ЗНАКОМСТВА


КИТЕПКАНА




◄◄◄
  Лидер тандайбыз

УЛУТТУК ИДЕЯ, УЛУТТУК ЛИДЕР ЖАНА КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ
Акыркы кезде өлкө саясий, экономикалык, социалдык, руханий кризиске батып, бийлик ичинен ыдырап, оңолгондун ордуна оңкосунан кеткен жашоодон улам "эмне себептен ушул ахвалга жеттик?", "биз кайда баратабыз?" деген суроолор пайда болуп, улуттук лидер, улуттук идея жөнүндөгү маселелер коомдо активдүү которулуп, анын айланасында ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Ушул маселелердин тегерегинде болгон маекке "Ата-Мекен" партиясынын лидерлеринин бири, медицина илимдеринин доктору, профессор, экс-депутат Ташполот Балтабаевди тарткан элек.

Акыркы жылдары БУУнун эксперттери, айрым саясий серепчилер Кыргызстанды мамлекеттүүлүгү жок болуп кетүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына киргизип жүрүшөт. Ушунун канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз?
Мамлекеттүүлүк жөнүндө атайын илим бар. Мен анын негизги түркүктөрү болгон факторлорду атап, алардын Кыргызстандагы абалына токтолуп кетейин, калганын окурман өзү баамдасын. Мамлекеттүүлүктүн негизин бирдиктүү түпкү улут, анын тили, бирдиктүү территориясы, маданияты, руханий баалуулуктары жана улуттун колдоосуна ээ болгон туруктуу саясий системасы сыяктуу компоненттер түзөт.
ТҮПКҮ УЛУТТУН БИРИМДИГИ кандай экенин ар кандай шайлоолордо көрүп жүрбөйбүзбү - чыныгы лидер тандоонун ордуна "өз корообуздан теке салабыз" деген аң-сезим басымдуулук кылат. Экс-премьер Атамбаев айткандай Бишкекте миңдеген эл Бакиевдин саясатына нааразы болуп митингге чыкканда, эмне үчүн бүгүнкү бийлик түштүктөн миңдеген жаштарды Бишкекке ташып келип антимитингдерди уюштуруп, улуттун биримдигине шек келтирип, граждандык согуш коркунучуна чейин жеткирди? Албетте, бул Бакиевдин кызыкчылыгына жооп берет, а бирок улуттук биримдикти бузуп жатпайбы. Бийлик ыркы жок, бөлүнгөн элди өзү каалагандай башкарууга болорун жакшы түшүнөт жана ушул багытта саясат жүргүзүп келатат. Биримдиги, ынтымагы, өз идеясы жок улут жеке адамдын бийлигине жем болуп, тезек тергенден өйдө көтөрүлө албайт.
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН өлкө турмушундагы ролу барган сайын начарлап баратат. Тил-улутту бириктире турган чоң курал. Бийлик аны каалабайт. Башкасын айтпаганда да, өлкөнүн Президенти Мамлекеттик тилде сүйлөбөйт, курамы толугу менен кыргыздардан турган өзүнүн администрациясынын кызматкерлери менен жума сайын өткөрүлүүчү отурумун кайын журтунун тилинде өткөрүп, аны Эшимкановдун "кара жащиги" кыргыздарга которуп берет. Улуттун тилин билбеген адам анын дилин кайдан билсин? Улуттун дилин билбеген анын маданиятын, рухий дуйнөсүн баалабайт. Тилди өнүктүрүү-мамлекеттик чоң саясат болуш керек. Өз тилин сыйлабаган улутту башка элдин өкүлдөрү кантип сыйласын? Тил улутту "киргиз" менен кыргызга бөлүп атпайбы. Тилди мажбурлап үйрөтүү кыйын. Өлкөдө кыргыз тилин үйрөнгөнгө муктаждык жана кызыкчылык болуш керек.
ӨЛКӨНҮН АЙМАКТЫК БҮТҮНДҮГҮН эки Президент тең сактагандын ордуна кемитти. Чегаранын кол тийбестиги -улуттун намысы, сыймыгы болуп эсептелет жана мамлекеттин жүзүн аныктайт. Биздин мамлекет буга кандай мамиле жасаганын эл билет. Үзөнгү-Куушту коргойм деп Бекназаров камалып, аксылыктар атылды. Каркыраны бергенге каршы чыккандар тепкиленип, сасык жумуртка менен жаакка чабылышты. Ушунун баарына улуттун кайдыгерлиги шарт түзүп, аны улуттук ар-намысты унуткан бийлик уюштурду. Буларды Бекназаров менен Шерниязовдун бетине чабылган муштум эмес, улуттун ар-намысына чабылган муштум деп түшүнүү керек. Өлкөнүн президенти чегара сыяктуу орчундуу маселелерди элге салгандын ордуна, референдумдарды өзүнүн жеке бийлигин бекемдөөнүн ыкмасы катары колдонуп келишет. Мындай адамдар бийликте турганда өзбек, тажик чегара маселелери да кыргыздын пайдасына чечилбейт.
КЫРГЫЗДЫН МАМЛЕКЕТТИК САЯСИЙ СИСТЕМАСЫ 18 жыл эгемендикте жашап жатканыбыз менен али калыптанган жок. Мамлекет бир үй-бүлөгө, жеке бир ууч топко, криминалдык күчтөргө таянбай мыйзамга, демократиялык саясий структурага, элдин ишенимине таяныш керек. Жеке кызыкчылыкка негизделген бийлик эртеби-кечпи сөзсүз ич ара кызганычтан улам ыдырап, өлкөдө кризистик абал түзүлөт....
Мамлекеттүүлүктүн кепилдиги болуп эсептелген Президенттер "бизде бардыгы сонун, кыйкыргандар эчтекени көрбөгөн 5-6 эле сокур саясатчылар" деп жүрбөйбү....
Көзүн май баскан бийлик ийгиликтерди гана көргүсү келет. Эсирген мурунку президентти төңкөрүү жолу менен бийликке келген азыркы президент да элдин эрки менен эсептешпей калды. Элдин акчасына жашаган укук коргоо, сот жана күч органдары элди эмес, үй-бүлөлүк бийликти коргоп, чындыкты талап кылгандарды уруп-согуп, кармап-камап, үстүнөн иш козгоп, оозун жаап жатканы жалганбы? Акыркы референдум жана шайлоолор толук бойдон фальсификацияланды. Бийликтин төрт бутагына тең бир киши кожоюн болду. Мындан эл же мамлекет уттубу?Тескерисинче, баары баш-аламан болуп, кризиске капталбадыбы. Буйрукту аткарган боршайкомдун төрайымы "ак чөп башта" деп өлкөдөн качып кетип, бекинип жүрөт. Кыргызстанда шайлоо өз маанисин жоготту. Бул -болсо эл бийликти мыйзамдуу жол менен алмаштыра албайт дегенди билдирет. Же ач көз бийлик тойгондо өз каалоосу менен кетеби? Жок. Ишенбейм. Мындай жагдайда элде бул бийликти күч колдонуу менен гана алмаштыруу мүмкүнчүлүгү калып жатпайбы же кыргыздар башын жерге салып бир үй-бүлөнүн бийлигинин тебелендисинде жашай береби?
Ушуларды көрүп-билип турган Эл аралык уюмдардын эксперттери кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечеги жөнүндө кандай божомол жасашы мүмкүн? Мындай опурталдуу убакта кыргыз эли, кыргыздын элитасы бир улуттук идеянын айланасында биригип, жаны багытка бет алуусу кечиктирилгис маселе. Ал үчүн албетте, жаңы улуттук идеяны ишке ашыра турган жаңы улуттук лидер жана жеке бийликке жол бербей турган жаңы саясий система керек. Бакиевге берилген төрт жылдык убакыт Кыргызстан үчүн текке кетирилген гана убакыт эмес, чоң артка чегинүүнүн жылдары болду.
Эл бийликтин булагы болгондон кийин кимди болбосун бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө укугу бар - эки вариант менен. Биринчиси- жалпы улуттук нааразычылык акциясын жарыялап, Президенттин өз ыктыяры менен отставкага кетүүсүн талап кылат. Экинчиси-Президент "мага баланча мөөнөткө ишеним көрсөтөсүңөрбү-" деген суроо менен жалпы элдик референдум жарыялайт. Шайлоо алдында элге берген убадаларынан танып, өлкөнү терең кризиске кептеп, анын стратегиялык байлыктарын менчиктештирүүгө койгон Бакиев же отставкага кетиш керек же ушул маселелер боюнча референдумда элдин колдоосуна ээ болушу керек. Антпесе, эртеби же кечпи катаал жоопкерчиликке дуушар болот. Өз элинин душманына айланган бийликти көтөнзорлук менен сактап калууга аракет жасоонун келечеги жок , диктаторлордун тагдыры ага күбө.
Ташполот мырза, азыр Кыргызстанда Улуттук идея жана Улуттук лидер барбы?
Бул суроого бар же жок деп жооп берүүдөн мурда Улуттук лидердин бейнесин аныктап алыш керек. Менимче, Улуттук лидер деген өмүрүн, ишмердигин өзүнө, үй-бүлөсүнө же элдин бир бөлүгүнө эмес, жалпы элге арнаган адам. Анын мындай сапаттары жашоо практикасында көптөгөн жолу сыноодон өтүп, элге кеңири белгилүү болууга тийиш. Улуттук лидердин дагы бир өзгөчөлүгү- аны кыйын тарыхый кырдаал аренага алып чыгат - эл ошого муктаж болуга тийиш. Азыркы кезде Кыргызстан, кыргыздар ошондой кырдаалга туш болду - үчүнчү жолу лидер тандоодо жанылыштык кетирүү кечиримсиз жана ал оор натыйжага алып келиши мүмкүн. Улуттук лидер элге өлкөнү кризистен чыгаруунун, коомдук тазалануунун туура жолун Улуттук идея катары сунушташы керек. Себеби, эл ишенген кишисинин гана идеясын, программасын колдойт. Эл колдобогон идея жансыз.
Азыркы саясатчылардан ичинен кимди жогоруда айткан Улуттук лидердин талаптарына жооп берет деп ойлойсуз?
Андай азаматтардан элдин уучу куру эмес. Улуттук лидерге татыктуулардын биринчиси Өмүрбек Текебаев десем жаңылышпайм. Бул инсанды билбеген кыргыз жок. Чоң саясий тажрыйбасы, туруктуу позициясы бар. Бийлик үчүн, мансап үчүн сатылбаган, чындыкты кимге болсо да бетке айткан, улуттун мамлекеттин көйгөйлөрүн так сезе билген көрөңгөсү менен белгилүү. Чоң мансаптардан, кызматтардан баш тартып, намысты, абийирди туу тутуп келатат. Жеп-ичкендин тазалыгынан, жок кылуунун башка айласын таппаган бийлик матрешкага баңги зат салып карматып да көрдү. Польшанын сотунан акталып чыгып, Ата-Мекенине кайтып келгендеги пресс-конференцияда берилген - "баңги зат менен камакка алынганыңызда эмнени ойлондуңуз" деген суроого - " бийлик мени ушинтип карасанатайлык менен бөтөн жерде каматып, элдин алдында абийиримди төгүп салганча, атып салса эле жакшы болмок деп ойлондум"- дегени эсимде. Албетте, Текебаевдин Кыргызстанды бейишке түз эле киргизгендей сыйкырдуу таякчасы жок. Бирок, теңдик, калыстык, акыйкаттык орнотуп, өлкө байлыгын элдин пайдасына бураарына ишеним бар. Бүгүн кыргызга улут намысын өмүрүнөн жогору койгон азаматтар керек болуп турат.
Кыргыздын улуттук идеясынын өзөгүн эмне түзүшү мүмүн?
Улуттук идеянын пайдубалын - жалпы адамзатка жана кыргызга тиешелүү баалуулуктар түзүшү керек. Биринчиси, акыйкаттык, теңдик, мыйзамдуулук, мамлекеттин жана бийликтин элдик көзөмөлдө болуусу сыяктуу баалуулуктар. Экинчиси, кыргызга мүнөздүү ыймандуулук, нарктуу каада-салт, намыс, адеп, калыстык, Ата-Мекендин ыйыктыгы сыяктуу баалуулуктар. Мисалы: АКШнын улуттук идеясы - тең укук, тең мүмкүнчүлүк. Биздин азыркы улуттук идеянын маңызын "таанышың болсо танкасын, таанышың болбосо маңкасың", "пулуң болсо кулуңмун", "бир күндүк бийлигиң болсо түштүгүнө жорго мин" , "алдабасаң жашай албайсың", "эбин тапсаң эки ич" сыяктуу адамды ыймандан алыстаткан принциптер өкүм сүргөн мезгил. Бийлик системасы түзгөн турмуш-шарт адамдарды ушуга мажбурлап жатат. Болочок бийлик системасынын өзөгүн "бийликке - акыйкаттык, алдууга - мүмкүнчүлүк, алсызга - колдоо" деген принциптер түзүшү керек.
18 жылдан бери эгемендикте жашап жатып эмнеликтен улуттук идея калыптанган жок?
Эгемендик кыргызга күтүүсүздөн берилген белек болгону үчүн эйфорияда жүргөндүрбүз. Азыр эл туңгуюкка такалганда Улуттук идея, Улуттук лидер жөнүндө ойлонууга мажбур. Коомдук аң-сезим да ушуга бышып жетти көрүнөт. Убагында Акаев Кыргызстанды экинчи Швейцария кылуу, Малайзиядай жолборско айландыруу, Туркиянын жолу сыяктуу идеялар менен алаксытып келди. Бакиев болсо Улуттук идея менен убара болбой эле Акаев чапкан үй-бүлөлүк бийликтин "ак жолу" жолу менен зуулдап баратат. Улуттук идеяны сунуштап жана аны саясаттын туу чокусу катары жетекчиликке алуу өлкө башчысына чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Кечээки жана бүгүнкү президентке каалаганын жасап, эчтекеге жооп бербеген саясат керек.
Эгемендиктин жылдарынан элдин алган ачуу сабагы - жакшы адам эмес, жакшы система керектигин, бийликти жердешчилик, тууганчылык менен эмес, жалпы улутка кылган кызматы менен баалаш керектигин түшүнүү болду деп ойлойм.
Бүгүн эл бийликке да, оппозицияга да ишенбей калган убакта Улуттук идеяны каяктан издейбиз? Ал асмандан түшпөйт да, туурабы?
Эл шайтан эмес да үмүтсүз, ишенимсиз жашагандай. Албетте, алдап кетет деген кооптонуу бар. Кечигип болсо да элибиз өз идеясынын айланасында биригип, лидерин тандап, алдыга туура багыт албаса, келечек опурталдуу. Элди түндүк-түштүккө, өзгө-жатка болгон бүгүнкү бийликтин идеологиясын ар бир кыргыз четке кагып, "Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарууга" убакыт жетти. Жаңы жылдын босогосунда "ыркы жок"- деген оппозиция да элдин, кырдаалдын талабы менен бирикти. Биригүү биринчи эле кадам, ага магдырабай элди аралап, элеттин арасынан бычакка сап болчу уул-кыздары менен катарын толуктап, журтту ээрчиткен күчкө айланбаса, Бакиев баягы эле ыкмасына салып - коркутуп, алдап, камап, чилдей таратышы турган иш.
Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Ө..Текебаев айтты эле: "азыркы замандын эн тамгасы - пулуң болсо, кулуңмун болуп калды"- деп. Андай болсо, эртеңки бийликти тандоодо эл дагы эле идеяны эмес, жеке пайданы ээрчип кетпейт деген кепилдик барбы?

(Уландысы 5 бетте)











а ­е¦Є.НҐй«