presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кутман курак кут болсун!
Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты, сынбаган, бийликти сындаган, алдыда баскан, аябай "Ата-Мекенге" шашкан, чындык үчүн күрөшкөн, чайпалбаган, чайпалса чайкалбаган, айтканынан кайтпаган, позициясын сатпаган, чыныгы элдик уул Текебаев Өмүрбек Чиркешович 22 - декабрда эр ортону 50 жашка чыкты.
Жигиттик касиеттердин бардык асыл сапаттарын алып жүргөн, көп ойлонуп аз күлгөн, ишине берилген, "атанын уулу" дедирген Өмүрбек Чиркешовичти куттуктап, ага ден-соолук, ийгилик жана элдин багына аман болушун тилейбиз!
Азабын кыргызымдын мойнуна алып,
Алгалап, "Ата Мекен" койнуна алып.
Азамат, эр жигиттин ишин жасайт,
Ар дайым эли үчүн пейли жарык!
Кут болсун, кутман курак элүү жашың,
Көкөлөп көктө турсун, түшпөй ташың.
Эл сүйүп, эл урматтаар эрдик кылдың,
Эл үчүн кое калып ичкен ашың.
"Эл менен бирге болсо жеңет"- дешип
Эл-журтуң тартып жүрөт төлгө ташын.

Кутман курак кут болсун!- деп


"Ачык саясат" гезитинин жамааты




Кимиңерден кимиң эр, лидер болчу кимиңер?
"АКИпресс" маалымат агенттиги оппозициялык лидерлердин арасында 5-декабрдан 23-декабрга чейин "Кто самый влиятельный?" деген сурамжылоосун жүргүзгөн. Сурамжылоого жалпысынан 3345 адам катышкан. Ошол сурамжылоонун жыйынтыгын окурмандарыбыздын ортосуна салууну эп көрдүк.
1. Өмүрбек Текебаев(экс-спикер) - 23.4% же 784 добуш
2. Аскар Акаев(экс-президент) - 10.5% же 352 добуш
3. Темир Сариев(экс-депутат) - 8.1% же 271 добуш
4. Феликс Кулов(экс-премьер министр) - 7.7% же 258 добуш
5. Алмазбек Атамбаев(экс-премьер министр) - 6.9% же 231 добуш
Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, тандагандардын 11.1% булардан башканы, 5.4% талапкерлерди тандай алган эмес. Жалпы жонунан 23 адамдын аты аталган.




  Астапрылла…

Ажыга кеткендер бир жумадан бери
Кыргызстанга келе албай жүрүшөт
Муфтият аркылуу ажылык парзын аткарууга кеткен 160 адам бир жумадан бери Мединадан Кыргызстанга чыга албай жатышканы маалым болду.
Маалыматка караганда, алардын айрымдарын отелден чыгарып таштагандыктан, автотуруучу жайларда түнөгөндөрү да бар.
"Ал эми ар кайсы турфирмалар аркылуу ажылыкка кеткендер эчак эле үйүнө кайтып, үй-бүлөсү менен ысык чай ичип олтурушат. Деги, мындай "беспредел" качанкыга чейин уланат, жооп берчү адамдар барбы же жокпу?"- дейт ажылыкка кеткендердин нааразы болгон туугандары.




  Ой тобоо…

Энергетика министри Кудай менен сүйлөштүбү?
"Үйдү жылытуу үчүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсү электр энергияны Кыргызстандагыдай көлөмдө колдонбойт"- деп аз күн мурда өткөн өкмөттүн жыйынында Энергетика министри И.Давыдов "балп" эттирди.
"Буга ким күнөөлүү?.Менин билишимче, 10 жыл мурда үйлөрдү жылытууда электр энергиясына өткүлө деп мамлекет өзү миллиондогон сомдорду бөлбөдү беле?"- деген суроону ага башкы салыкчы Ахматбек Келдибеков узатты эле, ал "биз күнөлүүбүз"- дегендин ордуна башкача жооп берип жатпайбы.
"СССР кулаган соң, Бишкек ТЭЦине мазут келбей калды. Өзбек тарап газга болгон бааны көтөрүп салды. Шахталарыбыз кандай абалда экенин сиз өзүңүз билесиз. Эптеп күн көрүү үчүн электр энергиясына өткөнбүз, бирок аны колдонууда аша чаап кеттик. Ушундан улам, Кудай бизге таарынып, сууну аз берип койду окшойт"- десе боло.
Минтип, Кудай менен сүйлөшкөнсүп, баарынын көзүнчө калптын казанын кайнатып жаткан адамга энергетикабыздын эки тизгин бир чылбырын мамлекет башчыбыз кантип берип койду экен? Пара алып жаткан жеринен кармалбай, таза кадр болсо да, мейли дейт элек, бирок кашайып андай болбой жатпайбы.

Улан МАМБЕТОВ, "Ачык саясат"




  Сапардан кайтканда...

"Биздин максат- кыргыз элин келечектүү, бакубат, бай турмушка жеткирүү"
Аликбек мырза, Америка Кошмо Штаттарына болгон сапарыңыздан кайтып келдиңиздер. Эмне максат менен бардыңыздар эле?
- Эң негизги максатыбыз - Бириккен оппозиция кабыл алган Кыргызстандын өнүгүү жаңы Концепциясын Америкалык коомчулук жана расмий бийлиги менен тааныштырып, Кыргызстандын бүгүнкү саясий жана социалдык абалы жөнүндө пикир алмашып келебиз деген ой болчу. Экинчиден, өзүңөр жакшы билесиңер, Америкада беш миңден ашык кыргызстандыктар бар. Вашингтондо, Нью-Йоркто, Филадельфияда жашап жаткан өзүбүздүн жарандар менен жолуктук. Бизди сүйүнткөнү - бардыгынын турмуштары жакшы. Өздөрүн гана эмес, Кыргызстандагы тууган-туушкандарына да чоң жардам берип турушат экен.
Кыргыз кайда жүрсө да кыргыз бойдон калат тура. Кадимкидей эле чогулуп согум союп алышып, той-топур өткөрүшөт экен. Бизге америкада жасалган чучук тартканда таң калганыбызды жашыра алган жокпуз. Ал жактын мыйзамдарын эске алсак, жылкы союш деген тамаша эмес да
- АКШдагы Кыргызстандын элчи айымы Замира Сыдыкованын маалымат булактарына берген маегине таянсак, "Кыргызстандан качкан-бозгон отуздай адам чогулду" - дептир…
- Жок, бул туура эмес. Замира айымдын сүйлөгөн сөзүнөн эле бийлик агытканы көрүнүп турбайбы.
- Бул сапарда бириккен оппозиция өкүлдөрү көздөгөн максатына жете алдыбы?
- Мамлекеттик департаментте, Конгрессте абройлуу расмий бийлик өкүлдөрү жана ири институттар бизди кучак жайып кабыл алганы эле Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар экенинен кабар берет эмеспи. Бул- биринчи маселе, экинчиси- биз өзүбүздүн кабыл алган кризистен чыгуу Концепциябызды толугу менен аларга жеткире алдык. Андан тышкары, ачык-айкын пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Алар дагы бизге кемчиликтерибизди ачык айтып, кеңеш беришти. Жалпысынан иш сапарыбыз жемиштүү жана натыйжалуу болду.
- Сиз алыскы Америкада иш сапарыңыз менен жүргөндө Башкы прокуратура тарабынан КР КЖК 304 жана 306 беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду эле. Бул кабарды кандай кабыл алдыңыз?
- Азыркы бийликтен бардык нерсени күтсө болот. Мындай иш болоорун мен мурдатан эле билгем. Анткени, ошол эле Улуттук Коопсуздук комитетинде, Эсептөө палатасында, президенттик администрацияда бизди колдогон адамдар көп. "Сизден илинчек издеп жатышат"- деп алдын - ала эле эскертип коюшкан. Издеп атышып, "ТИМде министр болуп турганда мамлекетке 73 миллион сомдук чыгаша алып келген"- деп табышыптыр. Мен үчүн мунун эч кандай коркунучу жок. Анткени, абийиримдин астында да, мыйзам алдында да тазамын.
- Кыргызстанга келгениңизге 2 күн болуптур. Суракка чакырыштыбы?
- Жок. Азырынча андай кабар боло элек. Эгер чакырса барам.
- Айыпталып жаткан акча туралуу азын-оолак айта кетсеңиз. Ал эмне болгон акча, кайда сарпталды эле?
- Саясий заказ экени бешиктеги балага да белгилүү болуп турбайбы. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, мамлекеттик бюджеттен Тышкы иштер министрлигине бир тыйын бөлүнбөсө, счетко түшпөсө мен кайсы акчаны ичип-жеп алат элем? Эсиңиздерде болсо керек, ШОСко даярданып жатканда Тышкы иштер министрлигинин гана мекемесин оңдоп - түзөө иштери эмес, резиденцияга да жаңы үйлөр салынган. Кытайга иш сапар менен барганымда ошол жаңы үйлөрдү курууга жардам сурап, алар бизге жардам берүү тууралуу келишимге кол коюп келгем. Келишимдин шарты боюнча Кытай мамлекети бизге акча бөлүп жаткандан кийин, "капитальный ремонттун" долбоорун өздөрү жазып, сметаны өздөрү түздү. Курулуш компанияларга тендер жарыялап, жумушчуларды да, курулуш материалдарды да Кытайдан алып келип өздөрү каржылаган.
- Демек, сиздин эч кандай тиешеңиз жокпу?
- Финансылык жаатында чындыгында тиешем жок болчу. Бирок, жасалгалоо жагын көзөмөлдөп, талап коюп турчумун. Анткени, Тышкы иштер министрлиги жөнөкөй министрлик эмес да, анда сырттан келген меймандарга кыргыздын кулк-мүнөзүн, каада-салтын айгинелеп тургудай аура болушу зарыл. Ошондуктан, жаңы салынган үйлөрдүн дубалдарынын өңүн төөнүн түсүндөй жасалгалоо жагына чейин өзүм сунуш кылгам.
Менин таң калганым, 2007-жылдын январь айында президентибиз Курманбек Бакиев министрлер менен Тышкы иштер министрлигине барып, башка мамлекеттин элчилеринин көзүнчө, Кытай өкмөтүнө рахмат айтып, мага терең ыраазычылыгын билдирген. Андан көп узабай февраль айында кызматтан алып койду.
Убакыт өткөн соң, негизи жок "кылдан кыйкым таап" иш козгоп жаткандары мыйзамдуулукка жатпайт деп ачык эле айта алам. Себеби, кабыл алуу актысына да мен кол койгон эмесмин. Алар айтып жаткан акчанын көлөкөсү да Кыргызстанга түшпөсө, жеп алды деп иш козгоштун өзү саясий куугунтук экенин тастыктоодо.
Жаш кезимен бери ар кандай иштерде иштедим. Менде бирөөнүн чөнтөгүнө, айрыкча мамлекеттин казынасына кол салбоо деген принцип бар. Себеби, кылган ишиме, мыйзам астында баары бир жооп берүүчү күн келээрин эч убакта унутпайм.
- Бул жыл ишиңизде жана жеке турмушуңузда эмнеси менен эсиңизде калды?
- Бул жыл мен үчүн маанилүү жыл болду. Оппозицияга өткөндөн бери "Акыйкат үчүн" кыймылын түздүк. Андан соң "Коомдук парламент" түзүлүп, учурда активдүү иштеп жатат. 1- жана 2-Курултайда тең уюштуруу комитетинин төрагасы болдум. Менимче, эки Курултай тең жакшы өттү.
Бириккен оппозиция өкүлдөрү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы Концепциясын иштеп чыктык. Саясий саресепчилер "Оппозициянын биримдиги жок"- деп чыгышты эле, Меморандумга кол койдук. Жаңы, калыс бийлик түзөбүз деп бир пикирге келип, ага кол койдук.
Ушул жылы Россияга барып, Кремлдин кишилери менен жолуктук, кечээ эле АКШдан келдик. Айтор, бул жылы жигердүү иштер көп болду. Анын натыйжасында бүгүнкү бириккен оппозиция эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болуп баратат. Узатып жаткан жылда оппозиция өкүлдөрүнө саясий куугунтук, олку-солкулук болуп жатканына карабастан жалпысынан жакшы жыл болду.
- Сиз оппозиция тарапта бекем туруп жатасыз. Бийликтин куугунтуктоолорунан коркпойсузбу?
- Адам баласынын жашоо-турмушунда ар кандай күндөр болот экен. Кандай күн болбосун мен жеке керт башымды, күнүмдүк турмушумду ойлобойм. Ой-тилегибиз бир адамдар баарыбыз башыбызды кыргыз элинин келечеги үчүн сайып коюп иштеп жатабыз. Азбы-көппү жетишкендиктер бар. Бириккен оппозиция биринчи чоң этаптан өттүк деп кесе айтсам болот. Анткени, келе жаткан жаңы 2009-жылга чечкиндүү кадам таштаганы турабыз. Адам баласы туура максат койсо, баары бир жеңип чыгат. Биздин максат- кыргыз элин келечектүү, бакубат, бай турмушка жеткирүү.
Ал эми учурдагы бийликтин экономиканы да, саясатты да жөнгө салып кетүүгө жөндөмү жок болууда. Негизги максаттары жеке байлык топтоо менен чектелип калды. Бул жолдун келечеги караңгы, туюк болот.
Адамзаттын тарыхында коркутуп-үркүтүү жолу менен бийликте узакка туруу мүмкүн эмес. Ага көп мисалдар бар. Өзүбүздүн эле тарыхты эске алсак, байыркы кыргыз эли эркиндиктин кадырын жогору туткан. Учурда кыргыз эли азыркы бийликке ишенбей калды. Ошондуктан, бул бийликтин тагдыры да чечилип калды деп ойлойм.
- Жаңы жылда элге кандай калоо-тилектериңиз бар?
- Кандай кыйын мезгил болсо да башты бийик көтөрүп, келечектен үмүт үзбөгүлө дейт элем. Ар бир үйгө бакыт-таалай, бейкутчулук, тынччылык каалайм.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"










??.??