Беш өрдөк

Маданияттуу лапшалар
Кыргыздар калпты өрдөк деп тергейт эмеспи. Бирок, биздин айталы деген сөзүбүзгө орустардын кулака илинген лапшасы жарашыктуураак көрүнөт, анткени өрдөк учуп кетээри менен эле колго илинбей, кээде көрүнбөй да калат. Ал эми лапшанын даамын да, жытын да, ичке-жоонун да өз кулагың менен сезип турасың.

Учурда кыргыз эли лапшага тоюп турган кези. Кулактарыбыз лапшаны көтөрө албай, делдейип да калды. Азыркы бийлик келээри менен жыргатабыз, ырдатабыз, Конституцияны оңдоп, накта элдик бийлик орнотобуз, маалымат каражаттарын КТРди кошуп туруп эркин кылабыз деген. Бүгүн мунун баары лапша экени айкын болуп отурат, болгондо да майлуу, жоон лапшалар экен, лагмандыкы болсо керек, же мантудан калганбы?! Ноябрдан баштап жарыкты өчүрбөйбүз дегендери да ошол эле камырдан болду.
Азыркы бийликтин идеологдорунун бири болгон Маданият жана маалымат министри Султан Раев да лапшадан кур кол калбаптыр. Ал да илет, ага да илишет. Оңду-солду убада бере берүүнү өзүнүн шефинен үйрөнүп алганбы, айтор, министрлик кызматка жаңы келгенде "маданияттын жаңы мыйзамы болот, ага ылайык артисттерибиз эмгегине жана талантына жараша бааланат, сахнаны накта таза өнөр ээлери ээлейт, фонограмма деген халтурага жол бербейбиз" деп оозун көптүрдү эле. Иш жүзүндө башкача болуп чыкты. Ар кандай наам-сыйлыктарды алып жаткандарды эле көрүп жатабыз. Фонограмма азаймак турсун көбөйдү. Фонограммалык лапша жөнөкөй эл катышкан концерте эле эмес, эл аралык өкүлдөр катышкан ШОСтун иш чараларында да келген коноктордун кулактарына илинди. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн алыс барбай жакында өткөн мамлекеттик деңгээлдеги эки концертти эле алалычы. Биринде министр өзү залда президенттин жанында олтурса, экинчисинде уюштуруучу болуп башында турду. КТРдин 50 жылдыгына арналган салтанаттуу кечесинде министрди баш кылып залдагылардын кулагына фонограмма лапшаларды "Кыз бурактын" чырайлуу кыздары илип баштап, андан соң башка артисттер биринен сала бири үйүп салды. Ошентип ал күнү филармониядан баарыбыз ырчыларды эмес, патефон угуп тарадык.
Жаңы жыл алдында Ч. Айтматовдун эскерүү кечеси өттү. Эми буга окшогон залкар адамдардын кечелери чын дилден таза өтүш керек эле. Ыйык нерсеге ыйык мамиле талап кылынат эмеспи. Бул кеченин концертиндеги эстрадалык номерлерге макул десек дагы, "Жаратманга гимн" аттуу чыгармада симфониялык оркестрдин фонограмма менен ойногонуна не дейсиңер?!
Министрликтин отчет-подчетторун карасаң, мурда болуп көрбөгөндөй кыйратып атабыз деген жарамазан айтылат. Маданиятты 2010-жылга өнүктүрүү тууралуу программа кабыл алдык, мындай мурда такыр болуп көрбөгөн дешет. Он жети жыл ичинде бери дегенде эле мамлекеттик деңгээлдеги төрт-беш программа кабыл алынганын эстегибиз келбейт. Чынында азыркы министрликтин, тактап айтканда министрдин мурунку совет доорун кошо эсептегендеги министрлерден айырмасы бар. Өзүн өзү мактоо жана өзүнө сыйлыктарды ыйгаруу жагынан. Акыркы жылдары өткөн театралдык фестивалдарда С. Раевдин пьесаларын койгон театрлар гана баш сыйлыктарга ээ болоору адатка айланып баратат. Ал тургай "Би-би-си" радиосу да анын пьесасына муктаж экен. Мамлекеттик сыйлыкка дагы анын гана пьесасы татыктуу болду. Бирок мамлекеттик сыйлыкты ал "сен мага - мен сага" жолу менен алды деген айың кеп коштоп кетти. Жөнөкөй сөз менен айтканда,
Маданият тармагында министрлик ачылып, кыргыз элинин бюджет ырыскысынын 40-45%ын жеп жаткан чиновниктердин армиясы дагы өстү. Маданият тармагы башкарууга муктажбы же чыгармачыл чөйрөнүн өз алдынча өнүгүү мыйзам ченемдери барбы? Албетте, бул өзүнчө сөз кыла турган маселе.
Азыр маданият чөйрөсүн ким башкарып жаткандыгы тууралуу да бир-эки ооз сөз айтып кетейин. Министрликте статс-катчы болуп "мен искусствону түшүнбөйм, мени финансы жагына койгула" деген адам иштейт, бирок маданият кадрларын чакмактай калчаганды үйрөнүп жаткансыйт. Ал эми кадрлар жана окуу жайлар башчысы мурунку милиционер. Элестетип көргүлө, музыкалык, көркөм өнөр, театр окуу жайларын милиционер башкарып отурганын. Балким, анын бул кызматка олтурушуна убагында ышкырык ышкырып жүргөнү себеп болгондур. Себеби, ышкырык деле музыкалык аспаптардын түрүнө кирет эмеспи. Бирок натыйжада музыкалык окуу жайлардын окуу куралдары жана аспаптары жаңырбай, тээ Совет доорунун 70-жылдардагы окуу куралдары менен эле окуп келатат. Алардын да тарпы чыгып бүткөн. Көпчүлүк мектептерде, ал тургай орто окуу жайларда фортепиано, скрипка, үйлөмө аспаптар адистиктери бара-бара жок болуп, өздүк көркөм кружокторунун деңгээлине түшүп кеткен. Ал эле эмес, кадрлар курамы криминалдашып баратат десек да аша чапкандык болбос. Мурда КЖКнин 304-статьясы менен соттолгон Б.Осмоновдун Опера балет театрынын директору болуп дайындалганы гезит беттерине жазылган. Жакында эле Каракол музыкалык окуу жайына КЖКнин 305-статьясы менен ошол эле окуу жайдагы кыңыр иштери үчүн соттолгон Т.Бердибаев деген эргул да кайра ордуна олтургузулду.
Министр мырзанын бул иштерге көзөмөл кылганга убактысы жокпу же бул анын кадрлык саясатыбы? Маданиятты толук бойдон Ак үйдүн тейлөө кызматына өткөрүп, утурумдук шоуларды уюштуруу менен алектенип, колу бошобой жатабы? Антейин десең "өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар" деп өзүн унутта калтырбады. Министрликте өзүнүн финансисти, өзүнүн кошелогу бар деген кеп уу-дуу. Чектелүү министрдин маянасына ал Бишкектин жанында жана Ысык-Көлдө үйлөрдү салып жатат деген аңыз кептерге караганда, анын кошелогу бекер иштеп жатпаса керек. Эмнеси болсо да, лапша жегиңер келсе, тамагыңар таттуу болсун!
Тимур Саламатов,
музыка сынчысы




Дүйнө дүрбөлөңү
Европа

Көйгөйү күчтүү көгүлтүр от
Газ бөлүштүрүүчү орусиялык монополист "Газпром" компаниясы менен украиналык "Нафта газ" компанияларынын ортосундагы чыр-чатактан улам ушул жуманын шаршембисинен баштап Словакия, Австрия, Греция, Венгрия, Турция ж.б бир катар мамлекеттерге Орусиянын көгүлтүр оту жетпей калды.
Орусия европалык кардарларына көгүлтүр отунун жетпей калышын коңшусу Украина өз аймагынан өтүүчү газ түтүктөрдөн орусиялык газды бууп салып, европалыктарга делинген көгүлтүр отунду уруксатсыз пайдаланышууда деп күнөөлөөдө. Орусия бийлигинин айтымында, 1-январдан 4-январга чейинки эле күндөр ичинде Украина мыйзамсыз түрдө 65.4 миллион куб метр газды орто жолдо өөнөп калган.
Ал эми Орусиянын көгүлтүр оту Украинага жаңырган жылдын башынан бери кан буугандай токтотулган. Себеби, "Газпром" Украина тарапка сатылуучу миң куб метр газды 418 доллардан деп бычып берген. Ал эми Украина тарап миң куб метр газ үчүн 180-230 доллардан төлөйбүз деп көгөрүп отурушуп, көгүлтүр оттон кур калышкан. Эки өлкөнүн ортосундагы ич ара келишпестиктерден башка өлкөлөр жабыр тартпашы керек деп, Москва менен Киевди кескин түрдө сынга алган Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозу Европа өлкөлөрүнө көгүлтүр оттун үзгүлтүксүз жеткирилишин Орусиядан талап кылды.

Греция
Эллада бийлиги ээлеген кызматтарынан айрылды
7-январь күнү Грециянын премьер-министри Костас Караманлис кол алдындагы бир катар министрлерин кызматтан айдады.
Грециянын Өкмөт курамындагы дээрлик бардык министрлердин кызматтан айдалышына өткөн жылдын 15-декабрында полиция кызматкерлери менен грек студенттеринин ортосундагы кагылышуу себеп болгон.
Полиция кызматкери кокусунан атып алган бул өспүрүмдүн кегин кууган миңдеген грециялык жаштар Эллада жергесинде гана эмес, бүтүндөй дүйнө коомчулугунда өтө чоң резонансты жараткан массалык баш аламандыктарды уюштурушкан. Учурдагы премьер-министр Костас Караманлис жетекчилик кылган "Жаңы демократия" партиясына болгон нааразычылык ошол окуядан кийин күч алып, оппозициялык күчтөр өкмөт башчысы баш болгон министрлер кабинетинин кызматтан кетүү талабын коюшкан. Натыйжада Коргоо министри менен Тышкы иштер министринен башка бардык өкмөт мүчөлөрү министрлик жылуу орундарын бошотуп берүүгө аргасыз болушкан.

Германия
Байлар дагы ыйлашат
Германиялык миллиардер дүйнөлүк каржы кризисине туруштук бере албай өз өмүрүн кыйды.
Дүйшөмбү күнү кечинде дүйнөдөгү эң бай миллиардерлердин катарына кирген Германиянын Ульма шаарынын тургуну 74 жаштагы Адольф Меркель жер жүзүн каптаган каржы кризисинин айынан жүз миллиондогон акчаларынан кол жууп калгандыгына ичи күйүп, өзүн-өзү поезддин алдына салып берди.
Жакындарынын айтымында Адольф Меркель "Фольксваген" концерниндеги эле баалуу кагаздарынын 400 миллион (539 миллион доллар) евросунан кол жууган.

Жакынкы Чыгыш
Кан күйгөн Жакынкы Чыгышта
Ондогон жылдардан бери кан жыттанган согуш очогуна айланган Жакынкы Чыгыш аймагында 2008-жылдын 27-декабрь күнү кайрадан согуш оту тутанды
ХАМАС баштаган палестин боевиктерин жок кылуу шылтоосу менен Газа тилкесине 10 миң жөөт аскерлери кирип келген эки жуманын ичинде 700гө жакын палестин жарандарынын өмүрү кыйылган. Каза болгон бул адамдардын дээрлик жарымынан көбү бейкүнөө карапайым палестиндиктер болгон.
Ал эми жөөт аскерлери тарабынан жоготуулардын саны беш адамды түзгөн. Арабдардын айныксыз №1 душманы эсептелген Израил мамлекетинин мындай мыкаачылык иш-аракеттерин бир гана араб дүйнөсү гана эмес, жер жүзүндөгү бардык мамлекеттер кескин түрдө сынга алышууда. Ондогон мамлекеттерде антиизраилдик чакырыктар менен миңдеген адамдар палестин элине боордоштугун билдирип, ар кандай акцияларды уюштуруп келсе, Венесуэла өз өлкөсүндөгү Израилдин элчиси баш болгон бардык дипкорпусун кууп чыккан.

Польша
Тарыхтан калган кара так
Польша мамлекетинин аймагындагы Мальборк шаарынан 1945-жылы каза болгон 1800 адамдын сөөгү жашырылган массалык көрүстөн табылды.
Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Германиянын карамагында болуп келген бул шаарда 1945-жылы Кызыл армия тарабынан өлтүрүлгөн 1800 немис улутундагы адамдардын сөөгү өткөн жылдын октябрь айында шаардын чок ортосундагы мейманкананын курулушу учурунда кокусунан табылган.
Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында өлтүрүлгөн маркумдардын баш сөөктөрүнүн бардыгынан октун тешиктери табылган.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"