email • архив • редакция  


Жарыя! Чакыруу! Жарыя!
Бириккен Элдик Кыймылдын Саясий Бюросунун мүчөлөрү толук курамда (А.Атамбаев, А.Бекназаров, Э.Булекбаев, Э.Каптагаев, А.Муралиев, Р.Отунбаева, Т.Сариев жана Ө.Текебаев), Улуттук Кеңештин айрым мүчөлөрү 17-18-январда Талас областынын калкы менен жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушуулар 17-январда саат 10 до Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр кыштагында, саат 13 тө Манас районунун Покровка кыштагында, 18-январда саат 10 до Талас шаарында, саат 13 тө Бакай-Ата кыштагында болуусу болжолдонууда.
Жолугушууларда Кыргызстандын бүгүнкү абалы тууралуу маселелер көтөрүлөт.
Жолугушуулардан соң "Ата-Мекен" партиясынын лидерлери өз мүчөлөрү жана тарапкерлери менен өз алдынча пикир алышууларды жүргүзөт.
Өлкөбүздүн тагдырын өз тагдырыбыз деп эсептеген таластыктардын баарын жолугушууга чакырабыз.
Кошумча маалыматтарды "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдон 0777 10-14-41 чөнтөк телефону аркылуу алсаңар болот.
Уюштуруу комитети