Сандан санга

Асанкан Жуманалиев
БОЗЧАГЫР
(Башы өткөн санда)
ЖАФАР ЖӨНҮНДӨ
Биз болсо кеч күздө аттанган элек. Кыш түшүп жаз болгончо бизди күтөт. Эч кабарсыз болобуз. Бизден дарек болгондон кийин Даасс аптасы ушул жакта деп уккандан кийин кербенге кошулуп издеп кетет. Акыры атасын тапкандан кийин Даасс Жамшиттин айтканына ишенет. Арадан айлар өтөт, жылдар өтөт, өмүрдүн кербен көчү өтө берет. Азаптуу күндөр Даасстан алыстап, өткөн өмүрлөрүнүн көбүн унутат. Эгерде кербенчилер келип кеп салып айтпаганда, мен жөнүндө да, атамдын айткандары жөнүндө да таптаза экенин эсинен чыгармак. Кербенчилер ага мындай дешет: "Биз өткөн жолдун боюнда
Үймөк-Таш бар, ал жерди жалаң жыландар мекендейт, ал жерге түнөгөндөн коркобуз. Мурда көргөнүбүзгө ошол жерде секелек кыз жүрөр эле. Ошол кыз азыр бойго жетип чоңойгон. Качан көрсөк кийими бүтүн, тоспойт, жыртылбайт. Эмне жеп, эмне ичип жүргөнү бизге белгисиз. Алыстан көрөбүз, бирок жакындап барып өңү-түсүн көргөн киши жок.
Бул сөздөрдү уккан Даастын көз алдына Жамшиттин үй-бүлөсү көз алдына тартылат. Анан барып, Жамшиттин сөздөрү кулагына угулат: " Жарыгым, эл-жериңди эсен тапсаң, кайрылып Сергилимден кабар ал". Жаңырып кулагына Жамшиттин үнү, өткөрөт кирпик какпайт узун түндө. Өзүнүн унутуп койгонун, кемчилигин мойнуна алып, таң ата жолго чыгат токтоно албай. Башка элде, башка жерде энем жана үч бир тууганым калган болчу. Энем байкуш өлүп, агаларым өлбөстүн күнүн көрүп эптеп ирденишет. Бир кызды жыландардын арасында жүрөт дегенди угушкан. Мейли кайып кызы болсун, мейли Сергил болсун, жыландардын арасынан куткарууга колубуздан келмек беле - дешет сурагандарга. Алар дагы тагдырыма аргасыздан көнүшкөн. Даасс жол тартып мени издештирип чыккан кезде кокусунан Жафарга жолугуп калат. Бул дагы теңирдин бешенеге жазганы да, тагдырында жазууну көрөт деген. Болбосо эмне, Жафар бечара чоор тартып, жылан кармап, аны сатып, болбосо "кыл таптаар", "ак дары" таап бер деп жыландын уусуна жиберип, ошону менен күн көрүүчү. Анда дагы жарай турган жыланды карматышчу. Ошентип күнүн көргөн бир бечара, Тагдырбы? Жолукканын кара Дааска, теңир туш кылган да!
Даасс Жафардын жылан кармап жүргөнүн угуп, аны чакырып алып жанына отургузуп:
- Макул десең жыландардын арасында бир кыз бар дейт, ошол кызды алып келип берсең, өмүрүңө жеткидей алтын берем, андан башка эмне кааласаң аткарам баарын, бирок шартым кыз колуңа түшсө тез кайтасың" - деген. Жафар келгенде эле ушуларды айтып келген. Мен дагы дит буруп мар тукумуна ант бергенимди ага жашырбастан айтып бердим. Эгер өзүң менен ээрчип кетсем, мен барган жердеги эл - журттун кыргын табаарын айттым. Ал түшүндү. Ага ушул өлүү дүйнөнүн эч кереги жоктой сезилген мага. Жашоомдо пендечиликке салып, жаңылып дегенине көндүм. Ошондо Бозчагыр таарынгандай коңулга түпкүчтөнүп жатып алды. Улам-улам өзүн күчкө салып, мени чечимиме нааразы болуп уусун жутуп жатты. Буюгуп жатканына түшүнүп турсам да, Теңир ай!.. Боюмду бердим мен Жафарга... Али да Бозчагырдан кечирим сурайм, ал эми мен өзүмдү өмүр бою кечирбеймин.
Пенделик турмуш күтүп Жафар менен эки-үч жылдай жашап калдым, ошондо Жафар курган ушул коргон, менин үстүмө үй да, сарай да болгон... Отуз марлар менен бирге жашап, ал мезгилдерде аш бышырып от жакпагам. Көбүнчө жерден тамыр казып жеп, булактын суусунан кере жутуп жүрө берчүмүн. Бозчагыр азгырганда гана паренделердин жумурткаларына кол салчумун. Кийин чыркыраган чымчыктарды көргөндөн баштап жумурткага көңүлүм чаппай калган. Биз турган жерден бир аз жерде коктуда суу боюнда ураган жар бар эле. Ошол ураган жар шор татыган чопо боло турган. Эмнегедир ошол аймактагы марлар ошол чоподон жалай турган. Анда менин кичинекей кезим, эсимде Бозчагырдан сураганым:
- Эмне үчүн бул чоподон жейсиңер,- дедим, чопонун даамын татып, жытын искеп, анын жагымдуу жыты сүткө аралаштырып бышырган нанга окшош эле. Чүкөдөй ак чопону кертип алып, жеп көргөм, жылжып аккан сууга малып.
- Көп жебе, май топурак, көп жесең аш кыла албай каласың. Жүргүнүң көлөкөгө уктагын, антпесең көңүлүң калып калат деген. Ошондо көлөкөлүү конулга араң жетем, алым кетип алсырап, ныксырап көп күн жаттым, көрсө топурактан ашык жеп коюпмун. Ал эми марлар болсо бир аз гана жалап, анан ошондон кубат алып, ийиндерине бир нече күнү жатышчу. Бир жолу Бозчагыр мага түшүндүрүп, мындай деген:
- Бул топурак сууда эзилген дары, ал эми суу болсо алтын бар жерден сарыгып чыгат. Башка жан-жаныбарларга белгисиз бул, табиятта биз гана билебиз. Билип кой, мындай жерде бир гана марлар жашайт, айтканымдын себеби дилдешпис да - деп айткан. Мына ошентип Жафар келгенче ушундай турмушта жашап келген болчумун, алардан айырмам жок эле.
* * * * *
Жыландар жашаган жерге бара албай, жардын түбүндө Жафар экөөбүз жашап калганбыз. Бир күнү Бозчагыр сыртын салган калыбында сойлоп келип, мени карабаган калпында жай баракат салмактай сүйлөдү.
- Сергил, кулак салгын. Адамзатка тиешелүү ачкөздүк, көрө албастык, ичи тардык, кош сөздүүлүк ак дилиңде жок эле. Бирок сен минтип бирөөнүн тузагына илинип турасың. Азыр мен сага шерт койбосом болбочудай, бул адамың биздин жолубузду торгочудай. Эсиндеби, биз менен антташканың, кайталап айтып коеюн. Эгерде Жафар менен кетем десең, алдыда эмне күтүп турарын? Сен барган жердеги элге мар тукуму, элди калтырбай кыргын кылары. Угуп кой, эртең заардан марлардын коштоосу менен тиги айылга барсын, мен айткан сөздүн бирин калтырбай жарыя кылып айтсын.
- Бул чөлкөмдөн Жафарды күтүп жаткан агаларың жана сен үчүн күйгөн Даасс ханың баары кетишсин. Болбосо тукум курут болот. Айтканга көнбөсө, турган жерден токтоосуз кол салат. Ушул ишти аткарып келсе, экөөңөрдү катылган кенчке алып барам. Каалаган нерсеңдин баарын ал, каалаган ишиңди жаса, бирок адамзатка аралашпайсың, уктуңбу? Эми акыркы шартымды уккун. Кенчти көргөндөн кийин тиги немең дитинин бузулганын сезсем, анда сурабайм сенин макулдугуңду, шерт бузгандын жазасы бир тамчы уу, жөн гана ишин бүткөрөмүн тиги немеңдин.
(Уландысы бар)




(Башы өткөн сандарда)
Нигилизм -улутсуз адамдардын оорусу
Ошентип, Манас атабыздан бизге "сөз" өнөрү менен "жоокердик" өнөр мураска калган. Бүгүн биз ал эки мурасты тең "тебелеп-тепсеп" атабыз. "Атабыз - Манастын жолун" уламайынча, андан мураска калган өнөргө кайрадан камкордук көрмөйүнчө, ишибиз да оңолбойт, жашообуз да жакшырбайт.
Кайрадан "Умай эненин балдары", "барстын тукумдары", "Моголстандын арыстандары" деген атак-даңкыбызды кайрып алыш үчүн, эң башкысы "манас" деп аталган "акындык", "кыргыз" деп аталган "жоокердик" касиетибизди ордуна келтиришибиз керек. Мына ошондо улут катары жок болбойбуз. Бул аракет Туран аймагындагы тең салмактуулуктун бузулушунан сактайт.
Ошол үчүн бүгүн бизге, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон "улутсуз адамдар" эмес, улут үчүн жан берүүгө даяр "улутчул" эр-азаматтар көп керек.
Х Х Х
Мен өзүмдүн изилдөөлөрүмдү кое туруп, элди "3-5 миң жыл артка" алып кетип жаткан Дастан Сарыгуловдун Манас аталыштары тууралуу таап жазганын мисал келтирейин:
* Непал мамлекетинде бийиктиги 8128м. Манаслу деген чоку бар(жергиликтүү элдин тилинде Улуу ыйык Манас дегенди түшүндүрөт);
* Индия мамлекетинде узундугу 500км. Манас дарыясы агат, Манас аттуу улуттук корук бар, аянты 50миң га.(Камруп чөлкөмү, Ассам штаты);
* Тибетте 4557м. бийиктиктеги Манас(Манам-Цо) деген көл бар, аянты 500 чарчы км. Жергиликтүү калк аны ыйык тутуп, сыйынып турушат;
*Батыш Кытайда Ирен-Хабыр мөңгүлөрүнөн башталып, узундугу 402км. Манас дарыясы агып, Манас көлүнө куят;
* Кавказ тоолорунда Манас дарыясы агып, Каспий деңизине куюлат. Анын жээктеринде Манасмахи, Манасавлан, Манасматаб, Манаскент деген шаар, айыл, кыштактар жана Манас курорту жайланышкан;
* Өзбекстанда, Самаркан менен Сурхандарыя областарынын кургак жерлерин сугат менен камсыз кылган Манас каналы бар, узундугу 300км., б.з.ч. миң жыл мурун казылган, секундасына 50м.куб суу агат;
* Алтайда Манас көлү бар, 2331м. бийиктикте Манас тоо деген чоку бар, 2038м. бийиктиги".
Бул эмне? Сенин сөзүң менен айтканда, Жеңишбек, Манас "реалдуу адам эмес, ойдон чыгарылган каарман. Эки миң көтөрө чалганыбыз менен жомок,...".
Бирок, жогоруда реалдуу жашап турган жер-суу аталыштарын эмне дейбиз? Алар да жомокпу? Андай болсо, алар кайсы заманда биригип алып, ушул "Манас" атын жогорку жер-сууларга коюп чыгышты экен? Же кыргыз алардан өздөштүрүп алды бекен? Анысы ал, ал эми ушул элдердин ичинен бир гана кыргыздан манасчы чыгып атканын кайсы жомокко алып барып жабыштырабыз? Эмне үчүн алардан манасчы чыкпайт? Эмне үчүн бир гана кыргыздарда ал улуу эпоско айланып калды? Балким алар, бизден-кыргыздардан өздөштүрүп алып жүрбөсүн? А балким, ошол жерлерге бул аталышты("манас") кыргыз уруулары алып баргандыр?

Улуттук идеология жөнүндө
Негизи эл ажыратып окуй турган "эки билим" бар экенин жогоруда айттым. Анын бири - улуттук аң-сезимди өстүрө турган, экинчиси - аны жок кылып, элди манкуртка айланта турган билим. Ушул убакка чейин биздин алган билим акыл-эсибизди өстүрбөй, бизди кайра манкуртташтырып келатат. Аны моюнга алыш керек. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат", - деп ата-бабаларыбыз айткандай, жаап-жашырып отуруп, азыр эми баары ачыкка чыкты. Аны бир гана сокур көрбөшү, керең укпашы мүмкүн.
Эмне үчүн мамлекети жок кезде "жок болуу" коркунучуна кабылбаган акыл - эси тунук, ден - соолугу мыкты кыргыз, бүгүн эгемен өлкө, эркин эл болуп турганда, орусташкан оорудан айыга албай, улам "азайып" бараткан калктардын катарына кошулуп олтурат? Эмне үчүн "караңгы", "карапайым" жашаган замандарда башка элдердин башын кошуп, өзүнүн улуу маданиятын таратып жашаган элибиз бүгүн андай эмес? Эмне үчүн бүгүн уул-кыздарыбыз бир эмес, бир нече дүйнөлүк тилдерде булбулдай сайрашат да, бирок өз эне тилинде сүйлөй алышпайт? Эмне үчүн алар жогорку билимдүү экенине карабай, адеби жана адамга жасаган мамилеси боюнча бизден төмөн турган башка элдерди туурап жашаганды жакшы көрүшүүдө?
Демек, дагы бир жолу айтам, биздин алып жаткан билимибиз жана тарбиябыз туура эмес. Эмне кылыш керек?
Х Х Х
Өз жолубузду табышыбыз керек. Өз жол- ал ата-бабалардын жолу. Ал "артка кетүү" деген сөз эмес, аны бүгүнкү заманга ылайыкташтырып, "улап басуу" деген сөз.
Өз жолубузду табыш үчүн адегенде өзүбүздү улут катары сактап, аны кайра жаратууга туура келет. Ал үчүн эң биринчи тилге, анан тарыхка, анан динге камкордук көрүүбүз зарыл.
Эмне үчүн биринчи тилге? Анткени, "тил - улуттун жаны"(В.Гумбольдт). А, чынында, "жанын" сактабай туруп, улутту кантип сактайбыз?
Эмне үчүн экинчи тарыхка? Анткени, тарых - улуттук эс-тутум. А чынында, эс-тутумун жоготкон улут өзүнүн ким экенин, качан эл болуп жаралганын, кандай жолду басканын, кандай сууну кечкенин, кандай ашууну ашканын билбейт. Андай улут манкуртка айланат. Андай адамды кыргыз "тирүү өлүк" дейт.
Эмне үчүн үчүнчү, динге? Анткени, дин - улуттук дүйнө тааным. А чынында, дүйнө таанымын унуткан улут өзүнүн каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымын унутат. Эң башкысы өз кудайынын ысмын айтпай калат. Анан кудайын танган элди - кудай да танат. Б.а. каарына алат. Кудайсыз калган эл анан өзүнүн жүргөн-турган эрежелерин эстен чыгарып, башка "кудайы бар" элдерди ээрчип, алардын кыймылын туурап жашайт. Турса - турат, жыгылса - жыгылат. Андай элди кыргыз "белимчи" дейт.
(Уландысы бар)