Сөз эркиндигин муунтабыз дешеби?

2009-жыл - Интернет чөйрөсүнө чабуул коюу жылы болот
Жоомарт Сапарбаев, "Ата Мекен" партиясынын пресс катчысы жана "Кыргыз Пресс" Итернет гезитинин башкы редактору.

- Жоомарт Рахатович, сиздердин "Кыргыз Пресс" Интернет гезити иштебей жатканы маалым. Себеби эмнеде?
- Биздин "Кыргыз Пресс" гезити 2008-жылдын декабрь айынын орто ченинен баштап иштей баштаган. Интернет гезити тууралуу жарыя бергенде эле бул оппозициялык маанайдагы макалаларды жазып, бийликти сындаган маалыматтарды элге жеткирет деген жарыя менен чыкканбыз. Ошол себептен бийликтин бизге болгон мамилеси орой болду. Декабрдын аяк ченинде азыркы бийликте турган үй-бүлө туурасында, Кыргызстанда пайда болгон саясий- кландык кризис боюнча, алардын аткарган иштери жөнүндө макалабыз чыккан. Андан кийин эки-үч жолу ошол эле президент жана анын үй- бүлөсү менен кошо алардын жасаган жана жасабаган кадамдары туурасында макалабыз жарык көргөн. Ошондон тартып январдын баш ченинде биздин Интернет гезит өзүнөн-өзү иштебей калды. Биздин Интернетти толук жаба алышкан жок, болгону гана Интернетти көрүү мүмкүнчүлүгүн Кыргызстан боюнча жаап коюшту.
- Кыргызстан боюнча жаап койгонун кандай жол менен изилдедиңиздер?
- Бул мүмкүн техникалык себептерден болуп жатабы?- деп да изилдеп көрдүк, чет өлкөлүк компанияларга кайрылып, менин досторум менен да байланыштык. Ал жактарда биздин Интернет гезит жакшынакай эле иштеп жатыптыр. Ушундан улам изилдеп көрсөк иш "Кыргыз Телекомго" келип эле токтоп калат экен. Демек, биздин сайтты көрүү мүмкүнчүлүгүн жаап койгондугу чындык. Негизинен "Кыргыз Телекомдон" өчүрүп койсо, сайттын мүмкүнчүлүгү толугу менен чектелип калат. Интернетти колдонгон адамдардын 80-90 пайызы ошол "Кыргыз телеком" аркылуу Интернет менен байланыша алат. Биринчи жолу өчүргөндө мен расмий түрдө генеральный директорго стратегиялык суроолор боюнча кайрылсам, "ооба, ал кыйынчылык бизде да бар, Кыргызстандын аймагы боюнча маршуртизацияда кыйынчылык келип чыкты"- деп жооп берди. Бирок, бул бармактан соруп чыккан эле жооп болуп калды. Кандай эле биздин сайтка тиешелүү болгон маршуртизацияда кыйынчылыктар пайда болуп калат экен? Ошондон үч күндөн кийин биздин сайтты кайра калыбына келтиришкен. Ал бир эле күн иштеп, эртеси кайра жабылып калды. Ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин иштей элек.
- Интернет гезитти жаап салууга ким буйрук берген деп ойлойсуз?
- "Бул Интернет гезит иштебесин" деген буйрук Ак үй жана генпрокурор тараптан келген окшойт. Бул расмий маалымат эмес , жеке өзүмдүн маалыматым жана анын жоопкерчилигин өз моюнума алам. Азыркы күндө "Кыргыз Телекомго" кайрылсам "бул кыйынчылыктар бизден эмес"- деп жооп берип жатышат.
- Эми кандай чараларды көрөлү деп жатасыздар?
- "Хостинг"жана "домен" алган компанияда "зеркало" орнотуш керек. Ошондо Кыргызстандын чегинде да сайтты көрүү мүмкүнчүлүгүн жаба албай калышат. Бул техникалык маселе болгондон кийин ага убакыт керек. Кудай кааласа, февралдын башында биздин сайт кайра иштей баштайт.
- Ушул көрүнүштү сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнүн дагы бир жолу десек болобу?
- Андан башка нерсени мен көрө албай турам. Кысым болбосо, Интернет гезитти элге жеткирбей жатканын кандай түшүнүүгө болот? 2005-жылдын март айынан бери сөз эркиндигине кол салуулар көп болуп жатат. 2005-2006-жылдары эркин телевидение жок кылынды, 2007-2008-жылдары басма сөз эркиндигин муунтуулар болду, эми 2009-жыл Интернет чөйрөсүнө чабуул коюу жылы болот. "Ак жол" партиясынын "Интернетти СМИге кошуу" деген мыйзам иштеп чыкты, аны албетте кабыл алышат, ансыз деле эки жылдан бери "Интернетти текшериш керек, элге терс маалыматтар кетип жатат"-деп кыйкырып келе жатышпайбы. Азыркы учурда Интернет менен айрым гезиттер гана оппозициянын жана башка альтернативдик ойдун булактары болуп калды. Ошол себептен Интернеттен кетип жаткан маалыматтардан коркуп жатышат.
- Интернет гезиттин жабылып калуусу боюнча сиздин кайрылууңузду жогору жак кандай кабыл алды?
- Алгач көп көңүл бурулган эмес эле, айрымдар техникалык кыйынчылыктарды чече албай, бийликти күнөөлөп жатышат деп да ойлошту. Бирок, биз менен катар эле оппозициялык маанайдагы "Белый парус" Интернет гезити да иштебей калды. Алардын маалымат булактары деле Ак үй менен "Эл Кат" компанияларына барып такалууда. Азыр Интернет маалымат булактарына кысым көрсөтүү ачык эле жүрүп калды.
Биздин Интернет гезитке чейин "Белый парус" сыяктуу ж.б сайттарды кысымга алып келишкен. "Азаттык" эл аралык радиосунун Интернет сайтына да кысым көрсөтүшкөн, бирок алар ачык айтып чыгышкан жок.
Интернет колдонуучуларга, Интернет аркылуу маалымат берип жаткандарга кеңешим: алдын-ала эле өзүлөрүнүн Интернет сайттары болобу, Интернет газеталары болобу, маалымат агенстволору болобу же блокторбу, кыскасы альтернативдүү кыйынчылыктарга даяр болуулары керек. Мен жогоруда айткандай "зеркало" кылып койсун, ошондо жаап салуу кыйындайт. Бирок, Интернет телевидение эмес, жапса эле жабылып калгыдай, Интернет бул чексиз нерсе, канча кааласаң сайт ача бересиң, ошол себептен Интернетке олуттуу каршылык көрсөтүү мүмкүн эмес. Бут тосом деп жатып, бутуңду же моюнуңду сындырып аласың. Азыркы күндө Америка, Япония өңдүү өнүккөн өлкөлөр интернетти көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан, биздин "Кыргыз Пресс" Интернет- гезитинин бүгүнкү иштебей турушу-убактылуу нерсе. Буюруса 4-5 күндүн ичинде биздин окурмандарсүйүктүү гезити менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кайрадан ээ болушат.
Маектешкен
Айсулуу ЭСЕН кызы,
"Ачык саясат"