ЧЫГЫШ БЕРМЕТТЕРИНЕН…

Таанылбай калба!
Кырктарды чамалап калган бир эркектин жүрөгү кармап, тез жардам машинеси менен ооруканага жеткирилет. Операция учурунда анын жүрөгү токтоп, бир канча мүнөттөн кийин кайра иштеп кетет.
Кудайды көргөн эркек:
- Менин оо дүйнөгө узай турган учурум келип калдыбы?- деп сураса, Кудай:
- Жок, кайдан? Сенин дагы 43 жыл, 2 ай жана 8 күн жашай турган убактың бар- деп жооп берет.
Мындайды уккан киши, карылык күндөрдү да баштан кечирет турбаймынбы деген бейкапар ой менен ооруканадан чыкпай жүзүнө да пластикалык операция жасатып, чачын боетуп алат. Иштин баары бүткөн соң, эркек ооруканадан чыгып, жолдун аркы өйүзүнө өтүп баратканда ары-бери зуулдаган машинелердин бири аны кагып кетет.
Кайрадан Кудай алдына келген жанагы эркек:
- Сиз деген дагы 43 жыл жашайсың дебедиңиз беле? Эмнеге менин өмүрүмдү алып калган жоксуз?- деп сураса:
- Мен сени тааныбай калбадымбы…- деп Кудай өзүнүн кыска-нуска жообун узаткан экен.




Бир нерсенин кадыр-баркын ага муктаж болгондо гана түшүнөсүң
Падыша өзүнүн дарыгерин алып, кеме менен саякатка чыгат. Өмүрүндө дарыянын үстүндө сүзүп көрбөгөн дарыгер жээктен бир канча чакырым алыстап кеткенде өзүнчө эле бир нерсеге нааразы болуп, буту-колу калтырап, аягында коркконунан чыдабай бакырып-өкүрүп ыйлап жиберет.
Кеменин ичиндегилердин баарынын дарыгер менен мамилелери жакшы болгондуктан, анын кыйкырып-өкүргөнүнө көңүл бурушпай, аны тынчытууга аракет кылышат. Тилеке каршы, баарынын айткандары коркок дарыгердин жүрөгүнө жетпей, бир кулагынан кирсе, экинчи кулагынан чыгып, анын кыйкырып-өкүрүп ыйлаганы токтобойт. Дарыяга рахат алганы чыккан падыша дарыгеринин мындай жоругуна жини келип, эмне кылууну билбей башы маң болуп турса, кеңешчиси келип:
- Оо ханым, эгер Сиз уруксат берсеңиз, мунуңузду мен тынчытып берейин?- деп сурайт. Падыша ушуну эле күтүп тургансып, дароо эле "хоп" дейт. Ошондо, анын кеңешчиси падышанын желдеттерине кайрылып, дарыгерди сууга ыргыттырат таштайт. Сүзгөндү билбеген дарыгердин оозуна суу кирип, дем алалбай, жаны көзүнө көрүнүп, тырбалаңдап, узап бараткан кемедегилерге "мени таштабагылачы?"- деп жалдырап жиберет.
Чөгүп бараткан дарыгерди падышанын желдеттери кемеге көтөрүшкөндө ал мурдагыдай болуп кыйкырып-өкүргөндү токтотуп, бир бурчка үн чыгарбай олтуруп калат. Мындайга таң калган падыша кеңешчисине кайрылып, тигинин эмнеге коркпой калганын сурайт.
- "Сиздин дарыгериңиз эч убакта дарыя суусунун даамын татып көргөн эмес болчу. Ал сууда аны кандай коркунуч күтүп турганына көп деле маани берип, элес алчу эмес. Ошондуктан, кеменин үстүндөгү тактайлар ага кандай рахат тартуулонун маанисин билбечү. Ар бир нерсенин кадыр-баркын ошого муктаж болгондо же башыңдан кандайдыр бир кыйынчылык өткөндө гана түшүнөсүң"- деген жообун узаткан экен.




Эненин көз жашы
Бир акылман жамгыр жааса деле, чакчайып күн тийип турса деле көзүн көлдөтүп ыйлаганды адатка айлантып алган бир аялды көрүп таң кала берчү.

Күндөрдү биринде эмнеге ыйлап жатканын билүү максатында анын жанына барса, аял минтип жооп берген экен:
- Менин эки кызым бар. Алардын бири шаар тургундарынын кир кийимдерин жууп жан бакса, экинчиси кол чатырларды (зонтик) сатып тирилик кылат. Жамгыр жааганда улуу кызым, күн тийгенде кичүү кызым акча таба албай калышат. Ушундан улам, мен аларга тынчсызданып, көзүмө жаш алып жатам.
- Анда, сиз жамгыр жааган күнү улуу кызыңыз, күн тийген күнү кичүү кызыңыз тууралуу гана ойлонуңуз. Ошондо, "көңүлүңүз ток, проблемаңыз жок" жүрөсүз - дептир акылман.

Бетти даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"




Мурат Суталинов, УККнын төрагасы:
"Ырдагым эле келип жатат"
"Эл арасында өзүмө караганда менин колум "популярный" экен. Ушул колум менен "Ачык саясат" гезитинин окурмандарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Мен үчүн жанымда турган полковник аппак алып жиберет. Менин эмнегедир ырдагым эле келип жатат. Силерге "Жүрө-өк эрги-ип кагылы-ып, сана-ат жетки-ис жаңылык. Кирип келет аздан соң, жаңы жылым жаңы-ырып" - деген ырды созуп коеюн".

МАИнин жаңы тарифтери
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги майрамга карата айдоочуларга өздөрүнүн жаңы жылдык белектерин даярдап койгону маалым болду. Атап айтсак, МАИ башкармалыгы "Тандап ал!"- деген тарифин айдоочуларга сунуш кылууда. "Алыбай алына жараша"- демекчи, ар бир айдоочу өзүнө ыңгайлуу тарифтерди тандап алууга тийиш.

"Эконом" тарифи - бир айда үч жолу жол эрежесин бузууга уруксат берет. Аталган тариф дайым эрежени сактаган чечкинсиз, орой айдоочулар үчүн чыгарылган.
"Түнкү" тариф - түнкүсүн жол эрежесин бузгандарга 50% жеңилдик берилет.
"Майрам" тарифи - майрам жана эс алуу күндөрү жол эрежесин бузгандарга 70% жеңилдик берилет. Бул тарифтин тандоочуларына машинесин техникалык көзөмөлдөн өткөрбөстөн, номуру жок айдоого уруксат берилет.
"Эркиндик" тарифи - документи жок, мас абалында рулга олтуруп айдоого уруксат берилет.
"Каалаганыңды жаса!" тарифи - МАИ кызматкерин сөгүп, керек болгон учурда көзүн көгөртүп, үч тишин сындырууга да уруксат берет. Аталган тариф прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Финансы полициясы жана ИИМдин ГУУР, ГУБОПтун кызматкерлерине тиешелүү.

Жарыя! Жарыя! Жарыя!

Дордой базарындагы Алканов базарынан борбордук өтмөктөн (центральный проходдон) келишим баада контейнерлер сатылат.
Сурап - билүү телефону: (0 555) 88-72-22.