(Азил, тамашалар)

Таанымалдарга таш күзгү
Аскар Акаевге
(Кыргыз Республикасынын
экс-президенти)
Уялбай келе бериңиз,
Унутуп калган элиңиз.
Устаттан өтүп турган чак,
Урматтуу шакирттериңиз.
Сиз баштап келип, токтогон,
Чыкпадык чыла, боткодон.
"Кадрыңыз" да бир жан экен,
Кадимки сизге окшогон.
Чачып сиз таштап кеткендей,
Чарба, журт жатат өзгөрбөй.
"Өндүрүш өстү пайыздап"
Өзүңүз айтчу сөздөрдөй.
Түшүнө кирбей түшөөрү,
Түптөлүп бийлик күчөдү.
Сызгыраар далай мыктыны
Сталин болгон киши эми.
Ак үйдү темир тордоп сиз,
Азыраак чийки ойлопсуз.
Асанкулга корготуп,
Суу, замбирек, уулуу газ,
Дүрмөттөтүп койбопсуз.

Тамаша кылган элиңиз,
Таарынбай келе бериңиз,
Түлкүсү ким да, түзү ким
Түшүнүп калдык эми биз.

Курманбек Бакиевге
(Кыргыз Республикасынын президенти)
Тандемиңизден тандыңыз,
Таламдаштарды чандыңыз.
Саясий сабаттууларды,
Сай-сайга бөлүп салдыңыз.
Кызыккандарын бапкеге,
Кызматка тандап алдыңыз.
Талашар киши калган жок,
"Так" эле болсо кайгыңыз.

Жол башчы деле өзүңүз,
Кол башчы деле өзүңүз.
Керек болсо "Генсексиз",
Кеңеш жок - жеке сөзүңүз.
Ыйласа "ымдап соороткон"
Сталин болгон кезиңиз.
"Кетсин"!-деп эч ким айта албайт
Чечер ишти чечиңиз!

Чечкенге чиркин кеч эми,
Чечмелеп деле өтөлү.
Жылыбайт сизге эл ичи,
Жылытпайт дешет чекени.
Айлана бүтүн "Жетимдер"
Аскардан калган кечээги.
"Жетимдин" баары жегичтер -
Жек көрүп калган өз эли.

Басмачы топтой салгандай,
Баш кошкон адам ар кандай.
"Ак жолдун" партия экени,
Аллага деле жалгандай.
Ичи анык муздап эл журттун,
Ишенбей сизге калгандай,
Эрдик иш кылар бекенсиз,
Ельцинге окшоп ар кандай.

Айтибай Тагаевге
(Жогорку Кеңештин төрагасы)
Сатканың жигит таш экен,
Салмагың бирок аз экен.
Санаалаштарың да мурдагы,
Таза киши эмес, таз экен.

Бизнесиң жигит таш экен,
Билгендер сени аз экен.
Кайнай элек "катта" казанча,
"Каллаңиз" али жаш экен.

Тагаев мырза жаш туруп,
Ташты жеп жүрсөң аш кылып.
Башынан көздөп келген го,
Бакиев сени жактырып,
Эми:
Сүйлөбөй көнгүн озунуп,
Сүрөп жүр сөзүн кошулуп.
Төркүлөп келген келиндей,
Төргө тынч бергин отуруп.

Ошондо анык баш жейсиң,
Ош жакка барсаң аш жейсиң.
Тамтаңдап ашык сүйлөсөң,
Таш жеген даяр таз кейпиң.

Азиза Абдырасуловага
(Укук коргоочу)
"Азаттыктан" сүйлөсө
Азизанын сөзү укмуш.
Уккан, көргөн бардыгын,
Кулагы укмуш, көзү укмуш.
Жаңжалды укса чур кылган,
Жадабаган өзү укмуш.

Элим деп жанып, күйөсүң,
Элден ук сөздүн жүйөөсүн.
Калтасы калың байлардын,
Көтөрө көрбө мүдөөсүн.
Адамзат айыл жеринде,
Жашаарын, балким, билесиң?

Укугу эмес, аты жок,
"Бичтер" жүрөт айылда.
Ак үйдү уруп ойнобос,
Күчтөр жүрөт айылда.
Акыл-эске сыйбаган.
Иштер жүрөт айылда.

ООНду билсек "жоон" бар,
Онтогон далай боор бар.
Токтом,мыйзам чече албас,
Токсон тогуз тоом бар.
Мен жаза турган ырлар бар,
Сен чукуй турган жоор бар.

Досбол Нур уулуна
Мамлекеттик катчы
Мамкатчы деген кызматка,
Маани чоң дешет штатта.
Ишинин билип маанисин,
Иштешпейт биздей кыштакта

Эч нерсе деле кылбаган,
Эл ыйлап жатса ырдаган
Отуруп берип аш-тойдо
Осмонакун бир жыргаган.

Таарынып жүрүп Аскарга,
Таянар киши тапканда
Момпосуй болуп отурган,
Такыячан Дастан да.

Автоунаасын минди эле,
Ак кагазын чийди эле.
Адахан Мадумаров да
Айлыгын алып жүрдү эле.

Эми, билинбейт иши Досболдун,
Билбесем нени козгоймун?
Адатын кылаар алды эле,
Ажого жакын достордун.

Дос, ажону макта аябай,
Аялын макта жадабай.
"Кан айым" наамын берсек де,
Каршылаштарга карабай.

Шайлоого "дүжүр чал" топто,
Чалдарга сойчу мал топто.
Шыбыраса да жакшы уккан,
"Шпион" кошкун ар топко.


Өмүрбек Текебаевге
(Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Президент менен жеке пикир келишпестиктен кызматын өткөрүп берген)

Төр эмес чыкчу элетте,
Төрага элиң Кеңеште
Жаш келинге окшоп качпастан,
Жасабайт белең бөлөкчө!

Теминбе экс-төрага,
Теңелиш кыйын эми ага.
Бийлигиң колдо турганда,
Бийлетиш керек эле да.

Саясатты канттай чагасың,
Сайрасаң жетпейт сага акын.
Сабырдуу боло албасаң,
Сайраган бойдон каласың.

Бардыгын кылган сен өзүң,
Башыңа иш түшсө көнөсүң.
Бакиев "пока" президент,
"Тезек тер"-десе тересиң!

Төбөңдөн булут кете элек,
Төлгөдө жылдыз өчө элек.
Чыңгыз Хан кылган тагдырды.
Чыңгызхан гана көтөрөт…


Феликс Куловго
(Бириккен фронттун командармы")
"Фронттон" чыктың эле жараланып,
Фронттоштор, турабы кабар алып?
"Талкан табар" жумушту алды дешкен,
"Тандемдеш" таксырына бара калып.

Тарыхты тастыкташат бөлүп карап,
Гезиттер сүрөт, кабар берип калат.
Кемпирлер сүрөтүңдү карап алып,
"Кантужин болгон го"- деп кейип калат.

Жок дебеймин "Ар намысың" бар сенин
жобураган саясий сөз анчейин.
Каның, жаның кыргыз болуп турса да,
"Киргиз"бойдон кала бердиң кантейин!

Жазмышың сага тагдыр камдап койгон,
Жараткан оңдоп кайра албайт колдон.
Өкүмдардын өрнөгү, жолу башка,
Өкүнсөң да каласың солдат бойдон.

Чолпон Баековага
(Азыр "Ак жолдон" Жогорку Кеңешке депутат, Акаевге эки президенттик мөөнөтүн бүткөндө үчүнчүсүнө жол ачып берген. Ошондо акыйкаттык кылып койгондо өчпөгөн Чолпон жылдызындай кыргыз асманында балбылдап турмак эле да)
Чолпондой кыргыз кызы-деп,
Чоң сыймык эле ушу кеп.
Өзүнөн кетти ээ-дегендей,
Өкүнүп калган киши көп.

Адамга чанда бир келген,
Атак, данк, бакыт бир берген.
Бергенин албай кудайдын,
Пенделик кылдың бир жерден.

Акыйкат беле асманда?
Алаканыңда ойноп жатканда
Беш жылга кыргыз элиңди
Бергенсиң басып Аскарга.

Оң бата бербей кыргызың,
Ошондо өчкөн жылдызың.
"Адашкан битта кампыр" да
"Ак жолдогу" азыр турмушуң.

Ыйлатып туруп көрбөсөң…
Ыйыгың кутман эл бекен?!
Кур калдың сыйдан, урматтан
Курманжан менен теңме тең!!!

Кабай Карабековго
(Жогорку Кеңештин депутаты
"Ак жолдон")
Акаевдин тушунда,
Акаевге күлчү эле.
Ыңкылаптын дыңылдап,
Ырын ырдап жүрчү эле.

Митингдерде ачылган,
Короз болчу чакырган.
"Бакиевди кетси-ин"-деп,
Байсаловдон катуурак,
Ушул Кабай бакырган.

Топ болсо эле кошулуп,
Тоголонуп отуруп.
Короздун үнү кайрадан,
"Ак жолдон" чыкты созулуп.

Ат башындай арманы,
"Агымга"(№608) айта салганы:
"Саясаттан колу бошобой,
Бир эле кыздуу болуп" калганы!

Омбу десең домбу жок,
Ойду кой, ойноор ойну жок.
Парламентте орду бар,
Саясатта орду жок.

Медет Садыркуловго
(Президенттик администрациянын башчысы)
Канча амал ичке жашырдың,
Канчасын ишке ашырдың…?
"Акайыч"-деп жүрүп Аскарды,
Ат жеткис жакка качырдың.

Неченди жигит ойноттуң,
Неченди жигит сойлоттуң.
Кудай бар, ушу акыры,
Курманбекти да соо койбоссуң!

Азанагандарды ат кылдың,
Бычмалдарды бычак сап кылдың…
Саясаттагы оюнчуларды,
"Сортирге" тыгып, "мат" кылдың.

Медетке келбес ылайык,
Менсинген түшөт суланып.
Мадумаровдун тим эле,
Маңкасын салдың чыгарып!

"Кетсин"-деп чыга калышчу,
"Генийлер" ордун табышты
"Матрешкаларды" кучактап,
Мандалак казып калышты!

Так минип, таажы кийбеген,
Бирок, таксырларды да бийлеген.
Садыркуловду тарыхтан,
Салыштырабыз ким менен?!

Мелис Эшимкановго
(мурдагы оппозиционер, азыр КТРдын жетекчиси)
Чукубас жерди чукуган,
Чукубай билчү жытынан.
Бирөөнө тамды сүздүрчү,
Бирөөнү чалчу бутунан
Көңүлдү билчү жайгара
Темирди сокчу кызыган.

Тукуруп бири-бирине,
Турчу эле күлүп тим эле.
Эшендей баркын көтөргөн,
Эшимкановдун тили эле.
Эстүүмүн деген балдардан,
Анын, этегин өппөс ким эле?

Кеңештин бөлүп жаштарын,
Кошулгус кылган баштарын.
Ойлосоң чачың агарат,
Оппозицияны чачканын
Баш катырсаң да таппайсың,
БАКСка кантип жакканын.

Кыйла чоң эле дымагы,
КТР менен эле тынабы?
Саясий шоумен эр эле,
Садыркуловду жыгабы?
Азыр, саан уй кылып бийликти,
Саап эле турган убагы

Марат Кайыповго
(Кыргыз өкмөтүнүн экс-адилет министри, көп аял алууну мыйзамдаштыруу үчүн жадабай эле сунуш киргизет)
Кымбаттап аны-мунусу,
Кыйналса кыргыз улуту,
Акыйкат министринин
Аз окшойт кылар жумушу.
Эрке араб сыяктуу,
Эркектик ойноп угуту.
Экиден аял алсак деп
Эл-журтка койгон сунушу.
Бараандуу дечи айлыгы,
Айлыктан ашаар "чайлыгы"
Жаткандыр байпак, банкеде,
Жашыруун каткан байлыгы
Кайыповго табылат.
Каалаганынын бардыгы.

Чырагым элди калыс кыл,
Чыкчу күн мыйзам алыстыр.
Зар болгон кезде катынга,…
Сауналарга барып тур.

Нариман Түлеевге
(Азыр Бишкектин Мэри, мурда кыргыз темир жолун башкарган)
Түшүнбөс кепти киши көп,
Түлеев мырза түшүнөт.
Чөгөлөп далай коендор,
Чөптү азыр турат ити жеп.

Мэр деген кызмат чоң чыгаар,
Мээси бар баштан ой чыгаар.
Түлеевге төлгө тартышты,
Түлөө өткөргөн темир жолчулар
Төлгө:
Алты айга жетпейт келген мэр,
Алты жүз гектир желген жер!
Жети айга жетпейт келген мэр
Жети жүз гектир желген жер!
Жер менен сени кошо жейт,
Мэрликти сага бергендер!!!

Төлөйкан Исмаиловага
("Жарандык коом коорупцияга каршы" НПОнун төрайымы)
Сүрөтү түшпөйт гезиттен,
Сүрөтүн жыйнайм кесип мен.
Сүйбөсүн деле билсем да,
Сүйүүм деп коем кечиккен.

Жактырбай мейли тилдесе,
Жакшыны болбойт сүйбөсө.
"Азаттыктан" ар күнү
Сүйлөсө деймин сүйлөсө.

Айрыкча мага жакканы,
Алкымынын эмес аппагы.
"Коррупцияга каршымын"
- деп коюп эле акча тапканы

Төлөйкан!
Сен эмне десең, мен дейин,
Сен эмне жесең мен жейин.
Кошуп ал мени коомуңа,
Колоктоп жүрө бербейин.

Коррупцияга каршы эл деле,
Кошулбас элге мен беле?
Айлыгы эле болсо болгону,
Аны ким, качан жеңди эле?!

Саламат Аламановго
(Кыргыз Республикасынын жер чектерин көзөмөлдөө кызматын жетектейт)
Ажолор болжойт картадан,
Аларды сенсиң калчаган!
Ортомчу сенсиң ойноткон,
Чайкоочу сенсиң чайкаган!!!

Билет деп берсе жер чегин,
Билгениңди кылдың тентегим!
Кан төгүп алган жерлерди,
Кашыгың менен өлчөдүң!!

Иш бар го мында башкача,
Иликтеп болот тактаса.
Асылганыбыз эле ажолор
Аламанов болсо таптаза!

Тун уулу болсоң да шайтандын,
Туура сөздү мен айтармын.
Мейли, "баурыңдан" майлуу боор же
Үзөнгү-Кууштан канча алдың?!

Табылды Эгембердиевге
("Шоро" фирмасынын президенти)
Ишкерлер иштеп жыргатпайт,
Ишмерлер күлөт ылжактап.
Ажоңдун деле акылы,
Алганга жетти "приваттап"

Чет элдин кийбей моделин,
Чет элдин албай көмөгүн.
Бир билсе билди Табылды
Бизнестин сыйкыр өнөрүн

Ишти го көбү баштады,
Илгери, бирок, баспады,
Инвестор итермейинче,
Иштебейт экен баштары.
Элиңдин даамын мурастап,
Тегиңдин күчүн ырастап.
Талкандан алтын жасаган,
Табылды сага рахмат!


Топчубек Тургуналиевге
(Саясий ишмер)
Акаевди таап келген Сиз.
Бакиевге жардам бергенсиз…
Тыбырайсыз оо, Топчуке,
Тынч жашай албай элдей Сиз.

Асмандан күбө жараткан,
Аскарды таптың каяктан?
Күмүштү колго карматып,
Сизди,
Күн тийбес жерге каматкан.
Бар окшоп жетер бактыңыз,
Парттизмени ойлоп таптыңыз.
Адашып калды башкалар,
"Ак жолго" шоола чачтыңыз.

Чындыкты издеп ыйлайсыз,
Мен чындыкты айтсам туйлайсыз.
Нурсултан менен Путиндей
Кыларын билип тургансыз!

Кан Курманбек да кете элек,
Кан болом-дегендер өтө көп.
Шераалыга окшогондорду,
Топчуке,
Келбеңизчи эми жетелеп!!

Шайлообек Дүйшеевге
(Кыргыз эл акыны)
Кечээ, Турмуштун көйүн жазгансың,
Туу болуп элге жаккансың.
Акыйкат жок деп бийликте,
Аскардын "көрүн" казгансың,

Бүгүн, Эчтемени эч ким чечкен жок,
Эл байкуш жыргап кеткен жок.
Кудайга кээде жеткен үн,
Курманбекке жеткен жок.

Сен, "Эл акынын" алдың да,
Эчтеме дебей калдың да.
Түшүнүш кыйын, түшүнүш,
Түпөйүл түйүн бар мында.

Эми, Тамаша кылсам мен анан,
Таарынбай турган сен АДАМ.
Эмки келчү бийликтен,
"Эл акынын" мен алам!

Ибрагим Жунусовго
(Жогорку Кеңештин депутаты)
"Ак жол" партиясынан,
"Элеман" деген ыры бар.
Анда "бактына"-деген,
баш катырма сөзү бар)

Эсинен элдин кетеби,
"Элеман" элең кечээги.
Элеман эми эр жетип,
Депутат болгон кезеги.
"Ак жолго" түшкөн жигиттин,
Айга үрүп турат күчүгү,
Айкырып турат эшеги.

Айланайын Элеман,
Элиң аман, сен аман.
"Бактына"-деп бакырсаң,
Баш катырчу көп адам.
Чала жазчу мыйзамга,
Ала качма сөз кошуп,
Чалап кылба сен анан!

Керим Тураповго
(Жогорку Кеңешке "Ак жолдон" депутат боло калганда жазылган)
Ырдадың Керим эл үчүн,
Ырыңдын таттың жемишин.
Ишенип берди мандатты,
Иштеп бер эми эл ишин.

"Ак жолго" түшсөң аппак жүр,
Ажону мактап, жактап жүр.
"Апаң жапкан нанды" сагынсаң,
Айылга тез-тез каттап жүр

Төш белги деле ордендей,
Төштү кер эл-журт көргөндөй.
Кадап ал ырдап чыксаң да,
Катардагы артист өңдөнбөй!

Осмонбек Артыкбаевге
(Жогорку Кеңештин депутаты)
Жер-сууну коргойт деп сени,
Жердештер айтчу кеп деди.
Топон суу баскан жердеги эл,
Толгоонор күнгө жетти эми.
Ток сатып байыйт деген биз
Томсоруп калдык не дейбиз?
Ток уруп өлгүр, курутту,
Токочту кенен жебейбиз.
Суу сатып байыйт деген биз,
Сумсайып калдык не дейбиз?
Суу саткычыңды урайын,
Суусу жок элден кедейбиз.
Пайдасын башка эл көрөт.
Башыбыз катты өңдөнөт.
Токтогулдуктарга ток эмес,
Токчулук жыттуу жер керек.
Менчикке токту береби,
Мен эмес ойлон сен эми…
Менсинген байдын колуна
Мекениң кете береби…?


Кадырбек Керимбаев,
(саяковский) Токтогул району
Торкен айылы