Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу
Бабырбек Жээнбеков:
"Башыңды тике көтөрчү,
Келгендир элим убактың…"

- Эңшерип элдин байлыгын,
Өлкөсү түшүп чаң-будуң.
Эсирип бийлик ээлери,
Эшикте, билбейм, кай кылым?

Эл журтун "кой" деп айдама,
Туйтунуп турса пайдага.
Тикелей туруп бийликтин,
Тизгинин тартаар жан кана?

Билигин тиктеп чырактын,
Аныгын билбей чын, актын…
Башыңды тике көтөрчү,
Келгендир элим убактың…

Анатай Өмүрканов:
"Теңирдин ар бир күнү бизге
майрам"

Пайгамбар батасын берсин,
Кызыр берекесин берсин.
Ар кимибизге эсендик берсин,
Жерге жамгыр,
Жакырга байлык берсин,
Азалуу үйгө шаттык берсин.
Карыга сөөлөт, балага абийир
берсин.
Адамдын аңкоосунан сактасын,
Жетим-жесирдин ырыскысын
ашагандан сактасын.
Аманатка кыянат жасагандан
сактасын.
Эл корголу кой болсун,
Көргөнү той болсун…
Жакшынын сөзү кыска,
ою нуска,
Жарандын жаны эргийт аны
укса.
Келаткан жаңы жылдын ар бир
күнү
Буйрусун ар-ар кимге жакшы
лыкка…
Насипти терип же, - деп жерге
жайган,
Теңирдин ар бир күнү бизге май
рам.
Ар кимдин куттуу күнүн кут
даарысын,
Кубанган көп-көп болсун
кубаргандан…

Эртабылды Аттокуров:
"Кудай карыларга жаштардын курчтугун, жаштарга карылардын токтоолугун берсин!"
- Дүйнөдөгү жакшылыктын, ырыскынын баарын элибизге, чогуу эмгектенген жамаатыбызга берсин! Ошол жакшылыктан, ырыскыдан үй-бүлөмдү да куру калтырбасын!
Келерки жылы Кудай калкымдын карыларына калыстыкты, жаштардын курчтугун, өткүрдүгүн, а жаштарга карылардын токтоолугун берсин! Жаңы жылыңар куттуу бол

сун!

Туратбек Жаманкулов:
"Бар болгула, боордоштор!"

- Жаштарыбызга ыйман, карыларыбызга сөөлөттүү карылык берсин. Карыганда дасторкондун айланасына небере-чөбөрөлөрүң чогулуп, жаңы жылды жадырап-жайнап, алар менен бирге тосуу кандай бакыт.
Меникиндей бакытты ар бир адамга каалар элем. Бар болгула, боордоштор!

Рыскелди Момбеков:
"Атак-даңк келе берсин"

- Кудайым бере берсин,
Кубалашып келе берсин!
Жаратканым бере берсин,
Жармашып келе берсин!
Теңирим бере берсин,
Тегеренип келе берсин!
Алла Таалам бере берсин,
Айланып келе берсин!
Анан "Ачык саясатка" атак-даңк
келе берсин!

Ильяс Омуралиев:
"Үй-бүлөңүздөрдү ырыскы ыроолосун!"
- Кыргыз журтум! Уй жылы жалпыбыз үчүн ийгиликтин, тынччылыктын, берекенин жылы болсун! Чычкан жылында ишке ашпай калган ой-максаттар уй жылында орундалсын! Ушул жыл элибизге токчулукту, молчулукту алып келсин! Ар бириңиздердин жүзүңүздөрдө жылмаюу, кубаныч, жүрөгүңүздөрдө ыйман болуп, үй-бүлөңүздөрдү ырыскы ыроолосун!

Анара Эшимбекова:
"Жаңы жыл ак жолтой жыл болсун"
- Жаңы жылда элибиздин кампасы данга толсун, өрүшү малга толсун.
Келе деген доочу болбосун, онтоткон оору болбосун.
Ушул жыл ар бир үй-бүлөгө бейпилчилик, токчулук, тынччылык, ийгилик ачылып кирсин. Жаңы жылыбыз Кыргыз мамлекети үчүн ак жолтой жыл болсун!

Улан Мамбетов:
"Элибиздин жан-дүйнөсүнө
жаракат кетпесин!"

- "Дарактан жаракка кетсе, жаз алды менен бүтүп, бир жыл керектир…
Жерден жарака кетсе, топурак толуп, чөп өскөнчө жүз жыл керектир…
Элден жарака кетсе, миң жылдан кийин да жарат айыкпастыр…"- деп акылман ата-бабаларыбыз айткан экен. Учурда, өлкөбүздө саясий абал курчуп, айрым бийликте олтургандар өз максаттарын ишке ашыруу үчүн алакандай кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүүгө аракет кылып келет. Андыктан, келе жаткан жылда өз көмөчүн гана ойлогон саясатчы "сөрөйлөрдүн" жетегинде болбой, пендечиликке алдырбай, башты бийик көтөрүп, акыл калчап, биримдикте иш кылалы. Биз бири-бирибиздин жан дүйнөбүздүн ачкычын таап, бир муштумдай бириккенде гана бардык кыйынчылыктарды жеңебиз. Бүгүнкү күн менен эле эмес, келечек үчүн жашайлы!


Гүлниза Молдокулова:
"Жаңы жылыңыздар менен!"
- Жакшы жашоодон үмүт кылган жаңы жыл да босогого кирип келди. Ушул жылы кадырман калкымдын илгери үмүттөрү акталсын.
Кыргызстан да зоболосу бийик өлкөлөрдүн катарына кошулууга кадам таштасын. Ар бир үйгө ырыскы ыроолоп, кут-береке төгүлгөн майкөл-сүткөл жыл болсун!
Жаңы жылыңыздар менен мекендештер!

Жылдызай Израилова:
"Чамгарагы бийик көтөрүлсүн!"
- Ар бирибиздин жүрөгүбүздө Сезим, дилибизде Ыйман, сапарыбызда Ийгилик, үй-бүлөбүздө Ырыс, элибизде Ынтымак болсун!
Балдардын күлкүсү жаңырып, энелердин сүйүүсү баарыбызды жамандыктан сактасын! Жаңы жылда түндүгүбүздөн Кут куюлуп, Кыргызстандын чамгарагы бийик көтөрүлсүн!

Гүлзана Бейшеналиева:
"Ийгилик жылоологон
Берекелүү жыл болсун!"
- Жаңы жылда жалпыбызга тилээрим:
Жакшылыкка чылк толгон,
Жаңылыкка март болгон,
Тынччылык орногон,
Теңирим колдогон,
Ийгилик жылоологон
Берекелүү жыл болсун!


Айсулуу Эсен кызы:
"Ишибизди ийгилик коштосун"
- Кирип келген жаңы жылыбыз жалпы кыргыз элиме токчулук-молчулукту, ынтымак-ырыс, бейкуттукту ыроолосун. Ар бир үй-бүлөдө кубанычтуу күндөр көп болуп, ишибизди ийгилик коштоп, алдыга койгон максаттарыбыз аткарылсын. Жаңы жылды жагымдуу маанай менен тосуп алууңуздарга тилектешмин. Жаңы жылыңыздар менен!

Айбек Шамшыкеев:
"Жашасын кыргыз элим!!!"

Кымбаттуу Кыргыз элим!!! Кирип келген уй жылы өзүнө окшоп момун, майкөл-сүткөл жыл болсун! Элибиздин жашоосуна эң сонун жетишкендиктерди, жана эң башкысы, бул жылы АТА-ЖУРТ, АТА-МЕКЕН үчүн жан дили менен күйгөн, кара кылды как жарган калыс, адилет бийликтин эл үчүн түбөлүккө орношун чын жүрөктөн каалайм!
Жаңы-жылыңыздар менен! Жашасын кыргыз элим!!!