С а я с а т

"Бакай-Аталыктар баарына даяр"
Ошентип, бул жылдын 17-январы Кара-Буурадагы "Ата-Мекен" партиясынын партиялык ачык конференциясы кыргыздын тарых барагына ташка тамга баскандай таасын жазылып калды. Мурда белгиленгендей "Ата- Мекен" партиясынын кезектеги конференциясы 18- январь күнү Бакай-Ата районунда өтмөк.

Ал күнү конференциянын өтүшүнө жергиликтүү бийлик абдан дыкаттык менен бут тосмойлорду уюштурду. Алардын эң чоң жеңиши - Ө. Текебаев менен А. Жекшенкуловду бакайаталыктар менен жолуктурбоо ишин иш жүзүнө ашыргандыгы болду. Себеби, ошол күнү Ө. Текебаевди Кара-Буура ИИБиси курал боюнча иш козгоп, ал жакка сурак берүү үчүн чакырышкан. Өмүрбек мырза ал жерде эртең мененки саат 9.30дан баштап, кечки саат 16 00гө чейин тергөөчүлөрдүн "терең философиялуу" суроолоруна жогорку деңгээлдеги жоопторду берүү менен алектенип, жалпысынан 7 саат убакытты "эрксизден өлтүрүүгө" мажбур болду. Ал жерден чыккан "күнөөкөр", элдик лидер А.Жекшенкулов соттолуп жаткан Манас районунун сотуна кагаз түрүндөгү чакыруунун негизинде барды. Бул мыйзамды сыйлаган лидерлер ал жерде да түнкү саат 23.00 гө чейин "эрмектеген ээси жок" суроолорго жооп беришип, эзилип отурушту. Текебаев бул жерде 6 саат убакытты "өлтүрсө", Жекшенкулов бир күндүк убакытты "негизсиз өлтүрүүгө" мажбур болду. Бул лидерлер Манас районундагы "Мамил аке" базарынын жанында "Ата Мекен" партиясынын ачык конференциясын өткөргөндүгү үчүн айыпталышты. Таң аткандан түн ортосуна чейин созулган сурактын жыйынтыгы "конференциячыл-митингчилерге" чоң эскертүү берүү менен аяктап, экинчи жолу дагы ушундай тартипте эл менен жолугушуу өткөрүшсө, анда аларды кымындай да аябастыгын официалдуу түрдө билдиришти.
Мына ушундай себептер менен Текебаев, Жекшенкуловдорду Бакай-Атага жолотпоого жетишишкен Талас өрөөнүнүн майда-чоң чиновниктери "өх" деп, "өлө чоң өпкөлөрүн кайта-кайта кагышып, кучакташа кубанышып", ал кубанычтарына чек жетпей тургандыктары айтпаса да түшүнүктүү. Бирок, бакайаталыктар аким, айыл өкмөттөрдүн, топ-топ болуп топтолушкан укук коргоочулардын бут тосмойлоруна карабастан, Каработоев Жанаттын огородуна чогулушту. Ал жерге жүзгө жакын адам чогулган соң, "Ата-Мекен" партиясынын конференциясы ачык деп жарыяланды. Алгачкы сөздү "Ата-Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Э.Отунчиев алып, ал бакайаталыктарга "Кара-Буура синдромун" толугу менен айтып берди. Окуяны толук уккан эл нааразы боло бир дуулдап барып басылышты. Андан соң "Ата-Мекен" партиясынын Бакай-Ата районунун тогуз айыл өкмөтүнөн партия кеңешине тогуз адам шайланып, ал тогуз адамдын ичинен төрагалыкка Б.Сманов тандалды. Тандоо бүткөн соң Э.Отунчиев сөздү "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Б.Жээнбековго берди.

Б.ЖЭЭНБЕКОВ: "Элдин үстүнөн бийлик жүргүзүүгө эч кимдин укугу жок"
"Урматтуу бакайаталык туугандар! "Ата-Мекен" партиясынын жүргүзүп жаткан иштери элдин кызыкчылыгын көздөй тургандыгын жакшы билесиздер. Мына ушу себептен Талас өрөөнүндө өткөрүлүп жаткан партиялык конференцияларга бийлик тарабынан ачыктан-ачык бут тосуулар болуп жатат. Бул иш мамлекетибиздеги үй-бүлөлүк башкаруу системасынын элге тийгизген чоң кесепети. Мамлекет башчысы баш болгон чиновниктерибиз бүгүн эл менен эсептешпестен, элдин пикир-ойлорун эске албай туруп, жалаң кирешелүү тармактарды сатуу алдында турат. Жакында түзүлгөн Бириккен Элдик Кыймыл алардын бул саясатына каршы тураарын ачык билдирген. Бул кыймылдын ичиндеги "Ата-Мекен" партиясы элге түшүндүрүү иштерин дал ушул Талас жергесинен баштады. Биз баарыбыз биригип, ушундай балит саясат жүргүзүп жаткан бийликке бирдиктүү позицияларды билдиришибиз керек. Бул-бүгүнкү күндүн негизги талабы. Бүгүн жарыгыбыз өчүп жатса, эртең келечегибиздин жарыгы өчүп калуу коркунучуна кептелип турабыз. Биз эмне үчүн бул бийликтин элге каршы жүргүзүп жаткан саясатына макул болушубуз керек? Кыргыз эли байыртадан намыстуу эл болгон. Элди кыйнаган журт башчыларынын кордугуна эл ар дайым каршы туруп келгендигин тарыхыбыз тастыктап берет. Биз бүгүн көкүрөктөгү намысыбызды ойготуубуз абзел. Элибиз бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты менен жүз пайыз макул эмес. Баарыбыздын баш мыйзамда жазылган укугубуз бар. Ал укук баарыбызга бирдей. Ошол укугубузду өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон бийликтегилерге тебелетпешибиз керек. Элдин үстүнөн бийлик жүргүзгөнгө эч кимдин укугу жок. Мына ушуну элге түшүндүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Баарыбыз бирдикте бул эсирген бийликти эсине келтирбесек, келечегибиздин жолдору бүтөлүп калат. Ошон үчүн бүгүн өлкөдө түзүлүп жаткан кырдаалга өз баабызды берип, активдүүлүгүбүздү күчөтпөсөк, эртең кеч болуп калаарын баарыбыз сезишибиз жана түшүнүбүз зарыл".
Б. Жээнбеков сөзүн аяктап калганда Манас районунун сотунан "бир азга бошонуп", А. Сасыкбаева келип калды. Кийинки сөз ага берилип, ал да өз пикирин айтты.

А. САСЫКБАЕВА: "Биз Таласка келбей эле чет өлкөгө келип калганбыз го".
"Мен сиздерге бир маалыматты билдирип коеюн. Себеби, араңарда уга элегиңер бар, укканыңар бар.Эртең менен саат 9.30 га Ө. Текебаевди Кара-Бууранын ИИБине чакырып кетти (ал колундагы эки бүктөлгөн кагазды элге окуп берди). Бул чакыруунун себебин баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Бул-атайын бут тосуу. Ал эми А. Жекшенкуловду жана Талас областы боюнча "Ата-Мекен" партиясынын убактылуу төрайымы К. Курманалиеваны да Манас районунун соту ушул кезде "Кечээ биздин жерде мыйзамсыз митинг өткөздүңөр" - деп соттоп жатат. Бул жактын бийлик өкүлдөрү ушундай ыплас жолдор менен силердин лидерлерди ар кайсы жерде кармап, силер менен жолуктурбай койду. Эми бул бийлик өкүлдөрү силерди лидерлериңер менен жолуктуруу үчүн чыгымын төлөшүп, Бишкекке алып барып келсин деп ойлойм. Себеби, силер өзүңөр сыйлаган лидерлер менен бул жерден жолуктурбаса, ошол жактан жолуктурсун. Күчтүү лидер менен жолуктуруп, аларга өзүңөрдүн кызыктырган суроолорду берүү ар бириңердин максатыңар. Туурабы??? Мына бизди азыр Манас районунан бул жерге жеткенче жолдон беш жолу токтотту. Таласка келе жатканда да бир нече ирет токтотуп жатышты. Мына ошондой сансыз токтотуудан, текшерүүдөн улам менде "Биз Таласка келбей эле, алыскы чет өлкөгө келип калганбыз го"- деген ой пайда болду. Өз жериңде, өз элиңде минтип өз элиң менен жолуга албай куугунтукталып калгандан өткөн кордук жок. Бийликке биз өз каалаганын кылууга жол бербешибиз керек".
А. Сасыкбаева сүйлөп бүткөн соң (ал сүйлөп жаткан учурда келип калышкан) СДПК фракциясынын депутаттары Б. Бешимов менен Р. Отунбаева сөз алышып, өз ойлорун ортого салышып, элге (эл уга элек) бийликтин былыктары жөнүндө кенен кеп салып беришти. Бирок, Бешимов мырза толук сүйлөгөндөн кийин Отунбаева эжебиздин сөзүн аягына чыгарышпай, ата-энесин өлтүрүп коюшкан кишилерди көргөндөн бетер долудай болуп догурунушуп, алдын-ала даярданышкан "штаттагы провокаторлор" уулдап-дуулдашып (бал челегин коргогон топ аарылардай болушуп) ызы-чуу түшүп келип калышты. Алардын ана башчылары айыл өкмөттөрү жана Кара-Буурадагы "бозо сатышкан атактуу аялдар" экен. Жалпы тобу 60-70 тей адам. Алардын арасында бакайаталыктарга жакшы таанымал Өмүркул аттуу "дүжүр" адам ошол топко өзүнчө бир чоң көрк берип турду. Өмүркулду өзүнүн небересиндей болгон жаш балдардан тарта курдаштарына чейин жети эне, жети атасына чейин ашатышты. Бул "атак" аны акыр түбү оңдурбаган күнгө алып барарын өзү деле нары жагында түшүнсө керек. Ошентип, элге чуру-чуу салышкан дүжүрлөрдүн тийгизген салакасынан улам "Ата-Мекен" партиясынын конференциясы өз мөөнөтүнөн бир аз эрте жабылууга мажбур болду. Элди бөлүп - жарган "дүжүрлөрдүн" аракетине карабастан Бакай-Атадагы конференция өз максатына толук жетти деп айтууга негиз бар. Дагы бир айта кетчү нерсе "Ата-Мекен" партиясынын конференцияларынын өтүшүн толук тартып жүрүшкөн видеокамерачан СНБнын эр-азаматтары (дүжүр провокаторлордун чоң таекеси) да тарап жаткан элге кошулуп, эл ичиндеги (жээндерине) "дүжүрлөр" менен биригип көздөн кайым болушту.
Ал эми Талас районунун Ак-Сай айылында өтө турган конференция кийинки мөөнөткө жылдырылды. Райондун там-туң баса баштаган "балапан" акими Манас Жолдошбеков өзү ушул айылдан болгондуктан туугандарынын алдына келип, камчысын моюнуна салып, "бир балээ кылып жардам бербесеңер болбойт" деп суранат.Мурда "Ак жолдун" райондогу болор-болбос чоңу болуп жүргөн көк бөрүчү тууганы Чойбек Кызалаков жеңин түрүп, камчысын тиштеп, он чакты атчанды даяр кылам деген экен. Ошентип Ак-Сайдагы кырманда, менчик огороддо, Чат-Базарда өтө турган конференциялар элди чабыштырбайлы деп токтотулду. Бул туурасында кененирээк кийинки сандан окуй аласыздар.

Айбек Шамшыкеев,
"Ачык саясат"
Бишкек-Талас-Бишкек