Сандан - санга

Асанкан
Жуманалиев
БОЗЧАГЫР
(Башы өткөн санда)
ЖАФАР ЖӨНҮНДӨ
Жафар барып келгенден кийин, бизди Бозчагыр ээрчитип алып өзү айткан кенчке алып барды.
- Биз бул жерге келе электе бул жерди "Боз Дөбө" деп аташчу экен. Ошол жазда уруу башчысы жашаган ушул кепени биринчи көргөм. Кезинде уруу башчы туш-тушка карап, байкоо салып турчу. Коргондун тиги четки капталында жардын боюндагы оюкчаны көрдүңбү? Дал ошол оюкчадан дөң астына жол кетет, кенч катылган салык тамга. Ал эми төмөн жагында бири-бирине тыгыз жер кепелер боло турган, аларды азыр кум басып калган. Баягы кыргын түшкөн түндөн баштап, бул жакка эч адамдын буту баспай калган. Бул окуя бир мезгилде бүт аймакты таң калтырган. Теңирдин каарына калган жер деп, жакын жердеги элдер көчүп кетишкен. Кийин таптакыр эле унутулуп калды, бул жерде элдин жашаганы жөнүндө. Бул жердеги жыландын көбүнөн бул жерге адамзаты жолобой калган - деп Бозчагыр айтып бүтүп, кенч катылган салык тамды көргөздү. Оюкка Бозчагыр барганда ышкырды, аңгыча зор жылан сойлоп чыгып, оюктун тушундагы жар түбүнө барып жатып алды. Биз Бозчагырдын арт жагынан ичине сойлоп кирдик. Бир аз сойлогондон кийин төр жагына жеткенде тик туруп бастык. Бозчагыр бизге:
- Ушул жер үңкүр оозу, учук таш бар, акырын копшоп тартып бере алсаңар. үңкүр ачылып, кенч жаткан жерге киресиңер. үңкүргө кирсек дубалга орнотулган чайыр шамдар бар экен. - Билип алгыла, жанагы үңкүргө кирердеги Заңгар Кашка кенчти гана кайтарбастан силерди да кайтарат. Кош эмесе Сергил, кетүүм керек үймөк Ташка, керек болсом чакыргыла, келемин - деди да акырын сойлоп чыгып кетти.
Табият Боз Дөбөнүн капталынан атайылап үңкүр салган. Бул үңкүрдү каракчылар өздөрү кенен-кесир баткандай кылып, ичиндеги топурагын сыртка алып чыгарышкан. Бөлмөлөрүнө кыштактын бардык адамдары батып кетчүдөй. Дөбөнүн үстүндө мурда салынган тамдын ордунун жүлдөрү билинип турат. Каракчылар колуна тийген алтын-зарларын ушул жерге алып келип ката берген. Ошондон улам бул жер "Салык там" деп аталып калган. Бул жерге адамзаты келген менен сыртынан кенч бар экенин билбейт. Эсимде, салык тамга кирген кезде, үңкүрдүн ичи купкургак, ным жыттанбайт, болгону толук жарык болуп шоолаланбайт. Чакылдаган үндөн улам арт жагыма карасам, Жафар чайыр шамды өтө жарык кылып, мени менен иши жок, өлүү кенчтен көзү өтүп, көздөрү жайнайт. Жафар улам кенчтеги айрым нерселерди кармап көрүүдө, ал кармаган буюмдар шумдук ай, кооздуктан көзүм талды. үңкүрдүн төбөсүндөгү тешиктер сан миң жылдыз, ай нурундай жылтырайт. Ал эми жыйналган дүр-дүнүйө, асыл заттар, карагандан көз талат. үнкүрдүн ичин алтындан куюп, ааламдагы жылтырагандан жасалгандай. Бат эле айнып, ушул кооздукту көргүм келбеди, "жүргүн"деп Жафарды колдон алып сыртка чыктым.
Жафарга кошулуп үй салып, коргон түптөп, түн киргенче түйшүктөнөбүз. Жанында тыным албай бирге жүрүп, адамдарча жашаганды үйрөндүм. Сөксөөл отун, катуу куурайды күз келгенде чогултабыз. Ал эми Жафар өзү көргөн кенчтен алып келип үйгө керектүүлөрүн илип койгон. Бир жолу кечке жуук бир тулупту толтура бир нерсе алып келди. Тулуптун оозун ачканда укмуштай жыт буруксуду. Анан чөйчөккө суу куюп, алиги тулуптагыдан сууга аралаштырып, "ичкин"деп чөйчөктү мага сунду. Менин ичкениме кызыгып, эмне деп айтарымды карап турду. Баягы бала кездегидей ак чоподой жакшы экен, бардыгын шыпкап ичтим. Унчукпастан, эч нерсе айта албай, уктай берип бир нече күн ойгонбопмун. Көрсө ал көп жыл сактаган күлазык экен. Ошентип жашап жүрдүк. Мен ага, ал мага көнүп калган.
Алгачкы жолу Жафардан мындайча калган эле. өтө чарчагандыкыбы, эртең менен ойгоно албай, бүткөн боюм оордоп ордуман араң турдум. Сыртка чыксам күн небак көтөрүлүп калган экен. Айлана шаңга толуп, күн чайыттай ачык, асманда токумдай да булут жок. Көкмөк асманда карап турганда, көңүлүмө бир жамандык боло тургандай сезилди. О Теңир! эмеле жалбырттаган көңүл оту, суу куюп өчүргөндөй болду коломтону. Шарпа-шурп дегенден артымды карай салсам, шумдук ай, жетелеп бир нече унаа, тердеп-кургап, кубанычы кулагына батпай жыргап, Жафардын келе жатканын көргөнүмдө сөз таба албай туттугуп калдым. Турган жеримден чыңырып жибердим. "Ант ургур, шерт бузулду, шерт бузулду!" - дедим. Көрсө Жафар заардан туруп айланага көз жиберип карайт, келе жаткан кербенчилерди көргөндө, сүйүнүп кыялданат. Жайнаган асыл затты тамак-ашка алмашышка акым бар го, ушул жерде жашап жаткандан кийин, Сергил турганча келип калбаймынбы", - деп колуна чоорун алып келаткан кербенчилерди утурлап күтүп турат. Чукулдап кербенчилер келген мезгилде, тегерегине жыландар толуп чыгат. Чоорду тартуу менен марларды токтоттурат. Жафарды, анын тегерегиндеги жыландарды көргөн кербен башы салам айтып:
- Ой жигит, арыбагын, бул кандайча, курчап айланамды жыландарга? Бул турмушуң менен жүрөктүн үшүн алып турасың го? - дейт.
Соодагердин саламын алик алып, жанына чукул барып, асыл ташты көргөзүп, тамак-ашка алмашууга макулдашат. Мына ошентип турганда Заңгар Кашка баш болгон жыландар бир да адамды калтырбай чагып салат. Күнөөсүз бечаралар ал жерде өлүп кала берет. Бейкүнөө өлгөндөргө кейип койбой, кайра чоорун ойноп, өлгөндөрдүн унааларын жетелеп, мени кубанат деп алып келиптир. Көргөндө өлүү кенчтин тирүү кулун, көңүлүм муздай болуп үшүп турдум. Бозчагырды чакырдым, ал шаша келип менин сөзүмдү угуп:
- Ичиндеги бир тамчы каны үчүн бул жолку пенделигин кечирели, эгерде ушунусу экинчи жолу кайталай турган болсо ажал тапсын. Узатып Бозчагырды бир топ жерге, артынан калгым келбей бастым эле. Бозчагыр муңайымдуу башын буруп, таарынычы жазылгандай сүйлөп турду:
- Туш болду тагдырыңа ач көз адам, буйрукка эч каршылык кыла албагам. Жасаган ишин бат эле унутуп, бул ишти кайра кайталайт го. Эгер Сергил, тилимди алсаң, Жафардын чоорун эптеп алуу керек, ал чоор барда, мар тукуму тийбейт ага. Колунда чоору барда жыландардын тийбесин билет Жафар. Сен дагы адам менен жашаганга көнүп калдың. Жафарды кыя албайсың айла канча, жашай бер Теңир жашын буйруганча.
Арадан айлар өтүп, адатынча жол тосуп келе жаткан кербендердин алдынан чыгып марларга уу чачтырып өлтүрүп, алып келген дүнүйөсүн жер кепелердин бирин ачып көмүп жүргөнүн марлар билет. Мага билдирбей жүрөт.
Бир күнү Бозчагырдын келгенин ичтен туюп сыртка шашып чыктым. Ал мезгилде эч нерсеге көңүл келбей, ыкшоо тартып жүрдүм эле. Бозчагыр мага атырыла катуу айтып кирди.
- Аткаргың келбедиби айтканымды, антташкан антыбыздан тайганыңбы? Мүмкүн туура эместир таарынганым, Жафардын билбейсиңби эмне кылганын. Эгер билбесең жүр, көрөсүң канча деген адамдын энчилеринин көмүлгөнүн. Тартып алгандарын көмүп жаткандын үстүнөн чыгабыз, жүргүнүң.




(Башы өткөн сандарда)
Нигилизм -улутсуз адамдардын оорусу
"Улуу болуу: демек ал туура багытты көрсөтүү деген сөз"
Ф. Нищце
Байас Турал
Ал эми Акаев баш болгон "академиктер" айтып келаткан "экономика" дал ушул үч нерсени өстүрүүгө кызмат кылышы керек. Ошондо жогорку үч билим улуттук экономиканы иштеп чыгат жана анын көтөрүлүшүнө жардам берет. Бизде байлар, азыр тескерисинче, "экономиканы" өз курсактарына тыгып толтуруу менен гана алек болууда. Бул сыягы дагы көпкө созулат? Анткени, азыр улуттук экономика жөнүндө ойлонгон экономист жок. Азыр экономика жеке адамдын деңгээлинде гана өнүгүүдө.
Мына ушундай, Жеңишбек мырза. Тил, тарых жана дин дегенибиз - ар ким оюна келгенди жасай берген "орозалынын оюну эмес". Ошол үчүн оозуна эмне келсе, ошону ойлонбой сүйлөй бербесин деп, кудай адамга акыл берген. Бирок, биз оюбузга караганда, кээде оозубузга көбүрөөк ишенебиз. Көп адамдын катасы ушунда.
Х Х Х
"Улуттук кайра жаралуу" идеясына негизделген Улуттук идеология боюнча мен өз ойлорумду айтып да, жазып да келатам. Тилекке каршы, аны "туура эмес" деп айткан, же "туура" деп кабыл алган мамлекет катчысы, же өлкө башчысы боло элек. Ошондон улам "улуттук идеология" деген сөз азырынча жөн эле элди убактылуу алаксыткан саясат экенине көзүм жетти. Качан улуттук лидер көрүнгөндө гана аны сөз кылсак болор, бирок азыр бир аз эрте.
Эми ал тууралуу сен минтип жазып жатасың: "Тарыхтын бардык кырдаалынын талуу жери бар: адамдар бир мезгилде итке минип жашайт, бир мезгилде эркиндикке жетпейт, бир мезгилде ыйман-ызааттан ажырайт. Идеология тузу ушунда: дал ошол мезгилдин маселелерин чечүүгө багытталат. Ошондо гана ал улуттун ураанын көтөрүп, алдыга ээрчите турган күчкө айланат. Күчтүү идеологиясы бар коом өзүнөн-өзү күчтүү болот. Андыктан абалы миллиондогон адамдардын жүрөгүнө жетип, улуттун уйкудагы күч-кубатын ойгото турган идеология түзүү зарыл".
Тилекке каршы, "улуттун уйкудагы күч-кубатын ойгото турган идеология түзүү зарыл" экенин баарыбыз эле түшүнүп жатабыз. Бирок, ал кандай болуш керек? Улуттун "күч-кубатын ойгото турган" идеология кайсы? Анын өзөгүн эмне түзөт? Маселе мына ушунда турат.
Х Х Х
Бүгүн биздин коомдо "болбогонду - болду", "болгонду - болбоду" деп жанын жеп жалган айтуу көнүмүш адатка айланды. Илгери жалган сүйлөгөнү үчүн кыргыз адамды өлүм жазасына тарткан. Азыр биз алардын укугун коргойбуз. Бүгүн бир гана кыргыздын укугун коргогон адам аз. Мисалы, сенин: "Биз ансыз деле союз кулап, кыргыз тилине байланыштуу акаевдик "сыркоо" саясаттын" айынан бүтүндөй интернационалыбызды үркүттүк жана жоготтук" деп жазганың да жогорку мен айткандын бир мисалы.
Эми "интернационализм" деген термин тууралуу эки ооз сөз. "Интернационалист адам" деген сөз түз которгондо "эл аралык", мааниси боюнча которгондо "улутсуз адам" дегенди түшүндүрөт. Эгер, Жеңишбек мырза, сен айткандай, "биз интернационализмди үркүтүп жана жоготуп" алсак, андан жаман болбойт элек. Биз тескерисинче, улутту сактап туруучу "улутчулдук"("националисттик") касиетибизди "үркүтүп" жана "жоготуп" албадыкпы! Биздин улут дээрлик бир кылымга жакын убакыттан бери "жок болчу жолдо" келатат. Мен ушул кезге чейин анын жок болбой келатканына таң калам. Эгер биздеги жүргүзүлгөн "улутсуздук" идеологиясы жана иш жүзүндө мыйзамдары иштебеген "анархиялык" саясат башка кошуна мамлекеттерде жүргүзүлсө, алар алда качан чачылып кетмек.
Х Х Х
Кечээ, СССРдин территориясында "интернационализм" деген ат менен жүргүзүлгөн "улутту жок кылуу" саясаты бүгүн бүткүл планеталык деңгээлде "ирилештирүү"("глобализм") идеологиясы деген аталыш менен дүйнөнү каптоодо. Эгер ушул ылдамдыктагы агым менен жүрүп отурсак, дагы кырк жылдан кийин кыргыз элинин аты калып, заты түгөнөт. Бир кудай өзү сактап, же эл өзү эсине келип, азыркы системаны өзгөртүп жиберип аман калбаса, майда улуттардын көбү жакынкы аралыктарда жок болот. Бул сөздү айтыш үчүн адамга "көз ачыктыктын" деле кереги жок.
Ошондуктан Жеңишбек мырза, бизге бүгүн кыргыздын башын айлантып, бөлүп-жарган, жер-суусун чет элдик акчага саткан улутсуз адамдар эмес, кыргыздын биримдигин, жеринин бүтүндүгүн жаны менен коргогон улутчул адамдар керек! Башка элди басынтпай өз элин көтөргөн улутчул адамдардын баасы биз үчүн бүгүн алтын менен барабар болууда! Анткени, ар бир улутту ушундай улутчул адамдар гана сактайт жана өстүрөт.
Ал эми сен жогоруда айткан "үрккөн" жана "корккон" интернационалисттер" - алар иш жүзүндөгү орусташып калган нигилист киргиздер жана кыргыз тилин үйрөнгүсү келбеген шовинист орустар. Жергиликтүү элдин мыйзамы менен жашагысы келбесе, алардын "үркүп", же "коркуп" качып кеткени эле жакшы. Анткени, улуттук идеологияны жүргүзүүгө дал ушулар тоскоолдук кылышат. Дал ошолор эртең улуттар аралык уруштарды чыгарышы мүмкүн.
Х Х Х
Ошентип, кыскартып айтсак, улуттук тилде сүйлөө менен биз өз улутубузду сактайбыз. Кыскасы, өз тилинде сүйлөгөн улут гана сакталат. Сакталган улут гана тилин өстүрөт. Тилин өстүргөн улут улуттук аң-сезимин өстүрөт. Улуттук аң-сезими өскөн улуттун улуттук ар-намысы ойгонот. Улуттук ар-намысы ойгонгон улут биригет. Бириккен улут күч-кубаттуу болот. Күч-кубаттуу улут гана "түбөлүк эл", "улуу дөөлөт" түзөт.
Демек, барып-келип эле улуттук тил - улуттук идеологиянын өзөгү. Демек, "улуттук кайра жаралуу" идеясына негизделген улуттук идеология - улуттук тилсиз ишке ашпайт.
Башка жол жок Жеңишбек мырза. Башка жол - ал улутту жок кылчу жол. Ошондуктан, эгер бүгүн биздин тил "күнүмдүк көр тириликтин" тилине айланып калган болсо, анда биздин милдет аны "кемсинтүүдө" эмес, аны көтөрүп, Мамлекеттик тилге айлантууда турат. Мына ошондо гана улуу орус тилинде сүйлөгөн Радлов, эмне үчүн кыргыз тилинин ички ыргактарына суктанып, кеп кылганын түшүнөбүз.