Ооруу кадырын соо билеби?

"Колу менен жасаганын мойну менен тартсын"
Гезитибиздин өткөн санында КР Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиевге, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге, "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго КР жараны, Кыргызстан Эл аралык университетинин доценти Карыпбай Алыбаевдин кайрылуусу жарык көргөн. Кайрылууда Карыпбай аксакалдын небереси Ишембаев Эдилди чогуу иштеген Токтоналиев Азамат аттуу бала атып салганын, аткан бала камалбай, качан Карыпбай аксакал Бишкек шаардык аскер гарнизонуна барып арызданганда гана камалганын, Азамат Эдилге жардам көрсөткөндүн ордуна, өзүн актоо үчүн адвокат жалдап алганын айтып өткөн. Биз бул жүрөк ооруткан окуяны угуп алып жөн тура албадык. Эдил Ишенбаевдин акыбалын билүү максатында ал жаткан Мамакеев атындагы нейврохирургиялык госпиталга барып, толук маалымат алдык. Ылайым, Кудайым кырсыктан тышкары кылсын. Бир айдан бери оор абалда жаткан Эдилдин балбылдаган көздөрүнөн башка эч нерсеси калбаптыр. Анын арыктаганын, кубарган жүзүн, оор абалын көрүп туруп, айласыздан көзүңө жаш аласың. Деги адамдар бири-бирибизди жегенден, өлтүргөндөн кайра тартпай, кайрымыбыз жок болуп бараткандайбыз. Эдилдин жанында апасы жана келинчеги карап жатыптыр. Аларга өзүмдүн гезиттен келгенимди айтканымда эле, апасы баласынын оор абалда жатканын айтып, Эдилдин иштебеген, эч нерсени сезбеген буттарын көрсөттү. Болгон окуянын чоо-жайын Эдилдин өз оозунан билүү үчүн ага суроо узаттым.

- Эдил, Азамат экөөң качантан бери таанышсыңар?
- Экөөбүз аскер окуу жайында бирге окуганбыз. Бирок, ал менден бир курс жогору окучу. Сүйлөшчү деле эмеспиз. Болгону, окуудан жолугушканда эле саламдашып койгонубуз болбосо, андай деле жакшы тааныштардан эмес болчубуз. Ал менден мурда окуусун бүтүп кеткен. Бир жылдан кийин мен да окуумду аяктап, Ички иштер министрлигине караштуу 705-ички аскердик бөлүмүндө кызмат өтөп калдым. Азамат дагы ошол жерде кызмат кылгандыктан, чогуу иштеп жүргөнбүз.
- Экөөңөрдүн ортоңордо эч кандай талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер болгон жок беле?
- Жок, андай деле эч нерсе болгон эмес. 2008-жылдын 20-декабрында экөөбүз чогуу күзөттө турганбыз. Мен Азаматтын кечки тамактан келишин күтүп отургам. Ал келгенде тамактанууга баруу үчүн бушлатымды кийип, портупеяны столдун үстүнө койгом. Ушул учурда Азамат пистолетти ала коюп, затвордон чыгарып, патронникке патронду кийирип жибергенин көрүп: "Эмне кылып жатасың? Абайла, пистолетти кайра ордуна кой, атылып кетиши мүмкүн"- дегичекти болбой, мени каратып туруп атып жиберди. Мен эс-учумду билбей баратып, ал баланын пистолетти чүпүрөк менен тазалап жатканын көрүп калдым. Бир аздан кийин тез жардам машинасы келип, мени носилка менен көтөрүп баратканда Азамат жаныма келип, "Эдил, начальникке "өзүмдү-өзүм атып алдым"-деп айтып койчу" дегенин бир билем. Андан кийин эсимде эч нерсе жок. Оор абалда ооруканага кеткенимде начальниктерге "өзүн-өзү атып алды"-деп доклад берип коюптур. Ошол бойдон мени элдин баары "өзүн-өзү атып алыптыр"-деп ойлошуп, аны эч ким суракка албаптыр. Мен эки күндөн кийин эсиме келип, жакшыраак болуп калганымда баарын айтып бердим. Ошондон кийин Азаматты камакка алышты.
- Кармалганда ал бала кылган ишин моюнуна алдыбы?
- Ооба, моюнуна алып, азыр камакта жатат.
- Эдил, өзүң иштеген тараптан адамдар келип, сенин абалыңды сурап, жардам көрсөтүп жатышабы?
- Ооба, өзүм иштеген 705-ички аскер бөлүмүнөн башында келишип, кан берип жатышты. Акча жагынан да аз-аздан жардам беришип, колдорунан келгендерин жасашты. Мен "Кудай буюруп, бутуман туруп калсам, Азаматты каматпайм"-дегем. Бирок, ал мага жардам бергендин ордуна, кайра өзүн коргоо үчүн адвокат жалдап алганына жиним келди. Азаматтын бул кылганы туура эмес. Менин ата-энемден башка бирөө болсо, анын бул кылган иши үчүн түбүнө жетмек.

Албетте, өз канынан жаралган баласы үчүн ата-эне күйөт эмеспи. Эдилдин апасы Гамила эже алмончоктой уулунун заматта ушундай оор абалга туш болгонуна түшүнбөй келет. Анын баласы үчүн кыйналып, уйку көрбөй, ой басып турганы жүзүнөн байкалып турду. Бирок, Эдилдин апасынын ансыз да оор абалда турганын түшүнсөм да, аргасыз сүйлөтүүгө мажбур болдум.

Гамила Ишембаева,
- Эже, уулуңуздун абалы кандай болууда?
Уулум жаңы эле аскердик окуу жайын бүтүрүп, татынакай иштеп жаткан. Эмне болуп кетти, билбейм. Ооруканада жатканына бир ай болду. Ошондон бери келинчеги дайыма жанында. Экөөнүн он бир айлык баласы бар. Ал неберемди таенеси карап жатат. Баламдын абалын өзүңөр көрдүңөр. Түнкүсүн чыдай албай ооруп, кыйналып чыгат. Ооруган сайын кетанолду сайдырабыз. Бул дарынын ден-соолукка зыяны көп дешет. Айла жок, балам убактылуу болсо да оорусун сезбей турсун дейбиз да. Чыдабай ооруп, кыйналганын көргүм келбей, эшикке чыгып алып ыйлайм. Абалы аябай эле оор.
- Эдилди аткан бала тараптан кандай жардамдар болууда?
- Уулумду ушул абалга алып келген бала Азамат тараптан апасы келип, жардам бергендин ордуна, кайра уулум реанимацияда жатса, көрүнгөн аялдарды киргизе берди, улам бирин жиберип жатты. Менин оюмча "чын эле ооруп кыйналуудабы же калп эле догурунуп жатабы"-деп текшерди окшойт. "Эже, кан керек болуп жатат, массажы башталды, акча керек болуп жатат"-десек, "үйүм өтсүн"-дейт. Эмне, үйү эки жыл өтпөсө деле биз күтүп жүрө берелиби? Колу менен жасаганын моюну менен тартсын. Жазасын алсын. Ал бала өзү курал кармаганды жакшы билет. Абайлаш керек экенин түшүнөт. Билбейм, эмне себептен уулумду атып салды? Андан дагы начальнигине "өзүн-өзү атып алды"-деп коюп, сайрандап жүргөнүнө абдан таң калдым. Дагы жакшы, балам аман калды. Эми Кудайым жардам берип, өзүнө келип, басып калса экен деп тилеп жатабыз. Башында эч нерсе деген эмеспиз. Эптеп уулубуз айыгып кетсе болду деп жатсак, алар адвокат жалдап алышыптыр. Ал эмнеси, билбейм. Эгер, уулум эсине келип, эмне болгонун айтып бербегенде "жабылуу аяк жабылуу бойдон" калмак окшойт.

Муркашева Назира,
Эдилдин келинчеги:
Жолдошумдун ооруканада жатканына бир ай болду. Он бир айлык балабызды таштап, бир айдан бери Эдилдин жанында жатам. Ошол бир айдын ичинде эмне деген гана күндү көрбөдүк. Эдилдин белден ылдый жагы таптакыр эч нерсени сезбей, кыймылга келбей жатат. Буттарын болсо өзүбүз ары-бери көтөрүп жылдырабыз. Өз алдынча заара кыла албайт. Түтүкчө аркылуу гана заарасы чыгат. Азаматтын энеси, туугандары жардам көрсөтүп койгондун ордуна, Н.Фролов деген адвокатты жалдашып, баласын камактан чыгарып алуунун айласын кылып жатышат. Бизге келип "Эдил ооруп жатса, кечирим кат берсин дешип"-ызы-чуу кылышты. Ошол адвокатка берген акчасын жолдошумдун дарыларына берип койсо болмок. Эдил деле аны "каматпайм"-деген. Эми биздин үмүтүбүз сотто. Сот туура калыстап, адилет чечим чыгарып, Азаматка өз жазасын берсин. Эмнеге билип, баарын түшүнүп туруп атып салат?

Акматов Таалай Аманкулович,
Эдилди дарылап жаткан врач:
- Эдил Ишембаевдин биринчи келгенде абалы кандай эле? Операцияны өзүңүз жасадыңызбы?
- Ооба, өзүм жасадым. Өтө оор абалда келди. Канды көп жоготкон. Эсин жоготуп, кайра өзүнө келип, бирок кан токтобой агып жаткан. Анан "ок тийип, жараат алды"-дегенде эле дароо операцияга даярдап, алып кирдик. Ичин ачсак, толтура кан. Ичегиси, бөйрөгү эзилип калыптыр. Ок колунан өтүп, омурткасына 10 сантиметр кирип кетиптир. Кандын агып жатканын токтотуу үчүн эзилип кеткен сол бөйрөгүн алып салууга туура келди. Окту издесек, каналы аябай узун экен. Омуртканын алды жагынан алалы десек, аябай оор абалда операция жасалып, канды көп жоготкондуктан, аны оорулуу көтөрө албайт болчу. Кан агуусу токтогондо ичегисин чыгардык, эптеп аман алып калыш үчүн болгон жардам берүүчү дарыларды, плазмаларды куйдук. Беш күндөн кийин, кичине өзүнө келгенде М.Мамытовичке алып барып окту алдырдык.
- Андан бери жылыштар барбы?
- Буюрса, жылыштар бар. Жарааттарынын баары бүтөйүн деп калды. Азырынча өз алдынча заара чыгара албагандыктан түтүкчө коюп койгонбуз. Ал акырындык менен өз калыбына келет. Бардыгы өз калыбына келүү үчүн жарым жыл, бир жыл керек.
- Сиз тажрыйбалуу дарыгер катары айтсаңыз, мындай жарааттар көп болобу?
- Жок. Мындан төрт-беш жыл мурда, 2005-жылы июлда, ушуга окшош жараатты кабыл алгам. Англиянын жараны болчу. Атын унутуп калдым. "Оксус" фирмасынын жетекчиси эле. Ага ок оң жагынан тийип, өтө кыйын абалда келген. Ок тийип, эзилип кеткендиктен оң бөйрөгүн алып салгам. Анын огу жылып боорунда калган. Азыр деле ошол огу менен жүрөт. Менден кийин НАТОнун госпиталынан, Англиядан текшерилген, бардыгы жакшы дешип, бирок окту чыгара алышкан эмес. Эмне дегенде, омуртканы кессең оорулуу көтөрө албайт, боорду дагы кесе албайсың. Андан көрө, аман калганына сүйүнүш керек.
- Айтыңызчы, Эдилдин бара-бара бутуна туруп, айыгып кетишине ишеним барбы?
- Менин оюмча, сол буту жакшы иштейт. Оң бутун калыбына келтириш үчүн невропатологдор дарылап, жакшы карашса, Кудай буюрса туруп кетет. Убакыт гана талап кылынат. Менин бөлүмүмдө оор жаракат алгандар көп. Дарыланып жакшы болуп чыккандар да көп. Бирок, бара-бара жаракат алгандар абдан көбөйөт деп ойлойм.
- Эмнеге?
- Себеби шаарда эл көбөйдү, машине андан бетер көбөйүп, тартип бузулду. Арак ичкендердин саны өсүп жатат. Ошону менен элдин психологиясы бузулду. Азыр баласы менен атасы, кошунасы менен кошунасы арак ичип алып эле бирин-бири бычак менен сайып салып, бизге келгендер көп.
- Таалай мырза, кайра Эдил тууралуу сөзгө өтсөк. Оорулуунун абалын сурап, жардам кылалы деген адамдар болуудабы? Эдилди аткан бала тараптан келип сурап жатышабы?
- Башында мага мед санчастын врачтары келип, сурап жатышкан. Азыр алар келбей калышты. Башка эч ким келген жок. Ата-энеси, келинчеги гана чуркап, карашууда. Биздин администрациядан дары-дармек боюнча кичине жардамдар болуп жатат. Бирок, көптөгөн каражат талап кылынат. Эмне дегенде, өтө оор жараат алган. Мындай жараат алган он адамдын сегизи бизге жетпей калат. Бул бала эрте келгендиктен, аман калды.

Албетте, Азаматтын жакындарынын Эдилге жасаган мамилеси түшүнүксүз жана туура эмес. Алар адвокат жалдагандын ордуна, оор абалда жаткан Эдилге жардам берип коюшса, Кудай алдында ак болушат эле го.
Байкабастан атып алган адам адвокат жалдабайт эле да. Канткен күндө да, Азамат сот алдында актанганы менен Кудай алдында актана албасын, бир адамдын убалына калганын сезсе болду. Баарынан да Эдилдин иштеген жеринен көмөк көрсөтүп коюшса жакшы болмок. Эми бул ишти тиешелүү органдар так жана калыс карап, туура чечим чыгарат деп ишенебиз. Эдилге жардам берүүнү каалагандар биздин редакцияга кайрылсаңыздар болот.

Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"