Аз калды окшоду, болгула эй!

Текебаев, Сариев… анан Эшимканов эмей…
Улуу урматтуу Бакиевдин кыргыз элин дурустап башкара албаганына элдин көзү жетти окшоду. А балким өзү деле сезип жаткандыр ал ишке жөндөмсүз экенин. Ошондуктан, эртеби-кечпи башка президент шайлашыбыз бар. Элдин ою ошондо болсо, оппозициянын аракети да ошондо.

Бүгүнкү күнү оппозициянын абалы өтө деле мыкты эмес, бирок анча деле жаман эмес. Бир кемчилиги - бир муштумга биригебиз деген тилеги ишке аша албай жатат. Менимче, бир муштумга кыргыздар эч качан бириге албайт го, антсе да биримдиктин ага жакын абалына келиши мүмкүн. Бириксе, "Манас" эпосунда бир бириккендир… Атаганат де, эгерде "балан-бастан" деген революциялык же башка кыймылдарды, бирикмелерди токтотуп, кооз сөз издебей бир гана "Оппозициялык кыймыл" дегенге биригип, анан анын баары көнүп бергенби, жактырып тандаганбы, бир лидерин белгилеп алганда укмуш болбос беле! Мына ошол "бир лидердин" жоктугу кешикти кемейтип жатпайбы.
Дүйнөлүк масштабагы революциялык кыймылдарга, ошого окшогон окуяларга, болбосо карандай эле төңкөрүштөргө саресеп салып көрсөк, бардык кыймылдын бир чыгаан лидери болгон экен, мурункуча айтканда атаманы, жол башчысы, кол башчысы ж.б. Уяласың, караңгы деп ушу күнгө чанып келген Африканын негрлери деле бир башчысын тандап алат экен да карарып-көгөрүп олтуруп күрөшүн жүргүзө берет. Ошентип атып жеңет, эй! Бу биз - кыргыздар негрчелик жок экенбиз!
Биздин оппозициялык кыймылда элин Президенти катары башкарып кете алчу бычакка сап жигиттер жок эмес, бар! Көп эмес, аз! Ошолордон санап көрөлү да.
Аликбек Жекшенкулов бардык жагынан даярдыгы бар жигиттердин бири. Элинин накта патриотторунун тизмесине коркпой эле киргизсе болот, жаңылып калбайын дебей. Бирок, бу жигит бийликтин даамын татып калган жана ошол даам татып жүргөндө урматтуу президентине кың дечү эмес. Кызматтан кетирилгенден кийин дароо эле оппозицияны "сүйүп" калышы кандайдыр бир ага ишенбөөчүлүктү туудуруп турат да турат…
Абдыганы Эркебаевдин да президент болуп берүүгө мыкты сапаттары бар. Бирок, Улуттук Илимдер академиясына гана.
Кубатбек Байболов бир ирет "кыгыбыда" кылтылдап калганы менен элине жамандыгы жок, күйүп берет. Бирок, элине караганда байлыгына көбүрөөк күйөт тура.
Болот Шерниязов чындыгында Шер жигиттердин бири. Колунан да келет, оозунан да келет. Бирок, же суугунабы, же ысыгынабы, болбосо таштагы менен баткагынабы, чыдамы азыраак окшоду…
Азимбек Бекназаров деле президент болсом деген жигиттерибиздин бири. Бирок бу жигитте тилек көп болгону менен билим аз, анын үстүнө "ментовский замашкалары" менен тынч жашоо бербес…
Бу тизмеге көңүл үчүн Мелис Эшимкановду деле кошуп койсо болот. Бирок, анын президент болушуна, биринчиден, бою жетпейт, экинчиден, реформа жүргүзөм деп баарыбызды жок кылып алышы бар…Баса, Эшимкановдун бу тизмеге илинип калышынын башкы себеби - "бийликте деле бар да Президент болчу немелер" дегенге макул, ии, анан эмей деп койгонубуз.
Оо, бу жигит накта Президент болчу жигиттердин бири, Темир Сариевди айттым. Бу Темир деген жигитибиз аябагандай эрктүү, кандай алаамат болуп жатса да калыбынан жазбаган токтоо, билимдүү. Ошол билими менен акылы ширелишип турат. Бу жигиттин бирөөнө жасаган мамилесине, кандайдыр бир маселеге көз карашын билдиргенине көп эле күбө болдук. Акылы тунук. Кудай бу жигитке баарын- баарын бериптир. Азырынча Президенттикти гана бере элек… Эгерде…
Эгерде Өмүрбек Текебаев болбогондо Темир Сариевди мына бүгүн шайлап алсак жарашмак… Бирок Өмүрбекти аттап өтүп өзү деле ага көнбөйт го деп ойлойм. Анткени, бул оюн сөз эмес - Өмүрбектин эгемендик алган мамлекетибиздин жакшы жол менен калыпташына зор салым кошкон жигит. Акаевдин бийлиги адеп кыйшак эте баштагандан ушу Текебаев каршы туруп күрөш жүргүзүп келатат. Бийликке жабышып калса ушу Текебаевде мүмкүндүк оголе көп эле, байлыкка байланып калса мүмкүндүк ушу Текебаевде көп эле. Экөөнө тең байланбады. Элинин бай жашашы, эркин жашашы, бейпил жашашы, баары бир укукта жашашы үчүн гана күрөшүп келди. Ким жалган демек, Текебаев баскан жол таза жол, өзү үчүн аябагандай коркунучтуу жол болду. Бирок ошол жолдо бир ирет да жалтанганын, ойт бергенин, жок эле дегенде ошондой түр көрсөткөнүн көрбөдүк. Аны менен бирге Текебаевдин ар тармактуу тажрыйбасы мол. "Мен ойлойм" эмес, менин оюмча, аны кыргыз элинин дээрлик баардыгы колдойт, Президент болушуна , элинин башына турушуна . Ошондо коррупция соолот, биротоло соолбосо да өтө азаят, өзүбүздү өзүбүз багабыз думана болбой, көпкөн чоң деген болбойт - эң негизгиси ушул!
Канча чогулуш өтпөсүн, канча токтом чыгарбасын, мыйзамдарды кабыл албасын, Президент өзүн кайтаргандардын турмушун канча оңобосун, оппозиция тарапты уруп койбогондой түр көрсөтпөсүн… кандай болгон күндө да бу бийликтин кешиги кетип барат. Биз күткөн күн алыс, алыстай көрүндү эле андай эмес окшоду, дарбаза кагып, эшик кагып калгандай туюлуп калды. Ооба, бийлик өңгөлөргө өткөнү калды баштанат. Болсун! Бирок, бир бирогу менен - дал ушул кырдаалда оппозиция маанайындамын дегендер: радикалдуучсу да, жоошу да , традициялуусу да, конструктивдүүсү да, дегеле бу бийликтен тажагандар… баары-баары Текебевдин айланасына биригиши зарыл. Ал эми Текебаев болсо эмне кылышты билет!

Бетти даярдаган
Баратбай АРАКЕЕВ,
"Ачык саясат"




  Соттогу соолгон "согуштардан"…

Аким Чекиев 283 адамды жоопко тартам дейт
Жетекчи кызматтагылардын кыңыр иштеринин натыйжасында ушу бүгүнкү күндө эркин гезиттерди сотко берүүлөр күчөгөндөн күчөйт. Эпадам ошол чоңдор тобо келтирип, топук кылып иштешкенде кенедей да соттошуулар болбойт эле. Эл, журналисттер жазат экен, ошол чоңдун буруш иштерин, чоңбу, кичинеби бурушу бар үчүн жазат экен.
Ал эми гезитке чыккан чоңуң "мен деген акатай тазамын, жо кокуй, акактан да тазамын" деп, кылган иши көмүрдөн кара болуп туруп жазган авторду же авторлорду сотко берет. Өзүнүн күнөөсүн беш колундай билип туруп эле сотко берет. Анкени, биринчиден, сот дегениң оңой менен ал чоңду күнөөлүүсүң дебейт, экинчиден, ошол чоңдун көпчүлүк көрүп турган опол тоодой күнөөсүн, жеп-ичкендерин ,кылыктарын далилдөөнүн өзү оңбогондой оор иш, үчүнчүдөн, ал чоңуңда абийир жок болот. Эми бу жалпы сөз…
Ушул жылдын 26-сентябрында Көлдүн "ТВ Время" деген гезитине "За чертою этики…" деген Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевге кайрылуу жарыяланат. Анда Ак-Суу районунун акими Тынчтыкбек Чекиевдин жакында губернатор болом деп жүргөнү, өзүн Көлдүн "отдел кадрымын" дегени, Президенттин ишенимдүү адамы экенин айтып мактанары жөнүндө жазылып, бу кайрылууга 283 адам кол койгон деп берилет. Ошентип аталган кайрылууну миңдеген адамдар окуйт, Чекиев кошо окуп гезитти сотко берет. Сот 18-декабрда болот. Кызыгы сотто жанагы 283 адамдын канчоосу катышат, эгер гезит күнөөлүү табылса тиги адамдардын канчасы кесилет? Ушундай өтө кызыктуу суроолор
Баса. "Ысык-Көл" кабарлары гезитине Мамбетова, Тыныбекова, Жолчиева, Акимканова, Эстебесов деген бир топ адамдар губернатор К.Исаевге ачык кат жазышат. Анда Чекиев келгени турмуш укмуштуудай оңолгонун айтышат, Президентти мактап өтүшөт… Башка аким келсе булар аны деле мактай берет дейт бирөө. Аны билалбайт экемин дедим. Билем деп соттошмок белем.
Жеке мен губернатор эмес, акимдигин зорго аркалап жүргөн Чекиевдин "бир нерселери" жөнүндө жазам деп сотто кармашканы аз калгам. Ал жөнүндө айтар сөз арбын. Айтарбыз…