Ачуу чындыкты ачык айталы

Тарыхтын каар соту алдында жоопкербиз
Европа, Азияны мындай кой, кечээ эле СССРдин курамындагы 15 республикадан орто мектепти бүтүп, аскерге чакырылгандар Кыргызстан кайсы аймакта жайгашканын көргөзүп бере албагананына канчабыз күбө болгонбуз. Бирок, Чынгызды оозанганыбызда алар ишенип-ишенкиребей, а биз залкар жазуучунун жердеши болгонубузга сыймыктанган учурлар да өттү. Ошентип, кыргыз эли орду толгус оор жоготууга дуушар болду.
Көзү өтсө да эсил кайран Чынгыз агабыздын артында калдайган кыргыз калкы, анын чыгармасы менен таанышып, каармандары менен аралашкан, жазуучунун табигый талантына таазим кылган дүйнө жүзүндөгү жалпы окурмандары анын 80 жылдык мааракесинин өткөрүлүшүн көз жаздымынан кетиришкен жок. Кыргыз элинин тарыхына жана тагдырына бир келген мындай чыгаан инсандын кайрадан жаралышы дагы көптөгөн кылымдарды талап кылаары шексиз.
Дүйнөдө камчысынан кан тамган нечен падышалар, хандар, бектер өттү. Бирок, өз элине касап болгон мансап ээлерин тарых өгөйлөп, өз бетинен анын атын өчүрүп келет. Ошентсе да табият тартуулаган чыныгы таланттардын аттары тарыхтын алтын барактарына жазылып кала берет. Байыркы Грециядагы Гомер, Вергилий , Лукреций сыяктуу алардын кайсы падышасынын аты дүйнөгө таанымал, же Шекспир, Байрон, Пушкин сыяктуу кадыр-баркка ээ болгон кайсы бийлик төбөлдөрү бар экен? Аттиң, десең, Чынгыз агабыз "Кыямат" романында Иса пайгамбарды саткан Иуда жана Исаны соттогон прокуратордун жексур образын түзүп жатканда эмнени ойлоду экен? Көзүн май баскан, дипломдуу маңкурттардын көндүм адаты - көрө албастык, ичи тардык болорун, алар мансап үчүн баарын сатууга жөндөмдүү экенин, убактылуу бийлигин сактоо үчүн "хунтаны" уюштураарын сезип, ичинен сыздаганын пенделикке салып сезбегендигибизди кантип танабыз? Буга залкар жазуучунун көзү өткөндө мамлекет башчыбыздын адамга жакпас мамилеси жана жазуучунун 80 жылдык юбилейин өткөрүү тууралуу "ооз көптүргөн иш- аракеттери" буга айкын мисал боло албайбы?
"Дүйнөгө түркүк болуп эч ким калбайт"-дейт элибиз. Жазуучунун көзү өткөндө бийлик ойлогондой сөөк менен коштошууга чакырылгандар гана эмес, мүмкүнчүлүгү болгон ар бир карапайым адам Чыкебиз менен коштошуп калууга, аны акыркы сапарына узатып калууга ашыгышты. Муну эч ким танбас, саат ондо аза күтүү башталып, келгендердин саны улам өсүп,7-8 катар тизилген элдин аягы тынбай, акыры жолду жаап, Борбордук аянтка алып чыкканына элибиз өзү күбө. Ал гана эмес, "анын сөөгүн Ата-Бейитке коюлушуна бийлик тоскоол кылып жаткан экен" -деген кеп эл арасында кеңири тарагандыгын кимден жашырабыз?!
Элибизде ишке жараган залкар адамдын көзү өткөндө эзелтеден кеги барлар да ошол күнү айкөлдүк кылып, душман көргөн адамын да сөөккө топурак салганга мүмкүнчүлүк берген. Айыгышкан душманынын көзү өтсө каада сактап, топурак салган. "Өлүү ыраазы болбой, тирүү ыраазы болбойт"-деген сөз бекеринен айтылган эмес, бирок, мамлекет башчыбыз элдик каада-салтты жээриген "киргиз", же болбосо убактылуу бийликке манчыркаган мансапкор катары көпчүлүктүн көңүлүнө калганы коркпой айтууга туура келип отурат.Буга жүйөөлүү пикирибизди келтирелик.
Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатууга мурдагы 15 республиканын жана көптөгөн чет өлкөлөрдөн өкүлдөр келип жатты. Сөөк ээси кимдерди чакырарына эч ким кийлигише алган жок. Бирок, бул расмий салтыбыз сакталбай, бийликтин чыныгы жүзүн ачып көргөзгөндөй болду. Экс-президент Аскар Акаев Чыкемди акыркы сапарга узатууда топурак салууга Кыргыз Республикасынын расмий бийлигинен уруксат ала алган жок, ушундан улам СССРдин тунгуч жана акыркы президенти болгон М.Горбачев да кыргыз бийлигине "бойкот" жарыялагандай болду, Кыргызстанга визитин токтотуп койду.
Бийлик канчалык актанып, күнөөнү эки экс-президентке коюуга жан далбас кылган менен карапайым калк ушундай жамандыкта айкөлдүктү көргөзө албаган бийликтин мындай аракетин наадандык катары баалады. Мамлекет башчысы К.Бакиевди жооптуу кызматтарда тепкичтен тепкичке көтөргөн экс-президент Аскар Акаевдин келишинен корккон деген гана пикирди пайда кылды. Бул бекеринен эмес эле, экс-президентке коюлган айыптоолорду бийлик юридикалык жактан далилдей алган жок. Далилдей да алмак эмес, себеби коюлган күнөөлөрүнүн экинчи учу азыркы бийлик төбөлдөрүнүн өздөрүнө тескери далил болоруна шек жок болчу.
Мамлекет башчыбыздын экинчи жүзү Чыңгыз агабыздын сөөгүн жашыруу учурунда дагы бир ирет ачык көрүндү. Элибиздин сөөккө өкүрүп баруу салтын мамлекет башчысынын жээришин эл Чыкебиздин дүйнөдөн кайтканын табалагандай гана кабыл алды. "Бели-бертик, жаны-жартык" адам гана жасай турган жоругуна жалпы кыргыз нааразы болду. Өчөйгөн чалдар да акыркы узатууда бейит башына барып топурак салса, Курманбек Бакиевдин "бейит башында мансабына манчыркашы", же "кошоматына кой сойгондордун" бири топурак салган челекти, экинчиси бош челекти көтөрө чуркап барышы теледе үстөккө-босток көргөзүлүп, бул калк тарабынан түркөйлүк, пастык, адамгерчиликти маскаралагандык катары гана кабыл алынды.
Чыкебиз барган жерге мамлекет башчыбыз да, биз да учуру келгенде барарыбыз анык. Өлүмдөн пенде биз эмес, пайгамбар да кутулган эмес. Акыл-эстүү адам мына ушуну эсинен чыгарбайт.
Кантсе да Чыңгыз абабыздын кыргыз элине гана эмес, дүйнө элине кадыр-баркы бар экендигин бийлик аргасыз моюнга алды. Жазуучунун 80 жылдык юбилейин өткөрүүгө мамлекет тарабынан чечим кабыл алынып, ага 20 миллион сом бөлүнгөнүн Маданият министри С.Раев "элге сүйүнчүлөгөн". Бирок, бул бөлүнгөн каражаттын канчасы бийлик төбөлдөрүн сыйлоого, канчасы кайсы жердеги эстеликтерге сарпталаары ачыкка чыгарылган жок. Арман күн, жазуучунун көзү тирүү болсо эмгиче Шекер айылына кеткен жол оңдоло баштамак, а азыр 3-5 километр аралыктагы жолду оңдоп коюуну бийлик бутактары ойлонгон жок. "Уккан кулакта жазык жок", Шекер айылындагы Чыкебиздин музейинин экспонаттарын жаңыртуугабы, же капиталдык ремонт жасоогобу, айтор, 1 млн сом бөлүнгөнүн бийлик расмий түрдө билдирсе да, ал каражат өзүнүн адресатын "тапканы же таппаганы" белгисиз калып отурат.
Жыл башында быйылкы жыл "Айтматов жылы" деп жарыяланган менен улуу инсанга, адамзаттын бир феноменине ичи тардыктын, көрө албастыктын күчтүү экендигин турмуш өзү дагы бир ирет тастыктагандай болду. Айрымдар менен бул пикиримди тескери буруп алып, залкар таланттын атын түбөлүккө калтыруу максатында мамлекет башчысы Мамлекеттик орус драма театрына , Эмен багына атын коюуга, жаштарга ыйгарылуучу өкмөттүк сыйлык жазуучунун атын алып жүргөнгө атайын жарлыкка кол койгонун мисалга келтирер. Бирок, бул жарлыктагы көргөзүлгөндөр Чыңгыз Айтматовдун атын, анын даңазасын көтөрө алабы? Менимче, бул жарлык улуу адамдын атына шек келтиргендик болуп жатпайбы?
Ушул жерде бир чалкеш суроо пайда болот? Чыңгыз Айтматов орус жазуучусубу же кыргыз жазуучусубу? Белгилүү инсаныбыз ушул орус драма театрында иштеди беле? Эгерде Чыкем кыргыз болсо, анын аты орус драма театрына коюлса, кыргыздар ушул театрга барып драма көрөт бекен? Бул кийинки муундарыбыздын акыл-эсинен Чыңгыз Айтматовдун атын унуттурууга багытталган аракети болбосун? Андан көрө Кыргызстан кинематография Союзунун төрагасы болуп иштегенин эске алып, Кыргызстандын киностудиясына анын атын койсо жарашпайт беле?
Эмен багы эскилиги жеткен, негизинен эл көп жүргөн аянттан окчундугун эске алып, ага удаалаш кеткен мурдагы Дзержинский, азыркы Ала-Тоо гүлбагын кошуп атын ыроолоого ким каршы болмок? Мунун кыргыз эли кызуу колдомок.
Кыргыз Республикасында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык эң кадырлуу болуп эсептелинет. Бирок, чындыкты жашырганда эмне? Кыргыз элине бул эки инсандын сиңирген эмгектери теңдешсиз экендиги талашсыз. Бирок, дүйнөлүк адабиятта булардын ээлеген ордун салыштырып көрсөк, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын жаштарга гана ыйгарылышы талантты шылдыңдоого жатпайбы? Керек десе, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эң жогорку сыйлыгы Чыңгыз Айтматовдун атына коюлса, бул сыйлыктын аброю гана жогорулабастан, Эл аралык маанидеги сыйлыктардын катарына кошулаарын бийликтегилер билбей калыштыбы? Жок, дагы бир ирет жок. Тетирисинче, жогорку сыйлыкка Чыкебиздин аты коюлса, бул сыйлык кылымдар бою сакталып калат деп корккон көрө албастардын гана чечими десек болот. Бирок, "күндүн көзүн булут менен түбөлүк жаба албасын" ойлобогондугу элди өкүндүрөт. Муну азыркы бийлик реалдуу чечпесе да, бул келечектин иши экендигин эскертип коюу вазийпасын аткарганыма аз да болсо жеңилденип отурам.
"Өсөр өзүн сыйлайт". Биздин жыл сайын эмес, ай сайын, күн сайын эмес, саат сайын жокчулуктун, жакырчылыктын сазына батып баратканбыз ушу ичи тардыктын, көрө албастыктын кесепети. Кыргыз элин Манас, андан кийин Чыңгыз дүйнө элине таанытты дейбиз. Бирок, бул чындыктан четтегендик. Кыргыз элин Чыңгыз таанытканы талашсыз тарыхый чындык. Ошол эле учурда океандай чексиз "Манас" эпосун да дүйнө элине таанытууда анын албан эмгеги бар экенин жашырууга болбойт.
Биздин Кыргызстандан чыккан улуу адамдын элибизге сиңирген эмгегин биз тансак да, дүйнөнүн эли анын атын туу көтөрүп жатканы деле далилдөөнү талап кылбайт. Биздин бийликтин пастыгы 2005-жылдын 5-мартында "сарай төңкөрүшүнөн" кийин эле белгилүү болбоду беле?! Же ошол учурда Брюссель шаарында КРнын элчиси болуп иштеп жатканда Курманбек Бакиевдин Чыңгыз Айтматовду кабыл албай коюусу эле эмнени каңкуулайт? Ошол учурда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жазуучуну официалдуу түрдө гана кабыл албастан, ага көп убакытты бөлүп, ат майданындагы ат чабыш аземин чогуу көрүп, Чыңгыз агабыздын сөөгүн агартканын ар ким эле билбесе керек.
Коңшулаш Түркия мамлекети тарабынан Нобель сыйлыгына көргөзүлгөндө, Кыргыз Республикасы аны колдодубу? Же болбосо орошон адамдын көзү өткөндө түрк эли эч аянбай бир аймагына кыргыздын чакан айылы Шекердин жана көчөлөрүнө Чыңгыздын атын койгондугун кантип жашырабыз? Ошол эле учурда казак туугандарыбыз Тараз, Алма-Ата шаарларында чоң көчөлөргө, ал эми Астана шаарынын бир проспектисине Чыңгыз Айтматовдун атын коюп, кылымга атын калтырып отурушат. Ал эми борбор калаабыздан бир көчөгө анын атын коюуга ичи тардыгыбызды көргөзүп жатабыз.
Жазуучунун аты Чүй проспектисине коюлса, кыргыз элинен эч ким буга каршы чыкмак да эмес. Бишкек шаарынын көчөлөрүн аралап көрөлүчү? Аты-жыты белгисиз, качандыр бир мезгилде бийликте жүргөндөрдүн наамы коюлган көчөлөр көп. Бир эле суроо, 2-3 ай премьер-министр болгон Ж.Ибраимов менен Ч.Айтматов экөөнүн кимиси кыргыз элине көп эмгеги сиңди болду экен? Же азыркы бийлик башчылары бул көчөлөргө өздөрүнүн атын койдуруу үчүн сактап отурушабы? Бирок, мындай сыйга өздөрүн татыктуу деп кайсы критерийден карайт болду экен?
Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого үч айлык конкурс жарыяланганы калкыбызга белгилүү. Тилекке каршы, бул айкел борборубуздун кайсы жерине коюлары зор мааниге ээ. Азыр мансабына же байлыгына чиренгендер аты белгисиз ата-бабаларын жалпы кыргыздын "белгилүү баатыры" катары алып чыгууда. Кеп чынынан бузулбайт, алардын кыргыз элине сиңирген эмгеги аркылуу бааласак, залкар жазуучунун эстелигин Нарын, көл аймагына кеткен тогуз жолдун тоому болгон Боом капчыгайына, экинчисин Кара-Балтадагы айлампага, үчүнчүсүн Суусамырдан Таласка кеткен аймакка тургузулушу мыйзамдуу. Ал эми борборубуздагы Чүй проспектисине, ошол эле учурда Ала-Тоо аянтына, Эркиндик (мурдагы Дзержинсий) гүлбагына Чыңгыз Айтматовдун ысымын берип, "шылдың кылып түндүк көтөргөн аялдын" (түндүктү кыргыз элинде аялзаты көтөрбөйт) айкелинин ордуна залкар талантыбыздын айкелин коюу калыстык болмок.
Ал эми КРнын мамлекеттик эң жогорку сыйлыгы Чыңгыз Айтматовдун наамында болууга тийиш. Же болбосо бул адамдан башка дүйнөдө феномен катары таанылган кыргызда ким бар? Бийлик бул "мурдуңан алысты көрө албаган" түркөйлүгүн, ашынган наадандыгын моюнга алуусу катары гана бааланары турган иш.
Бардыгын тарых өз ордуна коер учур келет. Улуу инсанга бут тоскондор тарыхтын каар соту алдында жооп берсе, Чыңгыз агабыздын улуулугуна туура баа бергендер жазуучу менен катар тарыхта даңазаланып калат. Азыркы бийлик ушуга акылмандык менен ой жүгүртө алар бекен? Сөз учугу мына ушунда…
Акырында айтарым, Ч.Айтматов өзүнө өтө бийик, көөнөрбөс эстелигин өзү дүйнөгө тургузуп кеткендигин кыргыз-казак эл акыны наамына ээ болгон Мухтар Шаханов төмөнкү ырында ачык көргөздү:

Сени "өлдү деп ким айтат, Чыңгыз ага, чын ага,
Ар чыгармаң кайталанбас, жеке улуу мунара.
Жетинчи рух түйшүгүнүн жоктоосунан жогору от,
Сендей дос жок мен шордууга, сенден жакын ага жок.
Көз жумганың улгайтса да жүрөгүмдүн жарасын,
Тынбай жалгай бересиң сен эл менен элдин арасын
Экинчи Манассың сен, Манас менен тең даанасың.
Күндө рух менен, сөз менен эмдеп маңкурттардын санаасын,
Жана Эне табигат менен таап мөңгү жарасын,
Эми Ала-Тоодон да зор, Чыңгыз-Тоо болуп каласың.
Мындан ашык калыс пикирди эчжерден таба албайсың!
Калыс адам гана улуу адамга ушундай бааны бере алмак…

Эртабылды АТТОКУРОВ, "Ачык саясат"