Саясий куугунтуктун курмандыктары...

Текебаевге козголгон кылмыш иши -саясий куугунтук
Буга чейин белгилүү болгондой ушул жылдын 16 -19-январь күндөрү "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Талас облусунун белгиленген 5 аймагында шаардык жана райондук партиялык конференциялары өтмөк. Бирок, "өзүнүн көлөкөсүнөн корко баштаган" бүгүнкү бийликтин жергиликтүү жасоолдору, б.а айтканда, Талас областынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бийликке айбатын ачык көргөзгөн, өлкөбүздө кадыр-баркы, саясий салмагы жагынан талашсыз түрдө көч башында келе жаткан Өмүрбек Текебаев жетектеген "атамекенчилердин", парламенттеги көпчүлүктү түзүшкөн "акжолчулардын" "каражолтой" иштерине тайманбай каршы чыгып, өз ойлорун ачык айтышкан Роза Отунбаева, Бакыт Бешимов баш болгон "СДПКчылардын", кыскасы бүгүнкү кыргыз оппозициясынын дөө-шааларын "татыктуу" тосуп алууга болгон аракеттерин көрүшкөнү ошондо эле ачыкка чыккан.
Карапайым таластык туугандар менен кенен-кесири баарлашып, алардын ал-ахвалын билүү максатында келишкен оппозиционерлерге мансаптын кулуна айланышкан жергиликтүү "жемкорлор" Ак үй, Көк үйдөгүлөргө жагынуу планын жүз пайызга толук аткарышып, кошоматчылык кылуунун "мыкты үлгүлөрүн" көргөзүү менен оппозиция лидерлеринин калк менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга жакшы эле аракетин кылышты. Алардын чагымчылык, ыплас иш-аракеттеринин натыйжасында Талас областынын беш аймагында белгиленген жолугушуулардын бирөө үзгүлтүккө учураган.
Ошого карабастан, калган төрт аймактагы жолугушуулар жогорку деңгээлде өтүү менен карапайым эл бийлик тарабынан көрсөтүлгөн ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан, бакиевдик бийликке каршы, оппозиция менен бир пикирде, бир ойдо экендигин бир ооздон айтып жатышты.
Кара-Буура районунда "Ата-Мекен" партиясынын конференциясы бул аймактагы "Бексултан" кафесинде өтмөк эле, бирок, таң эрте жетип келген район акими бул кафенин адмнистрациясына "Бүгүн бул жерде энергетиктердин чоң жыйыны болот. Дасторконду жайып, даярдап койгула да, бул жерге эч кимди киргизбегиле"-деген буйругун берип, кафеге чогулуш өткөртүүгө катуу тыйуу салып койгон экен.
"Ата Мекендин" конференцияга келген мүчөлөрү кафеге кире албай сыртта калышкан. Ал жерден "атамекенчилер" конференция өткөрбөй эле кетип калмай болушкан, бирок жыйынга келген партиянын мүчөлөрү абдан көп болгондуктан, жана ошондой эле, ал жерде Жогорку Кенештин СДПК фракциясынын депутаттары Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаевалар жер-жерлерге барып жыйын өткөрүү укугун пайдаланышып, эл менен жолугушуусун өткөрүштү.
Социал-демократ депутаттар Роза Отунбаева менен Бакыт Бешимовдор бүгүнкү өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча, жергиликтүү бийликтин алардын жолугушууга болгон укугун тебелеп-тепсеп жатышы тууралуу, хулиганчылык менен чабуулдар жасалып, ар кандай заттар менен ургулап жаткандыгы жөнүндө, бул иш-чаралардын канчалык деңгээлде мыйзамга жатары тууралуу сөз кылышты. Негизинен бул жыйын бир катар тоскоолдуктарга карабастан жогорку деңгээлде өткөн.
Алгачкы бут тосуулары анчалык ийгиликке жетишпей калган соң, алар мындан да жүзү каралык ишке барышкан.
Жолугушуу бүткөндөн кийин "Ата-Мекен" партиясынын лидери Текебаевдин машинасын милициялар тегеректеп алышып, айдоочуга кишен салынып, элдин алдында "мыйзамсыз куралдар табылды, октору мыйзамга туура келбейт экен" деген жок шылтоолорду бетке кармашып, элге Текебаевди тынч элге курал көтөрүп келген басмачы катары көрсөтүүнү көздөшкөн. Окуя болуп жаткан жерге жетип келген "атамекенчилердин" лидеринин бул куралдар мыйзамдуу экендигин далилдеген бардык документтери бар экендигине карабастан, Текебаевге карата өз кысымдарын андан ары күчөтүшкөн.
"Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн" бийликтин мыйзамсыз иштери көз көрүнөө зомбулук менен жасалып жатса дагы аларга "кой" деп айтчу киши болгон жок. Аким өзү баш болуп, кызыл шапкечендери төш болуп, Текебаев баштаган оппозиция өкүлдөрүнө, жыйналышка чогулушкан элдерге жумурткадан баштап, денеге оор жаракат келтирүүчү предметтер менен ур-соккуга алышкан чагымчылык иштерди өздөрү уюштурушуп, аны жасаган провакаторлорду коргоого алып турушканын ошол жердеги бардык адамдар өз көздөрү менен көрүп, күбө болушту. Бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодекси боюнча кылмыш иши катары каралаарын укук коргоо органдары ал күнү эмнегедир унутта калтырышты.
Ал эми Текебаевге иш козгоого себеп болгон "МК" маркасындагы "Сайга" карабини мыйзамсыз түрдө ремонттолгон" деген күнөө жөн гана шылтоо болгон.
Ошентип, 20-январь куну Кара-Буура районунда райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы капитан Тургуналиев тарабынан Текебаевге карата иш козголгон. Эптеп эле Текебаевди камап, анын эл менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрүшкөн Талас областык күч органдары дал ушул "мыйзамсыз" делинген куралды бетке кармашып, Текебаевди каматууну алдын-ала пландаштырышкан. 24-январь, жекшемби күнү Талас облустук тергөө бөлүмүн жетектеген Жанузаков баштаган тергөөчүүлөр Бишкекке келип, шаардык тергөөчүлөр имаратында ушул иш боюнча сурак ишин башташкан. Бул сурак адегенде эле одоно мыйзам бузуу менен башталган. Талас облустук Ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы полковник Жанузаков "иш факты боюнча козголду, сиз күбө катары көрсөтмө беришиниз керек"-деп, жеткен куйтулук, арамдык менен Текебаевди алдоонун аракетин көргөн. Бирок, мындай юридикалык иштерде өзүнүн сабаттуулугун көргөзгөн Өмүрбек Чиркешович көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
Жарым саат өткөндөн кийин гана тергөөчү иш козгогондугун тастыктаган токтомун көргөзгөн.
Биздин мыйзам тартиби боюнча иш эмне себептен, кайсыл мыйзамдын негизинде козголгондугу тууралуу токтомду көргөзүп, андан соң гана башка тергөө иштери жүргүзүлүш керек эле. Ал токтомдун негизинде Текебаевге каршы иш козголгон, анын негизинде Текебаев шектүү деп табылган, ал эми мыйзам боюнча шектүү адамдын өзүнүн мыйзам боюнча укуктары бар. Ал укук боюнча шектүү адам адвокат алганга, жооп бергенге же жооп бербей койгонго укуктуу. Ошентип, булар ошол шектүү адамдын укугун да тебелеп, биринчи "сен күбөсүң" деп тергөө ишин башташкан, адвокат чакыруу укугун жок кылып, ар кандай информацияны айттырып алганга куулук, кытмырлык менен аракет кылышкан. Бул облусттук жетекчиге татыктуу иш эмес. Облусттук деңгээлдеги жетекечинин жалган айтып, маалымат алуу аракети мыйзам алдында да, абийир алдында өтө эле пастык. Мындай аракеттери менен алар ниетинин кара экендигин жана кандай гана жолдор менен болбосун алган тапшырмасын аткараарын, башкача айтканда, жогорку жетекчилеринин алдында өзүн уят кылбаш үчүн бардыгына даяр экендигин көргөзүп отурушат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш -Жаза кодексинин 244-беренесинин 1-пунктуна негизинде "мыйзамсыз курал жасоо жана ремонт кылуу" деген айыпты Текебаевдин мойнуна илүү аракети көрүлүүдө. Алгач, Текебаевди "аскер автоматын алып жүргөн"-деп айыпташты эле, бирок ал кадимки эле жарандык карабин болуп чыкты. Андагы октор "автоматтык түрдө атылат"-деп кыйкырышты эле, бирок бул айыптоолор да суу кечпей, бирден атылуучу ок болуп чыкты. Андан кийин "бул октор аскердик "боевой" октор дешти"-эле, аңчылык октор экендиги да аныкталды. "Сайга мылтыгынын окчонтоюн (магазинин) аскердик автоматтыкына ылайыкташтырып, колго жасап алган"-дешти эле бул дагы жалган болуп чыкты.
Ушул сыяктуу толгон-токой айыптоолорду Эшимкановдун "кара жашигине" айланган КТРден саат сайын берип, Текебаевди коом алдында канчалык каралоого аракет кылышты? Бирок, мындай айыптоолордун баары ойдон чыгарылгандыгын өздөрүнүн баллистикалык экспертизасы аныктап берди. Эми Текебаевга таңууланып жаткан айыбы - "мылтыктын окчонтоюн мыйзамсыз оңдоп, стандартка туура келген 10 октон ашык ок батууга ылайыктап жасап алган"-деген күнөөнү коюшууда.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодекси боюнча, "Ремонт-иштебей калган куралды кайра атыла турган калыбына алып келгендеги абал аталат. Ал эми экспертиза "Сайга" куралы бузулган эмес, ал атылбай да калган эмес, ал эми магазининдеги октун көлөмүн көбөйтүү, азайтуудан , курал-жарактын сокку уруучу касиеттери жоголгон эмес"-деген жыйынтык берген.
Мындай учур мыйзамдарда каралган эмес, демек, ал үчүн жоопко тартуу мүмкүн эмес.
Эмне максат менен мындай иш козголуп жатат, эмнеге оппозиция лидерлерине куугунтук иштери акыркы мезгилдерде болуп көрбөгөндөй күч алып кетти?
Эмне үчүн өткөн жуманын этегинде Аликбек Жекшенкуловго, ал эми 20-январь күнү Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иштери катары менен козголуп отурат?
Бул суроолорго жооп издөө анчалык деле оор машакатты туудурбайт. Бирок, белгилей кетчү маанилүү бир жагдай- ушул айдын этегинде тагыраак айтсак, 30-январь күнү Москва шаарындагы Карнеги борборунда бириккен оппозициянын экономикалык саясий концепциясын россиялыктарга тааныштырган ири конференция өтмөк. .
Бул конференцияга Жекшенкулов , Текебаев, Шерниязов, Муралиев Чотоновдор бармак эле. Ал жерде мындан тышкары Кыргызстандын оппозиционерлери орусиялык бир катар таасирдүү адамдар менен бейформал жолугушууларды өткөрүшмөк.
Бул биринчи себеби болсо керек.
Экинчиден бийлик Текебаев баш болгон бийликтин көзүнө чыккан чыйкандарды "мыйзамдуу" жол менен жок кылууну көздөшкөндүр. Түрү суук түрмөнүн босогосуна эптеп эле кийрип коюшса, алардын андан аркы тагдыры мындан бир нече күн мурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Исмаил Кочкаровдун аянычтуу тагдырын туурап калбайт деп ким кепил боло алат?
Маркум Исмаил Кочкаров Омбудсмен аркылуу "мени түрмөгө киргизбегиле, ал жерден мени баари бир өлтүрүп коюшат"-деп коомчулукка кайрылып, сурангандыгына карабастан түрмөгө жөнөтүштү эле, жыйынтыгын өзүбүз көрүп турабыз.
Бүгүнкү бийлик оппозиция лидерлерин моралдык жактан гана эмес, ар түрдүү криминалдык күчтөрдү колдонуу менен физикалык жактан да жок кылууну көздөп жаткандыгы ачык эле көрүнүп калды.
Ушундай кооптуу кырдаалда Текебаевдин курал алып жүргөндүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Президент Бакиевди кайтарып, коргоо үчүн жүз миллион сомдон ашык бюджети бар бүтүндөй бир структура кызмат өтөйт. Президент башкага ишенбей, өзүнүн бир тууган инисин башкы жан сакчысы кылып алды. Жаныш Бакиевдин Мамлекеттик күзөт кызматына алып келгенден бери бул кызматка бөлүнгөн акча 100 миллион сомдон ашып кеткен.
Бул эмнени айтып турат? Бул президенттин да жаны ширин экендигин, ал өз өмүрү үчүн кооптоноорун тастыктайт.
Ал эми оппозициялык саясатчыларга кооптонууга негиз барбы? Албетте, бар. Бакиевдин бийлигинин тушунда үч депутат өлтүрүлдү. Бир депутат дайынсыз жок болду. Саясатка аралаша коем деп, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү биринин артынан бири оо дүйнөгө узай беришти. Бир катар саясат баамдоочуларынын пикиринде Исмаил Кочкаровдун өлүмүндө да чоң саясат жатат. Себеби, ал атагы алыска кеткен кадимки Рыспек Акматбаевдин саясий кеңешчиси Тынычбек Акматбаевдин урматына түзүлгөн "Тынчтык" партиясын жетектеп келген. Ал эми Бакиевди бийликке алып келген 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга Акматбаевдердин түздөн-түз катышы бар экендиктери бүгүнкү күндө эч кимге деле жашыруун эмес.
Себеби, 2005-2006-жылдардагы митингдер учурунда дал ошол Рыспек Акматбаевдердин жигиттери митингчилерге ыкыс көрсөтүп, ал эми Рыспектин жакын досу Исмаил Кочкаров бийлик менен Рыспектин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон деген пикирлер айтылууда. Балким, Кочкаровдун көп сырды билгендиги анын өлүмүнө алып келгендир?
Текебаевге карата мындан 2 жыл мурун ошол кездеги парламент тарабынан атайын токтом кабыл алынган. Анда Текебаевдин өмүрүнө реалдуу коркунуч бар экендиги белгиленген жана ал токтомдун негизинде ЖК 2010-жылга чейин Текебаевдин коопсуздугун сактоону өз мойнуна алган. Бирок, бүгүнкү күндө ал парламент жок, токтом болсо өз күчүн белгилүү себептер менен өзүнөн-өзү токтотту, бирок Текебаевдин өмүрүнө болгон коркунуч күн санап өсүүдө. Бакиев өз өмүрүн коргош үчүн миллиондогон каражат бөлүп, сакчылардын чоңуна генерал наамын ыйгарып жатса, анын оппоненттери кыйла коркунучка дуушар болуп жатышат. Жогорку Кеңештин Ө.Текебаев тууралуу токтомунун талаптары эмне үчүн аткарылбайт деген суроонун да ыңгайы келип турат. Ушундай опурталдуу кырдаалдарга карабастан алар өз саясий ишмердүүлүктөрүн токтотушкан жок, үйүнө бекинип жашынышкан жок, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн тайсалдабай, бүгүнкү ыплас, кир саясатка ачык каршы чыгышууда.
Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"