"Темирди деле сиңирет, жеп-ичердин "жемсөөсү"

Бийликке жетпеген үн
Бизде "коррупционерлер" жок, "белек" алгандар гана бар. Алдым-жуттумдарды теске салуучулар байлардын ортосунда "жакыр" жашашат. Алар деле чүйгүн тамактан жегиси келет да, иномарка мингиси келет да. Карапайым калктын деңгээлинде жашоо кызмат ишине туура келбей калат. Ал үчүн алган "белеги сиңимдүү" болушуна ыңгайлуулуктарды түзүү керек. Демек, кызматтагылар "белек" алууга аргасыз, бирок аларды "коррупционерлердин" катарына кошууга болбосун элибиз али "түшүнбөй" жаткан көрүнөт. Эң негизгиси, аларды "жеп-ичерлер" - деген менен тамак-аш менен катар темир, таштарына чейин жутса да "жемсөөсүнө" сиңгенин айт…

Илгери бир премьер-министрибиздин "жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт" - дегени туура көрүнөт. Азыр "кызмат" аты бар ишке илингендер да алсам-жутсам, ичкенимди сиңирип, андан кийин башка тарабына жылсам- деген "тилек" менен жашагандар көбөйүп барат. Аларга:
- Эл мүлкүнө кол салгандан уялсаң боло!- деп көрчү.
- Мен эмес миллиондогон долларларды "сугунгандарды" эмне кылып алдыңар?-деп "оозуңду аппак" кылат.
Мына ушундай өзгөчөлүккө ээ болгон Кочкор районундагы Шамшы айыл Өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саманчы Абакировдун жаш да болсо "көзүн таап", жегенин сиңирип кеткен өзгөчөлүгүнө тан бергенге мажбур болосуң…
Шамшы айылынын тургундарынын маалыматына караганда мындан төрт жыл мурда Саманчы Абакиров Арал Абдрасуловдон УАЗ-454 автоунаасын, узундугу 5 метр болгон 366 асбесттен жасалган суу түтүгүн өткөрүп алган экен. Автоунаа сатылып, анын ордуна "Жигули" маркасындагы автоунаага ээ болду. Бул эки автоунаанын ортосундагы акчанын айырмачылыгы кайда кеткендиги калкка белгисиз калды. Ал эми суу түтүктөр ың-жыңсыз , муну менен катар эгин сапыруучу жана жүктөөчү (зернопульт) 500 метр кабели менен жок болду. Ал канчага бааланып сатылганын эч ким билбей да калды.
Эсил кайран СССРдин учурунда 35-40 тонналык автотараза, анын жанындагы 2 бөлмө кимдин пайдасына кеткени табышмактуу сырга айланды, ал эми чарбанын мурдагы гаражынын дубалы "талоонго" салынып, Саманчы Абакиров "өз үлүшүн" алды, заңгыратып үйдү салды. А гараждын ичи менчик чарбакка (огородго) айланды.
"Өнөрүн өркүндөткөн" Саманчы чарбанын жабдык-шаймандарын сатып гана тим болбостон, чарбанын муктаждыгына 20-30га жерге арпа септирип, андан алынган түшүмдүн 60 тоннасын сатат. Жерди иштеткенге кеткен чыгашаны чыгарып салганда, бул жерден канча киреше алынганын эч ким билбейт, анткени, бул жердин түшүмү эч жерде "кириш-чыгыш" кылынбайт. Ансыз да тукулжураган чарбаны ордунан тургуз кылууга кошкон салымына кеңири токтолууга туура келди.
Чарбанын техникаларга май куюучу станциясы менен бийиктиги 1,70 метр зым тосмолор 30дан ашык темир трубага бекитилген. Бул АЗСте сыйымдуулугу ар кыл 16 цистерна бар эле. Цистерналардын эң чоң экөөсү Бишкекке 260 миң сомго, калган 14ү 25 миң сомдун тегерегинде сатылган. Ал эми 2 кампанын ар бири 60 миңден бааланган деп маалымат берилген менен 1000 шифери, үч кабат тыкыз урулуп жабылган брус жыгачтар 100 метр кубду түзгөн. Эгерде бул карагай жыгачтары экендигин эске алсак, бир миллион сомдон кемимек эмес.
Калыс сөз менен караганда, калктын жалпы менчиги болгон бул байлыкты Саманчы Абакировдун өзү билип, оңду-солду имергени, оңуту келгенде темирин темирдей, жыгачын жыгачтай жутса да, "жумуруна жук болбой", алдым-жуттумга "апетити арандай ачылып", азыр адам эмес "кудайды да тааныбай" "суудан кургак" чыгып, ар кыл текшерүүчү келсе да "акча менен оозго чабам, силердин асылганыңар чепуха" - деп турган кези.
Кочкор районунун акими баш болуп, Нарын облусунун Ички иштер бөлүмүнө жана прокуратурасына кайрылсаңар кадемиңер катат. Азыр мага айылдан эмес, өрөөндөн тең тайлашар жан адам жок- дегени да бекеринен болбосо керек. Чарбанын байлыгын гана чачпастан, обуру ачылган Саманчы Абакиров эл башына түшкөн кырсыктан да пайдаланышы адам эмес, кудайга да жакпас…
Айрым маалыматтарга кайрылалы!
Табигаттын күтпөгөн жер титирөөсү болуп өткөндөн кийин кырсыктан жабыр тарткан калкыбызга жардамга Акылбек Жапаров 5 тонна цемент, 18 миң сом, Бейшенбек Болотбеков 40 миң сом, Рахат Ырсалиев 40 миң сом бергенин жарыялашкан. Тилекке каршы бул каражат качан, кимге берилгени белгисиз. Же бул жөн эле айтылган "жел акчалар" беле, айтор, акча бергендер да анын качан? кайда? - сарпталганына кызыктар болбогону күмөн ойду пайда кылат. Болбосо алгач 500 түтүнгө 250 сомдон, кийин 450 сомдон жардамга таркатыларын жарыялап, эми ал "убадалар унутулуп", ал акчалар белгисиз жолдор менен жок болуп отурат.
Эл башына түшкөн кырсыктан пайда көргөндөн уялбаган Саманчы Абакиров жардамга келген 70 тонна ундан түтүнгө 2 центнерден таратса, чарбанын бадачысына ар бир үй-бүлөдөн 15 килограммдан, ун тартып келген автоунаанын айдоочусуна 12 килограммдан, тактап айтканда, ун алгандардан 27 килограммдан карматып алган. Мындан тышкары, келген ундун 6 тоннасын кайра алып кетишкендиктен, Жаныбек айылына ун жетпей калды деп, анын ордуна килограммын 4 сомдон баалап акчасын тараткан имиш.
Кызыл Крест коому тарабынан берилген 40 миң сомдук кийим-кече, 150 чарчы метр айнек да ың-жыңсыз кетип, дайны табылбай отурат. Ал эми МЧС тарабынан келген кетмен, айры, күрөктөрдү мындай коелу, 20 резина өтүктүн алтоосу өзүнүн үлүш жерин сугаргандарга берилип, калганы кимдин "кулкунунан" өтүп кеткени табышмак.
Калкка аз да болсо жардам катары 30 тонна дизелдик күйүүчү май келген. Өз көмөчүнө күл тарткан Саманчы Абакиров өз "адамдарына" күйүүчү майдын литрин 21,50 сомдон сатты. Алар 200 литрден 1 тоннага чейин арзан баада алышты. Ал эми калктын калган бөлүгү мындай "укукка" ээ болгон жок. Ошентип, элге берилбеген 20 тонна күйүүчү май коңшу Ленин айылындагыларга литри 35 сомдон сатылганы белгилүү болуп отурат.
Мурдагы чарбанын эки бригадасын тең экиге бөлүп тоо суусу агат. Балдарыбыз мектепке, элибиз бири-бирине каттап туруу үчүн көпүрөнү курууга 5 тонна цемент алынган. Тилекке каршы, "этин эмес, табагын таап ал" болуп, оңдолгон көпүрө түгүл, цементтин өзү түп-орду менен жок болду - деп каңырык түтөтөт айылдыктар.
Жергиликтүү бийликте айыл жергесин көтөрүүгө каражат жок деген түшүнүк бар. Бирок, бул көз карашка кошулууга мүмкүн эмес. Кирешелүү болбосо, эч ким айыл Өкмөтүнүн орунун талашпайт болуучу. Ар түрдүү коомдук уюмдардан жана мамлекеттен аз да болсо акча каражаттары бөлүнүп, ал кайсы максатка жумшалганын кагаз жүзүндө көргөзүп, эпчил болсо өз кызыкчылыгына да пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, айыл өкмөтүнө катуу көзөмөл жоктугу "бармак басты, көз кыстынын" үстөмдүк кылышына шарт түздү.
Азыркы күндө айыл Өкмөтүнүн жаңы конуштарды, үлүшкө жерди сатуу укукка ээ болушу алардын "өзүм билемдигине" жол ачып берүүдө. Буга Шамшы айыл Өкмөтүнүн башчысы Саманчы Абакировдун иш-аракетинен ачык көрүнөт. Мисалы, чарбага тиешелүү түшүмдүү сугат жерлердин гектарына аренда акысы 1400 сом, начар жерлери 500 сомдон берилет. Ал эми азыркы учурда айылдыктар кошумча жер иштеткенге муктаж. Демек, аренда акысынан тышкары "чай пулу" да болоору шексиз. Ушундан уламбы, берилген жердин аренда акысын Саманчы мырза өзү чогултат. Мындан тышкары, бул аймакта 40 миңге жакын кой-эчки, 5 миңге жакын бодо мал бар. Натыйжада, ар бир кой-эчкинин башына 3 сомдон, бодо малга 15 сомдон жайыт акыга өзү гана чогултуп жыйнайт.Жергиликтүү бийлик жерди арендага берүүдө эл менен макулдашпай калды. Быйыл 30 гектарга жакын жерди коңшу Кум-Дөбө айылынын тургундарына арендага берип отурат.
АРИС тарабынан берилген акчага 127 миң 935 сомго конторага түрдүү жабдуулар сатылып алынат. Эски-жаңысы болуп конторада 4 компьютер, 1 ксерокскопия болушу керек эле. Компьютердин эки эскиси калып, жаңысы жок. Ксерокопия иштетилбей, түп-орду менен дайынсыз.
Чарбага келген 5 чакан электро кыймылдаткычтын изи сууп кетсе, үрөн тазалагыч БИМ машинасы жеке адамга сатылып кеткен. Диван жана 3 кресло, 10 тигүүчү машина да кайда экени калкка белгисиз калган.
Алдым-жуттум илдети менен "ооруган кыйын"көрүнөт, акырында "ичип-жегенге" эч нерсе калбай калганда, айылдагы колонканын 33 кудугунун темирлерин чогултуп, аны Кочкорго килограммын 3 сомдон сатып, андан түшкөн 25 миң сомдун отчетун элге бербей отурат. Ал эми Шамшы менен Кум-Дөбөнүн ортосундагы жолду оңдоого берилген 40 миң сом кайда кеткенин билбей, калктын башы маң. Себеби, бул аралыкка бир ирет грейдер жүргүзүлүп, жол болсо мурдагыдай абалда гана калды.
Карапайым калктын колунан эмне келет? Райондун прокуратурасына кайрылса, "иште кылмыштын составы жогунан иш козгой албай койсо керек", райондун ички иштер бөлүмүнүн муну менен "иши жоктой". Райондун акимине кайрылуусунан майнап чыкпаса, "Адилеттен" Кочкор Нышановду "колумдагы адам" -деген Саманчы Абакировду тартипке чакырып, теске салар жер бар бекен?- деген он бир адамдын оозунан "көк түтүн" көтөрүлөт.
Элдин назарына адам бекеринен калбайт. Бирди жарым адам даттанып келсе да, анын жүйөөлүү оюн угуп, маселени жеринен чечүү бийлик мунарасынын негизги милдети эмеспи. Жогорудагы маалыматтар да "асмандан" алынган жоктур. Тийиштүү уюм-мекемелер тыянак чыгарышаар…
Калктын арыз муңун кагазга түшүргөн
Эртабылды Аттокуров
"Ачык саясат"