presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Түтөйсүң да, түтөйсүң

Тамчы таш тешет
Жума күнү кечинде үйдө жатып алып, ошол күнү жарыкка чыккан ар кайсы саясий гезиттерди барактап жаттым. Эмнегедир алардын бири да мени керектүү деңгээлде кызыктыра алган жок. Ары-бери басып, текчедеги китептердин арасынан журналист болуума чыйыр жол салып берген, бир кездеги Башкы редакторум Чолпонбек Абыкеевдин "Кыргыз жан - дүйнө туюму же кыргыздын өзүн таанышы" деген чакан китеби колума урунду. Ачтым. "Тамчы таш тешет" деген темадагы макаласы көңүлүмдү бурду. Окудум. Таасирлендим. Намыстандым. Макала 5 жыл мурда жазылса да, анда көтөрүлгөн маселе бүгүнкү күнү дагы деле күчүндө. Себеби, он кыргыздын арасына бир орус же бир түрк кошулуп калса эле, кыргыздардын ошолордун тилинде саймедиремей адаты бүгүн да бүтө элек. Андыктан, ал макаланы окурмандардын назарына кайрадан сунуш кылмакчымын.
Улан Мамбетов.

Бул сөз улуу сөз. Улуулугу ушунда экендигин жаратылыш өзү далилдеп койгон. Бала кезимде көк аска-зоокалуу тоолорду аралап кой кайтарып жүргөндө көк болоттой мөлтүрөп зыңгыраган аскалардын бетиндеги оюктарды көрүп таң калчу элем. Тобоо, жамгырдын тамчысынын күчүн кара, балта чапчаң мизи кайтарылып сынчу ташты чөйчөк кылып оюп койгонун деп.
Жаратылыштагы улуу күч, улуу энергия, улуу акылзарлыктын уңгусу ушул тамчыда чөгүп жатса керек. Катууну дайым эле катуу менен жеңбейсиң. Кезинде катууну кебездей жумшактык, суудай тунуктук, тамчыдай туруктуулук менен жеңесиң деген окуусу көрүнөт го. Катууга катуу менен каршы чыксаң кулак тунган үн чыгат да, от чыгат. Катууга жумшакты салсаң от да чыкпайт, үн да чыкпайт. Бул да өзүнчө дилназар.
Кепти каякка торогон турасыз?- дейсиз го. Баягы эле жүрөктүн толтосунда турган кыргыз тили маселесине бурмакмын.
Факты. КООРТтун бир жолку "Апта" берүүсү толук тилге арналды. Жыйынтыгы, "Кыргыз тили эч нерсеге жараксыз тил. Кыргыз тилин күнүмдүк турмуш - тиричилик, өз ара кайым, ушак айтышканда гана пайдалангандан башкага жарабайт"- деген маанидеги бүтүмдү чыгарышты. Көрсө, азыркы илим менен техниканын өнүккөн доорунда кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлде колдонууга такыр мүмкүн эмес экен.
Муну Кыргызстанда кичи учактарды чыгара баштаган фирманын директору бажырап түшүндүрүп жатпайбы. Аңгыча айылдан келген бир кыргызбайым "Өзүм орусча билбей шаарда кыйналдым. Балам да мендей кыйналбасын деп, орус бала бакчага киргиздим"- деп турбайбы өңүн бозортуп. Анысы чын да шордуумдун. Өз жеринде, өз элинде, өз мамлекетинин борбор шаарында кыргызча сүйлөп жүрө албай, орус тилин билбегени үчүн кор болгондон ашык муң-зар бар бекен, Теңирим?
Акыл-эсибиз менен тирүүлөй басып жүрүп бөтөн тилге кул болдук деген ушу да.
О-о анан барып бүт айтылгандарды бекемдеп Салижан акебиз чыгып, "500 жылга жетпей кыргыз тили жоголот"- деп корутундулап коюп жатпайбы.
Салижан аке туура айтат. Ал түгүл жалтактап мөөнөттү ары узартып айтты. Эгер тилибизге, кыргыз тилине болгон ар бир кыргыздын мамилеси так ушул калыбында турса 500 эмес, 100 жылга жетпей жоголот. Муну бөркүңөрдөй көргүлө, кыргызбайларым. Кыргыз тилин сырттан келген эч ким жоготпойт. Ичтен чыккан "киргиздер" жоготот. Ичтеги "киргиздер" жөөттөрдүн тымызын жетегине түшүп калышканын өздөрү да түшүнүшпөйт. Кыргыз тилин өздөрү толук түшүнбөгөндөн кийин, өздөрү кеңири сүйлөй албагандан кийин, кыргыз сөзүнүн маани-маңызы дээрине жетпегенден кийин, башкалар да мендей деп ойлоп алышат да, маңкурт жыйынтык чыгара беришет. Кыргыз тили тар тил деп.
Фактыга кайрылалы. Тил бүткүл жашаган доорунда экиге бөлүнөт. Түпкү уңгу тил жана учурдун улама же толуктама тили деп. Түпкү уңгу тилибиз бул кыргызымдын тээ 5000 - дейбизби, 10000 дейбизби жылдан бери сүйлөп келаткан кадимки "Манасты" жараткан тили. Учурдун улама тили бул азыркы илим жана техниканын өсүшү менен жаңы кошулган "компьютер" деген өңдүү сөздөр.
Айланайын акылмандарым, кулак салып койгулачы. Мезгилдин улама тили үчүн маңкурттар гана өз эне тилин чанбаса, акыл-эси ордундагы улуттун өкүлдөрү тилин чанбайт. Урматтуу кичи учактын директору (кечириңиз аты-жөнүңүздү билбейт экенмин) "компьютер", "космос", "самолет" деген сөздөр мындан 150 жыл мурда кыргыз тилинде да, орус тилинде да, англис ж.б. тилдерде да болгон эмес. Бардык тилдерге жаңы кирип жатат. Айырмасы эле кайсы өлкө биринчи жаратып ат койгонунда. Кичине артка кайрылсак, учурунда "Монголстандын арстандары" аталган аталарыбыз Азияны эле эмес, Европага чейин дүңгүрөтүп турганда биздин да нечен сөздөрүбүз ошолордун тилдерине кирген. Тарыхта Адил баатыр 300 жыл Германияга чейин тебелеп турганда, кечээки Чыңгызхан орустарды баш кылып 300 жыл чөгөлөтүп турганда биздин тилдер "оптом-оптом" эле ошол чөгөлөгөндөрдүн тилине аралашкан. Бирок, орустар орус тилин, немистер өз тилин чанбай сактаганына бүгүн дүркүрөп өнүгүп ооматтары келип турат. Ошондо биздин тилибиз тил деле эмес экен ушу азиялыктарча сүйлөй береличи дегенинде Европанын жарымысынан баштап, Чыгыш Жапандарга чейин кыргызча саймедиреп турушпайт беле? Эми кичине жеттиби? Мезгилдин улама тили дегенине ушул эле бир мисал. Кечээ "буурусун" деген сөздү жогоруда атаган аймак бүт колдонсо, бүгүн тарыхый гана чыгармалардан окуп калдык. Эртең "компьютер" деген сөздү да тарыхый чыгармалардан гана окуп калаарыбызды бөркүңөрдөй көргүлө.
Жөөттөрдүн арам акылынын күчүн баалабай кое албайсың. Жогорку "Аптадагы" берүүнү бүт "киргиздерге" даярдатып, бир да башка улуттун өкүлүн кошушпаптыр. Азаматтар. Эгер эле бир башка улуттун өкүлү кыргыз тили да тилби деп сүйлөгөндө, таш бараңга кабылмак.
"Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман"- деп күйүп-бышып гана отуруп бересиң. Мадырайып туруп алып, өзүңдүн өңдөшүң (өңдөрү кыргызга окшош болгону менен таза кандуу кыргыз экенине ишене бербейсиң) кыргыз тилин күлгө чаап жатса кантмек элең?
Кыргыз мамлекети азыр өзүнүн эркин мамлекет болгондон кийинки мамлекет катары түптөлүүсүнүн алгачкы оор кризисин башынан толук кечирип бүтө элек. Дегенибиз, толук күчтүү мамлекеттүүлүккө жете элек. Так ушул өткөөл мезгилде кыргыздар үчүн ичтен жеген курт болуп "Өткөөл мезгилди" узарткандар. Мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнүн жүрүшүнө тоскоол болуп бут тоскондор булар Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү эмес, кыргызмын деп коюп, бирок, өзүнүн таза кандуу кыргыз эмес экендигин эң жакшы билген тексиздер болууда. Элдин ырыскысын эсепсиз ичип-жегендер кимдер? Териштирип көргүлөчү. Көбү тексиздер. Кыргызды кылчайбай сатып, кыргыз тилин теңсинбегендер кимдер? Тексиздер. Себеби, алар эч убакта кыргызга жан дили менен күйбөйт. Канында, генинде кыргызга берилбейт. Кыргыз элинин ырыскысын ичип-жегенден тартынбайт. Кыргыздын кор болуп жатканын көргөндө жүлүнү сыздап, жүрөгү оорубайт. Кыргызды саткандан намыстанбайт. Себеби, жүлүндөгү, канындагы кандаштык гана улуту үчүн отко-сууга түшүрүп чыркыратып турат. Ошондуктан, илгертен кыргыздар тукумдун тазалыгына өзгөчө көңүл бурушкан. Кыргыз тукумунун асылдыгына өзгөчө көңүл бурушкан. Жети атаңды саймедиретип айттырган. Аттиң арман, айла кетип жан күйгөндө ушинтип ачык айтып жибердим, болбосо кыргыздар көп нерсени ачык эмес, каймана айтып түшүндүрүп коюшчу эле. Бүгүн каймана түгүл кашкайта айтсаң да кыргызча түшүнбөгөндөр толтура. Ошондуктан кыргызча сүйлөп жүрүп, бирок, кыргыз тилин түшүнбөй калыптырбыз деп чыркырап жүрбөймүнбү. Анан эмнени айтасың?
Бир жомок кино бар. Шайтан бир хандын келбетине билинбей кирип алат да, тиги кандын таза акылын уктатып коюп өзү башкара берет. Эл мөгдөп кор болот. Көрүнгөн тарапка тентий баштайт. Ал түгүл хандын өз баласы да тентип кетет. Ошондо көзү ачык бир дубакөй келип, баягы хандын кебине кирип алган азгырыкты кууп чыгат. Хан ойгонуп, элин жыйнап баарын ордуна келтирет. Мага азыр көбүнүн кебине ошондой азгырык кирип алып, маңадүр-аңадүр кылып дөөрүтүп алып жүргөндөй туюла берет. Болбосо улуттук намыс деген кайда, ботом? Өз элинде, өз жеринде, өз эне тилинде сүйлөй албай кор болгондон ашык кулчулук бар бекен? Өзүбүздү -өзүбүз мойнубуздан байлап, бөтөндөргө чөгөлөп, болгондо да өз төрүбүздө чөгөлөп бергенден ашык кордук бар бекен?
И-ээ айланайын энелер, тилди эне тил деп атайт. Көрсө, бала курсакта жатканда эле эненин каны аркылуу тилди туя баштайт экен. Жарыкчылыкка биринчи келгенде эненин үнүн угат экен. Ушу силерде да күнөө көп. Бөтөн улуттун энелеринин тилине сатылбай уулдарыңарды өз тилиңерге үйрөтсөңөр боло. Кыргыз тили чын эле жоголуу коркунучунда. Манастын тили көз көрүнөө өлүп баратат. Анын эң чоң себеби кыргызча сүйлөп жүрүп, анын маани-маңызын түшүнбөй калдык.
Факты. "Карынын сөзүн капка сал!"- дешчү. Капка салган киши барбы? Салганды кой, капты мешок деп калдык. Капка салгыдай сөз айтаар карыбыз да калбады, дүжүр чал болуп бүтүштү. "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа"- дечү кыргызым. Бул сөздүн маанисин ким түшүнүп жатат? Көрсөтүп уурдашууда. Көзүңдү бакырайтып туруп, пара алгандар төөнү көрсөтсөң "жок, бул бээ"- деп кызарбай туруп айтышууда. Улут катары кыргыз өзү силкинип тирилбесе, намыстанбаса, сырттан эч ким келип тилиңерди эстегиле дебейт. Тескерисинче, "өлгөндү көмгөн" кылат. Чет өлкөдөн келгендер алгачкы жылдары сөзсүз кыргыз тилин билген котормочу издөөчү. Азыр аны ойлоп да коюшпайт. Орус тилин билсе болду. Алгач кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыкчу, азыр ойлоп да коюшпайт. Орусчага ашыгышат.
Биргелешкен ишканалар кыргыз улутундагыларды жумушка алууга ашыгышчу. Азыр тескерисинче орус улутундагыларды алышат.
Факты. Америкалыктар типография ачып жатышат. Көргүлө, бүт администрациясы башка улуттагылар. Ал түгүл кеңеш тобуна да кыргыз басма сөзүнөн эч кимди кошкон эмес. Ким күнөөлүү? Өзүбүз. Мен. Сен. Кулдук сезимден кутула албай жалтаңдайбыз. Ачык сүйлөгөндөн коркуп жалтайлайбыз. Жок дегенде "Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт" деген макалдын маанисин түшүнүүгө дараметибиз жетпей калды. Кимден коркобуз, эмнеге коркобуз? Ушуну да түшүнбөйбүз. Алыс барбайлы, коңшу казактардын чегарасынан өтүп көргүлөчү, бүт кагаздарды казакча жазып таштаган. Орусчасы жок. Эч нерсе болгон жок. Орустар түп көтөрүлө көчүп кеткен жок. Жүрүшөт. Тескерисинче казакча сүйлөй башташты. Өзбектер союз мезгилинен эле өзбекче сүйлөбөсө, башка тилде сүйлөшпөйт. Эч нерсе болгон жок. Тескерисинче, Путин биринчи кезекте Каримов менен акылдашып турат.
Кыргыздар орус тилин расмий тил деп жар салдың. Эмне уттуң? Эч нерсе. Утулдуң. Орустар чуркап келип иштебеген ишканаларыңды иштетип жиберген жок. Мына, шылдың болдуң. "Жамандыгыңды билип алдым, мойнуңа минип алдым"- болдуң. Өз жериңде, өз элиңде, өз тилиңде эркин сүйлөй албай кор болдуң. Тилди расмий кылсаң эле кеткиси келген орустар токтоп калган жок, кетип атышат. Кете да беришет. Келечеги жок мамлекетте ким калсын? Учурунда чыркырап жаздым. "Тил шылтоо. Тилди коюп, экономиканы оңдогулачы"- деп. Орус кетти деп ыйлайбыз. Чет элге кетип жаткан кыргыздарды эсептеген ким бар? Айланайын элим ай, деги кайсынысын айтайын? Жазса барак түтөбү? Түтөйсүң да, түтөйсүң. Жалпы улуттун келечеги жар кырында турса саясатчыларың коңулдан чыга калып, чөнтөгүндөгү калемгерлерин түрткүлөп түндүк-түштүк деп бөлүп киргенде сөзүң түгөнөт. Бакайдын боздогон үнү кулакка угулат. "Кечээ Айкөлүм аман кезинде, он сегиз миң ааламды билип турган кезимде, ошондо өлбөй не болдум а-аа..."
Тамчы... тамчы... Каяктан каякка тамып жатат? Кыргызды өлтүрүүгөбү же тирилтүүгөбү? Тыңшагылачы?

Чолпонбек Абыкеев,
жазуучу, журналист










??.??