Туура сөз тууганга жагабы?

Энергетикага элибиз ээлик кылууга тийиш
Мурунку замандын (социализмдин) алгачкы жылдарында эле Ленин атабыз " Социализм - прежде всего учет" - деп айтып өлкөнүн 1 тыйынына чейин эсепке алынып.ичип-жегенге чек коюлган эле. Өнүккөн өлкөлөрдө дагы экономиканын негизи болгон эсепке өзгөчө көңүл бурулат. Эсеп жолго коюлбаган жерде коррупция гүлдөп турат (бизге окшоп). Рынок мамилелерине өтө баштаганда эле океандын ары жагынан келгендер биринчи кезекте энергетикалык тармакты ээлегенге күч үрөшүп, системага түшкөн эсеп тармагын талкалаганга аракет жасашты. Алар миллиондогон каражаттарды сарптап, бухгалтердик эсептин реформасы деген ат менен бул системаны толугу менен сызга отургузушту. Бизде сөз жүзүндө талаптар эң жогорку деңгээлде болот да, практикалык жагы теңирден тескери чыгат.

2000-жылдан баштап " бухгалтердик эсептин Эл аралык стандарттарына өтүп жатабыз"- деп декларациялап келебиз. Чындыгында, ал стандартка өткөн ишканалар азын-оолак бөлүгүн түзөт, калкыбыздын 2/3 бөлүгү ал системага өткөн жок. Көптөгөн майда жана орто ишканалар баягы Советтик системанын эле эсебин жүргүзүп жатышат. Ошол ФОЭСке (финасылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттары) өттүк деген шылтоо менен биздин өлкөдө чарбалар болгон байлыгын калдык нарк менен көрсөтүп, негизги каражаттарды " ит бекер" сатып жатышат. ФОЭС негизги каражаттарды чыныгы нарк ( справедливая стоимость) боюнча баалоону талап кылат. Ал эми биздин чарбалык субъектердин баасы калдык нарк менен корсөтүлөт. Мындай шартта Бишкек шаарындагы өткөн кылымдын 50-60 жылдары курулган уникалдуу үч кабат имараттын калдык наркы (баштапкы баасы менен амортизациялык чегерүүлөрдүн айырмасы) нөлгө барабар болуп калышы мүмкүн. Ал эми ошол эле имараттын бүгүнкү наркы бир нече миллион долларга бааланарына шек жок. Ушундай айырмачылыктардын негизинде биздин ишканалар символикалык баага менчиктештирилип кеткен. 2005- жылдын март айларында Өкмөткө бир нече жолу кайрылып, болгон байлыгыбызды кайра эсептеп,туура баалап чыгалы деп айтып келдик.Уккан жан болгон жок. Аягы барып стратегиялык маанидеги электр тармактарын сатканга бет алдык. Бир пакет менен бир колго сатылуучу үч компаниянын баасы биздин эсеп боюнча минималдуу 5 жана 10 эсе аз бааланып жатат. Мүмкүн айырмасы андан дагы көп болушу мүмкүн.
Мисалга "Түндүк Электорону" алдык:
Тартылган зымдар(линия)

Вл 35кв 21820,5км
Вл 10кв 7234км
Вл 6кв 572км
Вл 0,4кв 10700,9км
Бардыгы: 40327.4км

1м орточо 3кг болсо,1кг металл 20сом.
Ошондо 120.981 млн кг 20= 2419,62млн сом же 60,5млн доллар.
Бул линия 3 же 4 катар болушу мүмкүн,анда 180 же 240млн доллар болот.
Подстанциялар:
ПС 35кв- 121шт 4млн долл=484 млн долл
ПС 10\6 кв- 6шт 4 млн долл=24 млн долл.
ТП 8177ш 8750 долл.=71,5 млн долл.
Бардыгы:579,5 млн долл.
Буга орточо эле 180 млн долл.
линиянын наркын кошсок - 759.5 млн долл.
саны пайда болот.
Демек, булардын анык наркы өкмөттүкүнөн минмималдуу алганда эле он эсе көп болуп турбайбы. Ан үчүн алардв башка жактын эсептери эмес, өзүбүздүн патриот эксперттер баалашсын! Ушу үч объектти 450 млн долларга башка элдин өкүлүнө бергенден көрө өзүбүздүн Эл алсын! Ан үчүн бийлик облигация чыгарып, ошол эле сумма бизди жакырчылыктан куткарса, өзүбүздүн Эл сатып алсын.
Дегеле бул нерсе аялдардын жашоосу менен байланыштуу. Эгерде калкыбыздын теңинен көбүн түзгөн аялдарга эле бөлсөк 200 доллардан келет экен. Бир миллион аял затына 450 доллардан туура келет, ошондуктан ушунча акчага аялдар озүбүз эле сатып алалы деген үндөө менен чыгат элек, анткени казактардын баскан жолу бизге эн сонун сабак болот. Муну укпасаңар биздин мамлекет жоголот деген сөз. Аялдар тармакты менчиктештирүүгө каршы турушубуз керек. Сатса "баасы" уч миллиард доллар объектини беш миллиардга сатсын, бүт бардык тышкы карызыбыздан кутулалы, болбосо такыр сатылбаш керек.
Элеттик акын Эдилбек айткандай:
Өчөт жарык. Дароо токтойт жумушуң,
Өкмөтүңдүн кылган иши курусун!
Жакырчылык, кымбатчылык кошулуп,
Жан кыйнады, зымсыз жерден ток уруп, - болуп канча адамдар ушул кышта кыйналып жатышат. Биздин республикада тоодон аккан Нарын суусуна курулган электр станцияларда дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясы өндүрүлөт деп сыймыктанчу элек. Чындыгында эле, бизде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 3 тыйындан. "Акыйкат апалар" коомуна 2007- жылы Чудинов министр болуп турганда берген официалдуу жообу колубузда турат. Азыркы кундо бир киловатты бир сомго жакын акчага сатып жатышат, эмне десе чет өлкөлөрдөн биздики арзан болуп жатыптыр. Ал чет мамлекеттеги элдин айлык акысы менен биздин алганыбызды салыштыруга болбойт да. Бизде айына 5000 сом алган адам электр энергиясына 500 сом төлөй алат. Ал эми 500 сом алгандарчы? Ошондуктан 1 квт элекр энергиясын 20-30 тыйындан өз элибизге сатсак дагы, рентабелдүүлүк 400% жетип жатпайбы! Биздин өлкөдө такыр эле эсеп маселеси талаада калган деп тыянак чыгарсак болчудай. Болбосо, өзүбүзгө энергия жетпей жатса, коңшу өлкөлөргө арзанга сатып, кышында алардан кайра электроэнергияны кымбатка сатып алуунун кажети канча? Элдин өкмөткө ишеними ушундан кетип жатпайбы.
Элдин колу жана эмгеги менен курулган бул тармак менчикке берилбестен, коомдук көзөмөлгө өткөрүлүшү керек. Эсеп-кысап иштерин күчөтүү гана зарыл.
Биздин республика ФОЭСке өткөндө, алардын негизги принциптери -эсеп-кысапка болгон ачыктык,тактык , объективдүүлүк иш жүзүндө аткарылган жок. Тескерисинче, реформанын биринчи күнүндө эле эсеп-кысап системасын кыйратканбыз.
Ошол ФОЭСтин 1400 беттен турган нормативдик документинин республикада орусча гана варианты бар. Бухгалтерлердин 70-80 пайызы кыргыз тилдүүлөр болгондуктан, аны кыргызча которуп ишке киргизем деген адистердин үнүн эч ким уккан жок. Региондордо документация кыргыз тилинде жүргүзүлсө, алар үчүн бул документацияларды киргизүү керек эле го?
Кыргыз республикасында деги эле финансылык көзөмөлчүлөр, текшерүүчүлөр деген көп. Чакан өлкөбүзгө мынча башкаруучулардын кереги барбы? Анын пайдасынан зыяны көп. Алып көрөлүчү, бир чоң электр системасын башкарган Холдингди төрткө бөлгөндөн улам баш аламандык гана күчөп отурбайбы? Ошентип, ортомчулардын көбөйүшүнүн кесепетинен керектөөчүгө жеткенче электр энергиясы асмандаган баага кымбаттап, ортомчулар элдин жонунан кайыш тилип алып жатпайбы?!

Уруйпа СулаЙманова,


"Дипломдуу бухгалтерлер институту"
коомдук бирикмесинин менеджери.