Айтылган сөз - атылган ок

Ыңгайсыз суроолор
Кыргыз
Республикасынын
Президенти

Курманбек
Бакиевге
1. Президенттик шайлоолор алдында Феликс Кулов менен тандем түзүп, "Ал кетсе, мен да кетем" - деп, убада бердиңиз эле, жигиттик сөзүңүз эмнеге орундалбай калды?
2. "Президенттикке келгенден 2 айлык мөөнөт ичинде конституциялык реформаны баштайм" деп "балп" эттиңиз эле, ал убадаңыздын "талп" этип кулап калышынан кабар берип койсоңуз?
3. "Үй-бүлөлүк башкаруу системасына жол бербейм" - дегениңиз бар, инилериңиздин баарын ишке тартканыңызды кандай түшүнсөк болот?
4. "Жаштарды мамлекеттик кызмат орундарына тартам" - деген убадаңыздын суу кечпей калышына ким күнөөлүү?
5. 2006-жылы парламентте сүйлөгөн сөзүңүздө, "Силер менен мөөнөтүңөр бүткүчө иштешем" - дедиңиз эле, жигиттик сөзүңүзгө турбай таркатып жибердиңиз. Эмне себеп болду?
6. Германияга дарыланууга кетип жатып айттыңыз эле, "1-ноябрдан тартып жарыкты жалпы өчүрүүлөр токтотулат" - деп, айткан сөзүңүздүн аткарылбай жатканы эмнеден?




Кыргыз Республикасынын
президентинин
администрация башчысы
Медет Садыркуловго
1.Сизди белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов менен 30 жыл дос болуп, "Эридандын" айынан урушуп кеткен дешет. Эмнеге урушканыңыздын себебин айтып бере аласызбы?
2. Кубатбек Байболовду "Ата Мекендин" тизмесинен чыгаруу үчүн 2 миллион доллар сунуш кылган деген ушак бар. Калп экенин далилдеп бергенге чамаңыз жетеби?
3. "Ак жол" партиясынын тизмесине киргизиш үчүн талапкерлерден акча чогултпаганыңызды куран кармап айта аласызбы?




Кыргыз Республикасынын
Коопсуздук Кеңешинин катчысы
Адахан Мадумаровго
1. Спикерликтен шыпырылып жатканда айттыңыз эле, "Мага бирди айтып, администрация башчысына бирди айткан кишиге түшүнбөйм" - деп, эки сүйлөгөн ажоңузга кандайча барып калдыңыз?
2. "Мен спикерликтен кеткен күндө деле Парламенттин ичин башка каражаттар аркылуу жаңылатканга аракет жасайм" - дегениңиз бар. Эмнеге жасатпай жатасыз?
3. "Президенттин инагурациясына Путин дагы келет" кыязында айтканыңыз бар, эмнеге келбей калганын качан айтасыз?




Кыргыз Республикасынын
премьер-министри
Игорь Чудиновго
1 .Өкмөт башчы болуп көргөзүлгөндө, "Бир айдын ичинде кыргыз тилинде сүйлөп баштайм" деп айттыңыз эле, бир жылдан бери кыргызча сүйлөй албай жатканыңызды кандай түшүнөбүз?
2. "Бишкектиктерди жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу жагы үзгүлтүккө учурабайт" - дегениңиз бар. Жарыкты өчүрүү аракети болуп жатканы тууралуу эмне айта аласыз?




Кыргыз Республикасынын
социалдык фондунун төрагасы
Марат Султановго
1." "Итэк эйр" авиакомпаниясынын мага тиешеси жок, сот аркылуу далилдеп берем" - дедиңиз эле, сотко бергениңизди укканбыз. Бирок, утканыңызды уккан жокпуз. Же Бегалы Наргозуев менен жең ичинен сүйлөшүп алдыңызбы?
2. Ноярбь митингдери убагында 12 депутат Ширшовдун үйүндө отурганын айткан экенсиз. Кайсы депутаттар болгонун азыр айтып бере аласызбы?




Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министри
Камчыбек Ташиевге
1. Депутат кезиңизде мурунку өзгөчө кырдаалдар министри "Жаныш Рустембековдун жеп-ичкендерин далилдеп берем" - дечү элеңиз. Азыр ошол министрликтин башында отурасың дагы, айткан сөзүңүздүн этегине чыкпай жатасыз? Канча жегенин качан айтасыз?
2. Парламенттик шайлоолор алдында ""Ата Журт" партиясы эч бир партияга кошулбайт, өз алдынча шайлоого барат" - дедиңиз эле. Эмнеге барбай калдыңыздар?




"Агым" гезитинин шейшемби күнкү саны 50 миң нуска менен чыгып, Кыргызстандын булуң-бурчуна таркатылды. "Агымдын" атайын чыгарылышын окуган адам Акүйгө эмне керек болуп жатканын айттырбай эле түшүнсө керек. Бирдиктүү оппозиция өткөргөн Элдик Курултайга бир тараптуу баа берип, андагы сүйлөгөн оппозиция лидерлерин болушунча "боктошуптур". А тургай, айрымдарына "неудобный суроолорун" узатыптыр.
"Ноябрь" митингдеринде Атамбаевди айга, Текебаевди күнгө теңеген кесиптештерибиз ал жазгандарынан айнышып, акыйкаттан тайышып, колдорунан келишинче "кордошуптур". "Агымдын" атайын чыгарылышына чыккан оппозиционерлердин жүзүн ачабыз дегендер өздөрүнүн жүзүн ачып алганын сезди бекен? Убагында Болот Шерниязовдун убайын көрүп, мактаган макалалары үчүн "гонорарын" алып, анын жардамы аркылуу Алматы менен Алтайды кыдырып келгендер эми эстеринен чыгарыштыбы же эстерине бир нерсе чыктыбы, айтор, аябай эле мазакташыптыр. Буйрутма берген адамдары шаштырганбы же жазып баратышып жаңылып кеткенби, айтор, 2-декабрды жума күн кылып салышыптыр. Кыргызда "Өз башында төөнү көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, апакай Акүйчүлөргө ыңгайсыз суроолорубузду узатууну эп көрдүк.

P.S
Учурда "Агым" гезитинин атайын чыгарылышын ар бир үйгө домкомдор аркылуу бекер таркатып жатышкандыктарын, Бишкектиктер редакциябызга телефон чалып билдиришти. "Зордоп ачкан гүлдүн жыты жок" дегендей эле, калптын казанын канчалык кайнатпа, баарыбир чындыкка чырмалышпайт эмеспи. Эки жердеги эки төрт болоорун Эшимкановдун КТР менен "Агымы" билбесе да, элибиздин эң аңкоосу эбак эле билип алган.