Бириккен Элдик
Кыймылын түзүү жөнүндө
Билдирүү
Президент К. Бакиевдин кландык, үй-бүлөлүк кыянатчыл башкаруусунун натыйжасында өлкө тунгуюкка такалды, өтө оор саясий, экономикалык жана энергетикалык кризиске кириптер болду.
Ала-Тоо, ыйык жерибиздин куту качып, элибиздин ырыскысы чачылды. Мамлекеттин тагдыры коркунучта, элдин келечеги күмөн. Жетер жерине жетип, "Тезекстан" өлкөсүнө айландык. Мындан ары ыймансыз бийликке чыдоого болбойт.
Биз - саясий партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү:
- Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы экендигин эске алуу менен;
- Мамлекет жана анын органдары коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө же бир үй-бүлөгө эмес, бүткүл коомго кызмат кылууга милдеттүү экендигин белгилөө менен;
- Улутубуздун биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү үчүн өз жоопкерчилигибизди терең сезүү менен
Бириккен Элдик Кыймылды түзүү жөнүндө ушул билдирүүгө кол койдук.
Негизги максаттар:

1. Президент К. Бакиев баш болгон кландык, үй-бүлөлүк антиконституциялык бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү, келечекте андай бийлике жол бербөө;
2. Мамлекеттик саясий системаны өзгөртүү, таза, ыймандуу адам укугун ыйык сактап, эл үчүн кызмат кылган жоопкерчиликтүү бийликти орнотуу;
3. Улуттук мааниси бар стратегиялык объектилерди ( Бишкек жылуулук-электр борбору (ТЭЦ), Бишкек жылуулук тармагы, Түндүкэлектро акционердик коому, Кыргызалтын, Кыргызтелеком, Кыргызпочтасы, Кыргыз темир жолу, "Манас" аэропорту, алтын жана башка кен байлыктар) элдин жалпы менчигинде сактап калуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү.
Бириккен Элдик Кыймыл коюлган максаттарды ишке ашыруунун зарыл шарты катары Президент К.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузгандыгынын негизинде мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин эсептейт.
Мындай талапка Президент К.Бакиев тарабынан 2005-жылы элге берген убадалардын жана анттын аткарылбагандыгы, кландык, үй-бүлөлүк бийликти түзүү менен мамлекеттик бийликти жеке ээлеп алгандыгы, жоопкерчиликсиз башкаруунун натыйжасында өлкө өтө оор кризиске батып, улуттук байлыктар жеке кызыкчылык үчүн сатыкка коюлуп, баалар өсүп, элдин кескин түрдө жакырданышы негиз болот.
Бириккен Элдик Кыймыл негизги максаттарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун чегинде ишке ашырууга аракеттерди жасайт.
Эгерде бийлик тараптан Кыймыл мүчөлөрүнө карата кысым көрсөтүлсө, жарандардын укуктары тебеленип - тепселсе, элдин эсебинен каржыланган укук коргоо, күч жана сот органдары аркылуу күч колдонулса, бардык жоопкерчилик Бакиевге, анын үй-бүлөсүнө, бийлик органдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине артыларын эске салабыз.
Бириккен Элдик Кыймылдын ар бир мүчөсү негизги максаттарды тастыктоо менен бирге Кыймылдын Жобосун бекитет жана өз ара милдеттенмелерди алат.




БИРИККЕН ЭЛДИК КЫЙМЫЛДЫН ЖОБОСУ
1. Бириккен Элдик Кыймыл учурдагы саясий жана экономикалык абалга карата көз караштары бирдей саясий партиялар жана кыймылдар тарабынан төмөнкү негизги максаттарды ишке ашыруу үчүн түзүлдү.

Негизги максаттар:
- Президент К.Бакиев баш болгон кландык, үй-бүлөлүк, антиконституциялык бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү, келечекте андай бийликке жол бербөө;
- Мамлекеттик саясий системаны өзгөртүү, таза, ыймандуу, адам укугун ыйык сактап, эл үчүн кызмат кылган жоопкерчиликтүү бийликти орнотуу;
- Улуттук мааниси бар стратегиялык объектилерди ( Бишкек жылуулук-электр борбору (ТЭЦ), Бишкек жылуулук тармагы, Түндүкэлектро акционердик коому, Кыргызалтын, Кыргызтелеком, Кыргызпочтасы, Кыргыз темир жолу, "Манас" аэропорту, алтын жана башка кен байлыктар) элдин жалпы менчигинде сактап калуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү.
Бириккен Элдик Кыймыл коюлган максаттарды ишке ашыруунун зарыл шарты катары Президент К.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузгандыгынын негизинде мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин эсептейт.
Мындай талапка Президент К.Бакиев тарабынан 2005-жылы элге берген убадалардын жана анттын аткарылбагандыгы, кландык, үй-бүлөлүк бийликти түзүү менен мамлекеттик бийликти жеке ээлеп алгандыгы, жоопкерчиликсиз башкаруунун натыйжасында өлкө өтө оор кризиске батып, улуттук байлыктар жеке кызыкчылык үчүн сатыкка коюлуп, баалар өсүп, элдин кескин түрдө жакырданышы негиз болот.
2. Бириккен Элдик Кыймылга жогоруда аталган негизги максаттарды колдогон саясий партиялар, кыймылдар, коомдук уюмдар жана ишмерлер кошула алышат.
3. Бириккен Элдик Кыймылга кошулган бардык саясий партиялар, кыймылдар, коомдук уюмдар жана алардын лидерлери, ошондой эле коомдук ишмерлер төмөнкү принциптерди кынтыксыз сактоо милдетин өздөрүнө алышат:
- Кыймылдын ички биримдигин сактоо, "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу";
- Кыймылдын мүчөлөрүнүн тилектештиги жана өз ара колдоо көрсөтүү, "Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн";
- Кыймыл мүчөлөрүнүн негизги максаттарды ишке ашырууда туруктуулугу, башка саясий кыймыл же бирикмелердин ишине катышпоо;
- Кыймыл мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу жана максаттарды ишке ашырууда тең жоопкерчилиги;
- Кыймыл мүчөлөрүнүн саясий беделине шек келтирбөө, өз ара сыпаа мамиледе болуу;
- Кыймыл мүчөлөрүнүн жеке аракеттеринин Бириккен Элдик Кыймылдын жалпы аракеттери менен шайкеш болушу, жалпы кызыкчылыкка кедерги тийгизбөө, негизги максаттарга кыянатчылык кылбоо;
- Өз ара маалымат берүү жана кеңешип туруу, бийлик өкүлдөрү менен өз алдынча жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө барбоо;
- Кыймылдын жетекчи органдарынын чечимдерине баш ийүү, аларды аткарууга аракет жасоо;
- Көпчүлүктүн чечимине баш ийүү, ошону менен бирге азчылыктын өзгөчө пикирин сыйлоо;
- Кыймылга кирген саясий партиялардын партиялык түзүлүш иштери боюнча өз алдынчалыгынын сакталышы, ошону менен бирге Бириккен Элдик Кыймылдын негизги максаттарына жана макулдашылган саясий платформага каршы келе турган партиялык көз караштарды үгүттөөгө жол бербөө.
4. Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчи органдары болуп Улуттук Кеңеш менен Саясий Бюро эсептелишет.
5. Улуттук Кенеш - Бириккен Элдик Кыймылдын башкы органы. Улуттук Кеңештин курамына Бириккен Элдик Кыймылды түзүүгө катышкан саясий партиялардан үчтөн өкүл, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынан жана Коомдук Парламенттен бирден өкүл, "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук кыймылы менен Элдик Революциялык Кыймылдан үчтөн өкүл, "Кыргызстанды сактоо" кыймылы менен "Кылым жолу" укук коргоо органдарынын ардагерлеринин кыймылынан бирден өкүл кирет. Ошондой эле Улуттук Кеңештин курамына Саясий Бюронун чечими менен белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер да мүчө болуп кошула алышат. Бириккен Элдик Кыймылга кийин кошулган саясий партиялар менен коомдук бирикмелерден Улуттук Кеңешке бирден өкүл кирет.
6. Улуттук Кеңештин жыйындары айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз жыйын Саясий Бюронун чечимине ылайык же болбосо Улуттук Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн биринин талабы менен чакырылат.
7. Улуттук Кеңеш Бириккен Элдик Кыймылдын иш - аракеттерине, ошондой эле өлкөдө түзүлүп жаткан саясий жана экономикалык кырдаалга байланышкан маселелерди карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат. Улуттук Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда гана Кеңештин жыйыны толук укуктуу болот. Улуттук Кеңештин жыйынында чечим катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Улуттук Кеңештин жыйындарында Саясий Бюронун мүчөлөрү кезек менен төрагалык кылат.
8. Саясий Бюро - Бириккен Элдик Кыймылдын жетектөөчү жана иш - аракеттерди уюштуруучу органы. Саясий Бюронун курамы Бириккен Элдик Кыймылды түзүүгө катышкан негизги саясий партиялар менен коомдук кыймылдардын лидерлеринен куралат да 11 адамдан турат.
9. Саясий Бюро бир бүтүн коллегиялдуу орган катары каралат. Саясий Бюронун төрагасы болбойт, анын ар бир жыйынында Бюро мүчөлөрү кезек менен Төрагалык кылышат.
10. Саясий Бюронун жыйындары алдын - ала макулдашылган убакыттарда өткөрүлөт. Ар бир жыйын эки сааттык мөөнөт менен өтөт. Эгерде жыйын эки сааттан узак созула турган болсо, белгиленген убакыт бүткөндөн кийин жыйын жабылат да тыныгуудан кийин жаңы жыйын ачылат. Саясий Бюронун чечимдери оозеки же протокол түрүндө кабыл алынат, протокол түрүндөгү чечимдерге, кабыл алынган билдирүү же башка документтерге Бюро мүчөлөрү толугу менен кол коюшат. Саясий Бюрону чечимдери жетиден кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
11. Саясий Бюронун кезексиз чукул чакырылган жыйынын өткөрүү сунушун ар бир Бюро мүчөсү алып чыгууга укуктуу. Мындай сунуш башка дагы эки Бюро мүчөсүнүн колдоосуна ээ болушу керек.
12. Саясий Бюрону курамы (фамилиялар алфавит боюнча жайгашкан):
Атамбаев А. - Социал-демократтар партиясынын лидери,
Бекназаров А. - Элдик Революциялык Кыймылдын лидери,
Булекбаев Э. - Кыргызстан Жашылдар партиясынын лидери,
Жамалдинов С. - "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери,
Жекшенкулов А. - "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору,
Исаков И. - "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын лидери,
Каптагаев Э. - "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынын лидери,
Муралиев А. - "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук кыймылынын лидери,
Отунбаева Р. - коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты,
Сариев Т. - "Акшумкар" саясий партиясынан лидери,
Текебаев Ө. - "Ата Мекен" социалистик партиясынын лидери.

13. Кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну уюштуруучу структура катары Секретариат түзүлөт . Секретариаттын курамын жана Жетекчисин Саясий Бюро бекитет. Секретариаттын ичинде Уюштуруу, Коопсуздук, Юридикалык, Аналитикалык, Коомчулук жана Пресса менен иштөө, Тышкы байланыштар топтору түзүлөт. Топтордун курамдары жана жетекчилери Саясий Бюродо бекитилет.
14. Улуттук Кеңеш менен Саясий Бюронун жыйындарын, тиешелүү документтердин долбоорлорун даярдоо Секретариатка жүктөлөт.