presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Акталбаган ишеним
Кыргызстандагы саясый акыбалды кескин түрдө өзгөрүүгө дуушар кылган 2005-жылдын март окуясы өзүнөн - өзү, же кандайдыр бир сырткы же ички саясий топтордун амири менен кокусунан эле болуп кеткен жок. Албетте, бул окуя биринчи кезекте элдин бийликке болгон ишениминин таптакыр кеткендигинен, кыжырдануусунан келип чыкты жана ишке ашты. Жалпы элдин бийликке болгон нааразычылыгы жылдан - жылга, күндөн - күнгө курчуп олтуруп, 2005-жылдын февраль айындагы бурмаланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразычылыктын жеткен чеги болгон.

Акаевдин бийлиги элдин нааразычылыгын токтото да албай, жалпы республикадагы саясий кырдалды көзөмөлдөй да албай калгандыгына тарых өзү күбө. Жыйынтыгында март окуясы мамлекеттеги саясый кырдаалды кескин түрдө өзгөртүп, Акаевдин бийлиги урап, жаңы бийлик келди. Элдин нааразычылыгы тамчылап отуруп бурганактаган селге айланды. Ошентип, Акаевдин бийлигинин кандайдыр бир деңгээлдеги сөз эркиндиги, демократиянын илебинин келиши, жарандык коомдун калыптанышы сыяктуу иштери бир заматта унутулуп, ал үй бүлөсү менен эл душманына айланды. Себеби, акыркы жылдары бийликтин жакшысынан жаманы, пайдасынан зыяны күчөй баштаган, анча - мынча берилген демократиялык өзгөрүүлөр кайра артка түрүлүп, башкаруу системасы авторитардык башкарууга багыт ала баштаган. Акаевдин бийлигинин эң чоң жана кечиримсиз катасы мына ушунда болгондугуна март окуясы далил.
Ошол кезде деле Акаевдин бийлиги менен күрөшүп келген айрым саясатчылар "Бакиевдин бийликке келиши эч өзгөрүү алып келбейт, тескерисинче мамлекетти артка сүйрөйт" деген баасын бере алган, келечекти көрө билген. Бирок, эл "жакшы тилек жарым ырыс" дегендей жаңы бийликтен үмүт артты, анын көкүрөгүндө жаңы заман, жаңы жашоо, жаңы келечек деген аруу сезимдер пайда болгонсуду. Дүйнө коомчулугу, жергиликтүү саясий элита "жаңы бийлик коррупцияланган авторитардык системаны чыныгы демократиялык системага трансформациялай алат" - деген үмүт арткан.
К.Бакиевдин бийликке келиши менен бийлик ынкылаптын алдындагы берген убадаларынан иш жүзүндө баш тарта баштады. "Акаевдин үй - бүлөсүнүн мүлкү мамлекетке кайтарылып берилет" - деген убадасы сөз гана бойдон калды да, ал мүлктөр ич ара бөлүштүрүлүп кетти. Акаевдин тегерегиндеги бир дагы чиновник жоопко тартылган жок, "КТР элге кызмат кылат, үй - бүлөлүк башкаруунун өзөгү болгон Конституцияны реформалайбыз"- деген убадалар аткарылбай калды. Кайра, тескерисинче, үй - бүлөлүк башкаруу болуп көрбөгөндөй күчөп, мамлекеттин экономикасын сызга отургузган коррупция мурункудан да гүлдөй баштады, Акаевдин заманын жарга такаган чиновниктер курт сыяктуу жаңы бийликке да чырмалды. Бирөөнүн менчигин тартып алуу, элдин ырыскысы болгон улуттук байлыкка кол салуу өнөкөткө айланды. Ошентип, элдин аруу тилеги таш капты.
Бийлик төбөлдөрүнүн мындай тири шумдук жоруктарына каршы кулчулук психологияны кабылдабаган, калыссыздыкты, ыймансыздыкты, басынтууну жерип келген уюткулуу кыргыз элинде жаңы бийликке карата коомдук пикир жарала баштады. Эл ишенимин актабаган бийликке оппозициялык күч калыптанды. Биринчи кезекте оппозиция элге берген убадаларын аткарууну талап кылды, он миңдеген кишилерди митингге алып чыгышты, элдин нааразычылыгынын кысымы менен Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жетишкендиги менен, ал өзгөртүүлөрдүн өмүрү кыска болуп, кайра эле мурунку үй - бүлөлүк башкарууну камсыз кылган Конституциянын жоболоруна кайрылып келдик. Ага кимдер шарт түзүп бергендиги, кайсыл саясатчынын канча үлүшү бар экендигине, албетте, тарых өзү баасын берээр.
Мамлекетти башкаруу системасы жаңыланбаса, мамлекеттик экономиканын өнүгүүсүн чырмаган коррупция кыскаргандын ордуна күч алып жатса, акимден баштап министрлерге чейин уурулук менен алектенсе, албетте, элдин жашоосу начарлайт, мамлекеттин келечеги, улуттун келечеги туңгуюкка такалуу коркунучуна кептелет.
Бакиевдин бийлиги түзүлгөн акыбалды көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп, ар кандай көз боемочулук, алдоо жолуна ачык өтө баштады. Элге берген убадаларынын аткарылбай келе жаткандыгын ал оппозицияга да шылтап көрдү, ушулар гана тоскоол болуп жатат, булар болбогондо эбак эле жыргал заман орнотмокпуз кыязында. Ушул шылтоо менен күчтүү оппозиция отурган парламентти да таратып тынды. Андан майнап чыктыбы? Албетте, чыккан жок, тескерисинче кризис ого бетер күчөдү. Эгерде өткөн чакырылыштагы оппозициялык маанайдагы депутаттардын тобунун "кой - ай" дегенине аткаруу бийлиги айласыз моюн сунууга мажбур болуп келсе, азыр тилекке каршы эч кимди көзгө илбей коюуга өтүштү. Жалгыз СДПК партиясынын үч -төрт активдүү депутатынын үнү аларга жетпей жаткансыйт.
Деги эле оппозициянын күнөөсү эмнеде? "Конституциялык реформаны ишке ашыргыла, мыйзамдуулукту камсыз кылгыла, 2007-жылдын кыш-жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн ашыкча чыгарып жатасыңар, келечекте эл свети жок калат, кыргыздын тарыхый мурасы болуп келген "Каркыра" жайлоосун бербегиле, элдин жападан жалгыз,көзгө басаар ырыскысы болгон Энергетиканы жеке менчикке сатпагыла, эбегейсиз кулачын жайып бараткан коррупцияны токтоткула, кадр саясатына жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла, элди түндүк - түштүк деп бөлбөгүлө, демократиянын негизги белгилеринин бири болгон шайлоо институтун талкалабагыла, элди кемсинтип тезек тердиртпегиле" дегениби?
Азыркы парламентте, тагыраак айтканда "Ак Жол", "Коммунисттер" фракциясында деле акты карадан, караны актан айырмалай билген, айтса ою, сүйлөсө сөзү бар, интеллектуалдуу депутаттар жок эмес. Бирок, алар тилекке каршы эркин боло албай жаткансыйт. Айтты дегиче эле аткаруу бийлигин, сот бийлигин көзөмөлдөгөн эң таасирдүү күчтүн каарына калат, керек болсо депутаттык мандатынан айрылышат. Алар мындайды көтөрө албайт, буга чыдай албайт, алардын айырмасы ушунда. Ал эми өзүлөрүнүн түздөн - түз вазыйпасын аткарып, элге чыгып бийликти коргоп, анын күндөн - күнгө эл арасында түшүп бараткан беделин көтөрүү аракети да майнапсыз болуп жаткандыгын көрүп билип турушат. Анткени түзүлгөн шартта элге жалган кеп, куру убада кылгандан башка "Ак жолчулардын" мүмкүнчүлүгү болбой калды. Ал эми айрым түшүнүгү, интеллектиси, абийири барларынын элге карандай калпты айтууга ооздору барбайт. Ошондуктан алардын жан үрөп, чын дилинен иштегиси келбей жаткандыгы да ошондон го деп түшүнөм. Ооба, парламент мыйзамдарды шакылдатып талкуусуз кабыл алып жатышат, ал эми талкуусуз кабыл алынган мыйзам чийки бойдон калары айтпаса да түшүнүктүү. Андан тышкары, парламенттин дагы бир эң негизги функциясы- кабыл алынган мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөл кылуу аткарылбай жатпайбы. Ал эми көзөмөл кылууга мен жогоруда айткандай белгилүү себептер менен кудурети жетпей жатпайбы. СДПК депутаттарынын энергетика кризисин иликтөө үчүн атайын көз карандысыз эксперттерден турган комиссия түзөлү деген демилгеси парламент тарабынан колдоого алынган жок, анткени ага түздөн - түз "Акжолчулар" каршы добуш беришти. Элдин кабыргасын кайыштырып жаткан энергетика кризисин иликтөөгө, күнөөлүүлөрдүн атын атоого каршы чыккан эл өкүлдөрүнөн жакшылык күтсө болобу? Албетте жок.
Ошентип, бийликти колдогон парламентти түзүп, мамлекет башчысынын авторитетин, элдин бийликке болгон ишенимин сактап калабыз деген Ак үйдүн саясый технолог-билермандарынын стратегиясы да ишке ашпай калды. Тескерисинче, өткөн парламенттик шайлоодогу мамлекеттик машина тарабынан жасалган болуп көрбөгөндөй фальсификация, коомчулукту ого бетер кыжырлантты.
Коррупция менен күрөшүп жатабыз деген түр көрсөткөнү менен карапайым элдин ал илдеттен күнүгө жапа чегип жаткандыгын, мыйзам ачыктан-ачык тебеленип жаткандыгын далилдеген фактыларды кайда ката алышат? Мисалы, Адилет министри М.Кайыповдун ишмердигин изилдөө боюнча атайын комиссия түзүп, президенттин, өкмөттүн толук курамынын катышуусунда комиссиянын жыйынтыгын талкуулап, Кайыповдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын, шалаакылыгын, түрмөлөрдөгү темирлерди кымбат баада сатып, арзан баада кирешелегенин, айтор, төбө чачың тик турган жоруктарын калайык калкка жар салып жумуштан бошотушту. "Нюрнбег процесин" өткөрүштү. Бирок, кайсы себептер менен кимдин буйругу менен мыйзам андан ары иштебей токтоп калды? Мыйзам талаптарына ылайык, мындай учурда Кайыповго карата токтоосуз түрдө кылмыш иши козголуш керек эле да. Тескерисинче эгерде анын күнөөсү жок болсо, ал инсанга ак жеринен жалаа жабышса, анда аны айыптаган комиссия мүчөлөрү жалган жала жапкандыгы үчүн жоопко тартылышы керек эле да. Коом үчүн коркунучтуусу - бийлик Кылмыш-Жаза Кодексин өзүнүн саясый оппоненттери менен күрөшүү үчүн куралга айлантып жибергенинде. Мыйзамдын одоно бузулушу, анын тебелениши деген ушул. Ага Бабырбек Жээнбековдун, Равшан Жээнбековдун, Аликбек Жекшенкуловдун, Беккул Жекшенкуловдун, Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери далил. Эмне үчүн аларга ошол кызматтарда иштеп турганда иш козголбойт да, качан гана бийликке оппонент болгондо гана козголот? Себеби, бул жерде оркойгон саясий мотив турат. Эгерде, ал үч атуул таза эмес болгондо бийлик менен ачык тирешүүгө чыкпайт эле. Мамлекетте мыйзамдын күчүнүн үстөмдүүлүгү (верховенства закона) токтоп калды деген ушул. Бул көрүнүш укуктук мамлекетпиз деген курулай шаңданууну четке кагат.
Акаевдин бийлигине жан үрөп иштеген, эл оозунда ууру аталган чиновниктер жоопко тартылмак тургай, кайра таасирдүү тармактарга отурушту. Анда эмне Акаевдин бийлигин жаман дейбиз, эгер анын айланасы тап таза болсо? Демек, жалгыз Акаев күнөөлүү экен да? А эмне үчүн анда азыркы түзүлгөн кризиске президент өзүнөн башка баарын күнөөлөйт? Жооп бирөө - Бакиевдин бийлиги элдин ишенимин актаган жок, Бакиевдин бийлиги Акаевдин бийлигинин начар формадагы уландысы. Бир клан экинчи кланга гана алмашты.
КТР, үй - бүлөнүн көзөмөлүнө өткөн менчик телевидениелердин бардыгы кулактын кужурун алып, байма-бай бийликтин Камбарата ГЭСин салып жаткандыгын, трактор, автобустар келип, балдарга бекер тамак берилип, айлык акы, пенсия көтөрүлүмүш этип жатканын, бийликтин күчтүүлүгү, тазалыгы жана жөндөмдүүлүгү катары даңазалаганы менен бийликтин авторитети эл арасында көтөрүлүп кеткен жок да. Анткени, жасалып жаткан ал иштердин бардыгы бийликтин түздөн - түз милдети. Жумушка эртең менен келип, кечинде кетип, өз милдетибизди аткарып жатабыз деп кадыр- колко кылгандай, же этин алып сөөгүн ыргыткандай эле кеп. Кептин бардыгы бул бийликтин жакшы кылганынан жаман кылганы, пайдасынан зыяны, билгенинен билбегени көп болуп, өз элинин кадырына жетпей, ага кылган караөзгөйлүгүндө. Бийлик азыркы түзүлгөн шартта коомдук пикирге, жеке моралдык авторитетке, мыйзамдын күчүнө таянбастан, күч органдарына таянып калгандыгы бул бийликтин алсыздыгы.
Мамлекетибиздин трагедиясы-мамлекетти башкаруу ыйгарым укуктардын бардыгынын бир колго топтолуп, үй бүлөлүк, кландык башкаруу өнөкөтүндө. Анын жыйынтыгында сот бийлиги, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлигинин колу - буту тушалып, мыйзамдын баркы кетип, күчүнүн жоктугунда, эбегейсиз кулачын жайган коррупцияда.
Мамлекетте мыйзамдын гана үстөмдүгү, анын жогорку күчү камсыз болмоюнча, мамлекеттик нукура демократиялык багытка бет алмайынча, эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылган, бийлик бутактары бири-бирин тең салмактуу көзөмөлдөй алган, реалдуу саясий атаандаштыкты камсыз кылган саясий система орнотмоюнча, биз эч качан укуктук, күчтүү мамлекет кура албайбыз. Демек сага, мага, бардыгыбызга жаңылануу керек.

Алманбет Шыкмаматов










??.??