presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бириккен Элдик
Кыймылдын
Милдеттенмеси
Мен, Кыргызстан калкынын алдында өлкө келечеги менен элдин тагдырына карата жоопкерчиликти өзүмө алуу менен;
Кыргыз мамлекети менен кыргыз элинин жакынкы аралыкта жок болуп кетүү коркунучун терең сезүү менен;
Президент К.Бакиев тарабынан 2005-жылы элге берген убадалардын жана анттын аткарылбагандыгын, кландык, үй-бүлөлүк бийликти түзүү менен мамлекеттик бийликти жеке ээлеп алгандыгын, жоопкерчиликсиз башкаруунун натыйжасында өлкө өтө оор кризиске батып, улуттук байлыктар жеке кызыкчылык үчүн сатыкка коюлуп, баалар өсүп, эл кескин түрдө жакырданып жатканын баса белгилөө менен;
Өлкөнүн прогрессивдүү күчтөрү тарабынан түзүлгөн Бириккек Элдик Кыймылга жана анын Улуттук Кеңешине өз ыктыярым менен мүчө болуп жатып өзүмө төмөндөгү милдеттенмелерди алам:
1. Бириккен Элдик Кыймылды түзүү жөнүндө Билдирүүдө тастыкталган негизги максаттарды ишке ашырууда туруктуу болуу, башка саясий кыймылдардын ишине катышпоо;
2. Кыймылдын ички биримдигин сактоо, өз ара тилектеш болуу жана колдоо көрсөтүү - "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу";
3. Көпчүлүктүн пикирине баш ийүү, Улуттук Кеңештин жана Саясий Бюронун чечимдерин ишке ашырууга аракеттенүү;
4. Кыймыл мүчөлөрүнүн саясий беделине шек келтирбөө, жалпы максаттарга кедерги боло турган аракеттерди жасабоо, Кыймылдын ишине кыянатчылдык кылбоо;
5.Кыймыл мүчөлөрү менен өз ара маалымат алмашып жана кеңешип туруу;
6. Саясий Бюронун макулдугусуз бийлик өкүлдөрү менен өз алдынча жолугушууларга жана сүйлө-шүүлөргө барбоо, жалпы кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан жогору коюу;
7. Азыркы бийлик тарабынан уюштурулган шайлоо, референдум сыяктуу элдин түпкүлүктүү кызыкчылыгына каршы келе турган саясий акцияларга катышуудан баш тартуу;
8. Улуттук Кеңештин мүчөлөрүнө карата бийлик тарабынан уюштурулган провокациялык акцияларга (камакка алуу, кол салуу, коркутуу, кысым көрсөтүү, массалык маалымат каражаттары аркылуу каралоо ж.б.) дароо көңүл буруу, Кыймылдын жетекчи органдары менен байланышка чыгып жалпы нааразычылык иш - аракеттерге кошулуу;
9. Кыймылдын негизги максаттары менен макулдашылган саясий платформаны үгүттөөнү жана насааттоону тынымсыз жүргүзүү, бул ишке ыктыярчыларды тартуу.
Ушул милдеттенмелерди аткарбай, өз убадамды буза турган болсом арсыз, намыссыз, уяты жок адам катары эл алдында жарыя болушуна макулмун. Өзүмө алып жаткан бул милдеттенмелердин аткарылышына менин партиялаштарым жана саясий пикирлештерим кепил болот.




Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргызстан калкына
Кайрылуу
Урматтуу Президент!

2005-жылкы революциянын алдында жана Сиз Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланып жатканда эски саясий системаны жок кылуу, мамлекеттик чиновниктердин ичинде коррупциядан арылуу, өлкөдөгү кылмыштуулукту азайтуу аркылуу элге татыктуу жашоо - шартын түзүп берем деп убада кылгансыз.
Ал кезде чындыгында эл дагы, көпчүлүк саясий партиялар менен жарандык коомдун өкүлдөрү дагы ишенген эле.
Тилекке каршы, Сиз убадаларыңызды аткармак турсун, таптакыр тетири кеттиңиз, мурдагы президенттен ашып түштүңүз. Сиз авторитардык, кландык, үй-бүлөлүк, криминалдашкан бийликти күчөтүү менен өлкөнүн стратегиялык байлыктарын сата баштадыңыз.
Сиздин жөндөмсүз башкарууңуздун натыйжасында энергетика тармагы терең кризистик абалга жетти. Негизги азык-түлүк продукцияларына жана күндөлүк керектелүүчү товарларга баалардын кескин өсүшү калктын көпчүлүк бөлүгүнүн кендирип кесип салды. Сиз жар салып жаткан айлык акылардын жана пенсиялардын болоор болбос жогорулашы күн санап өсүп жаткан инфляция менен кошо жок болуп жатат. Дүйнөлүк иликтөөлөргө караганда Сиздин бийликтин убагында коррупция болуп көрбөгөндөй өсүп кеткен. Айталык, 2005-жылы Кыргызстан жалпы тизмеде 130-орунда турса, быйылкы жылы 166-орунга жылган, башкача айтканда үч жыл ичинде 36 тепкич ылдый түшкөн.
Өлкөдө кылмыштуулук кеңири тарап жатат. Ачыктан - ачык эле өз кылмыш иштерин моюнга алган мамлекеттик чиновник Акүйдүн жетинчи кабатында отуруп, өлкөнү башкарууда. Киши өлтүрүүлөр, саясий каршылаштардын "купуя" жок болуп кетиши, депутаттарга жана алардын үй-бүлөсүнө ачык эле кысым көрсөтүү, маалымат каражаттарына карата цензуранын кириши, эркин гезиттердин жабылышы сыяктуу нерселер кадимки эле көрүнүш болуп калды. Мындай көрүнүштөрдү биз саясий көп түрдүүлүк менен коомдогу эркин ой жүгүртүүнү жок кылууга багытталган бийликтин аракеттери катары баалайбыз.
Сиздин жакын туугандарыңыздын арасындагы тирешүү башкаруу системасынын ичиндеги жана бизнестеги ички тирешүүгө, ал тургай укук коргоо органдарынын ичиндеги кагылышууларга да алып келүү менен улуттук коопсуздукка кедергисин тийгизип, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурууда.
Өз мекенинде жаркын келечектен үмүт үзгөн эң мыкты эр азаматтар менен кыздар, ишкерлер, интеллигенция өкүлдөрү чет өлкөлөргө кетип жатышат.
Эң өкүнүчтүүсү - Сиз чындыкты көргүңүз келбейт. Бүгүнкү күнгө чейин Сиздин ички жана тышкы саясаттын орчундуу маселелери боюнча так программаңыз жок. Мамлекет башындагыларда өлкө кириптер болгон кризистин өлчөмү менен тереңдигине карата түшүнүк жок болгондон кийин бул абалдан жакын арада чыга алабыз деп кантип ишенебиз?
Айтылган жагдайларды эске алуу менен Биз төмөндөгүдөй талаптарды коебуз:
- Өлкөнү ушундай бечара абалга жеткиргендигиңиз үчүн эл алдында ачык кечирим сураңыз;
- Президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда баш тартыңыз.

Ардактуу мекендештер, ардагерлер, ата-энелер жана жаштар!

Урматтуу укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери!

Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес мекенчил жарандар!
Биз силерге кайрылып жатабыз!
Биздин Ата-Журтубуз эркин, экономикалык жактан өнүккөн, бакубат жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу болушун каалагандарга кайрылып жатабыз!
Мамлекеттик бийлик калыс, акыйкат, ыймандуу, эл алдында жоопкер болсо деп самаган мекендештерибизге кайрылып жатабыз!
Силерге кайрылуу менен бирге биздин талаптарды колдоону жана биз менен бирге болууну суранып жатабыз!
Коррупцияга баткан, үй-бүлөлүк, кландык, криминалдашкан бийлик системасына "ЖОК!" деп айталы.
Калпычылык менен уурулугу жок келечек үчүн "ООБА" деп айталы.
Биз өлкөнүн келечеги үчүн жоопкербиз, биз балдардын келечеги үчүн жоопкербиз. Өз тагдырыбыз өз колубузда.

Биздин күч биримдикте!










??.??