Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
"Кыргыз пирамидасы" кыйла таасир калтырды
Жаңы уюштурулган "Кыргыз пирамидасы" аталган бильярд оюну саясат, маданият, спорт чөйрөсүндөгү адамдардын арасында ойнолуп өттү. Ал жерге коомго аты чыгып калган көрүнүктүү инсандар келип оюндун көркүн чыгарышты. Бул иш чара "Кыргыз пирамидасынын" автору И.Адамов тарабынан уюштурулган. Оюндун башталышы 17-январда болуп өтүп, аягы 18-январь күнү улантылды. Финалга көптөгөн мыкты оюнчулардын арасынан Бек Борбиев менен Канат Бегалиев тандалып чыгып, экөө баш байгеге ат салышты.

Иляс Адамов, оюндун уюштуруучусу:
Атактуу инсандар арасында бильярд боюнча турнирдин шарты "Кыргыз Пирамидасы".Бул жаңы иштелип чыгып биринчи жолу ойнолуп жатат. Кыргыз Пирамидасынын кадимки орус билярд үстөлүнүн үстүндө 16 шар менен жекеме-жеке ойнолот. Кадимки оюн шартынан же болбосо "Америка Пирамидасынан" айырмасы, өздүк шарды түшүргөндөн кийин каалаган жерге коюп алып өздүк шаарды киргизсе да болот, бөтөн шарды киргизсе да болот. "Кыргыз пирамидасынын" максаты, убакытты үнөмдөйбүз, көрүүчүлөргө таңкалычтуу, керемет, шумдук оюндарды көрсөтүү, менен бирге эң негизги максатыбыз-"Кыргыз пирмидасын" жаратуу. Жеңгендерге алтын, күмүш, коло медалдар тапшырылат.

Турсунбай Бакир уулу:
"Кыргыз пирамидасы" деген аталыштагы бильярд оюнун уюштуруп жаткан Иляс инимди колдоп келдим, болбосо бүгүн мага эс ала турган күн эмес эле. Бирок оюм акылсыз бийликте жана ыймансыз милицияда болуп жатат. Бул оюн өзүн өзү актаса,жаңы ачылыш катары Кыргыз патенттен күбөлүк алып туруп кыргызстанда ушул оюн боюнча мелдештерди уюштуруп, эл аралык аренага чыкса болот. Бул жакшы көрүнүш.


Канат Бегалиев:
Мен өзүм атайын даярданып, мурдатан ойногон эмесмин. Убактым болгондо эле досторум менен ойноп койчумун. Ошол досторумдун арасынан жакшыраак ойногондугум үчүн мен бул "Кыргыз пирамидасы" аталган бильярд оюнуна катышып, күчүмдү текшерип көргүм келди. Бирок мен биринчи жолу бул оюн боюнча мелдешип ойноп жатам. Бул оюндан эс албайсың. Кайра бир топ нервиң кетип, чарчап кыйналасың. Бирок жакшы жери күчтүү ойногон оюнчулар менен ойноп, алардан бир топ таасир алып калдым десем болот.

Оюн өтө кызуу жүрдү. Канатты спорт чөйрөсүндөгү адамдар колдосо, Бекти маданият чөйрөсүндөгү адамдар кол чаап катуу колдоп жатышты. Акырында "Кыргыз пирамидасынын" жеңүүчүсү Бек Борбиев болуп аныкталды, экинчи орунга Канат Бегалиев, үчүнчү орунга - Памир атту жигит, төртүнчү орунга Тынар Курбаналиев татыктуу болду.
Бетти даярдагандар,
Назгүл МАМЫТОВА, Айсулуу ЭСЕН кызы,
"Ачык саясат"