Коррупциянын тамыры айылдан башталат

АК-ТУРПАКТАГЫ
"Сериал"
Газетабыздын №24 санында (18.11.2008-ж.) Баткен областынын Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын тургундары Абдыманап Турсуматов, Исматилла Исаков, Базарбай Акбаровдун КРнын Президентинин алдындагы каржы полиция кызматынын төрагасы А.М.Муйбиллаевге, КРнын жерге жайгаштыруу агенттигинин директору А.Жолдошевге, "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго Кайрылуусу жана Баткен областынын Кадамжай райондук сотунун: курамында төрагалык кылуучу Л.Салиев, катчы Г.Кожоева, прокурор А.Маматеминов, адвокат М.Тохтасинованын катышуусу менен ачык соттун А.Турсуматовдун кылмыш ишин караган отурумунун чечими жарыяланган.

Ошондон көп өтпөй эле 15-декабрь 2008-жылы редакциябызга биз жогоруда жарыялаган катыбызга жооп да келди. 152 барактан турган жоопту окуп чыгып, аны "аш кылып" сиңирүү да оңой эмес. Бирок окурман журтунун акыл ашказанын кыйнабай, жооптун ток этээр жерлерин терип алып алдыңарга "Ак-Турпак "сериалын" тартабыз.

ИШТИ ИРИТКЕН СОТ ТУРА
Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынан 46 жаштагы Абдыманап Турсуматовдун өзүнүн айыл өкмөтүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүсү Ак-Турпактын мурдагы айыл өкмөт башчысы Ражавали Кудайбердиевдин 43 адамга жеке турак үй курууга экинчи ирет жер берип койгондугу түрткү болгон. Анткени, ошол 43 адамдын жер участогу, там-таштары бар туруп эле айыл өкмөтү 2002-жылы 20-июлда жана 2003-жылы 11-мартта аларга чечим чыгарып берген. Ушул фактылардын негизинде Кадамжай райондук прокуратурасы 2004-жылы 3-декабрда кылмыш ишин сотко ашырып, райондук сот болсо 10 ай чоюп отуруп, 2005-жылы 9-августта КРнын КЖКнин 304-беренесинин 2-бөлүмү менен эмес, 316-берененин 1-бөлүмү менен башкача квалификациялап, айыл өкмөт башчысын айыптуу деп табат да, мойнуна 10 миң сом айып пул салат. Ражавали раис муну менен эле токтоп калбайт. Ошол эле 2003-жылы 13-майда №18 токтом токуйт да 15 сотыхтан 17 адамга, ошол эле күнү №19-токтом менен 15 сотыхтан 30 адамга Жаш-Тилек участогунан үй курууга жер берип койгон. Ал жер ФпСтин карамагында эле,үй курууга берүү үчүн айыл өкмөтү эмес, Кыргыз өкмөтү токтом чыгарат. Бул жерде Ражавали раис өзү бий, өзү хан болуп койгон.
Жер Кодексинин беренелерин ушинтип одоно тебелеп-тепсеген Р.Кудайбердиев үкүнүн жүнүнөн жасалган камчы менен жонго "шапалак" жеп жатпайбы. Айыл өкмөтүнүн 43 адамга 2-жолу жер берген чечими туура эмес экендигин Баткен областтык прокуратурасы 2007-жылы 5-апрелде текшергенде дагы бир жолу көзгө сайып көрсөткөн. Бирок "поезд эбак эле кетип калган". Демек, элдин сотко ишеними кеткени ошондон го. Ак-Турпактагы алешем иштер ошентип Акаев заманында эле башталган

ИШТИ ЫРБАТКАН -ИЖАРА…
Ак-Турпакка айыл өкмөт башчы болуп Алчыбай Төралиев 2005-жылы мартта шайланып келет да, мурдагы айыл өкмөт башчысынын каталарын кайталабайын дейт, бирок "мурдагы көч кайда кетсе, кийинки көч да ошол жакка кетет."
Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 1129,43 га бөлүнбөй турган жер (ФПСтики) бар. Анын 967,5 гектары 235 адамга ар кайсы мөөнөткө ижарага берилген. Бул аянттын 422 гектары бак, 545 гектары сугат жери. Бирок жерди ижарага берүүдө мурдагы да, кийинки да айыл өкмөт башчылары тарабынан калпыстыктар кетирилип, жерге жетпей калгандардын нааразылыгын жаратып, өчүп бараткан отко май тамызган.
Айылдыктардын арызы боюнча текшерүү учурунда Ж.Ормоновго 5 жылга 11га, айыл өкмөтүнүн бир тууган иниси, "Ак Жол" фермердик чарбасын түзгөн Жолон Имаровго 10 жылга 27 га, ошол эле иниси Жолон Имаров түзгөн "Торали" айыл чарба кооперативине 5 жылга 65 га жүзүм багын арендага берип, алар жүзүм өстүрбөй эле шалы (күрүч) эгип, элдин көзүн кызартышат.
Бул фактылар аз келгенсип "Абдисалам" кооперативинин башчысы А.Кадыровго 5 жылдык мөөнөт менен 56 га, "Жаңы кылым" айыл чарба кооперативинин башчысы Э.Жороевге 45 га жүзүм багы 5 жылга берилген. Бирок арендаторлордун биринчиси 4 гектарга, экинчиси 0,38 га жерге шалы эгип, кара таман калктын арыздануусуна жол ачылган. Буга окшогон фактылар айыл өкмөтүнүн мисалында жаза берсе түгөнчүдөй эмес.
Ал эми айыл өкмөтүнүн жашоочулары К.Сулайманов, Ш.Токтобаев, А.Аркабаев, М.Бозоров арендага жер бериңиз деп 2006-жылы жазган арыздары каралбай, качан гана прокуратура текшерген учурда билинип калып, айыл өкмөт башчысы Алчыбай Төралиевге 2007-жылы 4-майда чара көрүү боюнча сунуштама жөнөтүлгөн. (Ал боюнча кандай чара көрүлгөнү азырынча белгисиз.)
Текшерүүдө ижарадан түшүп жаткан акчанын эсеби да оңду-солду жумшалып, төлөнүп-төлөнбөй жүргөнү аныкталган. Мисалы, 2007-жылдын 1-августуна карата төлөнбөгөн ижара акысы 2 миллион 200 миң сомду түзгөн. Айыл өкмөтүн үстү-үстүнө текшерүүчүлөр басып калганда 4 ай ичинде эле арендаторлор ызы-чууга түшүп, ачакей-жумакей кылып жатышып 995 миң 200 сомду төктү кыла салышып, документтерди күзгү кылып коюшат. Ошентип 2008-жылдын 1-январына карата төлөнбөгөн карыз 1 миллион 204 миң 800 сом болот да калат. Мына, андан бери дагы 1 жыл өттү, карыз канча миллион сомго жетти экен?

КОРРУПЦИЯНЫН
ТАМЫРЫН ЭЛ ГАНА КЫРКАТ!
Бир убакта Акаев "коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти"-дегени эсиңердеби? Демек ошол коррупция Бишкектеги Ак үйгө асмандан түшүрүлдү дейсиңерби? Ооба, сезип жатасыңар, билип жатасыңар. Коррупция биз сөз кылып жаткан дал ушул айыл өкмөттөрүнөн башталат. Ал тамыр алып, анан районго жетет. Райондогу чоңдор ишти ырастап, документтерди тууралап, конвертти толтуруп областтагы Ак үйгө кезек күтөт, сотко, прокуратурага, милицияга, деги койчу, ар бир мекеме, ишкана, уюмга иши түшөт. Областтагы чоңдор министрлерине, министрлер андан ары өкмөт башчысынабы, президенттик администрациянын тийиштүү тейлөөчү "кошелокторунабы" ака-үка деп бара берип да, пара берип да- Кыргызстан азыр коррупцияланган өлкөлөрдүн эң алдыңкы катарына чыкканга кам-кам, бир-эки жыл калды.
Бирок Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн Абдыманап, Исматилла, Базарбай өңдүү адилеттик үчүн күрөшүн прокуратура, сот органдары менен коркутса да токтотпогон патриот-мекенчилер Кыргызстандын ар бир айылында бар үчүн келечектен үмүт бар.
(Ак-Турпактагы алешем иштердин али канчасы жазылбай калып кетти. Аманчылык болуп былык-чылыгы көбөйүп бараткан бийлик мындай өнөрүн токтотпосо, эзилген эл чындыкты чыркырап бетке айтып турса, журналисттер калемибизди жорголото беребиз. Коррупциянын тамырын кырккан президентти эл көрө элек. Анын тамырын эл өзү гана кыят. Себеби бийликтин булагы президент эмес, бийликтин булагы - ЭЛ. Президент эл үчүн иштеш керек, ал - элдин кулу.)

К.МОЛДОКУЛОВ