Өз агабызды качан агалайбыз, ыя?

Ташполот Балтабаев,
"Ата-Мекен" партиясынын төрага орунбасары:
"Биздин бийликтин өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй саясатка күчү жетпейт "
- Ташполот мырза, жайында Англияга барып, алардын жетишкендиктерине таасирленип келипсиз. Ал жакты көрүп, "Эмне үчүн бизде дагы ушундай жашоо жок?",- деп бармак тиштеген жоксузбу?
- Анда өкмөт тарабынан окуучулардан баштап, пенсионерлерге чейин жеңилдиктер берилген экен. Атап айтсак, студенттер жана мектеп окуучулары үчүн метродо жана автобустарда жүрүү бекер. Ал жерде билет сатуу деген жок, анын ордуна автоматка салынуучу сүрөтү жабыштырылган күбөлүк карточкасы берилээрине күбө болдум. Мындан сырткары мени кызыктырган ден-соолукту чыңдоо системасы болду. Анткени, биздин республикада "билим берүү жана саламаттыкты сактоо бекер" деп Конституцияда жазылганы менен, бул нерсе иш жүзүндө аткарылбайт. Ал эми Англияда өздөрүнүн жарандары үчүн дарылануу 100% бекер. Жана 20-30 миң сомдук операцияларды жасоо жана башка органдарды алмаштырууда дагы акча төлөнбөйт. Дагы бир таң калтырган нерсе, кызым ал жакта беш жылдан бери жашайт, бирок, жарандык ала элек. Ошентсе да, анын иштеп жаткандыгына байланыштуу 25 жыл мөөнөт менен мамлекет тарабынан жеңилдетилген түрдө ипотека берилди. Бул фантастика да.
- Кызыңыз ал жакка кантип барып калды эле?
- Ал Кыргызстандан кардиология боюнча кандидаттыгын жактаган. Англияга интернет аркылуу жумушка кабыл алынган. Алар жогорку квалификациялуу адистерди талап кылышып, жумушка чакыруу жарыясын беришиптир. А бизде жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштарыбыз ал турсун "айылга барып деле иштейли",-деп кыйын шарттарга да макул болушкандары менен мамлекет бир тыйын жардам бербей жатпайбы. Мына, Англия "Сен мыкты адис экенсиң, бизге келип иштеп бер"- деп жакшы шарттарды түзүп, биздин мыкты адистерибизди алып кетүүдө. Жогорудагы ипотекага окшогон жардамдарды кызыма гана берди дегенден алысмын, өздөрүнүн адистерине да жакшы шарттарды түзүшөт.
- Айлык маяна, пенсия, пособия сыяктуу социалдык муктаждыктар кандайча чечилээрине өзүңүз күбө боло алдыңызбы?
- Мен тактаган маселе, минималдуу пенсия минималдык айлыктан төмөн болбоосу керек экен. Ал эми минималдык айлык мындай аныкталат. Ар бир саат үчүн жети фунт стерлингден аз бергенге эч кимдин акысы жок. Башкача айтканда, жумуш күнүнүн сааты 500 сомго айланат. Демек, маяна айына 2,5 миң долларды түзөт. Ал эми орточо айлыкты ала турган болсок, 50 миң фунд стерлинг.
- Биздин өлкөдө тамак-аштын баасынын өсүшү өтө көйгөйлүү маселеге айланды. Бул туурасында не дейсиз?
- Англияда тамак-аш маселеси эч нерсеге турбайт. Сапаты сертификат менен тастыкталат. Эл үчүн өтө пайдалуу нерсе, ар бир квартал сайын арзандатуу уюшулуп тургандыгына күбө болдук.
- Соода түйүндөрүнүн курулушу тууралуу салыштырып айтсаңыз. Мисалы, бизде айыл жерлеринде камоктор соода жүргүзүшөт. Кадам сайын бутка чалынган киоск, камоктордон борборубуз деле куру эмес.
- Соода түйүндөрү эки типте болот экен. Биринчиси - фирмалык дүкөндөр. Экинчиси - жеке дүкөндөр. Супермаркеттердин биздегиден айырмасы - күн сайын, саат сайын арзандатылып турат. А бизде муздаткычта бир жума же бир ай сакталып турган продуктулар деле баштапкы баасынан ылдыйлабайт эмеспи.
- Кыргызстандагы рыноктук экономикалык кризисти дүйнөлүк кризиске шылтап коюп отурабыз. Англиядан биздегидей көйгөйгө күбө болдуңузбу?
- Мына 12 жылдан бери Англияны лейбористтик партия башкарып келатат. Ал эми Лондондун мэри болуп консервативдик партиянын өкүлү шайланды. Эч проблемасыз эле иштеп жатышат. Мамлекетти башкаргандар-лейбористер, Лондонду башкаргандар-консерваторлор. Бул демоктратиянын дал өзү. Англия мамлекетте экономикалык кризис болбосун, эл жабыркап калбасын деген максатта бир триллион долларды банктарга бекер берди. Кыйналып калган жеке банктарды мамлекет сатып алды. Азырынча мамлекеттин айтканын кылып жатышат, анткени мамлекет банктарды коргоп калды. Кийин ал жеке банктардын ээлери мамлекеттен кайрадан өз банктарын сатып алышат. Аларда кредиттөө да бузулган жок, баалар дагы өскөн жок. А Кыргызстан кандай экономикалык кризиске такалды. Банктардын баары банкрот болду. Ипотекалык процесстер токтоп, пайыз ставкалары көтөрүлүп кетти. Мамлекет башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй саясатка күчү жетпейт, коргой албайт. Англия болсо өкмөттүн экономикага болгон башкаруусун көрсөтүп жатат. А бизде сөз түрүндө "Жеңилдик бердик, өзүбүздүн ишкерлерди колдодук",-деп тантырагандан башка эч нерсе жок. Англияда кырдаалга жараша салыктар көбөйтүлүп жана азайтылып турат. Англия классикалык капитализмдин очогу катары кабыл алынган. Бирок, ал жерде экономикалык маселелерди ирээтке келтирүүдө мамлекеттин, бийликтин чоң тааасири бар экен. А бизде рынок өзү чечип алат деп таштап коюп жатабыз. Экинчиден, бизде азыр байланыш түйүндөрүнөн баштап, авиация, газ, энергетиканы жеке колго берүү керек деп сатып жатышпайбы. Ал жерде мисалы, метролорду мамлекеттин колунда кармап туруп, бирок, арендага берип коюшат экен. Арендага мамлекеттин белгилүү бир талабы менен берилет.
- Гезит-журналдары менен таанышып, телевизордон программаларын көрө алдыңызбы? Дегеле сөз эркиндиги ал жакта кандай бааланат экен?
- Массалык маалымат каражаттары өкмөткө баш ийбегенин мындан билдик. Мисалы, Би-Би-Си 1, Би-Би-Си 2 деген улуттук чоң каналдары бар. Ал каналдарда жума сайын оппозиция башчылары менен бийлик башындагылар дискуссия өткөрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Эл кимдин эмне кылып жатканын, кандай аргументтери, фактылары бар экенин көрүп, угушат. А бизде УТРКны улуттук деп коет да, улуттун жарымы оппозицияны колдоп турганына карабай, бир мүнөт убакыт берүүгө жарабайт. Мисалы, Элдик Курултайдын жыйынтыктарын эле алалы. Гезиттерди жаап коюу-таптакыр эле ыплас саясат. Бизде диктаторлук-авторитардык бийликтин формасы өкүм сүрүүдө. Эч кандай демократия, эч кандай рыноктук экономика дагы жок.
Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"




Илич Нарматов,
"Ата-Мекен" партиясынын Жалал-Абад шаары жана
Сузак району боюнча координатору:
"Түштүк элинде да бүгүнкү бийликке болгон ишенич өчүп баратат"
- Октябрь айындагы Жергиликтүү Кеңештерге болгон шайлоолор Жалал-Абад аймагында кандай өттү?
- Өтө ыплас өттү. Бул жөнүндө түштүк аймагындагы ар бир кабардар адам тастыктай алат. Президент К.Бакиев Жалал-Абадга барганда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоого эч кандай кийлигишпегиле дегенине карабастан, Жалал-Абаддагы бул шайлоолор өтө ыплас өттү деп ишенимдүү түрдө айта алам. Анткени, Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болчу адамдар президент Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев тарабынан эчак эле дайындалгандыгы жана алар кимдер экендиги бул шайлоолор өткөнгө чейин эле коомчулукта айтылып келген. Кызыгы, буга чейин "Акмат Бакиевдин адамдары" деп айтылып жүргөн талапкерлердин бирөө калбай, 5-октябрдан кийин депутаттык мандаттарына ээ болушкан.
Ал эми Шайлоо кодексинде жазылган эрежелерди одоно түрдө бузган, каалаганын жасашкан ыплас иштер жөнүндө сөз кылсак, бул өзүнчө узун кеп. Кээ бирлерине токтоло кетсем. Шайлоо кодексинде жазылган эрежелерге түздөн-түз каршы келген иш-бул участкалык шайлоо комиссияларынын толук тизмесин жарыяланган жок. Эмне үчүн толук жарыялашкан жок? Себеби, дээрлик бардык участкалык шайлоо комиссиялардын төрагасынан баштап, мүчөлөрүнө чейин бир эле мекемеде эмгектенген адамдар болушту.
Шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулардан да айтсак, биякта да Бишкектегидей эле "карусель" катуу айланды. Биз таанып, "бул бир эмес, үч жолу кирди"-деп айтсак дагы, сөзүбүздү уккан киши болбоду. Шайлоо аяктагандан кийин бюллетендерди саноо учурундагы одоно мыйзам бузуулар жөнүндө айтпай эле коелу. Эч нерседен коркпостон, бардыгын көз көрүнөө эле жасап жатышты.
- Бишкек шаарында болуп өткөн оппозициялык күчтөрдүн Элдик Курултайы түштүк жергесинде кандай кабыл алынды?
- Бул Курултайга канча киши келип катышты, кандай өттү, бардыгына өзүңөр күбө болдуңар. Залдын ичине батпай, сыртында калгандар канча болду? Курултай бүткөнгө чейин тикесинен-тик туруп турушкандар канча болду?
Анан бул Курултай жөнүндө бийликтин акырынан жем жеген мамлекеттик газеталардан окуп, КТРден көрүп аябай жиним келди. Ошондой эле Жалал-Абаддан барып, бул курултайга катышкан биздин кишилер да жини келип, КТРге барып айтабыз деп отурушат.
Негизинен Курултайдын максаты-концепцияны кабыл алуу болуп эсептелген. Бул максатына жетти деп айтууга толук негиз бар.
- Ал эми Элдик Революциялык Комитеттин Ошто өткөрө турган акциясын түштүк эли колдойт деп ойлойсузбу? Дегеле түштүк жергесинде бүгүнкү бийликке болгон элдин маанайы кандай?
- Өзүңөр жакшы билгендей, Сузак аймагы-президент Бакиевдин туулуп-өскөн жери. Ооба, бул жерде Бакиев элдин колдоосунан толук куру жалак калды деп так кесе айтууга болбойт. Бирок, бул адамдардын саны күн өткөн сайын кадимкидей азаюуда. Менимче бүгүнкү бийликке нааразы адамдар 80 пайызга жетип калды. Канчалык жердеш болбосун, бүгүнкү күндө элдин жашоо-шарты бардыгынан маанилүү. Азыркы күндө түштүк аймагында чет элдик мигрант тууганы жок адамдар жокко эсе. Бул көп нерседен кабар берип турат.
Ал эми Элдик Революциялык Комитеттин акциясын негизинен эл колдойт. Көпчүлүгү келип катышып беришет деп ишенем. Бирок, ошол эле учурда 1000-2000 сомго алданган жердештерибиз да жок эмес. Ар кандай провокациялык иштер болуп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан, бул акциянын уюштуруучулары иш чарага катышкан ар бир адамга кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Коопсуздук маселелерин алдын-ала такташтырып, бардыгын уюшкандыкта өткөрүш керек. Негизинен бийлик тарабынан бут тосуулар сөзсүз болот. Ошого даяр турушубуз керек.
- Президент К.Бакиевдин "Элдик палатаны" түзүү демилгесине кандай карайсыз?
- Эми муну жөн эле элдин башын айлантуу деп түшүндүм. Президенттин айтымында, Элдик палата-бул парламенттин үстүнөн, алардын кабыл алган мыйзамдарын көзөмөлдөөгө да акылуу деп жатат. Эми өзү түзгөн парламентке ишенбей, алардын үстүнөн да көзөмөлдөөчү органды ишке киргизгени турат. Анда, кошумча чыгаша кылып эмне кылат? Парламентти таркатып, Элдик палатасын ишке киргизбейби? Кыскасы, бул бүгүнкү бийликтин айласы кеткендеги иши болуп калды.
Ошондой эле президент "Элдик палатаны түзүүдөгү максатым элдин үнүн угуу",-деп жатат. Демек, элдин үнүн "Ак жол" партиясы президентке жеткирбей жатыптыр да? Элдин үнүн чын эле уккусу келип жатса,"Ачык саясат" гезитин алып барактап койбойбу? Бул жерде президентке, сот бийликтерине, дагы башка чиновниктерге үнү жетпеген канчалаган карапайым калктын арыз-муңдары жазылып жатат го? Президенттин Элдик палатаны түзүү демилгеси-бүгүнкү бийликтин чирип бара жаткандыгынын дагы бир ачык мисалы болуп калды.

Маектешкен
Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"