Чыңгыз тоо
Редакциядан:

Өткөндө "Аки-пресс" маалымат агенттигинин сурамжылоо жыйынтыгын жарыялаганыбызда редакциябызга телефон чалып, "эмне үчүн Акаевге экинчи орунду ыйгарасыңар?"-деген окурмандарыбыз да болгон.
Бүгүнкү саныбызда биз Аскар Акаевге дагы кайрылып отурабыз. Мүмкүн, ал алгачкы президентибиз катары бүткүл элдик жек көрүүгө татыктуу чыгар. Бирок, анын Кыргызстандын жараны экендигин көз жаздымыбызда калтырууга, россиялык ири гезит жарыялаган ыраматылык Чыкебиз жөнүндөгү берилип айткан сөздөрүн элдин элегине жеткирбей коюуга акыбыз бар беле?
Же Ч.Айтматов тууралуу ушунчалык ынтаа менен берилип жазылган макалалар бут алдыбызда тебеленип жатабы? Улуу жазуучубуздун арбагын көкөлөткөн бул макаланы Чыкебиздин мүрзөсүнө коюлган гүлчамбар катары окуп, анын дүйнө салышын тездеткен күчтөр арабызда эле жашап жүргөнүн эстеп койгула деген тилек менен А.Акаевдин эскерүүсүн алдыңарга тартып отурабыз.

Мен жыйырма жылга жакын Чыңгыз Айтматовду бир туугандай билүү бактысына туш болдум. Ал демократияны кайра куруу үчүн болгон татаал күрөштө жөнөкөй эле дос эмес, жөндүү жолдош да эле.
Ал акылгөй даанышмандыгына, көтөрүмдүү токтоолугуна карабастан, ага адам баласына мүнөздүү сүйүү, күйүп-жануу, олку-солку болуу жат эмес болчу. Бирок, сөз башкы нерсе-чыгармачылык, саясат, демократия жөнүндө жүргөндө Чыңгыз Айтматов эч качан адеп-ахлактык багыттан кыйшайчу эмес жана досторунан да ошону талап кыла билчү. Турмушта аны менен жолугушкан адамдар бул адам алардан бир канча тепкич өйдө турарын башка интеллектуалдык ченемде жашаарын жаздымдабай билишчү, ал ошонусу менен өзгөчө акыл-ойдун нурун бөлүп чыгарып туруучу жана ал акыл-ойдун ак сөөгү болчу деп мен коркпой эле айта алам.
Мүмкүн, Айтматовдун бул бийиктигинде көптөгөн факторлор биригип, уланып бир бүтүндүктү түзгөндүктөндүр менимче, биринчи орунду анын канындагы керемет таланттуулугу ээлейт. Ошол эле катарда Ала-Тоо жергесинин улуу уламыштарына бөлөнгөн табигый таза жагы турат. Пушкиндикиндей эле бала чагында Айтматовдун да өзүнүн Арина Родионовнасы болгон. Жакшы көргөн чоң энеси небересине не бир керемет уламыш, элдик жомокторду элестүү кылып тажабастан кулагына куя берген, ал жомоктор түбөлүк анын эсинде сакталган.
Андан кийин кыргыздын тубаса тунук таланты укмуштай зор чеберчилик менен орус тилинде көөнөрбөс көркөм чыгармаларды жазып, учу-кыйырына көз жетпеген Россиянын маданий дүйнөсүнө куйруктуу жылдыздай жарып кирип, жамырай жалпы журт тарабынан жагымдуу кабыл алынган. Азыр аны элестетүү кыйын, бирок, өткөн кылымдын 60-жылдарында андагы биздин жалпы өлкөбүздүн руханий турмушуна кыргыздын жаш жазуучусунун чыгармалары кандай дүрбөлөң салганын менин муунумдагы адамдар эч качан унутпайт.
(Уландысы 12 бетте)




Бийликтин
калыс чечери күмөн
Кийинки кезде соттордун адилетсиздигине, өзүм билемдигинин күч алганына нааразы болгондор көбөйүп бараткансыйт. Жетекчи болобу, сот болобу же карапайым калктын өкүлү болобу, мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликти тартуусу керек. Адамдардын укугу анын байлыгы же мансабы менен аныкталган учурда маселе калыс чечилбесин аныктоого атайын юридикалык билим алуунун зарылдыгы деле жок. Бирок, далилдөөнү талап кылбаган ушул чындык сот өкүлдөрү тарабынан бурмаланып келе жаткандыгы тууралуу буга чейинки макалаларда да белгиленип келген.

Жөнөкөй эле мисалды алып көрөлү. Кокусунан бирөөгө муштум көтөрөйүнчү, "күч колдонгон, атайын билип туруп, денеге так салуучу аракет кылган, хулигандык аракет жасаган" деген жарнактарды моюнга тагып, аеосуз кылмыш жазасына тартмак. Ал эми атайын юридикалык билимге ээ болгондор адам тагдырын талкалап, өлүмгө себепкер болсо да жоопко тартылбай келет. Атап айтканда, күч колдонгондор күнөөсү үчүн жаза тартат. Ал эми адамды моралдык-духовный жактан кордогондор "далил" жоктугунан эч качан кылмыш жообуна тартылбайт. Ушундан улам мыйзамдан чындыкты, соттордон калыстыкты күтүүгө болобу?
Мындай көз карашка КРнын президенти К.Бакиевге, КР Жогорку Сотунун төрайымы Ж. Алиевага багытталган соттун мыйзам бузуусуна даттануу кат себепкер болуп отурат. Буга Сузак райондук сотунун төрагасы Ж.Бекназаровдун мыйзамды өзү каалагандай бурмалаганы тууралуу баяндалган. Мына ушул маселенин учугу тээ түпкүрдө, 2001-жылдан бери уланып келе жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Кайсы учурда болбосун, өлкөбүздө сот адилеттиги барбы?-деп сурасаң, калктын басымдуу бөлүгү укук коргоо уюмдары мыйзамды бурмалап, бүгүнкү сот процессинде бир өкүм чыгарса, эки-үч күн өткөрүп, ошол эле өкүм башкача өзгөрүп каларына күбө болгондорун ачык айтышат. Ушундай көрүнүш айрыкча Сузак райондук сотунун төрагасы Ж.Бекназаровдун адресине катуу багытталып отурат. Ага каршы багытталган айрым ой-пикирлерге айрым фактылар менен таанышкан соң аргасыз макул болосуң.
Эгемендүүлүккө ээ болгон кыргыз эли демократиялык жолду тандап алган менен бийлик ага көнгүсү келген жок. Жалпыга белгилүү, коомдогу оң-терс көрүнүштөргө курч мүнөздө баа берип, карапайым калктын мүдөөсүн коргогон басма сөз кызматкерлерин соттоо модага айланган. Ошол учурда Сузак райондук сотун сындаганы үчүн журналист Молдосали Ибраимовдун иши да сотто каралган.
Соттордун адилетсиздигинен жана өзүм билемдигинен мансаптуулар менен байлыгына чиренгендер жазыксыз адамдарды күнөөгө жыгып келе жатканына нечен далилдер көрсөтүлсө да, алардын өз ишине кайдыгерлиги үчүн же туура эмес чыгарган чечимдери үчүн сот мыйзам алдында неге жоопкерчиликке тартылбайт? Катардагы "соттун кылмыш ишин козгоо" үчүн биздин өлкөдө "Башкы прокуратура Конституциялык Соттон уруксат" алышы керек. Ушундай "кол тийбестикке " ээ болгон соттор мыйзамды каалагандай бурмалаганга мүмкүнчүлүк алып отурушат. Бул сот иштеринде коррупциянын гүлдөшүнө мыйзам жолу менен шарт түзүү болуп жүрбөсүн? Биздин башка мыйзамдардын мындай эле коелу, Негизги мыйзамдын өзү карапайым калкка каршы кабыл алынгандыгын айгинелеп отурган жокпу?! Өлкөбүздө соттун, ири чиновниктин, карапайым адамдын укугу качан бирдей болот? Мына ушул маселе чечилмейинче, бийлик бутактарынын өкүлдөрүнүн кол тийбестигин жойбой туруп, адамдардын тең укуктуулугу, эркиндиги, мыйзамдуулук, сот адилеттүүлүгү жөнүндө сөз козгоо куру кыял боюнча кала берет. Муну турмуш өзү тастыктап отурат.
Сузак райондук сотунун төрагасы Ж.Бекназаров тууралуу журналист Молдосали Ибраимовдун "Өлүмгө себепкер соттор" макаласы "Кыргыз Руху" гезитине 2004-жылы жарык көргөн. Анда Нарматов аттуу бирөөөгө Ж.Бекназаров үч жылга эркинен ажыратылган деген өкүмдү окуйт, токтомун токуйт. Конвойлор үч күн өткөндөн кийин үч жылга эркинен ажыратылган соттун өкүмү "шарттуу соттолду" менен алмаштырылат. Көрсө, соттолуучунун апасы Ж.Бекназаров менен "сүйлөшүп", соттун аныктамасы кайрадан өзгөртүлгөнү ачык белгиленген.
Сузак районундагы Мавдан-Кара айылынын тургуну 46 жаштагы Кимиекан Алибаеванын 2004-жылдын 10-апрелиндеги эл алдында уксус ичип, каза болушуна Ж.Бекназаровдун себепкер болушу бийликке белгилүү болсо да, алар буга реакция жасаган жок. Окуянын төркүнүнө келсек, Кимиекандын күйөөсү туугандарынан үстөк коюлган акчаны карызга алат. Кыйналып-кысталганына карабастан карызын төлөйт, үстөгү калат. Берген акчасы үчүн тил кат албай калган. Ошол эле учурда ал тууганына тил кат жазып бергенин унутуп койгон. Тууганы бир кыйла мөөнөттү өткөрүп, андан кийин карызды төлөп бербей жаткандыгы боюнча сотко доо арыз өткөрүшөт.
Доо берген "туугандар" үй Кимиеканга таандык экенин, анын алты баласы бар экендигин билип турушса да, үйдү алууну максат кылышкан көрүнөт. Бул ишти караган Ж.Бекназаров доогерлердин таламын түздөн-түз коргоп, үй-жай документациясынын кимге таандык экенине карабастан чечим чыгарат. Областтык сот да бул чечимди күчүнө калтырат. Көзөмөл иретинде Жогорку Сот карап, бул чечимдер жокко чыгарылат. Башка сот кайра карасын деп Сузакка жөнөтүлөт. Соттун чечими күчүнө кире электигине карабастан доогерлер Кимиекандын үйүндөгү буюмдарын чыгарып,күч менен үйдү басып алышат. Жаны ачыган Кимиекан чыныдагы уксусту ичип жиберип, ажалга моюн сунат.
Ушул жерде дагы бир эске алынуучу нерсе, доогерлердин сот чечимин аткаруучу өкүлү жок үйдү басып алууга мыйзам уруксат береби деген суроо пайда болуп отурат.
Жогорудагы Ж.Бекназаровдун сот процессинде жаңылыштыгы болбосо, анда Жогорку Сот анын чечимин неге жокко чыгарган аныктама чыгарган? Ушундан улам Ж.Бекназаров өз абийиринин соту алдында жооп берип, өз ыктыяры менен иштен кетсе болмок. Бирок, 2003-жылы жети жылдык мөөнөткө соттун төрагасы болуп бекитилиши эле сот адилеттүүлүгү жок экендигин, бизде көз будамайлоо күчтүү экендигин айгинелеген жокпу?
Ошентип, соттун мыйзам бузуусуна даттануунун көчүрмөлөрү КРнын башкы прокуроруна, "Ак жол" партиясына да жөнөтүлөт. Сузак райондук сотунда каралган иш мыйзамдын чегинде эмес, Ж.Бекназаровдун көргөзмөсү аркылуу гана чечилерине ушул катта басым жасалат. Буга дагы бир мисал келтирелик.
Сузак райондук соту жарандык ишти карап, доогер Рано Сатвалдиеванын доосу жүйөөлүү экендигин аныктайт. Адам өлүмүнө себепкер болгон Алишер Абдувалитов Ж.Бекназаров менен кандайча сүйлөшүп, кандай келишимге келгени белгисиз. Бирок, райондук соттун төрагасы бул ишке кийлигишет. Дөгүрсүнгөн Алишер Абдуваитов Рано Сатвалдиеваны райондук соттун алдында сабап, сөйкөсүн жулуп алат. Бул иш да тергөөгө өтөт. Кылмыш иши сот Кулчунов аркылуу каралып, райондук соттун төрагасы Ж.Бекназаров Алишер Абдуваитовго камакка байланышпаган жаза берүү боюнча көргөзмө берип, аны аткарууга мажбур кылат.
Ж.Бекназаровго азыркы күндө мыйзам таасир этпей калган өңдүү. Же "өзү айткандай", чоңдорго "отметка"жасап жүргөндүгү үчүн аны кимдир бирөөлөр канатына калкалап жүрбөсүн? Президент К.Бакиев биздин өлкөдө жүз грамм куюп бербей калганын канагаттануу менен белгилегендигин эл унута элек. Ал эми бүтүндөй сотторду бекитүү жана бошотуу укугуна ээ болгон президент Курманбек Бакиев Сузак райондук сотунун төрагасы Ж.Бекназаровдун бул мыйзамсыз аракеттери үчүн чечкиндүү чара көрө алат болду бекен?
Жогорудагы соттун мыйзам бузуусуна даттануусундагы карапайым калктын Ж.Бекназаровду иштен бошотууга жана Сузак райондук сотун текшерүүгө комиссия жөнөтүү өтүнүчтөрүнө бийлик бутактары жана "Ак жол" партиясы кандай мамиле жасайт болду экен?... Беш жылга жакын аралыкта чечилбеген бул талапты азыр деле бийликтин калыс чечери күмөн…
Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"