Үмүт учугу мэрияда

Мусулман болуп төрөлгөн үч эм
Жакында эле УТРКнын Ала-Тоо маалымат программасынан Элдар, Жасмин жана Жазэл аттуу үч эм наристенин ата-энесине өлкө башчыбыз эки бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырганын көрүп, абдан кубандым.
Эрнис Исаков менен Арсар Бакированын алган ак өргөөлөрү кут болсун!
Ал эми өткөн 2008-жылдын май айында "Алиби" гезитинин №17 санында "Үч эмдин үмүтү Данияр Үсөновдо" деген Шайыбек Турдубаевдин үч эм уулу туралуу макала жарык көргөн.
Анда Аманбек, Эсенбек, Турсунбек аттуу үч эм наристенин ата-энеси үстүндө үйү жок батирде тураары, былтыркы кыштан кыйналып чыгышканы жөнүндө кеп козгогон элек.
Ал тургай экс-мэр Данияр Үсөновго гезит аркылуу кулак кагыш кылып, ошол санын кабылдамасына өзүм жеткирип баргам.
Анткени, Турдубаевдердин үй-бүлөсү турак-жай маселеси боюнча президентке, Бишкек шаарынын Мэри Данияр Үсөновго канча ирет кайрылуу жолдосо да, жооп болгон эмес. Ал учурда Данияр мырзага жаш үй-бүлөнүн турмуш-шартынан да, лоторея билети кызык болуп турган. Кымындай үч наристенин кызыкчылыгын көздөй албаган Данияр мырза Президенттик администрацияга барып, бүтүндөй кыргызстандыктардын кызыкчылыгын көздөй алаар бекен?
Быйыл да үч эм наристенин жашоо-шарты, учурдагы жагдайынан кабар алып коюу максатында алардын үйүнө баш бактым.

Фатима Турдубаева,
балдардын чоң энеси:

"Кээде сүткө да акчалары жок болуп калат"
- Былтыркыга караганда, Кудайга шүгүр, балдар чоңоюп калды.Ошентсе да, быйылкы кышта отун-суудан кыйналышты. Электр жарыгы да түнкү саат 12ден таңкы 6га чейин өчөт. "Көлмө" жаңы конушу саздак келет эмеспи, кышкысын үйдүн ичи көк тартып кетет. От жаксак да жакшы жылыбайт. Жети айлык болуп төрөлгөн балдар алсыз, чыдамы жок болот окшойт. Тез-тезден эле ооруп калышат. Буларды үлпүлдөтүп бакканга бардык шарты бар үй керек экен. Ушул турак-жай маселеси менен өлкө башчысынан баштап, айыл өкмөтүнө чейин кайрылып кабар ала албай койдук. Өкмөттөн суранбай эле өзүбүз сатып берели десек 1 бөлмөлүү квартирага да дарманыбыз жетпейт экен. Айла жок, чоңдордун эшигин каккылап жүрөбүз.
Балдардын атасы "Курулуш инвестициялар жана соода башкармалыгы" деген мамлекеттик ишканада курулушчу болуп иштейт. Жайында кененирээк тыйын-тыпыр тапканы менен азыр кыш айларында курулушчуларга бирде жумуш болсо, бирде жок. Үй алмак тургай, тапкан акчасы балдарынын тамак-ашына араң жетет. Өкмөттөн 6 бөтөлкө белок, үч бөтөлкө сүт, үч кертим быштак берилет. Андан тышкары күнүгө 60 сомго эки литр сүт сатып алышат. Кээде сүткө да акчалары жок болуп калган учурлары болот. Андайда кошуна-колоңдордон карызга ала коюшат.
Бир бала болсо мамлекеттен жардам сурабай эле багып алышмак. Болбосо, Россияда, Казакстанда бир бала төрөлсө да сүйүнчүсүн, жөлөк пулун берип бапестешет экен. "Эне-баланы коргойт"- деп ошолорду айтса жарашат. Бизде чиедей үч эгиз баласы менен кыйналып жаткан жаштарга жардам бере албай жатышат. Башкасын айтпай эле коеюн. Өлкө башчыбыздын "Экономикалык өсүш бар. Жаңы үйлөр курулууда"- деп айтканын телевизордон өз кулагым менен көп эле жолу уктум. Ошол жаңы курулуп жаткан үйлөрдү алмончоктой наристелерден, келечек муундардан аяшканына таң калам?
Үч эмдин артынан келиним дагы балалуу болгону турат. Боюндагысына беш ай болуп калды. "Үй-жайыбыз жок, үч балабызды араң багып жатсак дагы төрөп эмне кылам? Мунусун алдырып эле салайын" - дейт келиним. Кыйналгандарын көрүп турсам да "Кой, балам, ар бир наристе өз ырыскысы менен төрөлөт. Антип кесир сүйлөбө"- деп койдум. Кыргыздын саны кантип көбөйсүн, куураган куу окаттын айынан жаштарыбыз бала төрөгөндөн заарканып жатышса.

Жаңылкан Дайырбекова,
балдардын энеси:
- Былтыр кыш суук болуп, үч жолу ооруканага жатып чыкканбыз. Быйыл чоңоюп калышты. Бирок, балдарым там-туң басып калганда тар бөлмөгө батпай калдык. Кээде мешке от жактырбай, үчөө тең жаныма келип чурулдап, бири- көмүрдү чачып жесе, экинчиси, кызарган чокту кармап, үчүнчүсү- плитканын жанына барып эсимди чыгарышканда, ызама чыдабай ыйлаган күндөрүм да болот. Андай учурда балдарга жиним келип, уруп да коем.
Айла жок муздак, сыз болсо да ата-энебиздин үйүнө келип, кенен-кесир ойнотуп кетебиз.
Элдерден "Үч эм бала төрөлсө, мамлекеттен квартира берилет"- дегенди угуп алып, өткөн жылдын март айында президентке кат жазганбыз. Президенттик администрациядан жообун сурасак, "мэрияга жөнөткөнбүз, ошол жактан бөлүнөт"-дешкен. Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдон жооп ала албай койгон соң, өзүнө жолугуп сүйлөшөлү деп кире албай койдук. "Үч ай мурда жазылып, анан киресиңер" - деп коюшту. Үч ай күткөнчө ал кызматынан бошоп кетти. "Аял заты эмеспи, түшүнөөр- деп фамилиясы биздикине окшош Гүлнара Дербишова деген Жогорку Кеңештин депутатына кайрылганбыз. Ал киши "катыңарды мэрге өзүм жеткирем"-деп убада берген. Андан бери 5-6 ай өттү, эч кандай жооп жок.
Бир жолу телевизордон президентибиз жаңы салынган үйдүн лентасын кесип жатып "Бул үйдө үч эм балдар жашайт"- деп айтты. Биздин кайрылуу каттарыбыз президентке жетип, балдарга квартира берет экен деп сүйүнүп кеткем. Ошол маалыматты уккан кошуна-колоңдор, тааныш-туугандар куттуктап да үлгүрүштү. Жакында башка үч эм балага берип жатканын көрсөттү. Алар эки жашка чыгып калышыптыр. Демек, эки жыл үй алуунун аракетинде болушту да. Жакшылап чуркасак биздин балдарга деле берилип калаар деп ичимден сүйүнүп калдым.
Бирок, жолдошумдун жумуштан колу бошобойт. Ал иштебей, үй алам деп күнүгө ак үйдүн, көк үйдүн алдында жүрсө, биз ачка кала тургандайбыз. Мен балдарым менен үйдөн чыга албайм. Ошентип, ыйлап-сыктап чоңоюп жатабыз.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздердин гезит аркылуу Мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиевден, Бишкек шаарынын Мэри Нариман Түлеевден "биздин абалды түшүнүп, турак-жай маселебизди эртерээк чечип берип койсоңуздар"-деп суранат элем.

P.S. "Баланын туулганына эмес, тураарына сүйүн"- дегендей, үч эм наристе төрөлгөндө ата-энеси аттарын атайын ырымдап Аманбек, Эсенбек, Турсунбек деп коюшуптур. Наристелердин кылык-жоруктары чыгып, чоңое баштаганда, эптеп салынган эки бөлмөлүү тар времянкада жашоолору өтө оор экен. Үйлөрүнүн ичи көк тартып, дубалдан шыпка чейин көк боек менен боеп койгондой.
Мындай үйдө жашоо наристелердин ден-соолугуна кооптуу болсо да, 27 жаштагы ата Шайыбек Турдубаев менен 25 жаштагы эне Жаңылкан Дайырбекованын башка баш калкалаар жери жок. Алардын айына 250-300 доллар төлөй турган батирге чыгууга алдары жетпейт. Болгон үмүттөрү-Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевде. Нариман мырза балдардын жашаган үйүн өз көзү менен көрсө, турак - жай маселесин турган жеринен чечээр беле? Андыктан "Көлмө" жаңы конушунун Кулиева көчөсүндөгү 224-үйгө баш багып көрсө, төрөлгөндө эле кудайдын кудурети менен мусулман болуп төрөлгөн үч эм уулдун сообуна калмак.
Мусулман деп айтканымдын да жөнү бар. Анткени, наристелер төрөлгөндө эле атайын сүннөткө олтургузулгандай болуп төрөлгөн.

Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"