Абийир деп "кыйкыргандардын" абийирсиздиги

"Журналистиканын этикасы эмес, этегинен ылдый нерсе"
"Агым" гезитинин беттеринде (01.09.09-ж №1 жана 16.01.09-ж №2) "Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевдин "төшөк оюндары" тууралуу "сүрөттөр" жарыяланып, алар кызыкдар адамдар тарабынан эл чогулган жерлерде атайын бекер таратылууда.

Ушул аракеттердин өзү эле "Агым" гезити эмне максатта бул эротикалык "сүрөттөрдү" жарыялап жаткандыгын "сүрөттөрдүн авторлору" эмнени көздөп отургандыгын, "Агым" кимдин куралына айлангандыгын ачык-айкын далилдеп отурат.
"Ачык саясат" гезитинин редакциясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине кайрылып, "Агым" гезитиндеги "сүрөттөр" боюнча алардын төмөндөгүдөй пикирлерин уктук:

"Агым" гезитине жарык көргөн эротикалык сүрөт журналисттик этикага жатабы?

Илим Карыпбеков
Медиа өкүл:
Биринчи кезекте бул сүрөт кимге болбосун жакшы сезим калтырбайт.
Экинчиден, эки жактуу укук бузуу болду. Биринчиси, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок, экинчиси, келбетине карай одоночулук мамиле кылууга болбойт. Демек, бул сүрөттөрдү гезит бетине жарыялоодон мурда Ө.Текебаевдин жеке макулдугун алуу зарыл болчу.
Үчүнчүдөн, белгилүү оппозициянын эң алдыңкы адамы катары ал бардык жерде өзүн сак алып жүрүш керек эле. Себеби, артынан аңдуулар болуп жатканын өзү деле билсе керек.
Жалпысынан, бул окуядан эч ким уткан жок, гезит болсо өз деңгээлин көргөздү. Саясаттан кандай курал колдонулуп жатканы элге ачык көрүнүп калды. Өмүрбек Чиркешовичтин аброюна көлөкө түшүрүлдү. Бул өтө эле өкүнүчтүү.

Бермет Букашева,
"Лица" гезитинин башкы редактору:
Бул жерде "Агым" гезитинин журналисттеринде күнөө жок болсо керек деп ойлойм. Себеби, ал сүрөттү журналист адам тартпайт. Журналисттер эч убакта мындай ишке барышпайт. Ошол сүрөттү тартып келип, буйрук берген адам сөзсүз түрдө жазага тартылуусу керек. Конституция боюнча адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүгө тыюу салынган. Бирок, журналисттердин милдети-болгон нерсени болгондой элге ачык көрсөтүү. Башкача айтканда, саясатчылардын чыныгы жүзүн эл билиши керек. Бул деген демократиянын принциптерине жатат. Мындай нерсе бизде биринчи жолу болду. Келечекте президент болом деген ар бир саясатчы мындай нерсеге терикпестен, даяр болуусу керек. Бирок, саясатчыларды ушундай кыла берсе боло берет дебей, ар бир журналист мыйзам чегинде, чектен чыкпастан өз ишин мыкты билүүсү кажет.

Кенжебек Арыкбаев,
"Айгай" гезитинин башкы редактору:
Албетте, бул журналистиканын этикасы тургай, этегинен ылдый нерсе. "Улуу сөздө уят жок" деп коет. Муну чечмелегеним, эгер ошол сүрөт чын болгон күндө дагы, жеке мага анчалык "сенсация" жараткан жок. Антип санай бере турган болсок, бийликтин өтө эле бийик жеринде жүргөн адамдар жөнүндө да сөз табылат, "кимдин канча ойношу, канча токолу бар?" - деген сыяктуу. Андай маселеде М.Эшимкановдун өзү жөнүндө өтө көп сөздөрдү айтса болот. Бирок, бул гезит бетинде айтылчу сөз эмес да. Ал эми бир кезде мен сыйлаган "эшимкановдун" турсийге чейин кирип кеткенин, болгондо да кечээки чогуу жүргөн досунун турсийин аңтарганы, этика түгүл, эркектикке да жатпайт.

Кубанычбек Зайнидинов,
"Учур" гезитинин баяндамачысы
Биринчиден, бул жүргүзүлгөн иш туура эмес. Экинчиден, саясаттагы адамдар мындай нерселерге дайыма кабылышат. Үчүнчүдөн, бизде- кыргыздарда, журналисттик этика деген жок. Азыр көпчүлүк журналисттер мээси менен ойлонбой, ашказаны менен ойлонуп калышкан. "Агым" гезитине берилген эротикалык сүрөт бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөштөн келип чыккан десек болот. Мындай нерсеге жол берүү журналисттердин өтө пастыгын далилдейт. Бийлик менен оппозиция кырылып жатат деп эле ортодо журналисттер мындай нерсеге жол берип, адамдын моралдык укугуна шек келтириши абдан туура эмес иш. Менин айтаарым, бул көрүнүштү, мындай ишти башка журналисттер кайталабаса дээр элем.

Жылдыз Мусабекова,
"Аят пресс" гезитинин башкы редактору:
Менин жеке оюм боюнча айтсам, бул туура эмес. Албетте, журналисттик этикага жатпайт. "Агым" гезитине ошол сүрөттү алып келип бергендердин эле жашоосу жипке тизгендей эмес да. Алар эмне, андай ишке барбаган, өтө таза адамдар бекен? Өмүрбек Чиркешовичтин мындай көрүнүшкө эч унчукпастан, токтоолук, сабырдуулук менен караганы мага абдан жагып жатат. Анын мындай көрүнүшү чоң маданияттуулуктун белгиси. "МК Кыргызстан" гезитине Елена Агеева мындай деп жазыптыр. "Урматтуу президент. Сиз кол алдыңыздагыларга рахмат гана айтышыңыз керек. Себеби, алар сиздин душмандарыңыз менен күрөшкөнгө алы жетпей, ушундай эротикалык сүрөт менен салгылашкан жолду тандаганына". Муну мен "саясаттагы эротикалык сүрөт менен салгылашуу" - деп айтаар элем.

Кубанычбек Табалдиев,
"Замандаш пресстин" жетекчиси:
Албетте, бул иш журналистик этикадан да төмөн нерсе. Колдонулбай турган чараларды колдонушуп, ушундай ишке барган адамдарда уят жок. Мындай нерсе жалпы журналисттердин аброюн төмөндөтүп, элге жек көргөзөт. Биз, ошол эле !Агым" гезити баш болуп, эми мындан ары жыйынтык чыгарып, мындай нерсе экинчи кайталанбашы үчүн тыюу салышыбыз керек.

Биз "Агым" гезитинин №2(630)16.01.09-жылдагы санын карасак, "Башкы редактору Аскул Кенжебаев" деп жазылган. Мурдагы башкы редактору Керим Айдаровдун мынчалык тез арада башкы редакторлук кызматынан кетиши, албетте, азыркы тапта бардыгыбызды кызыктырууда. Ошол себептен Керим Айдаров менен телефон аркылуу байланышып, суроолорубузга төмөндөгүдөй кыскача жооп алдык.

Керим Айдаров, журналист
- "Агым" гезитине жарык көргөн Ө.Текебаев тууралуу эротикалык сүрөттү эмне себептен чыгардыңар?
- Мен ал сүрөт чыга электен мурда эле кызматымдан кеткем. Ал ишке менин тиешем жок.
- Сиз башкы редакторлук кызматтан ушул иштин негизинде кеттиңизби?
- Жок. Мен жумуштан башка себептер менен кеттим. Ал иштин менин кызматымдан кетишиме эч кандай байланышы жок.

Султан Жумагулов,
журналист:
Текебаевге арналган "эротикалык бомба" менде башка бир пикирди жаратты. Азыр биз кыргыз гезиттерин окуй албай калдык, ажаан, кан кызыткан, бири-биринин бетин канжалата тыткан макалалар жана монтаждалган сүрөттөр. Гезиттер эки жаатка бөлүнүп алып, эл ичинде жек көрүү сезимине от жагуу жагынан жарышып жаткандай туюлат. Бул 20-кылымдагы АКШдагы гангстерлердин - бири-бирине аёосуз кыянтачылык кылган заманды эске салат. Бизде ата-бабадан келаткан нарк-насил, касиет деген түшүнүктөр бар эле. Элдик азаматтарды - буга бийликтеги да, оппозициядагы да мыкчегерлер кирет, - мынчалык тебелеп-тепсебесек болот эле. Биз эрендердин эмес, элибиздин кадырын, наркын кетирип жатканыбызды сезсек болот эле.
Эми эрте? ошол эле Текебаевдер бийликке келип калганын элестетип көрөлө. Алар азыркы бийлик ээлерин же алардын жакындарын дал ушундай балит ыкма менен тебелеп-тепсеп башташса кандай заман болот? Ошондо бу кыргызда касиет калабы? Бул жолдон, айталык, өнүккөн элдер эбак эле кеткен. Алар бийликке келгенде маалымат булактарын марионетка кылып алып, каршылашын жер менен жексен кыла бергенден коом бузуларын, туруктуулук болбосуна көзү жетип, мындай "беспределден" баш тартып, маалымат булактары мыйзам чегинде өз озуйпасын орундата берсин деп, эркиндикке агытышкан. "Эсиң барда этегиңди жап" демекчи, эртелей бул өңдүү балит ыкмалардан баш тарталы. Эмесе, Текебаевге багышталган "эротикалык бомбалар" башкалардын да этегинде жарыла берип, алакандай элибизде тамтык калбай калбаса экен...

P.S. Мына урматтуу окурман! Өзүңүз күбө болдуңуз, эми өзүңүз да ой жүгүртүп көрүңүз. Такталбаган маалыматтарга караганда, Керим Айдаров башкы редакторлук кызматтан, " Гезитке бул эротикалык сүрөттү чыгаргандан көрө, кызматымдан кеткеним жакшы"-деп кеткен дешет. Ал гана эмес мындай ишке ошол жердеги эмгек жамааты да каршы болгон деген сөздөр да айтылууда.
Мындай саясий будуң-чаң учурунда кесиптештерибиздин колунан көп нерсе келбей калаарын, андай маселелерди эки- үч эле адам чечип коерун биз жакшы түшүнөбүз.
Ошондой болсо да, бир кезде калайык калк нанга деген акыркы тыйындарына сатып алып, тамшанып окуган "Агым" гезити бүгүн өзүнүн элдик позициясын сактай албай, саясаттын кир агымындагы бир-эки адамдын колундагы чамындыга айлангандыгы гезит окурмандарын гана эмес, кесиптеш катары "Ачык саясат" гезитинин эмгек жамаатын дагы терең өкүндүрөт.

Назгүл Мамытова
"Ачык саясат"