presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  АЖЫЛЫКТАН ОЙ ТОЛГОО

Акин ТОКТАЛИЕВ:
"Биздин чоңдорду четинен Кудай уруп жатпайбы"
- Ажылык сапарыңыз Меккеде кандай өттү?
- Алхамдулля, ийгиликтүү. Кудайдын буйругу менен Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыздын басып өткөн жерлеринде болдук. Руханий дүйнө өзгөрүлөт экен. Биздин мамлекеттин саясатында спортсмендер "дүйнөнүн элчиси" деп аталып, мамлекет тараптан каржыланып жиберилсе, ал эми карапайым элибиз Меккеге өз каражаты менен жөнөшөт.
- Сиз айткан ажылар менен спортсмендердин айырмасы бар бекен?
- Айырмасы асман менен жердей десек болот. Спортсмендер өз кызыкчылыгын көздөп, мамлекетинин атын чыгаруу менен бирдикте материалдык белек алыш үчүн барышат. Ал эми ажылыкка барган 204 улуттун өкүлдөрү өңү-түсүнө, мамлекетинин жүргүзгөн саясатына, көз карашына карабай, биринин сөзүн бири түшүнбөсө да, "кайдан көрдүм кара эшек" кылбай, колдору менен жаңсап болсо дагы бири-бирин түшүнүүгө аракет жасашканы өзгөчө таасир калтырды. Сүйкүмдүү көз караштар менен кол кысыша кучакташып: "Биз бир адам атанын балдарыбыз - мусулманбыз",-деп бири-бирин сабырдуулукка, токтоолукка, ынтымакка, теңдикке үндөшөт экен. Ошол себептен ажыларды "дүйнөнүн элчиси" деп эсептесе болот.
- Биздин мамлекет башчылары ажыларга карата кандай мамиледе экендигин байкасаңыз керек?
- Өзгөчө биздин мамлекетте ажыларга көңүл бурулбайт. Себеби, мамлекетибиздин жүргүзгөн саясаты "светский - лайк" динсиз мамлекет. Ошондуктан, биздин чоңдорубуз ыймансыз болгондуктан, четинен Кудай "уруп" жатпайбы! Ага биздин аткаминерлер түшүнбөйт, баарысы шайтандын жолуна түшүп алгандар.
- "Светский" деген сөзгө түшүндүм, ал эми "лайк" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
- "Лайк" деген сөзгө өзүм да түшүнбөйм, адабий тилмечтер да чечмелеп бере алышкан жок. Минтип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи беренесине жазышыптыр да түшүндүрмөсүн беришпептир. Бийликтин сөзүнө караганда, "лайк" деген сөз "Биз динди тааныбайбыз, Кудайыңар менен ишибиз жок. Бизге Кудай бар деп таңуулабагыла. Кудайдан корксоңор өзүңөр корко бергиле" - деген мааниде.
- Кыргызстан эле ошондой Кудайсызбы же..?
- Түшүндүм айтканыңызга. Биздин эле мамлекеттин чоңдору ошондой. Калган дүйнөдөгү мамлекеттер Кудайга ишенет. Башка өлкөлөрдө сапарга кеткен ажыларга өтө чоң көңүл бурулаарын угуп, күбө болдум. Бийлик башчылары: "Меккеге баргандар бүткүл элибизге жалпы дуба бергиле, табигый кырсыктардан аман-эсен бололу. Мамлекетибиз бай болсун, элибиз ток болсун!"-деп ажылык сапарга узатышат экен. Тагыраак айтканда, мамлекеттик деңгээлде элин ажылыкка узатышат. Ажылыкка баруучу адамдарды Меккеден тосуп алуу үчүн күн мурдатан барышып, мейманканаларга жайгаштырып жана карыган кемпир-чалдарды мечитке жеткирүү үчүн автобустар менен камсыз кылгандарына күбө болдум. Мындан сырткары, күндүр-түндүр мейманканалардын алдында медициналык тез жардам автоунаалары дарыгерлери менен турушат. Ал эми бизде болсо тескерисинче, Меккеге баргандарга мамлекет кайдыгер мамиле жасайт. Мисалы, быйыл 4,5 миң адамга квота берилсе, Кыргызстандын жарандарынан 350-400дөй эле киши көрдүм. Калганы кайсыл тараптан келгени белгисиз жана кайда жайгашкандары жашыруун болду.
- Биздин элчибиз Сауд Арабияда эмне иш кылаарына баам сала алдыңызбы?
- Менин көз карашымда, Жусупжан Шарипов "турист" катары жүрөт окшойт. "Бийликтен келген чоңдорго жаман көрүнүп калбайын",-деп аларды тосуу менен алек болуп жүрдү. Бир кызматкер ооруп калса Турциянын ооруканасына жөнөтүп убара да болду. Бирок, жүздөгөн карапайым боордошторунун оор абалына көңүл буруп дагы койбоду. Сыркоолоп калган биздин жарандар Турциянын, Пакистандын, Индонезиянын, Тунистин, Бангладештин, Афганистандын дарыгерлерине кайрылып, жардам алып жатышты. Биздин элчини араб өлкөсү "динсиз",-деп баалашпайт экен.
- Ажылык сапардын жоопкерчилигин мамлекет эмес, Кыргызстандын диний башкармасы албады беле?
- Ооба, Кыргызстандын мыйзамсыз муфтийи Мураталы ажы Жуманов милдетин алган. Ал муфтий мыйзамсыз болуп, биздин мамлекет Конституцияга ылайык светский-лайк болгондуктан, жардам көрсөтүүдөн баш тартышты. Себеби, биздин өлкө динсиз. 85% мусулмандар мамлекетке салык төлөп жаткандыгына карабастан, дин менен мамлекеттин ортосу бөлүнгөн.
- Мен сизден биринчи жолу уктум, таң калтыртып турасыз "мыйзамсыз муфтий" деп…?
- 1997-жылдан 2002-жылга чейин бизде муфтий элдик Курултай аркылуу мыйзамдуу түрдө шайланып, иштеп келген. Ал эми 2002-жылы август айында мыйзамдуу муфтиятты мыйзамсыз түрдө, баскынчылык жол менен Мураталы ажы Жуманов түн жамынып, түнкү саат 12де муфтияттын имаратынын эшиктерин талкалап, шериктери менен биргеликте милициялардын күчүн колдонуп, басып алган. Кыргызстандын мыйзамдуу муфтийи Кимсанбай ажы, анын орун басары Иляз ажы жана анын улама кеңешчилери сыртта калган. Милициялар имаратка үч күн катары тирешүү менен күч колдонуп, мурдагы муфтияттын мүчөлөрүн киргизбей коюшкан. Бийликтин күчү менен Мураталы ажы жеңишке жетишкен. Ошондон бери биздин муфтий Мураталы ажы мусулмандардын кызыкчылыгын коргобой, бийликтин камчысын чаап жүрөт. Ошондуктан, эл ичинде муфтият "Похоронный бюро" болуп аталып калды.
- Бүгүнкү муфтийдин 40 улама кеңеши бар дейт го?
- 2003-жылдын март айында молдолордун ызы-чуусу басылгандан кийин, Муратали ажы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин алдында жаңы Уставды өз атына каттатып, төрт жылдык мөөнөттү жети жылдык мөөнөткө узартып алган. Өзүн диний коомдук уюмдун атынан мыйзамдуу муфтиймин деп эсептейт. Ал эми Мураталы ажы түзгөн диний коомдук уюмдар биздин өлкөдө 35-40тай бар. Ар бир коомдун өкүлү Кыргызстандын муфтийи деп шайланып, аталып алса болот, эгерде Муратали ажы шайлангандай шайланса. Ошондуктан, 40 улама кеңеши болобу, же 3 улама кеңеши болобу, бардык диний коомдук уюмдардын укуктары бирдей болууга тийиш. Албетте, мындай бир эле диний коомдук уюмдун колдоосу менен шайланган муфтийди мен мыйзамсыз муфтий деп эсептейм!
- Сиз диний коомдук уюмдун мүчөсү, укук коргоочу- адвокаты катары өзүңүздү Кыргызстандын муфтийлигине көрсөтө аласызбы?
- Ооба, көрсөтө алам. Эгер мени үч кишиден турган диний коомдук уюм Кыргызстандын муфтийи деп шайласа, анда мен Мураталы ажыга барып: "Мен өзүмдүн улама кеңешим менен келип иштейм",-деп муфтияттын имаратынын жарымын сурайм. Эгер бербесе, муфтияттын жарымын алуу үчүн баскынчылык жолун тандабай, "Мен дагы Мураталы ажыга окшоп Кыргызстандын муфтийи болуп шайланып келдим, мага имараттын жарымын бошотуп берсин",-деген өтүнүч менен сот аркылуу чечем. Эгер, дагы бир диний коомдук уюмдан үчүнчү муфтий шайланып калса, муфтияттын имаратын үчкө бөлүүгө туура келет. Ошондо эмне деген башаламандыкка алып келээрин өзүңүз баамдап көрүңүз.
- Акин ажы, эгер сиз Кыргызстандын муфтийи болуп шайлана турган болсоңуз, кандай программаны алып чыга аласыз?
- Эң алгач КР Президенти Курманбек Бакиевдин алдына эки талап коет элем. Биринчи - Мураталы ажыга мамлекеттик KG 097 номурдагы автоунаа берсе, мага KG 098 номурунда Мерседес-600 маркасындагы автоунаа, экинчи - Мураталы ажынын диний коомдук уюмуна бергендей 2 миллион сом сурайм. Ага мен Мураталы ажы алгандай, 11 автоунаа сатып алып, өзүмдүн диний коомдук уюмумдун мүчөлөрүнө таратмакмын. Экинчиден, муфтияттын ишин реформалайм. Кыскача мындай программа болмокчу:
- Муфтият "похоронный бюродон" арылыш керек;
- Толугу менен мусулмандардын кадыр-баркын көтөрүү;
- Келечекте мамлекеттин ар кайсыл тармагында иштөө үчүн ислам окуу жайларын, медреселерди билим берүү стандартына киргизүү керек;
- Исламдын баалуулуктарын, ыйманды коомчулукка жеткирүүдө агартуу иштерин, мындайча айтканда, массалык маалымат каражаттарын жандандыруу;
- Эң негизгиси муфтий өзүнүн ордун жана милдетин билүү менен мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүшү керек. Азыркы муфтий мамлекеттик чиновниктердин тууган-туушкандары, чоңдор каза болгондо ошолордун жаназасын аңдып, шариятты айткандын ордуна "гробунун" артынан ээрчип жүрөт. Бул иштин баарын мечиттин имам-сопулары аткарат. Муфтияттын деңгээли мусулмандардын кызыкчылыгын коргоп, мамлекеттик деңгээлде болушу керек.
- Сиз диний коомдук уюмдун атынан экинчи муфтий болуп шайлансаңыз, мусулмандардын атынан кимиңер сүйлөйсүңөр?
- Элдин атынан мыйзамдуу шайланган элдик депутаттар жана Кыргыз Республикасынын Президенти сүйлөй алат. Ал эми диний коомдук уюмдун атынан шайланган муфтийлер мусулмандардын атынан сүйлөй албайт жана фатва чыгара албайт, жергиликтүү мечиттерге имамдарды да беките албайт. Мунун баары мыйзамсыз болуп эсептелет. Биз мыйзамдуу өлкө болгондуктан, КРнын Конституциясынын негизинде мусулмандардын курултайын өткөрүү зарыл. Ага 35-40 диний уюмдар, областтык казыяттар, жергиликтүү мечиттин имамдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 7-11 Кыргызстандын муфтийлигине талапкерлер чыгып, ошондо бир муфтий шайлап алышыбыз керек. Ошондо гана биздин муфтияттын "марионетка" деген сөзү өчөт жана жогоруда мен койгон программалык талаптар аткарылат. Мусулмандардын укугу корголуп, мыйзамдуу муфтий бийлик менен мусулмандардын ортосунда көпүрө боло алат.
- Ош окуясы боюнча сиздин маалыматыңыз бар да?..
- Бул окуяга түздөн-түз бийлик менен мыйзамсыз муфтий күнөөлүү. Алар эл арасына алдын-ала түшүндүрүү саясатын жүргүзгөн эмес. "Хизбут-Тахирчилер орозо айт күнү элге бекер тамак берди",-деп күнөөлөштү. Орозо айт мусулмандардын мыйзамдуу майрамы. Бийлик менен муфтият элди майрамдата албаган соң, кайсыл бир уюм элди, майрамдатса анын эмнеси күнөө. Мен бул жерден тамак бергени үчүн бийликке каршы укук бузулганын көрө албадым.
Хизбут-Тахирчилер бекер лоторея таратып, оюндарды уюштуруп, белектерди бергендиги үчүн күнөөлүү деп табылса, анда Бишкектин экс мэри Данияр Үсөнов 70 миллион бюджеттин акчасына бекер лоторея таратып, белектерди уюштургандыгы жана элдин акчасын чачкандыгы үчүн эмнеге жоопко тартылбайт? Хизбут-Тахирчилер менен Данияр Үсөновдун эч айырмасы жок. Бирөө өз чөнтөгүнөн акчаны чачса, экинчиси мамлекеттин акчасын чачып жатат. Күнөөкөр деп табылган биздин жарандарга, биздин "адилетүү", элдин ишеничинен кеткен сот өтө оор күнөө коюп, Кудайдан коркпой, бийликке жагуу үчүн соттоп жиберишти. Бул иштери менен адилетсиз соттолгон адамдарды террактыга түртүп жатышат, кийин "диний экстремизм" деп аташ үчүн. Сот бийлиги Кыргызстанды башаламандыкка алып келгенге шарт түзүп жатат.
- Азыркы убакта ММК каражаттарынын жазуусу боюнча диний ахыбал курчууда, буга сиздин көз карашыңыз?
- Азыркы бийлик менен муфтият диний ахыбалды оңдогондун ордуна, тескерисинче күчөтүп жатат. Бийликтин туура эмес саясат жүргүзүүсүнөн диний түшүнүктөр жоголуп, коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап келүүдө. Бийликке, муфтиятка коркунучтуу көрүнгөн "Хизбут-Тахир", "Ахмедия" жана ушулар сыяктуу башка уюмдардын лидерлери менен биргеликте ошол эле бийлик, муфтият, диний аалымдар тегерек стол уюштуруп, дискуссия, семинар өткөрүп, алардын максаттарын, талаптарын, көз караштарын билип туруп, коомчулукка ММКлар аркылуу туура маалыматтар таркатылса өз ордуна келет.
Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"










??.??