Агрардык тармакка - реформа

Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Жамин Акималиев:
"Айыл чарбасын адистер башкаруусу тийиш"
Жамин агай, негедир кийинки учурларда көп көрүнбөй калдыңыз?
- Көп көрүнбөй калганымдын себеби, өткөн жылда Кыргызстандын атынан айыл чарбасынын жалпы акыбалы, айыл чарба илиминдеги жаңылыктар боюнча доклад жасоого 10 жолу чет өлкөгө бардым. Барып келген чыгымымды чакырган тарап өздөрү каржылап жатышты. Мисалы, март айында Американын 50 миң студент окуган "Рад- герц" деген мамлекеттик университетине барганымда өлкөгө пайдалуу келишим түзүп келгем. Америкалыктар химиялык жол менен жасалган продукциялардан тажап бүтүптүр. Аларды биздин тоолордо, кокту-колоттордо өсүп жаткан дары-дармек өсүмдүктөр кызыктырат экен. Кыргызстанда 4000ге жакын өсүмдүктүн түрү бар. Анын ичинен 400гө жакыны табигый жактан таптаза дары-дармектер. Ал өсүмдүктөрдү максаттуу пайдаланууга каражат гана керек. Окумуштууларга жылына үч жолу экспедицияга чыкканга шарт түзүп, акча бөлүп берсе, чөптөрдүн сабагы, жалбырагы, тамырларынан бери дарыга чогултулмак. Биз жайлоодогу дары чөптөрдүн пайдасын көрүп, киреше тапкандын ордуна, корук жерлерге чейин дары чөптөрдү мал тебелеп-тепсеп жеп жатат. Малдар да билет, уу чөптү эмес, дарысын тандап жейт. Ошондуктан жайлоонун малынын эти даамдуу болот да. Биз чөптөрдү чогултуп берсек, америкалыктар дарынын түрүн изилдеп издеген дарылар табылса, түшкөн каражат тең экиге бөлүнөт.
- Кыргызстанда айыл чарбасы тиешелүү деңгээлге көтөрүлө албай, тескерисинче төмөндөп кетти. Мунун башкы себеби эмнеде?
- Туура, учурунда Советтер Союзунун 15 республикасынын ичинен Кыргызстан талаачылык боюнча 4-орунга, мал чарбачылык боюнча 2- орунга чыкканбыз. Кант кызылчасын эгип, Орто Азияны шекер менен камсыз кылып турчубуз. Бүгүн болсо кант кызылчасы айдалбай, шекердин баасы 35-40 сомго чыкты.
Мунун баары тунгуч президентибиздин адистердин тилин албай, Талгарбековдун сунушу менен реформа жүргүзүп, кыска мөөнөттүн ичинде ири 500 чарбаны талкалап, азыркы 300 миң майда чарбалар пайда болду.
Ошол 3 - 5 гектардан үлүш жерлери бар дыйкан чарбалар бүгүн жерин иштетүүгө шарты жок кол куушуруп олтуруп калышты. Ченелүү жерди которуштуруп айдоого да мүмкүн эмес. Алар Кытайдан, Белоруссиядан келген тракторлорду 5-10 гектар жери үчүн сатып ала албайт. Анткени, грант менен келген тракторлор да сатылып кетпедиби. Анын ордуна мамлекеттикпи же менчикпи, айтор ар бир районго сервис борборун уюштурса туура болмок. Айыл чарба министрлиги дыйкандарга тийиштүү баа менен иштеп бере тургандай көзөмөлгө алса гана трактордун пайдасын дыйкандар көрмөк, айыл чарбасынын жалпы деңгээли жогоруламак.
Ошондуктан "кайрадан жамаатташууга өтөлү" - деп элге туура түшүндүргөн киши жок. Айыл чарба министрлиги кайдыгерлик кылып, "байкап көрөлү" деген боюнча тим болушту. Президентибиз талапты катуу коюп жатканы менен жыйынтык чыкпайт
- Учурда Айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өлкөнүн ички дүң жыйынынын канча пайызын берет?
- Атагы чыккан өнөр жайлар 18 пайызды, курулушчулар 15 пайызды, Санта Клаус деп ызы-чуу түшүп жаткан Туризм агенттиги ички дүң жыйындын 4 гана пайызын берет. Айыл чарбасы 40 пайызды түзөт. Айыл чарбасы экономиканын пай дубалы деп бекеринен айтылган эмес да.
Кыргызстан кичинекей болгону менен жаратылыш шарты ар кандай. Мисалы, Ош облусу пахтанын мекени болсо, Сары Өзөн Чүй кант кызылчасынын мекени. Кант кызылчасынын себилбей калышы азыркы бийликтин, айыл чарба министрлигинин, Чүй облустук администрациясынын кечирилгис күнөөсү. Кант кызылчадан 200 центнерден түшүм алган күндө да, ар бир гектарынан дыйкандар 160 миң сом таза киреше алмак. Мыктады дегенде буудайдан 30-35 центнерден түшүм айланат. Буудайга салыштырмалуу чүйлүктөр кызылчадан 4-5 эсе көп пайда көрмөк. Ошондуктан ар бир облуска ылайыктуу үрөн себүүнү алдын- ала аныктап коюу - Айыл чарба министрлигинин милдети. Мисалы, Америкада, Японияда, Кытайда, Турцияда да биздикиндей жалган сводка чогултпастан, кандай өсүмдүк себүүнү алдын- ала болжолдоп, ошого жараша дыйкандарына шарт түзүп, өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетип сатууга жардамдашат. Айыл чарба министрлиги дыйкандардын кызыкчылыгын колдоп, алардын талаптарын, мүдөөлөрүн аткарат деген ошол.
- Быйыл элди нан менен камсыз кылууга буудай жетпей, кошуна өлкөлөрдөн сатып алдык. Канча гектарга буудай эгилсе өзүбүзгө кенен жетет?
- Үрөнү менен кошкондо Кыргызстанды нан менен камсыздоого 1млн. 200 миң тонна буудай керектелет. Мурдагы жылы күздүк буудайды аз сээп коюшуп жетпей калбадыбы. Ал эми Айыл чарба министрлиги 845 миң тонна буудай алдык дегендери жалган. Менимче 700 миң тонна гана буудай алышты. 400 миң тонна буудайды бизнесмендер Казакстандан, Өзбекстандан сатып келишти. Анын кесепетинен атаандаштык күчөп, өкмөттүн дыйкандардан "17 сомдон сатып алабыз" деген буудайлардын баасы 10 сомго чейин түштү.
Мен эмнеге күйөм? Ошол Казакстанга кеткен акчаны өз учурунда күздүк айдоо маалында дыйкандарга берген жок? Өзүбүз өлө албай жатып, байып бараткан Казакстанга 400 миң тонна буудай сатып алуу үчүн 1 млрд сомдой мамлекеттен каражат бөлүп бердик? Быйыл "300 миң гектарга күздүк септик" - деп жатышат. Эгер чын болсо, былтыркыга салыштырмалуу көп. Бирок, жок дегенде 350 миң гектарга сепкенде 1 млн. тонна буудай алмакпыз.
Ал эми жыл сайын өкмөттөн бөлүнүп жаткан акчалар дыйкандардын колуна тийбей калууда. Себеби, дыйкандарга жеткирүү системасы туура эмес. Бөлүнгөн акча облустарга, райондорго, айыл өкмөттөрүнө түшүп, ортодон өөнөлүп кетүүдө. Ошондуктан, акчаны дыйкандарга түздөн-түз жеткирүү механизмин иштеп чыгуу зарыл. Дыйкандар "Айыл Банкынанбы" же башка банктарданбы жеңилдетилген пайыз менен каалаган маалында кредит алса оң болмок.
- Сиз премьер-министрдин кеңешчиси экенсиз. Айыл чарбасында дасыккан адис катары кандай кеңеш бере алдыңыз?
- Былтыр август айында Игорь Чудинов мени чакырып алып, "айыл чарбасы боюнча коомдук негизде кеңеш берип турсаңыз" - деген. Бир айдын ичинде билгенимди жазып айыл чарбасын көтөрүү боюнча сунуштарымды киргиздим. Анын ичинен өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү маселесине басым жасагам. Башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн айыл чарба азык-түлүгүнүн 60-70 пайызын кайра иштетип, анан сатышат. Бизде азап-тозок менен өндүрүлүп жаткан продукциянын 8 гана пайызы кайра иштетилет. Өткөндө Жогорку Кеңеште "28 пайыз кайра иштетип жатабыз" - деп министрдин орун басары карандай калпты айтты. Азык түлүктүн 92 пайызы чийкилей түрдө кошуна мамлекеттерге арзан баада кетип жатат. Алар иштетип чыккан соң кайра өзүбүзгө кымбат баада сатып жатышпайбы.
- Учурда кадр тандоо саясаты туура эмес жүргүзүлүүдө деп нааразы болгондор көп. Сиз кандай ойдосуз?
- Акаевдин учурунда Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине 11 киши келди. 2005-жылдан бери 5 министр которулду. Кыргыздын "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" - деген таамай сөзү бар. Бул министрликти айыл чарбасындагы маселелерди "эки чайнап, бир жуткан" адис адам гана башкара алат. Азыркы тапта областтын губернаторлорунун, акимдеринин көпчүлүгү айыл чарбасын терең түшүнүшпөйт. Анткени, алардын көпчүлүгү бизнесмендер. Мисалы, Россияга Путин президент болуп келгенде, бизнесмендерди мамлекеттик кызматтардан четтетип койгон. Бизде теңирден тескери болуп жатпайбы.
- Айыл чарба министрлигинин алдында атайын жайыттар боюнча департамент жайыттарга да салык жыйноо боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизип жатышты эле. Бул маселе кандай чечилди?
- Кыргызстандын жалпы аймагы болгону 20 млн. гектар, ошонун 9 млн. гектары жайлоо. Ошол жайлоолордун төрдө жаткан мыктылары пайдаланылбай калды. Бетегеси белден чыккан жайыттар пайдаланылбай, өрт чыгып жатса, жол салып жардам көрсөтүүнүн ордуна, ошол департамент жайыттарга да салык салуу сунушун Жогорку Кеңешке жолдошту. Депутаттарыбыз бир күндүн ичинде кол коюп беришти. Чогултулган акча айыл өкмөтүнө түшөт имиш.
- Учурдан пайдаланып, өзүңүздүн жеке турмушуңуз жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Тагдырдын буйругу экен, биринчи жубайым экөөбүз бири-бирибизди түшүнө албай, эки бөлөк жашоого туура келди. Ажырашуу- жер силкинген менен барабар, оор сокку экен. Ошентсе да, улуу балдарым үйлөнүп-жайланып, небере-чөбөрө көрүп калдым. Бирок, кудайдын буйругу экен, экинчи үй-бүлөлүү болуп, 73 жашымда өзүмө куюп койгондой окшош эки эркек балалуу болдум. Баатырбегим 12 жашка чыгып калды. №6 гимназияда 5-класста "5" деген баалар менен окуп жатат. Кичүү уулумдун аты Мисир. Неберелерим менин балдарымды ээрчитип ойнотуп, Баатырым менен Мисирим чөбөрөлөрүмдү жетелеп жүрсө, кээде тагдырдын тамашасына таң калып кетем. Жумуштан чарчап барганда балдарымдын чуулдап ойноп жүрүшкөнүн көрүп эс ала түшөм. Мен үчүн мындан артык бакыт болбос.

Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"