presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Алыскы туугандан жакын кошуна артык

"Биздин өлкө криминалдашкан өлкөгө айланып баратат"
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин жоголгону биздин мамлекетке көлөкө түшүрчү көйгөй экени бештен белгилүү эмеспи. Жоголгон депутаттын ушул кезге чейин табылбай келишине эмне себеп болууда? Мына, кеп ушунда жатат. Мен журналисттик милдетим боюнча жоголгон депутаттын айылына барууну максат кылып, 21-декабарь күнү Ысык-Ата районундагы Токтоналиев айылына сапар тарттым. Ал айылга барып, Русландын үйүн көчөдө кетип бараткан бир эжеден сурасам, "сага кимиси керек? Русландын жоголгонун апасына айтышкан эмес, байкеси менен сүйлөш" - деди. Мен Р.Шаботоевдин байкеси Чолпонкул байкенин үйүнө барып, алар менен жолугуп, сүйлөштүм.

Акматов Чолпонкул
Русландын байкеси:
- Байке, айтыңызчы иниңизди сурап бул жакка келип, кабар алгандар болдубу?
- Иним Руслан 30-сентябрда жоголгон. Ошондон бери кабар жок. Сурап деле эч ким келбеди. Өткөндө Ички иштер министринин орун басары Федоровду өзүбүз араң келтирдик. Ал келгенде деле жарытарлык эч нерсе айта алган жок. Билбейм, деги кандай жашоо болууда? Эгер минтип отурсак биздин мамлекеттин келечегин элестетип болбойт. Руслан кимдер тарабынан жоголгонун сезип эле турабыз. Бирок далил жок болуп жатпайбы. Эмне кылабыз, биздин колдон эч нерсе келбейт экен. "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген заман болбодубу. Мен бийликтен суранаарым, инимди аман-эсен таптырып бергиле. Урматтуу президент Курманбек Салиевич! Руслан мамлекеттин адамы. Силер аны таптырууга милдеттүүсүңөр!

Сыдыгалиева Айгүл
Русландын жеңеси:
- Биздин айылга чоңдордон бирөө басып келип койбоду. Жада калса өзүнүн партиясы СДПКдан да келишкен жок. Кайним өзү элдик уул болчу. Медициналык, юридикалык билимдерге ээ. Биздин айылга колунан келген жардамын берип келген. Мына үч айдан бери Руслан жок. Ээнсиреп калдык. Бул эмне деген шумдук, билбейм. Эч кимге деле жаманчылыгы жок, түз жүргөн бала эле. ИИМдегилер издеп жатабыз деп коюшат. Эч кандай издегендей түрлөрү жок. Башында телевизордон көрсөтүп жатты эле, эми көрсөтпөй да калды. Бул жерде бир балекет бар окшойт. Эмнеси болсо да балабызды аман-эсен жибергиле, айланайындар. Биз эч кимди күнөөлөбөйбүз.

Акматова Жеңишкүл
Русландын жеңеси:
- Руслан абдан жөнөкөй бала. Ак көңүл. Ошол ак көңүлдүгүнүн айынан ушундай болду го дейм. Менин оюмча, бул ишке чоңдор аралашкан деп ойлойм. Эмне дегенде, ушул кезге чейин бир жыйынтык жок. Издешек турсун, аракет да кылышкан жери жок. Биздин өлкө криминалдашкан өлкөгө айланып бара жатканын өзүңөр деле көрүп жатпайсыңарбы. Азыр бизде эненин көз жашынан коркпогон канкорлор өкүм сүрүүдө. Русланды кичинесинен багып чоңойткон чоң апасына айткан эмеспиз. Үч айдан бери Москвага окууга кетти, командировкага кетти деп алдап жатабыз. Апам болсо, "Руслан балам тез-тез келчү эле. Балама эмне болду? Качан келет? Бир нерсе болгон жокпу? Мындай түш көрдүм, андай түш көрдүм, кагылайын балам ай деги качан келесиң?"-деп жол карап жатат. Русланды кимдер кармап турса да, аларга айтаарым, силердин да энеңер бар. Эненин көз жашына калбай балабызды аман-эсен кайтарып бергиле демекчимин.

Шаботоева Сымбат:
- Эже, иниңиз Русланды издөө иштери кандай жүрүүдө?
- Издөө иштери боюнча Алма-Атада дешти эле. Андан деле эч нерсе чыккан жок. Тергөөчү менен сүйлөшсөм, ал кайра силерде кандай версиялар бар деп менден сурап жатат. Сен айтып турбайсыңбы. Сенин биз менен иштешкиң келбей жатат дейт. Эмнени айтайын? Эгер билсем өзүм эле таппайт белем. ИИМде, УККда, бийликте издөө иштери боюнча эч кандай жылыш жок. Кенедей да кынтык таба албай коюшту. Издеп жатабыз эле дешет. Эмнени издеп жатышат мен түшүнбөйм. Башында буларга абдан ишенгем.
- Кайсы тергөөчү иш алып барып жатат?
- Фамилиясын унутуп калдым. Аты Турат, ИИМде тергөөчү болуп иштейт. Андан деле эч кандай жыйынтык жок. Улам кирип жатып ага да жаман көрүнмөй болдум. Менден да качып калышты. Эмне кылаарымды да билбей калдым.
- Эл арасында Максим Бакиевди да суракка алыш керек деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушуга кошуласызбы?
- Эми бул тергөөчүнүн иши. Бакандай болгон депутат жоголуп жаткандан кийин, имиштерден чыккан адамдардын баарын суракка алыш керек. Бирок Максим бул ишке тиешеси болсо жөн эле басып жүрмөк эмес. Кармап албагандан кийин так айта албайм. Бирок мындай сөз чыгып жаткандан кийин суралышы керек деп ойлойм. Мамам экөөбүз К.Бакиевге кирели деп таптакыр кире албай койдук. Анан М.Садыркуловго кирип жардам сураганбыз. Ошондо Садыркулов өзү айткан. Саясатка аралаштырбагыла. Бул жерде эч кандай саясат жок деген. Өзү баштап айтты. Максим менен Русландын мамилеси абдан жакшы деп. Мен Русланга институтта окуп жүргөндө өзүм сабак берчүмүн. Жакшы, түз жүргөн бала, өзүңөр көрөсүңөр жакында жыйынтык чыгат деген. Андан бери үч айга жакындап калды. Ал кишинин сөзүнөн да жыйынтык жок. Президентке килейген депутат Жээнбеков кире албай жатса, мени ким киргизет?
- Президент өзү бул ишке кызыгып деле силерди кабыл алып койгон жокпу?
- Жок. Арыз жазып да таштагам. Эч жардам, жакшы сөз да болгон жок. Сурансак эмнегедир М.Садыркуловго киргизип койду. Руслан мамлекеттик адам болгондон кийин президент бул ишти караганга өзү милдеттүү. Мамлекетке көлөкө түшүргөн иш болуп жаткандан кийин биринчиден, депутаттарыбыз, Русландын өзүнүн СДПК партиясы чуркашы керек. Башка өлкөдө депутат эмес жөнөкөй адам жоголсо кандай издешет.
- Партия демекчи Русландын өзүнүн партиясы СДПК кандай иштерди жүргүзүүдө?
- Б.Бешимов менен Р.Отунбаева башында жакшы эле жардам беришти. А.Атамбаевге барсам, менин өзүмдүн группам бар. Экс - укук коргоочулардан түзүлгөн. Абдан тажрыйбалуу. Мына ошорлор иштешет, күтүп тур, четин чыгарышат деген. Ал айтылган сөздөн бери бир ай өттү. Барайын десем А.Атамбаев Турцияга кетиптир. Канчадан бери байланышалбай жатам. Сурасам эле келелек дешет. Мен анын андай группасы бар экенине анчалык деле ишенбей калдым. Эгер бар болсо эчак эле ишти баштамак да. СДПК болсо кайрылуу да жасап коюшкан жок. Русландын достору гана чуркап жүрүшөт.
- УККнын төрагасы М.Суталиновдун Руслан тууралуу "карыз, акчага кызыккан бала, төрт жолу разборкадан сууруп алгам" деп айткан сөзүнүн канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз?
- Мен М.Суталиновдун позициясына такыр түшүнбөй койдум. Башында өзү айткан, мен Русланга тууган катары өзүм биринчи кызыкдармын деп. Эгер ошондой тууган болсо бир басып келип койбойбу. Мейли министр экен өзү келбей эле койсун, жок дегенде мамам экөөбүз барганда кабыл алып койбойбу. Канча бардык. Башында биз менен сүйлөшүүдөн баш тартып, акырында орун басарын чыгарып койду. Айлабыз кетип үйүнө барсак, келинчеги дарбазанын ичинен бул ким? - дегенинен - биз Шаботоевдер силердин тууганыңарбыз десек, - и азыр - деп коюп ошол бойдон чыккан жок. Эшигинин алдында күтүп туруп айла жок кетип калдык. Анан кайсы бети менен тууганым деп жатат, жана кайсы бети менен Русланды жогорудагыдай сөздөр менен шыбап жатат? Түшүнбөй койдум. Өзүнүн баласы жоголсо көрөт элем. (Эже көзүнүн жашын сүртүп, мууну бошоп, калтырап турду). Карыз болсо төлөй турчу кудуретибиз бар болчу. Бул сөздөрдүн баары калп. Айтып жатабыз эгер карыз болсо төлөйбүз. Эмне десе баарын беребиз. Эң башкысы инимди аман-эсен кое беришсе болду.
- Өткөндө Кубат Кыдыралиев шектүү деп табылды эле го?
- К.Кыдыралиев да туугандарыбыз болот. (Ызалуу) Русланды ошол бала чакырып кеткен бойдон иним кайрылып келген жок. УКК кызматкерлери кармап, суракка алган соң кое беришкен. Ал азыр биздин жаныбыздагы айылдан болгондуктан, эзели карабаган айылына барып жардам берип жатыптыр. Биздин айылды болсо караган да, келген да жок. Бул жерден Кубат, эгер бирдеме болсом мага колдоо көрсөтсүн деп жасаган жоругу болсо керек.Айылын колго алып коюшу керек да. Мен Русландын жоголушуна бул баланын түздөн - түз тиешеси бар деп ойлойм. Эмне дегенде чакырып кетип, ошол бойдон алып келген жок. Керек болсо издегенге дагы аракет жасаган жок. Жыргап эле жүрөт. Иним Руслан ушул баланы агам деп ишенип, караан тутуп жүрчү. Ошол жоголоор күнү кечинде чыкпа десем, Кубат байкем чакырып аткандан кийин барайын деп болбой кеткен эле. (Ыйлап) Жарым саатка деп кеткен бойдон жок. Эмне кылаарымды да билбей калдым. Табылып калса эч кимге деле арызданбайбыз. Сураганын беребиз. Иним үчүн үйдү деле бошотуп бергенге даярбыз. Аман-эсен эле кайтарып беришсе болду.
- Ушул бойдон эле унутулуп калбайбы?
- Жок андай болбойт. Жаңы жылга чейин күтөбүз. Болбосо Русландын өзүнүн "Эл биримдиги" деген партиясы бар. Ысык-Ата районунда 5000 киши чыгабыз деп жатышат. Андан сырткары белгисиз жоголгон адамдар тууралуу атайын комитет түзгөнбүз. Мына ошол комитет ишке киришет. Ал комитеттин сайты 21-век. Каалагандар кайрылса болот. Минтип чыгынбасак бизге эч ким жардам бербейт экен. Анан дагы менин жалгыз үмүтүм депутат Жээнбековдо. Руслан менен ал кишинин баласы бир жерде деп ойлойм.


Дайынсыз жоголуу деген кандай жаман. Р.Шаботоев-дин жакындары менен сүйлө-шүп, ал абалын сураганы үч айдан бери араң биринчи болуп Ички иштер министринин орун басары Федоров, экинчиси - журналисттерден мен келиптирмин. Ал айылдан чыгып жолдо бара жатып өзүмчө ойго баттым. Эгер биз кыргыздар өзүбүзгө өзүбүз душман болуп, бычакка сап уулдарыбыз-дан кол жууп отурсак, анда биздин өлкөдө кимдер калат? Өлкөбүз үчүн кимдер күйөт? Мына кеп ушунда жатпайбы. Казактын же болбосо дунгандын балдары биздин мамлекет үчүн күйүп бербейт го дейм.

Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"










??.??