Эсти оодарган энергетика

"Электр жарыгы эч качан арзандабайт"
Өткөн жумада "Түндүкэлектро", Бишкек ТЭЦ жана жылуулук тармактарынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча сынак жарыяланып, өкмөт койгон баада өтпөй калды. Ал эми Мамлекеттик мүлк комитетинин стат катчысы Сүйөркул Бакировдун айтымында коюлган бааны өкмөт кайрадан карап чыгат имиш. Албетте, дүйнөлүк кризистин учурунда Кыргызстанга инвестиция салууга эч ким кызыкдар эмес. Себеби, өтө маанилүү бул тармактарды сатып алууга кызыккан кардарлар Кыргызстандагы саясий стабилдүүлүк туруктуу болбой жатканын эске алышкан чыгаар.
Ар кандай саясий шоулардан соң, стратегиялык обьектилер болуп эсептелген кирешелүү ишканалар текейден арзан баага кетпесе болду?
Мына ушул тууралуу энергетика тармагынын дасыккан адиси Карыпбек Алымкулов менен азын - оолак маек курдук.

- Карыпбек мырза, адис катары айта кетсеңиз, "Түндүкэлектрого", "Бишкек ТЭЦке" жана "Жылуулук берүү түйүнүнө" баалар кандай коюлган?
- Энергетика тармагындагы сатыкка коюлган үч обьектинин, мисалы, "Түндүкэлектронун" өздүк наркы 470 миллион доллар болсо, ага карыздарын кошкондо дагы 400 миллион кошулууда. Ошентип, 1 млрд. доллардын тегерегиндеги баа коюлуп жатат. Конкурстун шарты боюнча келген инвесторлор ишканалардын карызын жоюп, инвестицияны тетиктерин жаңыртууга салыш керек экен. Ошондуктан, эсептелип чыккан баанын канчалык деңгээлде так экенин айтуу кыйын. Анткени, "Түндүкэлектро" ишканасы Чүй менен Талас облустарын электр кубаттуулугу менен толук камтыйт. Ар бир үйгө кирген электр кубаттуулугун эң кыйын деген комиссиянын курамын түзсөк да, текшерүү өтө кыйын. Болжол менен орточо эсептелген баа болсо керек.
Эгер ошончо акчасын сарптап, сатып ала турган киши болсо, менин жеке оюмда, бул сумманы ишкана бат эле актап берет. Ишканалардын "техникалык жабдуулары эскирди"-деп жатышпайбы, чынында эле бир топ жыл болуп калды. Бирок, тетиктеринин бардыгы бир күндө бузулуп иштен чыгып калбайт. Мында эч кандай коркунуч жок. Акырындык менен чекесинен оңдоп иштете берсе болот.
- Эмне себептен сатып алууга кызыкдар кардарлар чыкпай койду деп ойлойсуз?
- Кызыккандар өтө көп. Ал эми кардарлардын сатып алууга белсенбегени -Кыргызстандын стратегиялык обьектилери болуп эсептелген ишканаларды сатууга оппозиция өкүлдөрү, жалпы эл каршы болуп жатканы менен кабардар болушту. Кызыкдар адам сынактын шарты менен таанышып гана тим болгон жок. Ал бүтүндөй Кыргызстандын социалдык, экономикалык, саясий шарттарын изилдеп көрдү. Себеби, 1 млрд. доллар деген тамаша акча эмес да. Бардыгын изилдеп чыккан соң көпчүлүк эл каршы болуп жатса, "Акчамды кайда салганы жатам? Эртең эл көтөрүлүп ызы-чуу болуп кетсе, каражатымды ким кайтарып берет?"- деп сестеништи.
- Ишканалардын сатыкка коюлушуна жалпы эл каршы болуп жатса, эмне үчүн өкмөт тарап сатууга далбастады?
- Мүмкүн, чындыгында эле өздөрү айткандай, жеке менчикке берсек иш алдыга жылат деп ойлошот. Балким, башка да ойлору бар чыгаар? Эң негизгиси, өкмөт эмне себептен сатылып жатканын элге ачык-айкын түшүндүрүш керек болчу. "Өкмөт начар менеджер, жеке менчикке берсек бардыгы жайына келет"- дегендери конкреттүү түшүндүрмө эмес. Анткени, ал жерде себептер абдан көп. Ошол себептерди телевидение жана басма сөз аркылуу элге түшүндүрүп, талкууга койсо оң болмок. Азыр карапайым эл эмес, энергетиктер биз түшүнө албай жатабыз.
Мисалы, мен иш тажрыйбамда Англияга, Шотландияга, Данияга, Польшага, Венгрияга барып, энергетика тармагындагы абалды изилдеп келгем. 1990-жылдары Венгрияда 10 млн. эл жашаса, 12 млрд. сырткы карызы бар экен. Биздики болсо, 5 млн. кишиге 2 млрд. тышкы карызыбыз бар. Алар гидро станцияларын, жылуулук станцияларын сатып, сырткы карыздарынан кутулуп, экономикасын көтөрүүгө да каражат арттырып калышкан. 2000-жылдары Венгрия эң жакшы темп менен өнүгүп бараткан өлкө болчу. Азыр деле ошондой. Бир учурда мага деле "Токтогул каскадындагы 5 ГЭСти 5 млрд.га сатып туруп 2 млрд карызыбыздан кутулуп, 3 миллиардын экономиканы өнүктүрүүгө салсак, дүркүрөп өсүп кетет белек?"- деген ой келчү. Бирок, биздин жең ичинен желип, таланып-тонолуп кетмей адатыбыз бар эмеспи.
Бийликтегилердин дүйнөлүк финансылык кризис учурунда "сатабыз"- дегендери туура болбой калды. Ушундай кыйын кырдаалда кыргыздар "баатырлык" кылып, кыймылсыз мүлккө да салык системасын киргизип жибергендери көпчүлүктүн шайын оодарып койду. Бул маалда бөтөн бирөөлөрдүн ири өлчөмдө инвестиция салышы да күмөн.
Мисалы, биздин курактагылар согушту, согуштан кийинки өткөөл мезгилди көрүп калдык. Кыргыз эли ошол кыйынчылыктардан деле чыккан. Азыр кудайга шүгүр, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, баарыбыз тирүүбүз, колдон келишинче иштеп жатабыз. Ушул убактылуу кыйынчылыкка чыдабай ырыскыбызды кармата салганыбыз болбойт. Бул күндөр да өтөт.
- Түркмөнстан газды бекер жаккандай, кыргыздар да электр жарыгын бекер пайдалана турган күн келиши мүмкүнбү?
- Жок, антип кыялданууга да болбойт. Тескерисинче, тейлөө иштери оңолсо, дайым жарык болуп турса тариф дагы жогорулашы мүмкүн. Мындан ары электр жарыгы эч качан арзандабайт, бекер жагабыз дегенибиз жөн эле кур кыял болуп калды.
Мисалы, жеке ишкердин колуна өтүп кетсе азыркы коррупциялашкан системада антимонопольный комитетке пара берип, соодалашып туруп, тарифти өз каалаганындай коюп алышы мүмкүн. Мамлекеттин карамагында болгон күндө гана элдин ою, мүдөө-талабына жараша бааны жөндөп тура алат. Ошондуктан, мындай стратегиялык обьектилер мамлекеттин көзөмөлүндө болгону туура.
- Сиз чүйлүктөрдүн "Ай тамга" коомдук бирикмесин жетектеп жүрөсүз. "Түндүкэлектро" ишканасы Чүй аймагын жарык менен камсыздайт эмеспи, чүйлүктөр бул ишкананын сатыкка коюлушун кандай кабыл алды?
- Чүй аймагынын бардык айылдарын кыдырып көрдүм. Бул идеяны колдогон бир да киши болгон жок. Ошондуктан ишканаларды сатып жиберсек эле, кыйын абалдан чыгып кетээрибизге көзүм жетпейт.
- "Ай тамга" коому Руслан Шаботоевдин дайынсыз жоголгону тууралуу президентке, өкмөткө кайрылуу жолдоду эле. Мындан бир майнап чыктыбы?
- Өкүнүчтүүсү, биздин "Ай тамга" коому бир гана Шаботоев боюнча эмес, көптөгөн маселелер боюнча президентке, өкмөткө, парламентке билдирүү жасаганбыз. Бирине да жооп келген жок. Жакында эле бир топ профессорлор "Слово Кыргызстана" гезитине рыноктун кыйрашы боюнча билдирүү жибердик. Көп жерин үзүп-тартып, кыскартып чыгарышканы менен андан деле жооп келээри арсар. Азыркы бийликте олтургандарга мен таптакыр түшүнбөйм, жакшы оюң менен билгениңди айтып, колдон келсе жасап берүүгө аракет кылсаң да, оң жооп ала албайсың.
- Маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүүлөр токтойт деп ишкерлердин көпчүлүгү чыдамсыздык менен жазды күтүүдө. Ал эми имиштерге ишенсек, жазында жарык мындан да көп өчүрүлөт дешүүдө…
- Алыскы аймактарды эске албаганда, борборго жакын Чүй облусунун айылдарында күндүз 6 саат, түнкүсүн 6 саат электр жарыгы өчүрүлүп, жарым күн жарыгы жок олтурушпайбы.
Азыр Токтогул суу сактагычында 7,5 миллиард суу калды. Учурда кирген суу 140-200 млн. куб. болсо, чыккан суу 500 кубметр. Эгер дагы деле ушундай темп менен жүрүп олтурсак, жазга жетпей калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн мен көп эле айтып жүрдүм, биринчи кезекте Бишкек ТЭЦти оңдош керек болчу.
Бүгүн Канттагы цемент-шифер заводу, Токмоктогу айнек заводу иштебей токтоп турат. Буга окшогон чоң-чоң ишканалар иштебей токтоп турган үчүн электр кубаттуулугу элдин күнүмдүк керектелүүчү тиричилик техникаларына жетип, жеңилирээк болуп жатат. Өнөр жай ишканаларынын бардыгын иштетпей үнөмдөсө "Ильичтин шамы" эптеп күйүп турганга жетиши мүмкүн.