Күнсобол

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы атагы алыска кеткен Америкада стратегиялык обьектилердин 30-40 пайызы мамлекеттин менчиги экендиги белгилүү. Кыргыздарга стратегиялык обьектилерин сактап калсак жарашпайт беле? Же, биздин мамлекет башчыларыбыз эч кандай өндүрүш менен иши жок, салык чогулткан "монстр" болгулары келип жатабы? Мындай саясат менен жүрүп олтурсак дааратканабызга чейин кулпу салынып, салык төлөп калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн бул саясаттан эртерээк баш тартпасак, кийин кеч болуп калат. Качандыр бир убакта Кыргызстан да Түркмөнстан газды бекер жаккан сыяктуу эле электр жарыгын бекер жагыш керек. Бул кыялыбыз электр тармагы мамлекеттин менчигинде болгондо гана ишке ашмак. Эми эмне болот?
Бишкек шаар тургундарынын ушул маселеге байланыштуу көз караштарын угуп көрөлү.

"Түндүкэлектро" , "Бишкек ТЭЦ" жана "Бишкектеплосеть" тармагы текейден арзан баага сатылып жатканына карапайым эл кандай карайт?
Кенжебек Абдиев:
- Эл үчүн "Түндүкэлектро" да, "Бишкек ТЭЦ" да мамлекеттин колунда болгону жакшы болчу. Бир кишинин же бир компаниянын менчигине өтүп кетсе, беш миллион элибиз менен кошо өкмөтүбүз баш болуп ошолордун көзүн карап калабыз. Анын эмнеси жакшы? Эптеп кризиске шылтоолоп кимдир бирөөлөр чөнтөк кызыкчылыгын көздөдөгөнү көрүнүп турат.

Амангелди Бекбоев:
- Энергетика секторундагы эң кирешелүү ишканалар болуп эсептелген "Түндүкэлектро", Бишкек жылуулук берүү ишканаларынын жеке менчикке өтүп кетүүсүнө каршымын. Себеби, бүгүн бир сомдук энергия баасы, эртең сөзсүз 2 сомго көтөрүлөт. Бүгүнкү бийлик төбөлдөрү мамлекеттин мүлкүн, элдин ырыскысын элден сурабай эле сатып жибергени жатышат. Алар эртеңки өсүп келаткан келечек муундарды, жаштарды ойлошкон жок. "Жашооң күндүк болсо, түштүгүңө жорго мин"- деген принципти тутунгандай түрлөрү бар.
Эл каршы болмок тургай, "Ак үйдүн алдына барып өрттөнүп өлөбүз"- десек да уга турган киши жок окшойт.

Жээнгүл Табалдиева:
- Мамлекеттин кен байлыгы- жалпы элдин байлыгы. Бир жылдык суу тартышты шылтоолоп бир-эки киши жеке менчикке берип койсо, эртең эл кантип жашайт? Өкмөтүбүз ар кандай амалдарды айтып, өз элин алдап жатса, өзгөдөн жакшылык күтүүгө болобу? Асмандын башындагы бааны айтып коюшса, аргасыз төлөйбүз да. Жеке менчик дегениң ошол. Эгер мамлекет башчыбыз эл кызыкчылыгын көздөсө, мындай кадамга барбайт болчу. Мунун артында узак жылдарга тынчыбаган ызы-чуу жатат.

Артур
Бекмамат уулу:
- Мен бул саясатка терс көз караштамын. Бүтүндөй мамлекеттин суу байлыгына байланыштуу ишканаларды башка мамлекеттин жарандарына менчикке берүүгө болбойт. Анткени, суу байлыктары - кыргыз элиники. "Колдо бар алтындын баркы жок"- болуп, бүгүн мамлекет башкарган "билермандар" эл менен эсептешпей эле сатып жатышат. Кыштын катуу болгону, Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы- бардыгы куру шылтоолор. Эгер сууну туура пайдалана алсак, бүтүндөй Орто Азияны чөгөлөтүп турганга шартыбыз бар. Анын ордуна сууну сатып жиберип, жарыгы жок олтурабыз.

Исмаил Махметалиев:
- Ансыз да баарын сатып бүтүштү. Жада калса жерге чейин сатылып кетти. Эми ушул электр тармагына тиешелүү ишканалар калдыбы? Ошондон байып, жыргабай эле койдук. Өзүбүздүн, мамлекеттин колунда турганда кабыргабыз кайышып, кыйналып жарыгы жок олтурабыз. Орустардын колуна өтүп кетсе, мындан жаман болобуз. Бир ууч чиновниктер жеке керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн гана сатып жатышат да. Эл буга кызыктар эмес.
"Өзүн - өзү актабайт, чыгашалуу ишкана"- дегендери жалган. Пенсионер болсом да, электр акысын өз убагында төлөйм. Кимдер төлөбөй жатат? Баягы эле казиносу, саунасы, ири дүкөндөрү бар бай чиновниктер төлөшпөйт.

Аида Тажибаева:
- Менин оюмча стратегиялык обьектилер мамлекеттин карамагында болууга тийиш. Дүйнөлүк практикада да ушундай. Себеби, бул элдики. Жеке менчикке өтүп кетсе, келген инвестор өзүнүн каалаган баасын коюп, карапайым элге кыйын болуп калат. Аны көзөмөлгө алууга мамлекеттин акысы да жоголот. Бул иштин аркасы менен эл ичинде ызы-чуу күчөп, чоң толкун болуп кетиши мүмкүн. Андыктан, Кыргызстандын жараны катары "Түндүкэлектро" акционердик коомунун сатылышына каршымын. Мындай маанилүү иштерди эл алдына ачык айтып, референдумга коюш керек эле. Ошондо жалпы эл каалагандай болмок.

Сатыбек Койлубаев:
- Алакандай беш миллион элин бага албаган биздин өкмөткө таң калам. Канчалык актанышпасын, коррупциянын кесепетинен келип чыккан нерсе. Коррупция деген оору кирешелүү электр тармагына эмес, искусство жаатына чейин жетти. Мына ушунун айынан, бүтүндөй кыргыз эли бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн садага чабылып жатат. Мен өзүм Американын жаранымын. Бирок, кыргыздарым үчүн зээним кейип турат.

Гүлнара Сопубекова
- Эмне себептен биздикилер өздөрү иштете алышпайт? Менин ичим ушуга ачышат. Эгер өкмөттө олтургандар жөнгө салып кете албаса, алдары жетпесе, алы жеткендерге берсин бийликти. Бүгүн электр кубаттуулугуна кеткен чыгымды эл араң төлөп жатат. Сатылып кеткен соң өзүбүздүн суудан иштелип чыккан электр кубаттулугун кайра өзүбүзгө кошуна мамлекеттердин тарифине теңелген баада сатса, кантип төлөйбүз? Же, биз алардын жарандарындай айлык ала албасак.

Гүлпери Тайлакова:
- Сатууга кызыктар адамдар элди көптөн бери ушуга даярдап жатышкан. Биринчи, "суу жок"- деп шылтоо кылышты. Анан "ишканалар өзүн-өзү каржылай албайт"- деп чыгышты. "Менчикке берсек бардыгы жайында болот"- дегендери элди алдаган кезектеги калптары да. Алар эмне деп айтышпасын, коррупциянын айынан болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Менин угушума караганда сатып алуучулар россиялыктар экен. Учурда алар айнып калышыптыр, эми кимге сатышаарын билбей, кардар издеп жатышкан имиш.

Токтобек Мамытов:
- Мен караманча- каршымын. Себеби, бир кишинин оокатына карап эле ит бекер сатылып кетмей болду. Башка кошуна өлкөлөр менен тең ата болуп тургандын ордуна, колубуздагы экономиканын пайдубалы болгон электр тармагын кармата берсек, эртең аларга көз каранды болоорубуз турган иш. Энергетика тармагы Кыргызстандын башка мамлекеттерге кыр көрсөтө турган бирден-бир колдо турган рычагы эле да. Эми эмне болот, билбейм?

Гүлира Акиева:
- Бир жыл жарыгы жок кыйналдык деп, миң жылдык байлыгыбыздан айрылып калган туура эмес. Текейден арзан баага сатып жибергендин ордуна, өкмөт башчыларыбыз талаптагыдай иштетип, пайдасын эл көрсүн деп аракет кылышса болмок. Эгер акылдары да, алдары да жетпесе, "Кеңешип кескен бармак оорубайт"- дегендей элге салышпайбы? Бириккен оппозициялык кыймыл бир жылдан бери кризистен чыгуунун ар кандай жолдорун айтып келатышпайбы. Керек учурда аларды деле угуп койсо ашыкча болмок эмес.

Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"