80 жылдыгына карата

АЙТМАТОВДУ түшүнүү али алдыда
Чындыгында кичинекей кыргыз элинин улуу жазуучусунун ээк кагышы-дүйнө элинин улуттук аң-сезиминин өсүшүнө, элдин улуттук биримдигине жасалган иштиктүү аракеттердин эң негизгиси болуш керек эле. Анткени бул улуу жазуучу дүйнөнү дүңгүрөткөн өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармаларында улуу кыргыз рухун даңазалады, жалпы адамзат духун жашартчу энергия тартуулоо менен бирге ааламдык масштабда ой жүгүртүүгө жол көрсөттү. Ч.Айтматов өзүнүн чыгармаларында адамдын ички жан дүйнөсүн гана эмес, жалпы жаратылыштын жашоо маңызын чагылдырган. Жаңы кыргыз демократиясын, ошондой эле кыргыз элинин улуттук идеологиясын түптөөдө, социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн өсүшүнө бул улуу жазуучунун чыгармаларын, өзүнүн жеке жашоо образын база катары пайдаланса болмок эле…

Кыргызстан өзүн-өзү багууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө, анын байлыгы - эли, тоо-суусу, жана кол менен жасап койгонсуган керемет жаратылышы, ошол керемет жаратылыш адамзаттын генийи Айтматовду жаратты, Айтматов ушул керемет дүйнөнүн өзгөрүлбөс, чайпалбас бир бөлүгү. Ал миң жолу кыйналып, миң бир жолу азап чегип жүрүп акыры Жараткан менен сыр бөлүшөр мамиле түзө алды. Ошол мамиле аркылуу улуу дух жаратып, жаратылыштын жан билип түбүнө жетпеген улуу философиясын адамзатка насыйкаттады. Ал мындай эле: "Жаратылыш жаңылбайт, ал жаңылганды жакшы жолго салат. Үйрөтөт…" Ал өз элин көрүп,көр турмушунун көйгөйүнө кейичү, туңгуюк эртеңине кайгырчу, жаратылыштын экологиясынын бузулушу сыяктуу эле жандын экологиясынын бузулушуна, адамдын акыл-эсин ала салдырган ааламдаштыруунун каардуу кадамына ой толгогон.
Жакында Айтматов фестивалын ачып жатып, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу: "Айтматовдун бул фестивалына мамлекет 25 миллион сом бөлдү"- деп балп эттирди. Айтматовду сом менен өлчөөгө болобу, урматтуу Курманбек Салиевич?! Акүйдөн сүйлөгөн ар бир чиновниктин ар бир сөзүн сиздин сөзүңүз деп түшүнөт эл, себеби аларды кызматка сиз коесуз. Сиз койгон кызматкерлердин сөзү - сиздин сөзүңүз. Өкмөт Айтматов фестивалына 25 миллион сом бөлсө, а Айтматов кыргыз элине, жалпы дүйнө элине дүйнөнүн акчасы жетпеген Рух дүйнөнү тартуулады го. Кумтөрдүн алтыны түгөнөт, Айтматовдун "алтыны" эч качан түгөнбөйт. Анын улуу чыгармаларын силер түшүнбөсөңөр да силердин небереңер түшүнөт. Ошондо азыр биз силерге айта албаган сөздөрдү ошолор айтат силерге.
Андан көрө кеч болсо да улуу жазуучунун улуу чыгармаларындагы улуу ой, идеяларды, анын адамзаттын эртеңкисин көрө билген улуу философиясын азыркы жана кийинки муундарга түшүндүрүүнү колго алган оң. Улууу жазуучунун ар бир чыгармаларын ар бир айыл өкмөтүнө, андагы ар бир мектепке бекер таратып берүү керек. Кыргыз элин дагы дүйнөлүк бийиктикке көтөрүп, дүйнө элине таанытуу үчүн адегенде Айтматов дүйнөсүн тереңден билип, тереңден түшүнүп, кийинкилер үлгү ала тургандай иштиктүү иш алып баруу бүгүнкү күндүн талабы. Ушуну унутпаш керек.

Анвар Исхаков,
Кыргыз спортунун ардагери




  Жазуучу Ж.Токтогазиев 60 жашта

Жумабектин прозадагы поэзиясы
Турмуштук таамай айтылган ойду таңдайга татый түшкөн ширин тили, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө арзыган тубаса таланты менен таанылып калган прозачы Жумабек Токтогазиевдин "Чагылгандын жарыгы" аттуу китебин окуп жатканымда чыгарманын каармандары өмүр бою мени менен кошо жүргөндөй, өңү тааныштай, алардын кыял жоругу көз алдымдан кетпей жатты. Азил тамашасы болобу, какшык шакабасы болобу автордун мени жылмайтып алмайын кеп кылып отурам. Жумабектин чыгармасын окуп, анын аягына чыкканы, каармандары далайга дейре шаңдантып, алар менен аралашып жүргөндөй толкунданып да, кубанып да, же алар менен кошо ыйлап, жүрөгүңдөгү арман калган өкүнүчүң козголуп, өзүңдүн ой дүйнөңдү кайрадан аңтаргандай акыбалга келдим.
Так ушундай пикирим менен Жумабек Токтогазиевдин "Автодиалогунан" тартып, "Ак маралына" чейин бүт чыгармаларын бир дем менен окуп чыктым.Төрт мезгилге поэзия ыкмасында жазган прозаларын окуганымда поэзиянын мөлтүр тунук ыргагынан суусун кана жуткандай ыракаттанганымды да жашыра албайм.Алалы;"Биринчи маштагы көктөм ырын" Апам- Жуушаңбай,Тындым кызы,Каалы, Шекер келини- Багдат-Багжандын элесине арналды дептир. Арийне, мында автордун эне сүтү оозунан кете элек жеткинчектин балдай бала чагы, жаздын сулуу көктөмүн балалыктын таттуу кыялы менен тосуп чыгат."Мени ээликтирип, мага дарамет күч берген менин сулуу көктөмүм, саламатсыңбы? Менин сагынычым, анакей, апа! Менин сулуу көктөмүмдү ээрчитип катарынан жазбаган, кыл кыяктын мукам үнүн сала каркыралар учуп келатат",-деп жаңыдан көк кылтыйган жашыл адыр дөңгө ээлиге чуркайт,бала. Колунда апасы жаңы эле бышырган ысык наны бар. Жаңы көктөмдүн каңшаарды жарган , дене бойду элжиреткен жагымдуу жыты, жүрөгүңдү элеп-желептентип, ырдагыңды келтирген кыл кыяктуу каркыра турналардын кыйкуулаганы, анан ошого кошо эненин өз колу менен ысык чокко кызартып бышырган нанындай ысык сүйүүсү… Төх… дейсиң!.. Өзүң дагы мына ушуларды жазган, жараткан жаш бала менен бирге кайра бир балалык ширин күндөрүңө кайрылып барып келгендей толкунданасың. Менин дагы көкүрөгүмдүн эң тереңинен бир кусалыгым жарылгандай көзүмдөн ысык кош бермет мөлт эте түшкөнүн жашыра да алалбайм. Баса десең, китепти окуп жатып жана баланын апасы Багжан эне күлүп, уулунун балдан да ширин кыялына кубанып турганы менен эненин сырдуу көздөрүнөн шүүдүрүмдүн мөлтүр тамчысындай ысык жашы чубуруп кетпеди беле. Мен да китептин так ушул жеринде ыйлап алганым кандай?… А -а -а арман күн. Арман, арман!.. Баарыбыздын көөдөнүбүздө түгөнбөс, ары кол жеткис өкүнүч, ызалык бар тура.
Жазуучу Жумабек Токтогазиевдин "Чагылгандын жарыгы" китебиндеги аңгемелери, эсселери, поэзия ыкмасында жазылган прозалары мага ушундай бир жакшы таасирин калтырды. Ооба, автордун бул китебин окуп чыккан ким болбосун кайдыгер ойдо калбайт деп ойлоймун. Киндик кан тамган жердин ыйыктыгын, кымбаттыгын, ак кар көк муздуу Ала-Тообузудун Ата жыттуу абасын, мөмө-жемишин, гүлзары көйкөлгөн Эненин кучагындай даркан талааларын, жашоонун өз өңү, боегу менен көркөм чеберчиликте сүрөттөй билген калемгердин тубаса талантына аргасыз суктанасың. Жумабек Токтогазиев көркөм сөздү орду менен кынаптаган, сөздүн баасын , баркын үч кыл комузубуздун дирилдегиндей аздектеп билген да, түшүнгөн да өзгөчөлүгү мени кубандырганын бул жерде жашыра да албасмын.
Автор бул китебиндеги чыгармаларында түбөлүктүү тема болгон Эненин ак сүтүнүн ыйыктыгын, Ата-Журттун алтынга алмашкыс кымбаттыгын даңазалаган-өмүр менен өлүмдү, жарык менен караңгыны, адал менен арамды, карөзгөйлүк менен айкөлдүктүн сырларын өзгөчө тил менен окурмандарынын алдына бай дасторкон сыяктуу жайып берет. Жазуучу өзгөчө өзүнүн жан дүйнөсүнө өтө жакын бирге өсүп, бир жүргөн айылдаштарынын сонун, кызыктуу, нары түйшүктүү турмушун сүрөттөп жатып, ал өзү жөнүндө айтып жаткандай сезим калтырат. Чынында эле жазуучу өзү көрүп билип жүргөн, өзү аралашып жүргөн турмушун жазса окурмандарга ал окуя жакшы ынанымдуу болоору белгилүү. Жумабектин чыгармаларынын дагы бир баалуу сөз кыларлык жагы, дал ошол турмушту турмуштун нак өзүндөгүдөй ишенимдүү сүрөттөп, кечки кыл кыяк үндүү каркыра турналардын үнүндөй ширин тили менен агынан жарылып, жүрөк толтосуна таруудай дагы бүдүр калтырбай окурмандарынын ой дүйнөсүнө жуурулуштурат. Ал жазуучунун прозадагы поэзиясы!
Биз катардагы эле китеп окуучуларындай таланттуу кара сөздүн чебери Жумабек Токтогазиевден дагы- дагы , сонун- сонун чыгармаларды күтөбүз.

Субайылда Абдыкадырова,
акын, КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер