Шектүү шекшинет…

Же Ө. Текебаев Ж.Туякбайдан канча акча алды?
6-7-февраль күндөрү Алматы шаарында "Ата Мекен" социалисттик партиясы менен Казакстандын бириккен улуттук социал-демократиялык партиясынын жолугушуу-кеңешмеси жана илимий практикалык конференциясы өттү. Ага Ө. Текебаев баш болгон "атамекенчилердин" жооп топ өкүлдөрү барып катышты.
Кеңешмеде кыргыз социалистери менен казак социал-демократтары өз ара кызматташтык жана биргелешкен иш аракеттер жөнүндө меморандум кабыл алышты. Ө. Текебаев менен казак социал-демократтарынын лидери, айтылуу оппозиционер Жармахан Туякбай кол койгон ал меморандумга эки тарап социал-демократиялык идеал - баалуулуктарды бекем кармап, туу тутары белгиленип, алдыдагы биргелешкен аракеттер аныкталган. Анын ичинде "Социал-демократия: кечээ, бүгүн, эртең" деген илимий -теоретикалык журнал чыгаруу, 2009-ж. сентябрында Бишкекте ааламдаштыруу шартындагы социал-демократиянын ролуна байланыштуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү, "Социнтердин радиосун" түзүү маселесин кароо сыяктуу иш-чаралар бар.
"Атамекенчилерди" Алматыда атайын кызмат адамдары такай аңдып жүргөн. Ал эми эң кызыгы кайтып келатканда болду. Казак чек ара постунда кыргызстандык делегацияны дээрлик бир саат кармап, ар биринин жеке буюм-тайымдарынан бери аңтарып, сумкаларын тинтип чыгышкан. "Диний экстремисттик адабият болушу мүмкүн" деген шылтоо менен Ө. Текебаевдин сумкасындагы Кыргызстан Конституциясын, кеңешмеге даярдаган докладын бирден барактаган чек арачы БЭКтин брошюрасы менен доклад текстинин бир нускасын "белекке" алып, анан кое бериптир.
Албетте, бери өткөндө өзүбүздүн чек арачылар да жөн калган эмес. Такап сурай келгенде "Атамекенчилер" революция жасайбыз деп казактардан акча алып келатат" деген маалымат бар" - деп моюнуна алыптыр бир "текшерүүчү".
Жөн-жай сөз учурунда Жармахан Туякбай 2005 -жылдын мартында К. Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, ал революция үчүн акча сураганын, анын атынан Дастан Сарыгулов келгенин кеп кылган. Бирок, "акча бердиңер беле?" деген суроону жоопсуз калтырган.
Жолдогу жоболоңдон кийин аргасыздан Ж.Туякбайдын айтканы эске түшүп, "шектүү шекшинет" болуп жаткан го деген ой келет.

"Ачык саясат" пресс




Сасык тумоого чалдыккан Салык кодекси
"Акжолчулар" "атка мингизген" жаңы Салык кодекси "чү" деген жерден эле ташыркап, кайра артка кайтууга аргасыз болуп отурат. Жарыктын жалпы өчүрүлүшүнөн жабыр тарткан Кыргызстандын ири ишкерлери өткөн жума этегинде жыйын өткөрүшүп, жаңы Салык кодексине нааразы экендиктерин билдиришкен. Ири ишкерлердин башын бириктирген 15 ассоциациянын өкүлдөрү биригишип, жаңы Салык кодексинин иштөөсүн бир жылга токтотуп туруу талабын өкмөткө жолдошкон. Бизнестин битин сыккан ири ишкерлер, бийлик ишке киргизген жаңы Салык кодексинин түшүнүксүз болуп калганына кабатыр болушуп, кайра иштеп чыгуу керектигин белгилешкен. Ишкерлер койгон талаптар туура экенин жыйынга катышкан өкмөттүн өкүлү Кубанычбек Айдаралиев да моюндаган. Анын айтымында, азыркы учурда атайын комиссия жаңы Салык кодексин кайрадан карап жатыптыр. "Аксаган" Салык кодексин "сапарга аттанткан" "акжолчулар" ажосун ишкерлер алдына уятка калтырганын сезишти бекен? Салык төлөөчүлөр эмес, салык жыйноочулар түшүнбөгөн мындай сапатсыз мыйзамды кабыл алган парламентке "бали" дегенден башка айтаар сөзүбүз жок.

Текебаевди тергөө иши токтотулду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "Ата мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин токтоттурду. Эсиңиздерге сала кетсек, оппозициячыл "Ата мекен" партиясынын лидерине Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2009-жылдын 20-январында КР КЖК 242-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин бул иш боюнча тергөөгө сурак берген Өмүрбек Чиркешович өзүнө козголгон кылмыш иштин мыйзамсыз экенин бир нече жолу билдирген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, салмактуу саясатчынын мындай пикирин Башкы прокуратура мойнуна алууга аргасыз болду. Кара-Буура районунун ички иштер бөлүмү козгогон кылмыш иши мыйзамды көзөмөлдөөчү орган тарабынан жокко чыгарылгандан кийин, мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон кызматкерлер мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Экс-спикерди элге жаманатты кылган "эргулдарга" Элмурза мырза эмне айтаар экен? Баш мыйзамды сыйлаган Башкы прокурордун мындай иш аракетине "баракелде"-деп коюшубуз керек. "Ата мекен" партиясынан алынган акыркы маалыматка таянсак, партия лидери Өмүрбек Текебаев Кара-Буура районнун милиция кызматкерлерин гана эмес Таластын мекиян акимдерин дагы сотко бергени жатыптыр

Алмазбектин апасы ачкачылык жарыялаганга барат
Орозо айт күнү орун алган Ноокаттагы окуя боюнча маселе күндөн-күнгө оорлошууда. Ошол орунсуз окуянын кесепетинен он алты жылга соттолгон Алмазбек Асановдун апасы Жибек айымдын айтымында, айыпталган 32 жарандын энелери Акүй алдында ачкачылык акциясын баштоого ниеттенип жатышыптыр. Алардын акыркы үмүтү ажо менен Жогорку Сотто гана калыптыр. Ноокаттагы окуянын оң-тетирин териштирүү үчүн укук коргоочулардан түзүлгөн комиссия жакында ал жакка барып келишти. Акыйкатчы Акундун билдиргенине караганда, укук коргоочуларга жергиликтүү бийлик тарабынан укмуштуудай бут тосуулар болуптур. Орозо Айт күнү Ноокат райондук администрациясынын имаратын талкалады деген айып менен 32 бала 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. Ош облусунун прокурору Жолдошбек Сулаймановдун пикиринде, Ноокаттагы тополоңго катышкандардын узак жылга соттолушу - дин тутунгандар үчүн олуттуу сабак болот имиш. 2005-жылдын 24-мартында Акүйдүн айнек терезелерин талкалоого себепкер болушкан азыркы бийлик башындагыларды жоопко тартууга жол бар экенин Жолдошбек мырза көргөзүп койду. Мурунку Оштун, азыркы Бишкектин прокурору Анарбек Калматов азыркы ажобузга кылмыш ишин козгозо болчудай экен.



Жекшембиде "Жеки Чан" болгон ким?
Өткөн жекшембинин түнүндө, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү № 8 ГОМдо чоң чатак болгон. Өзүн "президенттик администрация башчысы Данияр Үсөновдун орун басарымын" деген адам мас абалында № 8 милиция бөлүмүнө кирип, күзөттө отурган милиция кызматкерине кол көтөрүп, кийимдерин айрып, погондорун жулуп салган. Чоң чиновниктин "орун басарымын" - деген чоң муштумдун чөнтөгүн аңтарышканда, ал адамдан андай документ чыккан эмес. Кызыл шапкеченге кол көтөргөн кызуу "кызматкер" өзүн Улан Кыдыркуловмун деп тааныштырган. !968-жылы туулган "Акүйдүн аткаминери" азыркы тапта Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Жекшембидеги "Жеки Чанга" КР КЖК 234(бейбаштык) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Милиционерди сабаган "саясатчы" Акүйдүн атактуу адамынын атын саттыбы же ачыгын айттыбы, азырынча белгисиз. Кандай иш болбосун, бийлик менен милициянын аты аталып жатканы жакшылык эмес.

Садыр акпы же сагызган сакпы?
Коорупция боюнча агенттикти жетектеген экс-депутат Садыр Жапаровду жакындан билбегендер, аны адилет саясатчы катары мүнөздөшү мүмкүн. Бул жигиттин депутат кезиндеги "баш айлантмай саясатына" баа берсек дагы, анын ушунчалык "уяттуу" иштерин угуп көргөн эмеспиз. Редакциябызга Түп районунун аксакалдарынын "Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт же Садыр Жапаровдун жосунсуз жоруктары" деген кайрылууга келип түшкөн. Аталган кайрылууда аксакалдардын колу коюлбагандыктан, гезит бетине жарыялаган эмеспиз. Эми ошол аксакалдардын колдору коюлган экинчи кайрылуу келиптир. Коррупция боюнча агенттикти жетектеген, коррупционерлерди кекеткен Садыр мырза мурунку президентибиз Аскар Акаевдин балдызынын кайниси болуп жүрүп, чоң саясатка кандай аралашып калганын түптүк аксакалдар катыра жазыптыр. Кайрылуу катын окуган адамдар Садырдын "сагызган саясатына" эмес, Бакиевдин башаламан кадр саясатына капаланат. Кайрылуу катында катуу айтылган сөздөрдүн далилин караштырып жатабыз. Жарыкка чыккандан кийин, Жапаровдун ким экенин билесиздер.


"Учур" гезити 12-февралда сенсация тартуулайт
12-февралда (бейшемби) чыга турган "Учур" гезитинин сенсациялуу маалыматтарына күбө болосуздар. Мындай жаңылыктар бир дагы ММК булактарыны чыкпаганы менен баалуу, маанилүү. Баам салып көрүңүз, арманда калбайсыз окурман!

1. Президент Курманбек Бакиев оппозиция лидери менен жолугушуп, кызык маанайда сүйлөшүү жүргүзгөнү, о.э. оппозиция жээгиндеги саясатчылардын ич-ара пикир келишестиктери да камтылат...
2. Мындан үч жыл мурун Данияр Үсөнов менен Үсөн Сыдыковдун Акүйдө жашыруун сүйлөшүп, министрлердин үстүнөн укмуштуудай "тон бычканы" боюнча фактылар ачыкка чыкмакчы. Кызыгы, ошол сүйлөшүүдөгү саясый прогноздор бүгүнкү күнгө дал келип атканы...
3. Азимбек Бекназаров Акүй менен оппозициянын ортосундагы жүзү жок саясатчылардан кеп козгоп, кө-өп сырды ачып салды.
4. Саясый элитада кимдер ким менен дос?
5. Жылдыздар "13" деген сандын сырын ачышат. Бул сандын ыйыктыгы же каргашасы кандай?