млн. сомго көбөйтүлүп, 2009-жылы баш аягы 110 млн. сомду түзүп калат экен. Ал эми - Улуттук Илимдер Академиясына деп бөлүнгөн акча 142 миллион сомго барабар. Мындан приоритет эмнеге түпөктүү: илимгеби же аппаратка берилип жатабы, аны өзүңүз аныктап алыңыз. Президенттин администрациясынан ЖКнын аппаратынын кулкуну кем калбайт. Депутаттар 2009-жылы ЖК чыгымын 6,5 миллионго көтөрүү чечимин кабыл алып таштаганы буга күбө. Депутат Бакыт Бешимов келерки жыл бюджетинин 44% мамлекеттик башкарууга, ал эми 9% социалдык камсыздоого кетээрин белгилейт. Демек, мамлекеттик бюджет элдин бардар болбосо да адам катары тыңыраак жашоосуна эмес, алдым - жуттум аткаминерлерди кулпунтуп багуу, алардын жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн болуп чыгат.
Ал эми чиновниктик аппараттын эсебинен каражаттарды үнөмдөө ишине келсекчи? Бул жакта деле иш өз калыбында, өз жайында. Башка өлкөлөргө окшоп чиновниктер армиясы кыскарбастан, кайра күн сайын өрөлөп өсүп бараткан эски тенденция сакталууда. Өзгөчө, кийинки кездери чиновниктик "планктондор" деп койчу паразиттердин саны болуп көрбөгөндөй катуу өстү. Бирок, алардын акылына акыл кирип жыргаткан жок. Көбү элдин жалпы билим деңгээлинен кыйла төмөн, интеллектуалдык жагынан артта калган "азаматтар". Ошентип бюджетке келип түшө турган россиялык 450 миллион каражаттын басымдуу өлчөмү кайрадан эле чиновниктер үчүн чыгымдаларынан шек санап кереги жок.
Бийлик кийинки кездери оппозицияны, күндөн - күнгө эңшерилип бараткан экономикалык-энергетикалык кризистин запкысын тартып, нааразычылыгы өсүп бараткан элди жоошутуу үчүн катаал чараларды көрө баштаганы байкалат. Куугунтук менен кысымчылык күчөгөндөн күчөп барат. Бул ишке эчен курдай сыноодон өтүп, өз натыйжасын берип келген мамлекеттик күч органдарынын кубаты тартылары белгилүү. Арийне, мамлекеттик күч ресурсун ишке салуу үчүн каражат талап этилери да айкын. Репрессиялык акцияларды ишке ашыруу, нааразы болгондорду кынына киргизүү үчүн кыйла кеңири финансы талап этилет. Алардын - милиция, сот органдарын, прокуратура, коопсуздук кызматынын, финполициянын союлдарын финансылоо үчүн каражат, белгилүү эмеспи, түбү түшкөн бюджеттен б.а. элдин эсебинен, ошондой эле сырттан келген транштардын эсебинен жабылышы керек. Россиялык 450 миллион мындай кезде жерден тилегениң көктөн түшкөндөй эле акча болуп берип жатпайбы.
Россиялык кредит менен гранттын элдин муктаждыгына жумшалбай, чиновниктердин жеми болуп кетээрине негиз бере турган бир орчундуу жагдай бар. Мамлекеттик каражаттардын жең ичинен ушатылып кетишине бюджеттин ачык айкын эместиги өбөлгө түзөрү белгилүү. АКИpress информагентствосунда 2009-жылдын 2-февралында өткөн пресс-конференцияда "бюджеттин айкын ачыктыгы альянсынын" өкүлдөрү Рита Карасартова, Бурул Макенбаева менен "Көз каранды эмес укук коргоочулар тобунун" өкүлү Нурбек Токтакуновдордун билдиргенине караганда бюджеттин айкын ачыктык индекси (ИБП) боюнча 85 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 71-72 орунду ээлейт экен. Кыргызстандын индекси 8% га туура келип, согуш жүрүп алапайын таппай турган Афганистан менен 71-72 орунду бөлүшөт. Постсоветтик өлкөлөргө салыштырсак ал мындай: Россия - 58% менен (22-орунда), Украина -55% (26- орун), Грузия - 53% (30 - орун), Казакстан 34% (55 - орунда). (Ал эми коррупциянын деңгээли рейтингине келсек, Кыргызстан 183 мамлекеттин ичинен 166 орунду ээлеп турат). Бул болсо, кезегинде бийликтин бюджетти башкаруу боюнча жоопкерчилиги өтө төмөн экендигинин далили. Бир сөз менен бийлик бюджетти жең ичинен, өзү билгендей кылып чыгымдоону адат кылып алган. Анын кой-ай деп көзөмөл жасаган кожосу да болбойт.
Ошентип 8% га туура келген бюджеттик айкын-ачыктык индекси "Манас" авиабазасын жабабыз" - деген убадага алмашып алган россиялык ири кредит каражаттарын келечекте деле коомчулуктун көзөмөлүнөн тыш пайдаланылып, кара жемсөө чмновниктердин жемине айланарын боолголосо болот. Республиканын финансылык документи болгон бюджеттин калың элге ачык айтылбай, "жапма челек" чыгымдалып жатышы көптөгөн чет өлкөлүк гранттар, кредиттер, гуманитардык жардамдар сыяктуу эле чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп, кумга сиңгендей жоголоорунан кабар берет. Кредит пайдалуу ишке салынат деп эч ким деле кепилдик бере албас. Кыскасы, россиялык кредитти ала турган болдук, эми эл катары тиричилигибизди дурус өткөрүп калабыз, дүйнөлүк кризистен баш бүтүн, боор аман чыгып кетебиз деп алдын - ала күйпөлөктөп, күйүгүп деле кереги жок. Эртелик кылат.
Үсөн Касыбеков,
эркин журналист




  Актоо эмес, тактоо

Унаа токтотуучу жайдан сөзсүз түрдө талон алгыла!
Гезитибиздин 2009-жылдын, 23-январындагы №5(41)-санына "РИОМ авто" базарынын директору Мирлан Жээнчороевдин кылган ишине нааразы болгон Манас Кабылбеков аксакалдын "Таксовать этип, күнүгө 500-600 сом акча тапчумун" деген макаласы жарык көргөн эле. Макала Манас аксакал машинесин сатуу үчүн авто базарга алып барып койгонун, натыйжада ал жерден машинеси өрттөнүп кеткенин, авто базардын директору Мирлан Жээнчороев төлөп бербей жаткандыгы тууралуу жазылган. Биздин милдет эки тараптын көз карашын билдирүү болгондуктан, Манас аксакалдын макаласы биздин гезитке жарык көрүп, экинчи тарап - Мирлан Жээнчороев менен байланыша албай калганбыз. Мына ошол ишти тактоо иретинде "РИОМ авто" базарынын директоруна жолугуп, өрттөлгөн машинаны эмне себептен төлөбөй жаткандыгы туурасында маалымат алдык.
- Мирлан мырза, өрттөлгөн унааны эмне себептен төлөбөй жатасыздар?
- Негизи, мыйзам боюнча биздин авто базарга унааларын токтоткондон кийин, сөзсүз түрдө чек (талон) жаздырып алуулары зарыл. Кокус бир нерсе болсо, ошол жазылып алынган талондун негизинде биз бардык чыгымды төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Манас аксакал өзү дагы силерге берген макаласында машинеси бул жерге кандай болуп келгенин айтып бериптир. Ал кишинин баласы Жумабай бизде бир ай иштеп кеткен. Ошондуктан биздин эрежелерди так билсе керек деп ойлойм. Булардын унаасы өрттөлүп жатканда, жанында катар турган "Ауди" машинасы да зыян тартып, бир капталы күйгөн. Ээсинин атайын бизге тиешелүү талону болгондуктан, биз ал кишинин машинесин 12миң сомдун тегерегинде оңдотуп бердик.
- Манас аксакал машинесин авто базарга мыйзамсыз койгонбу?
- Албетте, мыйзамсыз. Биздеги эрежелерди бузуп, талон албастан машинесин таштап кеткен. Эреже боюнча бизден талон алышы керек болчу. Мына ошол таллон кагазынын артында бүт эрежелер жазылган.
- Машине базарга өзү эле кирип калган жок да. Кароолчулар менен сүйлөшсө керек?
- Машинесин авто базарга кандайдыр бир башка жолдор менен киргизген. Эмне болуп, кантип киргизгенин биз билген жокпуз. Бирок, ошентсе да кырсык болгон күнү нөөмөттө турган кызматкерди ишинен кетирдик. Мен сиздердин гезитиңер аркылуу биздин келечектеги жана болуп кеткен кардарларга айтаар элем. Биздин "РИОМ авто" базарынын жазылган эрежелерин туура сакташсын. Талонду милдеттүү түрдө алышып, аркасындагы маалымат менен таанышсын. Алар ушул эрежелерди аткарышканда гана, биз алардын унааларынын коопсуздугуна жооп бергенге даярбыз.

Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"