С а я с а т

Айта турган кабар бар, Акүйдөн чыккан кабарлар
Жыл башындагы кадрлык жылмайлар ушуну менен эле бүтпөйт окшойт. Жакынкы аралыкта жаңы жарлыктар жарыкка чыкканы жатыптыр. Акүйдөгү "атайын кабарчыбыздын" маалыматына таянсак, Маданият министрлигине депутат Ибрагим Жунусов, Айыл чарба министрлигине Искендер Айдаралиев, биринчи вицеликке Адахан Мадумаров, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Токон Мамытов, Каржы полициясына Рашид Тагаев же Исхак Масалиев, Саламаттык сактоо министрлигине Сабыр Жумабеков барат деген имиштер бар. Ошондой эле Таластын губернатору Бейшенбек Болотбековдун ордуна "местный" адам изделип жатыптыр. Баса, Тышкы иштер министрлигине тың адамды таппай, Сыдыкованы сындан өткөрүп жатышыптыр. Ажобуз бул орунду Феликс Шаршенбаевичке бергенден чоочуркап жатат дешет.

Акматбек Бакиев "Жылдын адамы"
Ажобуздун бир тууган иниси Акматбек мырза Жалал-Абад шаарынын уюштурган конкурсу боюнча "жылдын адамы" сыйлыгын жеңип алды. Ага ушундай диплом менен кошо 1000 сом өлчөмүндөгү сыйлык берилди. "Салы ата" фирмасынын башчысы Акматбек Бакиев шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн ушундай сыйлыкка ээ болуп отурат. Жалал-Абад шаарынын башчылары мындай жосунсуз жоругу менен ажобуздун аброюна көлөкө түшүрүп жаткан жокпу? Кошоматчылыктын деле чеги болот эмеспи? Акаевдин агаларынын бирисин дагы "жылдын адамы" болгонун укпаптырбыз. Акматбек агабыз андай сыйлыктан баш тартып койсо, ашынган адамдардын арасы суюлуп калат беле? Айла жок экен да. Акматбек Жалал-Абадды титиретет десе ишенчү эмес элек? Эми көрүп алгыла.

Ноокаттыктар Иорданиядан башпаанек сурашты
Ош облусунун Ноокат районунун 10 атуулу Иордания мамлекетинен башпаанек сурап кайрылышыптыр. Мындай маалыматты "Демократия жана атуулдук коом" уюмунун төрайымы Динара Ошурахунова таратты. Атуулдук коомду жетектеген айымдын айтканына караганда, 2008-жылдын орозо айт майрамында орун алган "Ноокат инциденти" боюнча бийликтин болгон күч - аракети, аларды араб өлкөсүнө качып кетүүгө мажбур кылыптыр. Эсиңиздерге сала кетсек, ошол окуяны уюштурду деген айып менен Ноокаттык 28 адам узак жылдарга соттолуп кеткен. Ошондой эле Ошурахунова, оштук он адамдын аты-жөнүн биздин укук коргоо органдары азырынча билбейт экен. Өкмөттүк эмес уюмдар "Ноокат инциденти" боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу менен кайрылышты. Саясий куугунтук курчуганы качкындардын катары калыңдап баратат. Мигранттарыбыз аздык кылгансып, эми эмигранттарыбыз көбөйө баштады. Кошуна казактар тарыхый мекенине кайрылып келип жатса, кыргыздар мекенинен качып жатат.

Руслан Исаков башпаанек сурашы мүмкүн
Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун уулу, 2006-жылдан бери антитеррордук коалициянын алкагында АКШда кызмат өтөп жаткан Коргоо министрлигинин капитаны Руслан Исаков кызматынан кетүү боюнча рапортун жазды. Анын мындай кадамга барышына атасына болгон саясий куугунтук себеп болгон. Эсиңиздерге сала кетсек, Коргоо министрлиги аны кызматынын бүткөндүгүнө байланыштуу чакырык жасаган. Исмаил Исаковдун айтымына караганда, анын уулунун мөөнөтү 2009-жылдын октябрына чейин узартылган. Ажобуз Бакиевдин бийликке келишине кымбат кызмат өтөгөн генерал Исаковго үч кылмыш иши козголгондугу аздык кылгансып, анын жакындарына болгон куугунтуктар күч алууда. "Жаңы Кыргызстандын" баш катчысын жарга такап жатса да, Үсөн аканын унчукпаганы кызык. Калыстык үчүн карыялык сөзүн айтып койсо, кадыры кемип калбайт эле го. Уулунун кызматын акыйкат сөзгө алмаштыра албай турганы уят эле иш. Мындайда аргасыз Сталин менен Курманжан Датканы эстейт экенсиң.

Азимбек оппозициянын "атаманы" болду
Бириккен Элдик Кыймылынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул жолку жыйын мурдагылардан айырмаланып, жабык эшик артында өткөрүлдү. БЭКтин бул жолку жыйынында эмне маселелер айтылганын, кандай кадамдарга барарын билбесек да, бул уюмдун начальник штабына Азимбек Бекназаровдун бекитилгенин эшиттик. Азимбек Анаркуловичтин оппозиция лидерлигине келишине анын 2005-жылдагы бай тажрыйбасы себеп болсо керек. Ал кездерде мандаттуу Азимбек, мандатка жетпеген, бирок мантыга жеткен Курманбек Бакиевди жетелеп жүргөнүн жакшы билебиз. КЭКтин арабасын айдап, акыры Акаевди жайлап түшкөн Азикең, БЭКтин арабасын кандай жолго салаар экен? Мурунку башкы прокурор Азимбектин арабасында кимдер бар? Мурунку өкмөт башчылар(Атамбаев Муралиев), мурунку спикерлер (Текебаев, Чолпонбаев), мурунку Тышкы иштер министрлери(Отунбаева, Жекшенкулов), мурунку министрлер(Жээнбеков, Исаков), мурунку губернаторлор(Жээнбеков, Артыков), мурунку жана азыркы депутаттар бар. Акаев менен Бакиевдин, КЭК менен БЭКтин айрымасы болбогондон кийин, азыркы кармаш, 2005-жылдагы кармаштардын экинчи таймы десек болот.

Конгантиевди кокодон алышты
Ажобуздун парламенттеги ыйгарымдуу өкүлү Камбаралы Конгантиевге "Ак жолдун" айрым депутаттары атакага өтүштү. "Мигранттар жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алууда Камбаралы мырзанын катуу чыккан добушуна чыдабаган депутаттар Бегалы Наргозуев менен Мелис Мырзакматов айтышып кетишти. Мелис мырза, "Бизге кысым көргөзбөңүз, биз дагы чоң кишибиз, биз дагы бир нерсени билебиз"- десе, "акжолчу" айым Шарипа Садыбакасова, "Сиз буга таарынбаңыз, балким биздин балдарга сиздин прокурорлук үнүңүз жакпай жаткан чыгар. Ошондуктан ойлонуп көрүңүз" кыязында чымчып өттү. Ажонун өкүлүнө "ак жолчулардын" айбаат көргөзгөнүнө көпчүлүктүн көңүлү көтөрүлүп калды окшойт. Демейде деми чыкпагандар дем чыгарып жатса, демократиянын пайда болушунан кабар берет. Дайыма эле "хоп" дегендер, анда-санда "жок" деп койсо, сүйүнүп калат экенсиң.

Аксылык аксакалдын акаараты
Талас жергесинде оппозиция лидерлерине уюштурулган чагым боюнча Топчубек Тургуналиев бийликке болгон пикирин билдирди. "Оппозицияны куугунтуктап, алардын эл менен жолугушуусуна бөгөт коюп жатканы, алардын өлүм сааты жакындаганынан кабар берет",-дейт Топчубек мырза. Армиянын ички тартипти коргоо үчүн тартууга капаланган Топчубек Тургуналиев, "мен өз өмүрүмдө ажолорду элдин каргаганын эки жолу көрдүм, биринчиси - Аксы окуясында, экинчиси - кечээги Таластан кийин" - деди өз сөзүндө белгилүү саясатчы жана укук коргоочу. Масалиевди ачкачылык жолу менен кетирген Топчукенин айтымында, бүгүнкү бийликти калкыбыздын 90-95 пайызы көргүсү келбейт экен. Ушундай уятсыз саясат уланып жатса да, Бишкектеги ЕККУнун өкүлүнүн унчукпай отурганы кызык. Тийише албаса да, "тизгиниңерди тарткыла" - деп койсо болот эле го. Айтор, баардык уюмдар Бакиевдин саясатын колдоп жаткандай сезилет.

Улуттук Гвардиянын уланы көз жумду
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер-аба базасында 21-январда кайгылуу иш катталган. Улуттук Гвардиянын 26 жаштагы улук сержанты Эрик Окошев парашют менен машыгуу учурунда каза тапкан. Өзгөчө багыттагы атайын отряддын командиринин орун басары Эрик Окошевдин экинчи жолку секирүүсүндө парашюту ачылбай калып, кара жерге "карс" урунган. Кыргызстандын парашют спорту боюнча федерациясынын мүчөсү болгон Эрик Окошев мындан эки жыл мурун аскердик кызматка алынган. Бул кайгылуу иш боюнча коргоо министрлигинин карамагына кирген Улуттук Гвардияда атайын комиссия түзүлгөнү менен, кылмыш иши козголо элек. Мындай кырсыктуу окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуптур. Аскердик эски техникалар "өлгөндүгү" үчүн экс-министр Исмаил Исаковго кылмыш иши ачылат да, адам баласы өлүп жатса кылмыш иши козголбогондугу кандай?

Турсункулов туура кылды
Карачайлардын лидери Исмаил Кочкаровдун №8 абактан өлтүрүлүшү боюнча комиссия жыйынтыгын чыгара электе эле, Адилет министри Нурлан Турсункулов ГУИН башчысы Калыбек Насбековду, №8 абактын башчысы Агит Алиевди кызматынан бошотту. №8 абак башчылыгына Нурлан Курманов дайындалса, ГУИН башчылыгы азырынча бош турат. Караколдун түрмөсүнөн качып кеткен Айбек Абраев кармалганы менен экинчиси "эркиндикте" жүрөт. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Караколдун түрмөсүнөн качкандар, ошол түрмөнүн жетекчилеринин биринин үйүндөгү кара жумушту аткаруу үчүн барышкан экен. Адилет министрибиз ал түрмөнүн башчысын айдап салса, адилеттүү кадамга барган болот. Абактагы адам өлсө да, качса да, абак жетекчисинин күнөөсү болбой койбойт. Андыктан аларды кызматынан бошоткону туура эле болду.

Айтматовго айкел эмес, айкөлдүк керек
Ааламда теңдеши жок жазуучу атабыз Айтматовдун айкелин грузин айкелчиси Зураб Церетелинин жасашына Москвалык маданият таануучу Сергей Маркус каршы чыгууда. Анткени, Айтматовдун айкели анын чыгармаларында камтылган мифологиялык персонаждардын негизинде жасалышы керек экен. Улуу Манастын айкелин жасаган кыргыз айкелчилери Айтматовдун айкелин жасай албай калыптырбы? Манастын күмбөзүнөн алтын издеген грузиндер эмнеге эле кыргыздарга жакындап калышты. Анан да, Айтматовдун атын орус драма театрына бергенибиз кандай? Атактуу атабыз ал жерде иштеди беле? Шаарыбыздын төрт районунун аттарынын бирин берсек болбойт беле? Свердлов кыргыздарга эмне кызматын өткөрдү эле? Улуу кишинин атагын сыйлай албасак да, арбагын сыйласак болот эле. "Дубовый паркка" атын бергени - азыркы бийликтегилердин деңгээли. Кара-Бууралыктар азыртан каршылык билдиришүүдө. Андыктан, аягы чатакка айланып кетиши мүмкүн.
"Ачык саясат" пресс