Күндөлүк

Рыспайдын эмгеги бааланган жок
Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров.
Абдыкадыров Рыспай 1941-жылы 12-январда Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу
Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган. Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган.
Элге сиңген чыгармалары
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, азыркыга чейин улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алып келет.

Сүйүү, ыр жана өмүрү
Рыспай аз өмүрүндө ырахаттуу жашоо үчүн талпынып, үч жолу нике жаңырткан. Алгач Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүрүп жашоодогу тун сүйүүсүнө жолугуп, бири-бирине аруу, таза махабаттарын арнашып Тоту экөө баш кошушкан. Эки кыздуу болгон соң жубайлардын ортосунда кайсы бир себептерден улам мамилелеринин муздай баштаганы байкалат. Дал ошол кезде Рыспай кургак учук оорусуна кабылып, Фрунзеге ооруканага келет. Ооруканадан Рыспай өзүн дарылаган ак халатчанга көзү түшөт. Ансыз да Тоту экөөнүн мамилеси келишпей турган Рыспай аны менен ажырашып, ак халатчан Оңолго үйлөнөт. Көкүрөктөгү өрт, көөдөнүндөгү ырлары, жан дүйнөсүн тынч койбогон чыгармачылыгынын азгырыгы Оңол экөөнү да көпкө жашаткан жок. Буга ыр кумарынан чыга албаган Рыспай үй чарбачылыгын ойлобой, ар дайым гостролдоп, элдин көңүлүндө жүргөнү экөөнүн ортосундагы мамиленин алысташына себеп болгондой. Рыспай менен Оңол да кол үзүшүп, эки кызы ырчынын апасында калып, эң кичүү кызы жубайы менен кеткен.
Көңүлүнүн түпкүрүндө аздектеген кыялы, бир келчү бакытын издеп жүргөндө кадимки даңазалуу "Издейм сени" ыры жаралган окшобойбу. Акыры Рыспайды издеткен бактысы табылып, күйөрмандарынын арасынан сүйүү кумарына жетеленген Давлет эле. Давлет Рыспайдан бир топ жашка кичүү болсо да, ага арналган махабатынын аруулугун, тазалыгын ойлоп, "Бактым бол" деген сунушуна макул болду. Рыспай менен Давлеттин жашоосун бузуу үчүн аракет жасаган адамдар да болбой койгон эмес. Давлетке атайын келип "Рыспайың ар күнү ар башка кыз менен жүрөт. Деги эле кыз жандуу неме. Ырын арнаган акактай сулуулары бар" деген түрлүү ушактар жүрөгүнө тынчтык бербей туйлатса да, эч бир сыр бербей жалындаган көз, жагымдуу жылмаюусунан жазбай келген. Мына ушундай мүнөзүнө ырчы да арбалып, жипсиз байланып, чыныгы бакытын тапкан. Ырчы өзү жөнүндө кеп козгогондо "Мен бир гана саат бойдок болдум. Тотудан ажырашып бүтө электе Оңолго үйлөнүп, Оңол Бишкектен узатып, Ошко келгенде Давлет күтүп алды"-деп тамашалап калганын жакын санаалаштары азыркыга чейин айтып келишет. Давлет экөөнүн ортосунда Сюита аттуу кызы бар. Аялдык милдетин өмүр бою аткарып келген Давлет эженин сүйүүсүнө таң бересиң. Бүт өмүрүн Рыспайга арнаган Давлет 2003-жылы 1-ноябрда көз жумган. Рыспайга арнап музей ачам деп жүргөн тилегине жетпей кеткен.

Ырчынын наамдары
1988-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң, "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кадыр баркы өз элине сиңген ырчынын атынан Жалал-Абадда "Рыспай клубу" түзүлгөн. Көпчүлүктү өкүндүргөн маселе Рыспайдын тирүү кезинде эмес, көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын атынан Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд да уюшулган.
Аттиң дүйнө. Рыспайга Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы берилбей келет. Бул наамды анча-мынча ырчылар деле алып жатышпайбы. Рыспай улуу талант. Анын ырларын биз гана эмес Орусиядагы адамдар да берилүү менен угушуп, кыргызда да ушундай күчтүү классикалык обон жараткан адам бар экенине таң калышкан. Рыспай кыргызга бир келчү өчпөс талант.

Назгүл МАМЫТОВА,
"Ачык саясат"